Үстүбүздөгү  кылымдагы канды булоон каргаша,  кашайгыр, кайдан,  космос мейкиндерин технологиялык жана антропологиялык жактан  өздөштүрүүгө  көчкөн  береги  цивилизациянын кайсы көрүнөн чыкты,  чар тарабыбызда  эл аралык террорчулук деген  аталыштагы   ашынган  карамүртөздүк менен зордук-зомбулук эмне үчүн   чайлап-коолап  баратат?   Террорчулук  кадимки  казават  согуштардын  сөөктөн  өтүп, чучукту көзөгөн  азаптуу  сабактарынын  алгылыктуу  натыйжасында  жаралган  улуттардын бейпил  да,  прогрессивдүү  да  жанаша   күн кечирүүгө   умтулуусун астыртан, аста-секин  жексендөөчү   калк  ара  диверсиялык уруш  болуп  жүрбөсүн?

Баякы кырды бычак сабаштардын  залакасы  жетишсизби?  Анда   неге террорчулук окуясы  эң оболу  жана  дүңүнөн ислам динине төңкөлүүдө?  Учур чактагы  айлана-чөйрөнү  кабылдоодо ислам неликтен өзгөчө   токонаалатка  учурады? Ушул  чиеленишкен  башкатырманы  чечмелеп түшүнбөсөк,  жалпы ааламдык   маданият менен  жер бетиндеги   журттардын аралаш-куралаш  жашоосунун  жаркын   келечеги арсарлыкка кептелет.

Ий-е, алигидей корутунду-ишенимдерди көңүлгө  уялатууда  ислам дининин тарыхый ордун  жана озуйпасын заманбап  дүйнө  түзүлүшүнүн  нугунда  окуп-үйрөнүү    талап окшобойбу. Ошентип, исламдын түпкүлүктүү  гуманисттик жана толеранттык маңызын  сыйлап,  урматтап, асыл табиятынан  кылчалык да  күмөн санабай, асыресе, каалайбызбы-каалабайбызбы,  эмнеге террорчулуктун  жаңжалдарын  көкбөрүдөй тарткылап, териштирүүнүн  тоз-тополоңунда ислам керектүү  идеологиялык куралга теңештирилүүдө, анысы не шумдугу,  адамзаттын агымдагы  аң-сезимине коошпогон андай бурмалоонун, тигиндей  рухий жана философиялык  кедеринен кетүүнүн тамыр жайышы дегеле  мүмкүнбү, же мунусу  калдайган  мусулман жамаатын  төгөрөк-четине такай  кайрап, каршылаштырууга багытталган  амалданып  көкүтүүбү, же болбосо атайын кылынган   кылмышка тете  карасанатайлыкпы деген соболдорго жооп издөөгө туура келет.

Жыйырма биринчи жүз жылдыкта  бул жөнүндө   ойлонбой, ушундай суроолорго мээ чарчатпай  коюуга ылаажы жок, анткени, баарыбыздын мойнубузга  бир түйшүк түшкөндө – глобалдашуу  жараянында, илимий-техникалык прогресс менен чогуу пендезаттын  рухий дөөлөттөрүнүн  өнүгүшүнүн кезектеги  тепкичи  сыпатында  цвилизациянын моралдык-этикалык прогрессинин орток  милдети алга суурулуп, кыймылга киргенде, классикалык  диндердин орду менен озуйпасынын бедели  мыйзамченемдүү  түрдө  артканда,  анан калса, ушуга байланыштуу дүйнөлүк өнүгүү тарыхына өзүнүн жаратмандык үлүшүн кошуу жолунда   ислам   илгерки   Омейяддердин доорундагыдай (8- кылым)  бир гана Кудайга табынган башка монотеисттик диндерге оголе  сабыр-такааттуу мамиле этип, ал эми Жакынкы Чыгышты    ошогездеги илим менен маданияттын бүткүл  ааламдык  борборуна айландырган  маалындагыдай   Ренессанстын жаңырган бийиктигин   жардоонун  босогосуна  жууктаган арада – биздин  маңдайыбызга  жазылган   жазмышыбыз  кантмекчи.

Агезде эсе  философия, математика, астрономия, медицина, поэзия  дүркүрөп  гүлдөп, эзелки  мурас, Аристотелдин, нео-жаңы  платончулардын эмгектери терең иликтеп-изилденген. Аныбыз  алтын кылым, дүйнөлүк маданиятка исламдын  алтынга салыштырар  салымынын кылымы  эле. Эмиби,   ушу таптабы,  исламдан болочокто,  жыйырма биринчи кылымдын алкагында  ошол сыяктуу орошон оомат  күтүлөт.

