“…Шекер кыштагы анчалык чоң эмес кыргыз кыштактарынын бири. Мени менен “Кыргызстан маданияты” газетасынан барган жолдошум азыр кыштакта курулмакчы болгон жаңы клуб, китепкана жөнүндө айтты. Алар Шекер үчүн абдан керек, себеби, бул Кыргызстандын түндүк-батышында жайгашкан кичине кыштак бүткүл дүйнөлүк адабиятка таанымал эмеспи…

Шекерде китепкананын бар экендиги бардыгыбызга белгилүү. Биз ал жерге барганда, китепканада шайлоо участогу орношуптур, себеби, жергиликтүү советке шайлоо болмок экен. Ал кичине китепкана Аманбаев атындагы селолук советтин китепканасынын филиалы… Бул жерде дайыма эл көп болот экен. Алар, Чыңгыз Айтматовдун туулган кыштагына кызыккан бир адам келиптир деп угушкан. Бул болсо, аларды кубандырат, алар өздөрүнүн жазуучу уулу менен сыймыктанышат. Алар Ч.Айтматов жөнүндө чын ыкласы менен сөз кылышат, — анын кайсыл жерде жашагандыгын, кимдикине мейманга келип турат, ал түгүл Күркүрөө суусунун кайсыл жери жага тургандыгына чейин билишет.

Мен анын тууганы жана классташы менен тааныштым. “Мен Чыңгыз Айтматов менен бирге өстүм жана бирге окудум, — дейт Шекердеги мектептин азыркы директору Сейталы Бекманбетов.

– Мен да ага окшоп 1942-жылы мектепти таштоого аргасыз болдум, себеби, согуш жүрүп жаткан. Мен мугалим болуп иштедим, ал болсо, айылдык советке секретарь эле. Ошондо Чыңгыз 14 жашта эле. Атасы өлгөн, энеси оорулуу, үч кичине бир тууганы бар эле. Жаш кезинде эле согушка чакырылган аскерлердин камын көргөн, кара кагаздарды жеткирип турган. Жокчулук жана кайгы, капа, бирок кайраттуулукту да ал жердештеринен көргөн, үйрөнгөн.

“Анын аңгемесиндеги сүрөттөмөлөр чындык, — деп жыйынтыктайт өз сөзүн Сейталы Бекманбетов. – “Эрте келген турналар” деген китебиндеги Султанмурат, мисалы үчүн анын классташы. Ал ошондо чын эле 200 гектар жерди айдаган, себеби, фронтко дан керек эле. Ал кандай оор мезгил эле! Беш араң жан аттар жана сынык соколор…”

Азыр Шекердеги орто мектепте 30 мугалим бар, алардын көпчүлүгү ушул мектептен, азыркы мектеп директору Сейталы Бекманбетовдон окуган. Бардыгы жогорку билимдүү. Биз теректер өскөн дөбөгө бардык. Кээ бир жаткан таштар гана эски мектептин ордун белгилеп турат. Кепелер бузулган, жаңы үйлөр башка жакка салынган. Шекер азыр ал дөбөдөн алыстап кеткен. Бул жерде бардыгы жаңы – мектеп, китепкана, клуб курулган. Чыңгыз бул кыштакты бүткүл дүйнөгө таанытты. Бул жерге музей уюштуруу керек, кимге бул жакшы ой биринчи келээр экен. Биз кайра кетээрде, бул жөнүндө сөз болгон жок…”

Майрамкан Абылкасымова, “Кыргыз уулу”:

“…Кайсы көчө эч кароосуз калды деп,
Курт, кумурска кетпесин деп талды жеп.
Сен ойлонуп жүрөккө күч келтирип,
Отурганың журтуң үчүн кайгы жеп.
Анда бирөө жеңил тапкан айлыгын,
Карызгага кесир сунуп мактанат.
Көбөйтсөм дейт керт башынын байлыгын,
Түк иши жок өрттөнсө да бак-дарак.
Сен ойлонсоң кургакчылык жыл жөнүн,
Бакча, бактын саргайганын элестеп.
Ал ойлонот парага алган пул көбүн,
Олжосуна баратканын өбөктөп.
О, журтчулук, бир азабың сак кармап,
Биринчи уулду кырсыктардан сактайлы.
Экинчиси эли, жерге кейибейт,
Башка иш түшсө баарыбызды сатпайбы.
Эмнегедир сени менен биргемин,
Керек мага кейигенде бир кебиң.
Түн жамынып жаап кеткен жаанга окшоп,
Кетиресиң көңүлүмдүн кирлерин…”

Кийин кайра куруунун идеологдору мүнөздөгөндөй, ошол биз эскерген мезгил, чынында эле, “бир беткей ой айтуу жана жылмакай сөз жазуунун” өзүнчө эле бир адамды таңдантаар “классикалык” тилкеси болгон экен, азыр ойлосок. Бардыгын расмий бийлик тескеп, бардыгын расмий бийлик “көзү түз” жана “көзү түз эмес” деген чен менен “эки лагерге” бөлгөн андай заманда ушундай жер жүзү тааныган залкар жазуучунун юбилейи да мындан башкача, мындан “көп кырдуу” өтүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбогон экен. Болбосо, тээ 1967-жылдан ыйгарыла баштаган Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты болмок турсун, кайра али жарык көрө элек “Көк асаба” романы жана улуттук тил, улуттук тарыхтын ал-абалына жан күйгүзүү менен бирге, И.Раззаков, И.Ахунбаевдей көйкашкаларга “жакын дос” болгон “позициясы” үчүн республиканы башкарган Т.Усубалиевдин “кара тизмесине” алынган кыргыз жазуучуларынан чыккан Сталиндик сыйлыктын жападан-жалгыз (!) лауреаты – кайран даанышман Түгөлбай Сыдыкбеков кайда эле да, Ч.Айтматовдун али аты-жыты чыга элек мезгилде акыйкатка түз карап, анын “кыргыз адабиятынын дарбазасын каккан чоң талант” экенин көпчүлүккө жар салган сынчылардын даанасы жана тайманбасы Кеңешбек Асаналиев кайда эле?

Дагы ушулар өңдөнгөн курч калем, курч акыл-ой ээлери… Алар, эмне, ушундай ааламга дүң болгон чоң күндө куттук сөз айтып, юбилярдын адамдык, атуулдук, жалпы улуттук, жалпы адамзаттык беделин белгилеп, дагы терең, дагы ташка тамга баскандай – адабиятка жаңылык болуп калгыдай жалындуу макала-эмгегин жазышпай коюшмак беле? Жазышмак! Ошондо гезит бетинен “оппозициядагы” Түкөнү издегенбиз…

Ошондо гезит бетинен “дежур” сынчылардан нарчалык өөдөрөөк Кеңешбек агайды издегенбиз…

Алар… жок болчу… Аларды расмий бийликтин камчысын чапкандар атайы “унутуп”, а мүмкүн, “чатак” чыгарчу “улуттук маселени” козгоп жиберишээр, а мүмкүн, Ч.Айтматовго 1963-жылы Лениндик сыйлык, 1968-жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылып, атүгүл 1969-жылы алыскы Куба сыяктуу кичинекей мамлекеттин “Марк Твен клубунун Ардактуу рыцары” деген наамына чейин татып — жедеп бүткүл дүйнөлүк атак-даңк чокусуна жеткенден кийин гана “өз туулган жеринен сыйлыгы жок экен” деген сөздөн чочулап, 1976-жылы “Эрте келген турналар” повести үчүн Токтогул сыйлыгын берүүгө “аргасыз” болушкан уяттуу окуянын “былыгын” чыгарып айтып салышаар дегендей ой менен гезит бетине жолотпой коюшканын азыр бир айтабызбы да, эки айтабызбы. Аны убагында биз сездик, көпчүлүк сезди, жергиликтүү БКнын тымызын “көрсөтмөсүнөн” ооздору байланган тийиштүү кызматтагы чынчылдар сезди!