Ооба, исламда Алла Тааланын   амирине багыныңкы ыроолонгон   зор   мүмкүнчүлүктөр бар. Арийне, насип-кайып мүмкүнчүлүктү  жүзөгө   ашыруу үчүн чама-чаркыбызды  тыкыр  талдоого, таразалоого  тийишпиз. Ислам  жана ага  ирегелеш диндердин кыртышында кайсыл  тапшырмаларды,  кайсыл маселелерди  кандай ыкмалар менен  усулдарды пайдаланып  чечебиз? Диндин кебелбес  эрежелери көпчүлүктүн арасындагы    таасирине жараша  жан кечтиликти эмес, либералдык көз караштарды   калыптандырууга  кай  доордо   көмөктөшкөн?

Аталган максат, чын-чынында, барча диндерге, түркүн  маданияттарга тегиз  таандык, анткени, замандашыбыз   маңгиликтүү  баалуулуктар катары  диний, рухий жана адеп-ахлактык нарктарды тутунуу менен бирге эволюциянын модернисттик майданында, ааламдаштыруунун селдей каптаган  шарында  турмуш өткөрөт, ошондуктан, өсүп-өнүгүүнүн азыркы деңгээлинин тажрыйбасына жана жетишкендиктерине таянып,  бир топ татаал ойлоп, татаал иштейт,  ушундан улам анын дүйнө  таануусу сөзсүз толукталат, жаңыланат, демек, жашоону Жараткан жасагандай баамдоодо   илгиртпей   илгерилөө  байкалат.

Андай экен,  диндин ( бүт диндердин) замандаштарыбыздын  руханий-ыймандык сапаттарына    канчалык төптүгүнө  назар буруу  абзел. Экинчи өңүттөн  карасаң, дин күнүмдүк, күнөөлүү  жана көбүнесе касташкан, бузуку кубулуштардын  оролунда өзгөрүүгө  тийиш эмес, себеби, дин окуусу башынан түбөлүктүүлүктүн Теңир  жалгаган   кундуу, атан төөгө  алмашкыс  байлыктарын  аңдап салмактоого  жана акыл калчап алардын маанисине жетүүгө  арналат. Эки ачакейлик ушундай… Кудайдын кудурети ушундай…

Дегиңкиси, эгерде ар кандай окуу, диний окуу деп саналабы, философиялык окуу деп эсептелеби, мезгилден калбай жарышып, сансыз билим салаасында  адеп кошумча азыктанып,  арбытылып  турбаса, анда эле догматизм жана скепсис  деген кош коркунучка тушугат. Үлкөн диний-философиялык тутумдар  Орто кылымдын этегинде, конфуцийчиликте, христианчылыкта, арылай, айрыкча  ислам абсолютизминде тек догмалардын үйдөй-тамдай чулу таштары кейиптенип, мелтейе катышкан.  Догмачылар ой менен заманды матап-тушайт. Ошондо  Ренессанстын кашкалары  диндин өзү менен эмес, ошо диндеги, ошо философиядагы сенектик менен күрөшкөн.

Андай  күрөштү  ар кандай каражаттар колдонулуп, анын бир амалы ислам өлкөлөрүндөгү  суфизм окуусунда чагылган мистицизм болуучу, ал эми христиан өлкөлөрүндө  бул  ересь делинген тармак, еретиктер эсе катаал жазага тартылышкан. Буерде белгилеп койчу нерсе, суфизмге эркин ойлонуу, түшүнүшүүнү, ири алды, ар кыл догмалардан тыш түшүнүшүүнү  издөө, өнүгүүнү  карама-каршылыктардын биримдиги катары диалектикалык кыязда туюнтуу,  жер жүзүндөгү  пенделердин мүлдө  жамиятын  Жараткандын ыктыярынан бүткөн  улуу боордоштуктай  кабылдоо   өңдүү   күнү  бүгүнкү  культурологиялык жана философиялык  түшүнүктөргө  үндөш  касиеттер мүнөздүү.

Суфийлер (сопулар)   зерттеген  адамдын  өзүн-өзү  жакшыртуу  концепциясы  даркандыгы  жана  да  концептуалдык ыңгайдан түгөнбөстүгү  менен таңдантат. Учурда исламдын койнуна  катылган ушундай  касиеттер дин аралык сабырдуулукту орнтотууда абадай  зарыл, тагдыр экчеген   макамга  эгедер, анткени суфизмдин тулку боюнда   Кудайды дилиң  аркылуу таануунун  универсалдуу идеясы жатат. Суфизимдин философиясы Алла Тааланы сүйгөнүң өзүңдү  өзүң  жакшыртууга ынтызарланганың  деп аңдатып, момундарды Алла Тааладан коркуудан бошотууга көмөктөш.