Эгер ошондо өз эне тилин жана Шамил имамды “тирилткен” Расул Гамзатов Кыргызстанда жашаган болсо, анын тагдыры жана аны жактап-коргогондордун тагдыры биздегидей “бүркүт учуп, жол жүргөн” өңчөй бийик тоо койнундагы Дагестандагыдан алда канча кейиштүү болмок!

Жогоруда эскерткен “бир беткей ой айтуу жана жылмакай сөз жазуу” оорусу сенектик доордо Кыргызстанда рак сыяктуу жетээр жерине жетип калган кез эле. Ошондой шартта… Не демекчисиң, ошондой шартта белгиленген Чыкенин 50 жылдык мааракеси, аталган гезитте белгилүү адабиятчы, андагы филология илимдеринин кандидаты Качкынбай Артыкбаев “Адабиятыбыздын чолпон жылдызы” аттуу макаласында: “Чыңгыз Айтматовго Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамды тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т.Усубалиев аны: “Эл аралык кеңири атакка ээ болгон биринчи улуттук жазуучу”, – деп сыймыктануу менен айтты”, – деп расмий бийликтин “олуялыгын” ырастаганына карабастан, ошол “биринчи улуттук жазуучунун” чыныгы парасат-баркына, биринчи кезекте, топ жарган теңдешсиз талант күчүнө татырлык деңгээлде күн мурун даярдалып, күн мурун жазган чыгармаларын кайра-кайра эне тилинде чыгарып, мындайча айтканда, сөз адамы — жазуучу үчүн ченемсиз сый-белек болгон КИТЕПТЕРИН элге кеңири жеткирүү, демек, андай иш-чара аркылуу жалпы улуттук өсүш – айкындоо менен коштолуп өтпөгөнүн, эми, кеч болсо да, кайра бир көңүлгө салып коюу ашыктык кылбайт.

Болбосо, ошондо биз – студент жаныбыз эсептеп көргөндө, чыгарма-китеби дүйнөнүн ондогон жана ондогон тилинде басылган атактуу жазуучу Лениндик сыйлыкты алган 1963-жылдан 50 жылдыгы белгиленген 1978-жылга чейинки 15 жыл аралыгында кыргызча китеби эң аз жана эң чакан (!) көлөмдө басылган “эл аралык кеңири атакка ээ болгон биринчи улуттук жазуучу” бойдон кала бериптир. Муну 38 жыл илгери — 5-курста студенттик дептерге түшүргөн төмөнкүдөй фактылар эң сонун ырастайт:

“Биринчи мугалим”, повесть, 1963-жыл, Кыргызокуупедмамбас – 75 бет.

“Саманчы жолу”, повесттер жана аңгемелер, 1963-жыл, Кыргызмамбас — 320 бет.

“Атадан калган туяк”, аңгеме, 1970-жыл, Мектеп – 26 бет.

“Атадан калган туяк”, аңгеме, 1971-жыл, Мектеп – 26 бет.

“Түнкү сугат”, аңгеме, 1975-жыл, Кыргызстан – 42 бет.

“Жамийла”, повесть, 1977-жыл, Кыргызстан — 92 бет.

“Биринчи мугалим”, повесттер жана аңгемелер, 1978-жыл, Мектеп – 314 бет.

“Гүлсарат”, повесттер, 1978-жыл, Кыргызстан — 644 бет.