Азыр  мунун баары эмне үчүн керек?  Себеби Батыш менен Чыгыштын диний тирешүүсү  дегендей кыйчалыш  кырдаал   тактыкка, ачыктыкка, ошондой эле далилдүүлүккө  муктаж, асыресе, ушундай кадам  гана дүйнөдөгү  чыңалуунун жаасын жандырышы ыктымал. Ооба, ислам туурасындагы чындыкты чыпчыргасын коротпой   нускаламагыбыз   парз. Ислам мударисттеринин пикири боюнча, учур чакта накта,  нагыз,   аруу  мусулманчылыкка  фундаментализмге  куйругун  такаган, парасаттуу динаятчылар тастыктагандай, кой  терисин жамынып, эл аралык террорчулуктун отун тутанткан, биринчи нөөмөттө, менчик көмөчүнө  күл тартып, исламга кайнаса каны кошулбаган вахабчылардын сенек, реакциячыл, сектанттчыл кыймылын көшөрө  таңуулоочу ислам ортодоксиясы  каршы турууда.  Ушундайда, акыр-түбү,  доорубуздун ойчулдары  эл аралык террорчулуктун чүйлүсүн жарып, ичеги-чабагысын чубар  сөзүн айтмагы жөндүү   белем.

Суфизм ишенимдеринин салттарын унутпай эстеп, ич ара жаакташууда  фундаментализмдин коргоочуларынын  ар качандан бир качан  өздөрүн исламдын жападан жалгыз жана кыйшаюусуз кожоюну  катары көрсөтүүгө  жан талпастаганын  жадыбызга түйгөнүбүз  эп.

Көздөгөн тилегин   бөктөрүүдө  кайбарларың   ислам чөйрөсүндөгү таасирдүү  талапкерлерди көө сүйкөп  каралоодон таюу тартпайт. Арийне, суфизмдин орду   ислам дининин босогосунда эмес, төрүндө. Некин, вахабизмдин, фундаментализмдин корообуздагы дааватчы-үгүтчүлөрү  суфизмдин насилин  нары түртүп, тыянагында, исламды Батыш менен, алыскы-жууктагы  агартуучулук аракеттер менен чабыштырып, агымдагы цивилизацияны  «арамга» жабыштырып, айыптап тытынышат. Кийинки жылдардын терс тажрыйбасы айгинелегендей, фундаментализм эл аралык террорчулуктун саясый идеологиясынын таажысын кийди. Анын ууга чыланган узун  тилин мандемдүү бүлөгөнү  «абысын» диндерди бири бирине  тубаса   душмандай өчөгүштүрүүгө   камылгадай  таризденет. Курч араздашуудан  кутулуу айласы абыдан примитивдүү, абыдан өзүмчүл – бүт каршылаштарын жексендеп салуу. Эл аралык террорчулуктун атпай адамзаттын көз алдында  ушунчалык бир ырайымсыздыкка батынып отурганынын өзөгү  ошондо. Террорчулук, шексиз, чындыкка карай чубалган даңгыр  эмес, миң  кырдуу дүйнөнүн эриш-аркак  турмуш курушунун пайдубалын  – диний ырк-ымаланын пайдубалын  ойрондотуунун ачык-айкын күбөсү.

Исламдын байрагынын астында күчкө салып, төгөрөктүн төрт, Мединанын беш бурчунда халифаттарды түптөө  туурасында кыялданган диний экстремисттердин кыянатчыл кылыгына карабастан, төмөнкүдөй оозанабыз: залкар суфийлердин казынасын гана карманбай, соңку кылымдарда жыйналган илимий билимдерге да каныккан агартуучу же болбосом анык ислам замандаштарыбыздын, анын ичинде, террорчулук менен экстремизмден эң  жаман жабыркап, жапа чеккен Борбор Азия чөлкөмүбүздүн дээринде  жана даргөйүндө, азыркы муундарга кыяматтык таасын таалимин тартуулап, эртеңге  кол сермеп, жашоодо.

Ушурекиге улай мен белгилүү  ислам таануучу Рахматуллах Расулжон оглынын «Ислам дини эмне дин?» аттуу кеңири маалым  китепчесинен айрым үзүндүлөрдү  келтирсем дейм: «Ислам» — акыйкаттык менен адамгерчиликтин дини. Ал чынчылдык, жоомарттык, ариеттүүлүк, боорукерлик жана атуулдук сыяктуу инсандык сапаттарга үндөйт. Ислам ак пейил жана адилеттүү таза адамды тарбиялоодо билимге негизделген эки каражатты – ынандыруу менен Кудайга кызмат өтөөнү  колдонот».