Эмне үчүн мындай? Ооба, эмне үчүн мындай? Ортодо – 1964, 1965, 1966, 1967, 1968, 1969-жылдарда жана — 1972, 1973, 1974, 1976-жылдарда биздин басмаларыбыздын Чыкенин мурда чыккан повесттери менен аңгемелерин эл суроосуна жараша кайталап басууга чамалары келген эмеспи? Бир сөз менен айтканда, бул жылдар эмне үчүн “кысыр” калган? Ал эми, гений жазуучуну мыскылдагандай, ортозаар, талантсыз, атүгүл халтурщик жазгычтарга БКга “сүйкүмдүү” болгону үчүн эшиктерин кең ачкан “Кыргызстан”, “Мектеп” сыяктуу эки чоң басмабыз, 1970, 1971, 1975 жана 1977-жылдары анын шедеврлерин болгону: 26, 26, 42 жана 92 беттик… кылып “окурмандар менен жолуктурган” жагдай кандай акыл-эске сыят? Дагы бактыбыз бар экен, эгер 50 жылдыгы белгиленген 1978-жыл болбогондо, кыргыз окурмандары баштагыдай эле Ч.Айтматовду өз тилибизде каалап күткөндөгүдөй окубай кала бермек экенбиз.

Китеп жок болсо, жетишпесе, аны кайдан таап, кайдан окуйт элек? Бул, эмне, расмий бийликтин атактуу француз жазуучусу Луи Арагон “дүйнөдөгү махабат жөнүндө эң сонун баян” деп атаган “Жамийланын” жана москвалык орус адабиятчысы Корнелий Зелинский “улуу чыгарма” деп атаган “Гүлсараттын” авторунун жеке керт башы — атуулдук, инсандык аброй-баркына кастыгы, аны ошентип “жазалап”, Москва көкөлөткөн немени ошентип быякта астыртан “обочолонтуп” – кыргыз тилинен, кыргыз окурмандарынан бөлүнгөн “өгөй жазуучу” – “орус тилдүү жазуучу” кылып салалы деп баягы Көзкамандар жоругун карманган арамзаа пастыгыбы? Ар кандай божомолдосо болот. Бирок кандай деген күндө да, бул өзү кыргыз руху, кыргыз тили үчүн жан берген Айтматовго эмес, а биринчи кезекте, дал ошол ыйыктын ыйыгы болгон кыргыз тилине, кыргыз тилинде сүйлөгөн момун, кең пейил жана “Манастай” дастанды жараткан таланттуу элге каршы жасалган тымызын кастык жана кечирилгис пастык болгон!

Андан эч айыбы болбогон элибиз эле зыян тартты. Көрдүңүзбү, “Гүлсараттагы” прокурор Сегизбаевди эске түшүргөн бийликтүүлөрдүн дароо эле көзгө уруна бербеген амбициялуу кылыгын жана кесепеттүү күчүн?! Бирок Чыкенин айкөлдүгүн, даанышмандыгын карабайсыңбы, — бул өңдүү бут тосуп, бөгөт жасоого таарынбады, ызаланбады, төтөн, өзү баса белгилеп айтып келгендей, өч алам, өч алганда, эси-көөндөрүнөн кеткис кылып өч алам дегенди ниетине да кондурбады!

Анын мындай “жооштугу” – кечиримдүүлүгүнө макул болбогон ыраматылык кинорежиссер Дооронбек Садырбаев, кийин, кайра куруунун шарапаты менен Кыргызстан Компартиясынын XVIII съездинде республиканын мурдагы “түшпөс хан” болгон жетекчилери тагынан жылмышкан кезде, ушундай-ушундай көптөгөн “армандарды” козгогон “Чыңгызга таарынуу” деген деле бир топ узун ырын жазып, анысын “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясына ашыга көтөрүп келген учуру да көз алдымда турат. Мен анда редактордун орун басары элем, 28 жашта элем, адегенде эле коюлган теманын өзгөчө аталышына таңданып: “Кызык го… бу Чыкеге да таарынса болот бекен?” – деп сурасам: “Таарынса болот! Съездде Усубалиевди келиштире сындап, узак-узак жыл бою көрсөткөн кордугун, басынтууларын өз мисалында, жаңыча изденип, жаңыча ойлонгон таланттуулардын мисалында айтып чыгат, ушул жагынан съезддеги сөзү заар сынчылардын анабашы болот деп ойлосом, таптакыр башка багытта — эне тил, бала бакча, мектептер тууралуу гана жалпы мүнөздө сөздөрдү сүйлөп түшүп кетпедиби Айтматовуң!..” – деп бурк этти кайран Доке.

“А сиз съездден кийин Чыңгыз агайга жолугуп, ушул мага айткан сөздөрүңүздү айта алдыңызбы?” – деп сурасам: “Айттым! Айтсам: “Усубалиев, канча кылса да, сен экөөбүздүн кандашыбыз, алыс кишибиз эмес, аны тегиз төө бастыга алып сындай бериштин кереги да жок, антүү, балким, сырттан кошулган ким бирөөлөргө керектир, биздин ошентип өз ара бөлүнүп, өз ара тытышканыбыз дал ошол ичи арам сырттан келгендерге керектир, андыктан сак бололу, анчалык катуу кетишип, ырк бузбайлы, Усубалиев көрчүсүн Кудайдан өзү эле көрөт”, — деп койбодубу эч кандай кенебей!..” – деп ансайын буулуга сүйлөдү кинорежиссер.

Ошону менен “сөзсүз чыгаргыла” деп ырын таштап кетти. Автор кеткенден кийин, көпкө ойлонуп отурдум да, акыры, башка келгенди көрөөрмүн деген ой менен ырдагы теманын “Чыңгызга” деген сөзүн алып салып — тек гана “Таарынуу” кылып, көп жерин оңдоп жана кыскартып, айтор, айтылган таарыныч кимге багышталганын эч-эч ким аңдай албаган редакцияда жарыялап жибердик. Анан, жер тереңинен атылган вулкандай буркан-шаркан түшкөн Докени көрүп ал! Журналисттик практикада Чыкеге мына ушундай жеке мүнөздө ич күптүүлүктү — “таарынычты” да ыраа көрбөгөн “эр көкүрөктүүлүк” окуялар болгон…

Муну азыр эмне үчүн айтып жатабыз? Эгер, айталы, кырк же элүү жаштагы адам врачка көрүнгөнү келсе, ал сөзсүз андан жаш кезинен бери ооруган ооруларын, ата-тек-жакындарында тукум куучулук мүнөздө сакталган дарт белгилерин, эмнеге даттанып, эмнеден кыйналып жүргөнүн терип-тепчип сурайт да, мурдатан өздүк китепче түрүндө толтурулуп келген медициналык карточкасын баштан-аяк окуйт. Ансыз так, туура диагноз коюуга болбойт. Адамды адам кылып, жашоону жашоо кылып көркөмдөп турган өзгөчө касиеттүү күч – эс тутум табияты деле ушундай. Эс тутумду иргебей, эс тутумду козгобой, аны айтып эмне кереги бар, муну айтып эмне кереги бар деп ыргыштап, сын койгондорду “тийиштүү жайына” жөнөтпөй туруп өткөнгө, бүгүнкүгө, демек, өз турмушубуздун, коом турмушунун, улут турмушунун күңгөй-тескейлүү багыттарына абийир-ыйман атынан так “диагноз” коюуга мүмкүн эмес. Ал эми андай диагнозсуз — адамды маңкурттук “унутчаактыктан” алакчылаган баланын күнүндөй аёолуу жана кымбаттуу жашоо зарылдыгысыз дегеле өнүгүп-өсүш жөнүндө сөз кылуу… кыйын экенин дагы бир кайталап айтсак, ашыкча болбойт го.

“Бир барак кагаз. Эгер аны бүктөп туруп, кайра жазып жиберсеңиз, бетинде жол-жол болгон чийимдер калат. Демек, баракта да эс тутум бар”, — деген орустун “Игордун кошууну жөнүндө сөз” деген байыркы адабий эстелигин азыркы орус тилине которгон — эс тутум кадырын өзгөчө түшүнгөн адабиятчы-изилдөөчү, академик Дмитрий Сергеевич Лихачев.

Декабрь күнү эң кыска эмеспи, ошентип, бат эле кеч кирип, иңирге аралаш Чыкенин 50 жылдык салтанаты өтчү опера жана балет театрына ашыгып-шашылып жөнөдүк. Балким, бечара студенттер экен деп киргизип жиберишээр, а балким, келбей калган кишилер болуп, алардын ордуна залды толтуруп отурсун деген көрсөтмө да чыгып калаар? Жок, киргизишпеди. Эл аябагандай көп келди, ошол көп келгенине жараша, эч ким кечиккен да жок, ким билмек эле, силер кошулуп өтө бергиле деп эшик алдында “кайрымдуулук” көрсөткөн жан да болгон жок. Үшүп-тоңуп сыртта турабыз. Кече туура саат 5те башталган соң, театрдын сырткы эшиги жабылып, же көзүбүзгө ошондой болуп көрүндүбү, заңгыраган кызгылт-сары имарат түнкү караңгылыкта ичкериден от күйгөн жомоктогу сыйкырдуу үй сыңар ушунчалык жарык да, табышмактуу да болуп көрүндү. Анан айлана-тегереги кулак-мурун кескендей тынч, ушунчалык тынч…

“Эгер, ким “Чыңгыз менен Бүбүсаранын үйү” деп сүрөт тарткысы келсе, анда көп убара болбой эле, ушул 1978-жылдын 12-декабрындагы жарык жана тынч түнкү опера-балет театрынын көрүнүшүн элес кылып кармап калса, сонун болмок экен”, — деп ойлоп койдум ичимден.

Убакыт өткөн сайын котологон студенттер тарай башташты. Оноо кетти, бешөө кетти, үчөө кетти… Эсимде турат: саат алты жарым болгондо, театрдын Совет көчөсүнүн андагы Ленин – азыркы Чүй көчөсү менен кесилишчү жагында – түштүк-батыш ыптасындагы тротуарда каккан казыктай селейип жалгыз… калганымды сездим. Кыштын суугу менен караңгылыгы жылуу түнөктү эстеткени болбосо, көңүлүмдө майрам, адабият майрамы, искусствонун майрамы — жазмыш жана мезгил зор аалам чегинде кездешип-жолуккан кош жылдыз көрүнүшүндөй ыйгарган өзгөчө фактынын — “Чыңгыз менен Бүбүсаранын үйүнүн” теңдешсиз майрамы. Балким, тиги театрды нурланткан жарык да, айлана-тегеректи тынчыткан сырдуулук да алардын касиетидир?

Анакей дейм, — азыр Чыңгыз агага нечен бир куттуктоо, мактоо сөз айтылып, ырлар окулуп, тилектеш-достордун белектери тапшырылып, бирок ал өзү ар бир укуму Бүбүсара эжени эстеткен сахна төрүндө отуруп булут аралап көктө учуп жүргөндөй, чөл-тоону аралап сапар чегип жүргөндөй – жылдардын бир жылдарына калтырган кымбаттуу-кызыктуу махабат дүйнөсүнө кайрадан кездешип, жаш жашартып жаткандыр. Күү болуп жаңырып, канаттуу болуп сызып, деңиз болуп чайпалып – миң түрдүү кубулган андай махабат эс тутумун кошо ээрчиткен түштөгүдөй мүнөттөрдө бая Сүйүнбай акын жазган:

…Бийлеп жатат Бүбүсара,
Бир кезекте биз жазгандай баягы:
“Пери экени,
Киши экени туюлбай,
Барып-барып уюп калат куюндай.
Кайра жерге тийип-тийбей аягы,
Калкый берет,
Желде жеңил буюмдай…
Анан калат дир-дир этип термелип,
Анда колу —
Каккан канат сермелип…”

Бийлеп жатат Бүбүсара:
Бул – тигиге,
Бул – сага!
А бул болсо —
Сагынч менен кусага!
Кыймыл – музыка,
Дене — музыка,
Бирок бүткөн угууга эмес, көрүүгө.
Биз – коргошун,
Чогулганбыз ушул кечте эрүүгө.
Ойно, оркестр,
Чоң-чоң күү!
Ойно, оркестр,
“Чолпонду”!
Тигил Чолпон чолпон эмес,
Чолпон бу!
Ойно, оркестр,
“Аселди”!
Аселиң ким?
А сенби?!
Ал – драма,
Өмүр эмес асемдүү…
Чоң ырахмат талантыңа, көркүңө,
Көптөй кылып көрсөткөнгө аз элди!
Ойно, оркестр,
Күү сайра!
Чымын-куюн бийлеп жатат Бүбүсара…
Бийле, бийле,
Түшсүн өмүр узара.
Кайталансаң миң ирет,
Кангыбыз жок биз ага.
Бийле, бийле, Бүбүсара!

Бардык көздөр бийчиде,
Бардык көңүл бийчиде,
Эгер бирөө үн катса,
Окшойт уруп ийчүгө…
Ойно, оркестр,
Күү сайра!
Жок…
Жок…
Чымын-куюн бийлеп жатат Бүбүсара.
Бү-бү-са-ра-а-а-а!
Аа-аа-аа-а!
Жер күңгүрөйт үн сала…
деген ыр саптарындагы чындык ойчул калемгердин дил-жүрөгүн ээлеп, ар бир толкуп-ташып сүйлөнгөн сөз, ар бир шатыраган кол чабуу коштоосунда селт эттирип тургандыгы анык.

Анакей дейм, — ушул гүлгө оронгон, нурга оронгон куттуу сахна төрүндө отуруп, юбиляр ага андан беш жыл илгери — өмүргө барабар улуу махабат, аруу махабат периси суналып уктаган табытка көздөрү көнөктөй болуп шишип, башынан аягына дейре капкара кийинип келген учурун, ошондо: “Аялы, бала-чакасы туруп, мунусу эмнеси?!” – деп күбүр-шыбыр ушактын кызыл жалынын соймоңдоткондордун кебете-кешпирлерине көңүл бурууга деле ал-дарманы болбой, бүт ааламды унута, баладай шолоктоп ыйлаган учурун… кайрадан көз алдыга келтирип, жүрөк канатып жаткандыр. Жүрөк жарасы жылдар өткөн менен бүтпөс…

Чыңгыз менен Бүбүсаранын үйү… Азыр ойлосом, ошол жарык жана тынч театр жанында аязга чыйрыга селейген декабрь кечинде мен жазуучу аганын ал орду толбогон зор жоготуу арманын кандайдыр аян түшкөндөй дал салтанат күнүндө эстеген жана ага муңдуу-муңдуу дил кайрыктарын күүчүдөй коштогон көп замандаштарынын биринен болгон экемин.

Кийин, экөө биргелешип жазган “Аскада калган аңчынын ыйы” деген сыр ачуу китебинде, Мухтар Шаханов Чыке менен маңдайтескей отуруп жогорудагы окуяны анын эсине кайра бир салып:

“…Опера жана балет театрындагы азалуу жыйындагы маркум менен коштошуу учурунда, сизди кунунан куну чыгып, өзүн-өзү кармай албай, таза бир ботодой боздоп ыйлады дейт көргөндөр. Такыр эле чыдамы түгөнгөн ошол кездеги республиканын жетекчилеринин бири: “Ой, тигиге бирөөң барып, бир кой деп койсоңорчу!” – деп айланасындагыларды жекирген экен. Деги, кырк жыл бою бирге турмуш курган аялы өлсө да, көзүнөн бир бүдүр таруудай тамчы жаш чыгарбаган кээ бирөөлөргө, балким, сиздин мындай жоругуңуз такыр эле ыксыз, өөн көрүнгөн чыгар. Тоталитардык түзүлүштүн учурунда атакдаңкыңыз, кызматыңыз, үй-бүлөңүз, партбилетиңиздин бар экенине карабай, бир гана жан-дүйнөңүздөгү болгон кайгыны сыртка чыгарып, эт-бетиңизден кетип, булардын баарын эч кимден жаап-жашырбагандыгыңызга караганда, оңой сезим эмес экени сезилип турат.

Өз ара сырдаша калганыбызда, кыргыздын залкар акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Сүйүнбай Эралиевдин ушул азалуу жыйын жөнүндө:

“Бүбүсара — көркүнө акыл-эси, дүйнө таанымы шай, кыргыз кызына таандык асыл мүнөздөр тал чыбыктай буралган келбетине бүткөн, маңдайы жарык өзгөчө бир алпейим жан эле. Учурунда башка акындардай мен да ага арнап ыр жазгам. Анын каза болушу мүлдө кыргыз журтунун кабыргасын кайыштырды. Адабият менен искусство ишмерлеринин арасында дүрт этип алоолоп жанган от көңүлдөн сырткары калмак беле? Чыңгыз экөөнүн ортосунда узак жылдар бою үзүлбөй келаткан улуу махабат, мөлтүр сезим бар экенин алдыртан сезип жүргөнбүз. Бүбүсараны акыркы сапарга узатаар азалуу жыйынга Чыңгыз эки көзү көнөктөй болуп шишип, башынан аягына дейре кара кийимчен келди. Айрымдар анын мындай мамилесин такыр эле ыксыз көрүштү… А мен өзүм болсо: “Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берээрде да, ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү”, — деп төбөм көккө жетип турду”, — деп айтканы эсимде калыптыр”, — десе, ойдон – ойго, сырдан – сырга чөмүлгөн кайран Улуу калемгер:

“…Сүкөңдүн көңүлүнө ырахмат. Ооба, Бүбүсарадан айрылуу мен үчүн жарым өмүрүмдү жоготуу менен барабар экенин өзгөлөр кайдан билсин… Бүбүсара дүйнөдөн кайткан соң, көп өтпөй Италияга чакырып калышты. Түн ичинде кеме менен Сицилияга жөнөдүк. Мемиреген деңиздин бети. Ай сүттөй жарык, желаргы бүткөн бойду аймалайт. Ушул учурда Бүбүсара экөөбүз жакшы көрчү бир музыка сыбызгып созула калбаспы. Толкунда бирге термелип келе жатышкандардын карысы да, жашы да бул музыканын ыргагында бийлеп киришти. Мен болсом, көз жашыма ээ боло албай, палубага сүйөнгөн калыбымда термелип туруп калдым.

Деңиз, түн, ай, элсиз аралдар жана көңүлдүн түнкү жалгыздыгы. Азыр да ошол музыканы уксам эле Бүбүсара эсиме түшүп, өзүмчө толкунданып кетем. Аны сага түшүндүрүүгө сөз кудурети да жетпейт.

“Кассандра тамгасы” аттуу романымдын каарманы делегация тобунда Японияда болуп, түндө кеме менен сүзүп келет. Анда да так ошол мен айткан жогорудагы көрүнүш, өткөндөрдү эске түшүрүү, япон музыкасынын обондорунан козголгон кайгылар. Ошол көрүнүштү Италияга барган сапарымда өз башымдан өткөргөм, Бүбүсараны жоктоп жалгыздыктын азабына камалгандагы муңдуу көрүнүштөр эле…” — деп сөздү дагы тереңдете улап, кызык аңгеме курганы бар.

Ала-Тоо, Сицилия, Япония… Ал күн ошентип өттү.

“50 жылдык тоюна катыша албасам, эми Чыкенин он жылдан кийин болуучу 60 жылдык тоюна сөзсүз катышам!” – деген убадалуу сөздү жүрөккө уютуп узаган унутулгус күн ошентип өттү…

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев жана Оморбай Нарбековдун китебинен

One Reply to “Айтматовдун армандуу тагдырынан”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.