Билим Алла Тааланы таанууга өбөлгө:  пенде Алланы көкүрөгүндөгү  билимге жараша тааныйт. Ошондуктанбы, жаратылыштын купуя сырын ачкан, так илимдер боюнча билими мол, табият жаатындагы ыймандуу окумуштуулар Жараткан канчалык ченебеген   акыл-эске жана кубаттуу каркынга ээлигин бакисинен мыкты түшүнөт. Ибн Сина «кишинин анатомиясы жөнүндөгү  илимди үйрөнмөйүнчө, бекем ишенимди жылоолоо мүмкүн эмес» деп белгилеген.

Алла Таала туңгуч да, өлбөс-өчпөс да жандуу кайып, кынтыксыз даанышмандык менен өзгөрүлбөс мыйзамдардан ширелген  Ааламдын жаратуучусу, ал эми он сегиз миң Ааламдагы   адамдардын ар бири бир бүтүн дүйнө. Учу-кыйырсыз  Ааламдын тизим-түзүмүн, кереметтүү  кишини айтпаганда деле, кымындай эле кумурска  аша заманбап жана сейрек техникадан 1000 эсе татаал, табышмактуу эмеспи? Сиз мобул дүйнө  өзүнөн өзү  же аста-секин өнүгүү  аркалуу алдыгыдай  кебете-кепширге келген деген келжиректикке  кантип ишенесиз?

Мухамбет акылы жана адеп-ахлактык насили   жагынан теңдешсиз инсан тура. Анын кээ бир хадис –осуяттарын окуңуз: «Адамгерчилик жана руханий сулуулук үчүн Алла Таала мени адамзатка жиберди»… «Өзүңө  эмне кааласаң  өзгөгө ошону  каалаганды өздөштүрмөйүңчө, мусулман боло албайсың»… «Мусулман – колу да, тили да эч кимге тийбеген момун пенде. Жихадды өзүңө  гана жарыялоого тийишсиң»… «Илимге жетишүү  ар кимдин – эркектин дагы, аялдын дагы милдети»… «Бешиктен тарта мүрзөгө  дейре илимге ынтыл»…

«Куранда Байыркы доордун адамдарынын баянынын темасы кыйла барандуу  көлөмдү  ээлейт. Андагы икаяларда  жакшылык менен жамандыктын, ак менен каранын мелдеши  сүрөттөлөт. Бул  ыйык китеп Жер, Асман, Күн, тоолор, өсүмдүктөр менен жаныбарлар, кыскасы, дүйнөдөгү  кыбыраган заттардын баарысы  сырткы касиеттүү  кудуретке моюн сунган  ажайып жана чексиз жаратылышты үйрөнүүгө, курчаган чөлкөм  жөнүндө   ой жүгүртүүгө  чакырат. Алла Таала момун мусулмандардын тилегин  аткарбай койбойт, Асман-Жердин аралыгындагы ордуңду, арам менен адалды, жамаатта   акыйкатчылыкты орнотуу, ырым-жырым  тутунуу, ыйман келтирүүнүн  жол-жобосун көргөзөт… Пенденин  өмүр мөөнөтү  – анын ыктыярына  убактылуу ыйгарылган орчун  байлык. Зирек жандар байлыктын байманасын ашырат. Алар жашоосун Жаратканды таанууга, аны ардактап, кастарлоого, акжолтой жумуштарга, жакшы атка конууга арнайт. Алланын ысымына багышталган ар кандай соопчулук иштер эгерим кайтарымсыз унут калбайт». 

Ооба, катар сабыбыздагы  аалым  байыркы дин окуусунун – исламдын – Эгебиз жалгаган пендезаттын маңгиликтүү  тиричилигинин ак бата тийген үлгүсүнүн  насыяттары  менен дүйнөгө  карата ыкласынын  маанисин өйдөкүдөгүдөй жандырат.

Ошонубуздан жазбаганыбыз ийги…

Асыресе, бүгүнкү  күндүн кечиктирилгис  маселелерине, заманыбыздын Батыш менен Чыгышка ажырымдалган геосаясый абалынын акыбетинде  калыптанган  кырдаалга кайталы. Береги кырдаал туурасында ар кыл пикирлер айтыла калып жүрөт, биринчи жак тигини глобалдаштыруунун тарыхый ашташуусу,    аалам турпатынын   уюткулуу толтосу дешсе, экинчи жак айныксыз карама-каршылык, цивилизациялардын, маданияттардын, диндердин жана саясый стратегиялардын кагылышуусу дешет. Ушубу  геосаясый катыш канчалык өлчөмдө  так экенин турмушубуз дагы да ырастай жатаар. Азырынча ага байланыштуу карекке чалдыккан  көйгөйлөр жөнүндө  кеп кылалы.

Айтса-айтпаса, мындай караганда, Батыш -Чыгыш проблемасы, ириде, жалпы жакырчылыкка, жаштардын ичиндеги жайнаган ишсиздикке, андан кем эмес туташ жемкорлукка  белчесинен малынганы талашсыз  жаңы демократиялык мамлекеттердеги кыйынчылыктардан майышкан дүйнөбүздөгү  ислам факторуна тийиштүү. Берегилердин жыйындысы  көптөгөн Чыгыш өлкөлөрүндө, өткөөл мезгилдин калайманына  кабылган Борбордук Азиядагы мурдагы социалисттик жумурияттарда, кедейликтин, жумушсуздуктун, атаандаштыкка жөндөмсүздүктүн, жана баса белгилөөбүз керек,  текши акы төлөп билим алуунун шарттарында, террорчулук топторду уюштурууга ыңгайлуу социалдык катмар  түзөт, анүстүнө  чала молдо дин бузуп,  алгачкы  арамза  ишенимдер,  кан төгүүгө  азгыруу жергиликтүү  мечиттерден башталат имиш…

Ислам   кылкылдаган, түмөндөгөн  пенде баласы  кулак түргөн  касиеттүү диний окуунун шарапаты  аркылуу ынандыруунун жана идеялык биримдикке жуурулуштуруунун  эбегейсиз  мүмкүнчүлүгүнө   ээ. Деген менен, эл  аралык талдоочулар аныктап-бычышкандай, учурдагы акыбал, биринчи кезекте, Борбор Азиядагы акыбал  жаңы күчтүн —  «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун  мисалында  соңку он беш жылдын аржак-бержагында  дин  радикализминин  үчүнчү  толкунунун пайда болгонун  кабарлайт.

Билермандардын баасы боюнча, «Хизб ут-Тахрирдин» ишмердүүлүгү   «Талибан» кыймылынын иш-аракеттерине коёндой окшош,  анан калса,  курамына  диний маселелер менен кошо  дүйнөлүк саясатка алакалаш   маселелерди да  камтыйт. Алардын  андан аркы  бекемдөөсүндө,  Афганистандагы террорчулукка каршы операциянын жүрүшүндө  «Талибан» жана «Аль-Каеданы» шылтоолоп  Өзбекстан ислам кыймылынын  (ӨИК) демин бир аз басаңдатуу,  дин радикализминин ыңтайынан  баамдаганда, Борбор Азияда  белгилүү  бир боштукка (вакуум) чыйыр  ачыптыр, анысы  аймагыбызда «Хизб ут -Тахрирдин» таасиринин  бат тарашына  себепкер өңдөндү.

«Хизб ут-Тахрирдин» жамааттары тарабынан калктын өтө  кембагал жана такыр жумушсуз тобуна, бөтөнчө,  жаштарга кандайдыр бир өлчөмдө  «каржылык жардам» берилгени деле аталган  уюмдун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жактоочуларынын көбүрүп  көбөйүшүн  шарттайт  турбайбы.

Жогорудагы жоромолдор  чындыкка канчалык даражада далма-дал?  Оозубуздагы  дөдөмөл-божомолдор эмки  дүйнөнүн кеңдиктеринде   оожалган маалыматтык согуштун көрүнүшү  эмеспи?

Ошентип, биз  эки жүйөөнүн эркиндебиз, биринчиден,  ислам окуусунун атпай  ааламдык маанисинин алдында тизе бүгүп, таазим этебиз, экинчиден, өзүбүздүн  чок баскандай  чочулообуз менен тынымсыз  тынчсыздануубузду  дагы бир мертебе тышыбызга угуза каңкуулайбыз, анткени, исламдын  аят тумардай  атын булгап, жер жүзүнүн  бир далай ой-чуңкурундагы   далдоо жайларда  эл аралык террорчулуктун күчтөрү  кубатын чыңдагандан чыңдоодо…

Кулпенделериңе кызылдай  акыйкатыкты айра  аңдатып, түшүндүрө   көр деп кудуретиңден айланайын  Кудайдан жалынып-жалбара  сурайбыз…

Которгон Абибилла ПАЗЫЛОВ

(«Барометр» гезити, 8-май, 2013-жыл.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *