1903-жылкы физика боюнча Нобель сыйлыгынын тең жарымын Анри Беккерель, ал эми экинчи жарымын жубайлар Пьер Кюри менен Мария Склодовская-Кюрилер алышкан.
Биз азыр кеп кыла турган каармандарыбыз, жубайлар болгондуктан, алардын өмүр баяндарын, илимий иштерин чогуу-аралаш эле баяндоону туура көрдүк. Окурманга деле бул сунуш ыңгайлуу болот деген ойдобуз. 

Нобель Комитетинин токтому боюнча лауреаттарга сыйлык: “Профессор Анри Беккерель ачкан радиация кубулушун биргелеш изилдеп, илимге көрсөткөн эң баалуу кызматтарын таануу максатында”, — деген пикир менен ыйгарылган.

Алгач, Пьер Кюри жөнүндө сөз кылалы. Окумуштуу 1859-жылдын 15-майында Парижде төрөлгөн. Анын ата-энеси ортозаар жашакандары менен руханий жактан заманынын алдыңкы адамдары болушкан. Атасы Эжен Кюри (1824-1910) кесиби боюнча врач болгон. Ал киши каражаттын жетишсиздигинен илимге батынып кире албай, үй-бүлөнү багуу түйшүгү менен алектенет. Эжен Кюри активдүү саясатчы болгон. Көз карашы боюнча республикачыл болгондуктан, Наполеон III түн империясына каршы күрөшкөн. Ал 1848-жылдагы революцияга катышып, чоң эрдиктерди көрсөткөн, ал эми Париж Коммунасынын мезгилинде өзүнүн квартирасында врач катары амбулатория ачып, жарадар революционерлерди дарылаган.

Энеси Софи – Клер Депули абдан билимдүү инсан эле. Ал уулдары Жак менен Пьер үчүн биринчи мугалимдик вазийпаны да аткарган. Айрыкча Жак (улуусу) менен Пьерге физика, математика жана химия сабактары өтө жаккан. Пьерди мектепке берүү аракетинен эч нерсе чыккан жок, себеби, бала мектеп тартибин, ал жердеги кызыксыз сабактарды жаттап окуу эрежелерин жек көрүп, көтөрө алган эмес. Ошондуктан, аны үйдө эле атайын түзүлгөн график менен окутушкан. 1873-жылдан тарта Пьерге математикадан күчтүү мугалим А. Базиль сабак бере баштаган. Ал өз курбуларынан алдыга озуп окуган жана 16 жашында эле атактуу Сорбонн университетинин табигый илимдер боюнча бакалавры даражасына ээ болгон.

1875-1878-жылдары Пьер Кюри Сорбонн университетинде лекция угуп, ошол эле учурда физика профессору Лерунун лабораториясында препоратор болуп иштеген жана Фармацевтика институтунун физика кабинетинин ассистенти да болгон. Ошол эле жылдары Пьер Кюри физиканын лицензиаты (азыркы магистр) даражасын алууга жетишет. Таланттуу жаш окумуштууну Париж университетине профессор Дезендин ассистенти кылып дайындашат жана ал студенттерге практикалык сабактарды өтө баштайт.

1878-1883-жылдары Пьер Кюри агасы Жак Кюри менен бирдикте кристаллдардын, жалпы эле минералдардын физикасын изилдей баштайт. Биринчи чоң ийгиликке бир туугандар пьезоэлектрдик кубулушту ачканда ээ болушат. Ошондо Пьер 18 гана жашка толгон! Андан ары пьезоэлектрдик кубулуштун негизинде кварцтан жаңы приборлорду жасашкан. “Симметрия принциби” дагы Пьер тарабынан ошол эле учурда сунушталган. Анын ийгиликтери бааланып, ал 1882-жылы ошол кездеги атактуу англиялык физик Уильям Томсондун (1824-1907) сунушу менен Париждеги Физика жана Химия институтунда адегенде практикалык сабактардын жетекчиси болуп, андан кийин профессору болуп шайланган. Бул кызматтын эмгек акысы аз болгонуна карабай, ал жерде 22 жыл үзгүлтүксүз иштеген.

Пьезоэффект эбегейсиз чоң практикалык колдонууга ээ болот. Анын физикалык маанисин ага-ини Кюрилер түшүндүрүшкөн. Эгер диэлектрик механикалык жол менен катуу кысылып, чыңалууда кармалып турса, анда заряддардын уюлдашуусу (поляризациясы) пайда болот. Бул — түз пьезоэффект кубулушу. Ушундай эле эффекти электр талаасынын таасири менен кристаллдардын кысылуусун алышкан б.а. тескери пьезоэффект кубулушу да орун алганын байкашкан. Эгерде мындай кристаллдарга өзгөрүлмө элект тогун жалгасак, анда аларды ультрабийик жыштыктагы термелүүлөрдүн булагына айланта алабыз. Демек, кристаллдар адамдын кулагы уга албай турган үн толкундарын генрациялайт. Мындай кристаллдар микрофон, үн күчөткүчү жана стереосистемалардын зарыл компоненттери болуп эсептелишет. Азыркы кезде бир тууган Кюрилердин пьезокристаллдарынан кварцтык сааттардын жана радиобергичтердин эң негизги элементтерин, модулдарын жасашат.

1883-жылы Пьердин агасы Жак Кюри Монпелье университетинин минералогия кафедрасын жетектеп кетет. Пьердин өздүк жекече илимий турмушу башталат. Ал ошол мезгилдерде кристаллдар физикасына баш оту менен кирген. 1883-1886-жылдардагы анын симметрия принциби боюнча терең изилдөөлөрү илимий коомчулукта кызыгууну туудурган. Пьер Кюринин оюу боюнча, “кандайдыр бир нерсенин симметриясын кароо үчүн, аны курчаган чөйрөнүн симметриясын эске алыш керек”. Муну көптөгөн окмуштуулар изилдешкен жана аны “Алтын симметриянын мыйзам ченемдүүлүктөрү”, — деп аташкан. Бул эрежелер элементардык бөлүкчөлөрдүн энергетикалык өтүүлөрүндө, кээ бир химиялык кошулмалардын түзүлүштөрүндө, космикалык системаларда, тирүү организмдердин гендик структураларында орун алат. Мындан сырткары, бул эрежелер адамдын денесинде же кээ бир органдарынын түзүлүшүндө жана дагы биоритмдерде, ал турсун баш мээнин функциялары, көрүү сезимдеринде да чечүүчү мааниге ээ болгон табигый нерселер. Пьер Кюринин эмгектери чынында эле өз заманынан озуп кеткен!

Окумуштуунун, кристаллдардын геометриялык симметриясы жөнүндөгү илимий макалалары кристаллографтар үчүн азыр деле өз актуалдуулугун жоготкон жок. Пьер 1890-1895-жылдары ар түрдүү температура үчүн заттардын магниттик касиеттерин изилдеген. Доктордук диссертациясында заттын температурасы менен магниттешүүсүнүн байланышы изилденип, аныкталган. Бул кубулушту Кюринин мыйзамы деп аташат. Ал “Ар түрдүү температуралардагы заттардын магниттик касиеттери” аттуу макаласын жарыялаган (Oeuvres de Pierre Curie, Gautier – Verlag – Villars, Paris, 1908, 232-345). Макаланын башында эле ал заттарды магниттик касиети боюнча үч категорияга бөлөт:

— диамагнетиктер: — жаратылышта эң көп кездешишет. Магнетизм касиетине дээрлик ээ эмес.
— парамагнетиктер: — магнетизм касиети бар, бирок күчсүз.
— ферромагнетиктер: — магнетизм касиеттери өтө күчтүү. 

Пьер Кюри, алардын өз ара кескин айырмачылыктарын белгилөө менен бирге эле, кандайдыр бир шарттарда бири-бирине өтүү жолдору бар бекен деген суроолорду койгон. Ал үчүн окмуштуу изилдөө иштерин ар түрдүү шарттарда: температураларын, басымды, сырткы магнит талаасынын чыңалыштарын өзгөртүп сынаган. Кээ бир учурларда заттарды 1370 С ысыктыкка чейин кармаган. Натыйжада, диамагниттик заттардын сезгичтүүлүгү температурадан көз каранды болбой, ал эми пара жана ферромагнетиктердин сезгичтүүлүктөрү температурадан көз каранды экендиги далилденген.

Парамагнетик үчүн, анын магниттик сезгичтүүлүгү температурадан тескери пропорциялаш экендигин тапкан:
μ_m = C/T .
Биз, Кюринин мыйзамын алдык, мында μ_m — заттын бир моль өлчөмүнө туура келген магниттик сезгичтүүлүк, ал эми С – Кюри туруктуулугу. Ушундай эле мыйзам ченемдүүлүк ферромагнетиктер үчүн сунуш кылынган:
μ_m = C/(T –θ ) , мында θ- Кюри чекити деп аталат. Бул ачылыштардын бардыгы Пьер Кюринин доктордук диссертациясында камтылып, 1895-жылы ийгиликтүү корголгон. Ошол эле жылы окуу жайдын директору Шютценбергер Кюри үчүн атайын кафедра ачып берген. Бирок илимий лабораторияга каражат бөлүнгөн эмес. Ал кездеги окуу системасындагы чиновниктерди студенттер төлөгөн акчалар гана кызыктырган. Бул чынында таң калыштуу эле. Себеби, Пьер Кюринин илимий иштери элге толук таанылып, өзүнүн дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулардын катарында татыктуу орду бар болчу.

Пьер Кюринин кийинки тагдыры поляк кызы, болочоктогу таланттуу окумуштуу Мария Склодовская менен байланыштуу. Ал экөө баш кошкондон тартып өмүрлөрүнүн аягына чейин радиоактивдүүлүк же радиация кубулушу менен алектенишкен. Экөөнүн биргелешкен илимий иштерин кийинчерээк баян кылабыз.
Пьер Кюринин өмүрү абдан аянычтуу үзүлдү. Ошол 1906-жылдын 19-апрели Парижде жаанчыл күн болгон. Ар дайым илимий ой менен алаксып жүргөн окмуштуу көчөдөн өтүп баратып тайгаланат да, аттар чегилген экипаждын дөңгөлөгүнүн алдына башы менен жыгылып, ошол эле жерде каза болот. Ал кезде Кюри болгону 46 гана жашта болгон.

Эмки сөз Мария Кюри жөнүндө болмокчу. Каарманыбыз физиканын тарыхындагы эң атактуу физик – аял. Анын кыз кезиндеги аты-жөнү – Мария Саломея Склодовская – польша элинин сыймыктуу жараны, 1867-жылдын 7-ноябрында Варшава шаарында төрөлгөн. Дүйнөдө биринчи болуп Нобель сыйлыгын эки жолу алган: 1903-жылы физика боюнча, ал эми 1911-жылы — химия боюнча.

Мариянын атасы Владислав Склодовский кесиби боюнча физика жана математикадан мугалим болчу. Ал Санкт-Петербург университетинде окуган, абдан билимдүү жана эң мыкты тарбиячылык сапаты бар экен. Энеси Бронислава Богушка мээримдүү эне гана болбостон, күчтүү педагог да болгон. Ал кыздар гимназиясынын директору кызматына чейин жеткен. Чоң атасы Люблин шаарындагы гимназияны көп жылдар бою башкарган. Демек, Мария педагогдордун чыгармачыл чөйрөсүндө калыптанган.

Тилекке каршы, Мариянын апасы кургак учуктан көп кыйналып, ооруп жүрүп, кызы 11 жашка араң чыкканда каза болуп калат. Владислав жана Бронислава Склодовскийлердин 4 кыз, 1 уулу болгон жана алардын төрөлгөн жылдарында 1 – 1,5 жаштан эле айырма бар болчу: Зофия (1862), Юзеф (1863), Бронислава (1865), Хелена (1866) жана Мария (1867). Аялы өлгөндөн кийин Владиславдын башына көп кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал аялы экөө убагында антташып, эч кыйынчылыктарга карабай, болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышып, балдарына сапаттуу билим бериш керектигин эстеди жана жан үрөп аракет кылды. Натыйжада, айткандай беш баласынын төртөөсү гимназияны алтын медаль менен бүтүрүшкөн. Эмне деген феномен, кажыбас-кайраттуу эмгек! Бир гана эң чоң кызы Зофия апасы тирүү кезде эле ымыркайында чарчап калган.

Ал учурда эл аралык саясат да өтө оор эле. Польша ал кезде үчкө бөлүнүп, Орусия, Германия жана Австрияга көз каранды болгон. Склодовскийлер мекендеген Привислин губерниясы орус империясынын составында болуп, бардык жактан ырайымсыз эзилип турган. Мариянын турмуштук жолу жана мүнөзүнүн өзгөчөлүгү ошол кездеги Польшанын саясый абалы менен түшүндүрүлөт. Польша Королдугу Орусия империясына баш ийип, башка улуттук азчылыктар сыяктуу эле күч менен орус тилин үйрөнүү зомбулугуна тушуккан. Ал турсун Польшанын орустарга караган бардык мектептеринде орусча окутууну көзөмөлдөгөн штаттык кызматтагы аңдыгычтар иштешкен.

Эгер поляктардын баары католик динин тутканын, ал эми орустар ортодокс православ экендигин эске алсак, эки тараптын тирешүүсү кандай курч болгондугун түшүнөбүз. Польша элинин көзкарандысыздык үчүн күрөшүүсү ырайымсыздык менен жазаланып турган. 1830 жана 1863-жылдардагы көтөрүлүштөрдө поляктардын каны суудай аккан. Орус бийлиги Польшаны жашыруун агенттер менен толтурган. Айрыкча, менчик мектептер, ишкана-мекемелер, илимий ийримдер катуу көзөмөлдө болгон. Бир аз эле шектенүүгө дуушар болгон поляктар, көбүн эсе интеллигенция аёосуз жазаланып, тартипке чакырылып же жумуштан айдалып турушкан. Владислав Cклодовский да жогоркудай эле себептерден улам мугалимдиктен айдалып, кызматтык квартирасынан куулган. Аялы өлүп, төрт чиедей баласы менен калган жумушсуз байкуш педагогго бул “өлгөндүн үстүнөн көмгөн” эле болду. Бирок бул апаат күндөр аны кайра чыйралтып, балдарына эң сапаттуу билим берүүгө жетишкен жана аларды өз элинин чыныгы патриоттору кылып тарбиялаган.

Ошол кездеги Польшанын мамлекеттик мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө аттестатты орус тилинде окугандар үчүн гана беришкен. Ошондо гана алар жогорку окуу жайларына кире алышкан. Мектеп окуучуларына танапис учурунда да поляк тилинде сүйлөшүүгө тыюу салынган. Мария, өзүнүн автобиографиясында ошол күндөрдү абдан кейиштүү жазат. Окуучулардын арасында басынуу, турмушка болгон ызакорлук күч экенин белгилейт. Аларда эч кимге ишенбөөчүлүк жана агрессивдүү өжөрлүк катуу өскөндүгүн байкайт. Ошондой эле мүнөз Мария үчүн да күчтүү эле. Жаш кезинен ал Ата-Мекенин чексиз сүйүп, ал сезимди өмүр бою өзү менен кошо алып жүргөн.

Мектеп программасын Мария жана анын бир туугандары жеңил эле өздөштүрүшкөн. Буга биринчи иретте, үй-бүлөдөгү илимий-педагогикалык атмосфера түрткү болгон. Айрыкча, Мария айырмаланып турчу. Ал ушунчалык берилип окугандыктан, уйку көрбөй, ачка калган кездери көп болчу. Төрт жашында эжелеринен окуганды үйрөнүп алган. Мектепте орус, француз, немис жана англис тилдерин ийгиликтүү өздөштүргөн жана ал тилдерде эркин сүйлөп жана жазып, өз эне тили – поляк тилинин деңгээлине жеткире алган.

Эң чоң кыйынчылык Мария мектепти алтын медаль менен бүткөндө башталды. Себеби, алар жашаган Привислин губерниясы Орус империясынын өзгөчө көзөмөлүндө болуп, кыздарды жогорку окуу жайга окутуу чектелген. Тилекке каршы, жаш Мариянын университетке окуу кыялы ише ашпай, кийинкиге калтырууга аргасыз болгон жана анын келечеги Батыш Европанын университеттери менен гана байланышарын түшүнгөн. Бирок ал жакка көп сандаган акча төлөө керек эле. Атасы жумушсуз, апасы эчак өлгөн! Эмне кылуу керек эле?
Ошондуктан, ал эжеси Бронислава экөө макулдашып, биринчи болуп Парижге эжеси врач окуусуна аттанган, ал эми Мария аны каражаттан колдоо үчүн байлардын үйүнө жалданып, мугалим-гувернантка болуп иштеп калган. Макулдашуу боюнча Бронислава врач окуусун бүтүп, Парижде калып иштеп, андан кийин Марияны чакырып, ал Сорбонндон физиканы окуусу керек болчу.

Мария 6 жыл гувернантка болду. Көптөгөн кыйынчылыктар башынан өттү. Помещик-кожоюндардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кежирликтерине канча чыдады! Бирок кайраты мокобостон, бош убактыларында ошол кыштактагы арендатор, мандикер, жумушчу жана кызматкерлердин балдарына поляк тарыхын, тилин жана адабиятын окутуп жүрдү. Ал турсун саясый баракчаларды да эне тилинде даярдап, элге таратып турган. Бул иш абдан опурталдуу эле!

Мындай “ишмердик” үчүн орус бийлиги поляктарды камап же сүргүнгө айдап жиберчү. Мариянын окуучуларынын саны 18ге чейин жетип, күнүгө 2-3 сааттан, ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү 5-6 сааттан убактыларын сарптачу. Ошол эле учурда ал өзүнүн билимин да тынымсыз өркүндөткөн. Айрыкча, физика, химия жана математика адабияттарын жан үрөп окуган. Философиялык жана социологиялык илимдерге да көп көңүл бурган. Аз уктап, начар тамактангандыктан, жаш өсүп келаткан кыздын ден-соолугу үчүн олуттуу кооптонуулар болгон. Бирок ал өз максатына жетүү үчүн өжөр, жан кечти сапаттарын эч таштаган эмес!

Мария үчүн ошол замандагы абдан популярдуу француз жана англис позитивисттеринин чыгармалары кызыктуу болгон жана аларды эң сонун өздөштүрүп, өз пикирлерин жазып жүргөн. Ага айрыкча, француз математиги жана философу Огюст Конт (1798-1857) менен англичан – социолог Герберт Спенсердин (1758-1834) эмгектери жакын болгон. Алты жылдан кийин Мария Варшавага кайтып келип, бай фабриканттын үйүндө мугалим болуп иштейт. Бош убактыларында Өнөр жай жана айыл чарба Музейинде табигый илимдер боюнча илимий тажырыйба жүргүзүү иштерине кол кабыш кылууга да жетишкен. Жашыруун болгон “Эркин университет” уюмунун активдүү мүчөсү катары Варшаванын түрдүү райондорунун жумушчуларын окуткан. Ал: “Адамдык сапатты билим менен гана байытууга болот, ошондо гана биз эң үлгүлүү коом кура албыз”, — деп окуучуларына дайыма айтчу. Ар бир инсан жалпы адамзат үчүн жооптуу болууга тийиш экендигин туу туткан. Ошол кезде 24 жашка араң чыккан кыздын акылын караңыз!

Эжеси Бронислава медицина боюнча окуусун бүтүп (негизинен, Мариянын акчалай колдоосу менен), Парижде калып иштеп, сиңдисин чакырат. Ошентип, Мариянын көп жылдык үмүтү аткарылып, мээнети кайтып 1891-жылы Париждеги Сорбонн университетинин табигый илимдер факультетинин студенти болуп калат. 1893-жылы өзүнүн курдаштарынын ичинде биринчи орунду алып, физика боюнча Сорбонндун лиценциаты деген наамга ээ болгон (азыркы магистр). Бир жылдан кийин экинчи орунду алып, математиканын лиценциаты даражасына жеткен.

Каарманыбыз Парижге келген алгачкы мезгилдеринде эжесинин үйүндө жашаган. Бронислава врачтыкты ийгиликтүү аяктап, Парижде жашаган поляк врачка турмушка чыккан эле. Бирок өжөр Мария бир нече айдан кийин өз алдынча жана эркин илимий иш жүргүзүү максатында университеттин жатаканасына көчүп кетет. Эч кандай материалдык жардам болбогондуктан, ал абдан жакыр жашаган жана өтө сарамжалдуу болууга туура келген. Жатакананын чатырчасынын ичинен орун берилгендиктен, кышында колу-бетти жуучу идиштеги суу тоңуп калчу экен. Бир нече жыл ушундай шартта жашоону башынан кечирет. Анын бир гана максаты – илимпоз болуу эле! Адамзат, демейде, каалаган кээ бир жыргалчылыктар жаш окмуштууну кызыктырган эмес.
Акыры, максаты орундалып, Сорбоннду физика боюнча биринчи, ал эми математика боюнча экинчи болуп бүтө баштаган. Ал кезде Сорбонн университетинин студенттеринин өздүк рейтингдери массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылып турган. Мариянын ийгиликтерин уккан Польшанын патриот жарандары, айрыкча, меценат Дидинская деген айым ага атайын стипендия уюштуруп берген. Бул жардам Марияга дагы бир жыл Парижде калып доктордук диссертацияга киришүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Өзгөчө белгилей кете турган нерсе, бир нече жылдан кийин Мария маянасынан үнөмдөп, дагы жаңы таланттуу поляк жаштардын окуусуна деп Варшавага 600 рубль жөнөткөн.

Университетти ийгиликтүү бүтүргөн соң Мария түрдүү илимий коммерциялык заказдарды ала баштаган. Айрыкча, металлофизика боюнча. Ага заттардын, өндүрүш үчүн эң маанилүү болгон магниттик касиеттерин изилдеп берүүгө көптөгөн кардарлар кайрылышкан жана алар заказды жакшы төлөшкөн. Марияга жакшы жабдылган илимий лаборатория керек эле. Аны издеп жүрүп, 1894-жылдын башында физик кесиптеши Пьер Кюри менен таанышып калат. Ал кезде Пьер Париж шаардык Физика жана Химия кесиптик окуу жайында сабак берип жүргөн жана эл аралык илимий авторитетке ээ болуп калган эле. Биз жогоруда сөз кылгандай, Пьер табиятынан карапайым адам болуп, эч убакта жакшы шартта иштеп, жашаган эмес.

Эки жаш жана таланттуу окумуштуулардын илим боюнча чогуу иштөө этабы ушинтип башталган. Пьер Марияга өмүрүбүз дагы, илимий ишибиз дагы мындан ары бирге болсун деген сунушту айткан. Өз Ата-Мекенин чексиз сүйгөн кыз үчүн Парижде өмүр бою калуу өтө көп моралдык-психологиялык түйшүктү арткан. Ал өзүн мамлекеттик чыккынчы катары да сезип жүргөн. Акыры нукура сүйүү жеңип, алар 1895-жылдын июль айында чакан той өткөрүп баш кошушкан. Экөө тең динге берилбеген адамдар болгондуктан, эч кандай кымбат баалуу чиркөөлүк эрежелерди сакташкан эмес. Жубайлар абдан жупуну жашап, болгон убактыларын жана каражаттарын илимге гана арнашкан. Француздар үчүн салт болуп эсептелген үйлөнүү сапарына достору белек кылган велосипеддер менен чыгышып, Париждин жана жалпы эле Франциянын кооз жерлери менен таанышышкан. Мария Пьерге таянып, жашоонун ырахатын – өзү сүйгөн илим менен айкалыштыра алды. Жаратылыштын кооздугун сезип, жубайлар дайыма бирге болушту. Бактыларына шайкеш болуп, 1897-жылдын 12-сентябрында Ирэн аттуу тун кыздуу болушкан. Ал ата-энесинин жолун туурап атактуу окмуштуу болуп, Нобель сыйлыгына татыктуу болду.

1896-ж. жайынан баштап Мария Кьюри Сорбонндо экзаменди эң биринчи көрсөткүч менен тапшырып, окутуучу болуп калтырылган жана болочок доктордук диссертациясынын аталышын Илимий Кеңеште бекиттирүүгө жетишкен. Ошентип Мария Склодовская – Кюри Сорбонндун тарыхында биринчи аял-окутуучу болгон. Ага тагдыр студенттик кезинде эле окутуучулар боюнча жакшы жол ачып берген экен десек болчудай. Мисалы, биология менен химияны атактуу Эмиль Дюкло ( 1840-1904) окуткан, ал профессор Луи Пастердин (1822-1895) теориясын биринчи болуп колдоп, оорулар микробдор аркылуу жугаарын тажырыйбада далилдеген. Физиканы болсо болочок нобелиат Габриель Липман берген. Ал окумуштуу – түстүү фотографиянын атасы. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдү ошол кездеги дүйнөлүк биринчи математик Анри Пуанкаре (1854-1912) окуткан. Мария Кюри ушундай инсандардан эң жакшы деген бааларды алып, окуганы анын интеллектиси кандай бийиктикке чыккандыгын көрсөтүп турат.

1893-жылдын аягында Мария өзүн окуткан физика профессору Липманга ассистент болуп, лабораториядагы баардык түйшүктүү жумуштарды аткарган. Ал 26 жашында эле төмөнкүдөй төрт максатты өз алдына койгон экен:
1. Билим алуу максаты. Өз билимин өтө тереңдетүү. Мектептен баштап, Сорбонндо дагы тынымсыз эмгектин натыйжасында ал максатын толугу менен аткара алган.
2. Илимий максаты. Илимге бүт өмүрүн жумшап, өзүн окуткан атактуу окумуштуулардан калышпай эмгек сиңирүү. Илимдин тарыхында кала турган ачылыш жасоо.
3. Патриоттук максаты. Өз Ата-Мекенине кызмат кылуу. Польша элинин билим деңгээлин, илимин, маданиятын көтөрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо.
4. Дүйнөлүк максаты. Илимди, билим ресурсун жалпы адамзаттын жыргалчылыгына кызмат кылууга багындыруу, буруу.
Бул — азыркы кыргыз жаштарына сабак болчу тилек-максаттар болууга тийиш!
Пьер менен Мария баш кошкон 1895-жылы, Вильгельм Рентген өзүнүн Х нурларын ачкан. Андан кийинки чоң физикалык ачылышты – радиоактивдүүлүктү Анри Беккерель 1896-жылы уран тузунун мисалында жасады. Жаңы нур спонтандык жол менен эле пайда болору белгилүү болгону менен анын чыныгы табиятын дагы изилдеш керек болчу.

Жубайлар Мария жана Пьер Рентген менен Беккерелдин ачылыштарын зор ынтызарлык менен кабыл алып, дароо эле максаттуу түрдө изилдей башташкан. Алар Пьер иштеген кесиптик мектептеги чоң, эч кандай шарты жок складдык сарайды алышып, керектүү шаймандар менен жабдышып, радиоактивдүү илимий иштерди жүргүзүүгө боло турган абалга жеткире алышкан.

Мария дароо эле Беккерелдин кээ бир тажрыйбаларын өтө кылдаттык менен кайталоодон баштайт. Ал уран нурларынын иондоштуруу жөндөмдүүлүгү күн нурунун деңгээли менен температурага тиешеси жоктугун тажырыйбада көрсөткөн жана ал чоңдук бир гана урандын санынан көз каранды экенин так далилдеген. Ал радиоактивдүүлүк деген терминди тарыхта биринчи болуп колдонгон жана ал кубулуш урандын атомдук касиети менен гана байланыштуу деген гипотезаны айткан. Мындан сырткары, Мария суроо койгон : “Эмне үчүн мындай касиетке дагы башка элементтер ээ болуша албасын?”. Натыйжада, максаттуу изилдөөлөр башталды. Көптөгөн минералдар текшерилди. Биринчи болуп торий да нур чыгара тургандыгы табылды, демек, бул урандан кийинки экинчи радиоактивдүү элемент. Кээ бир уран рудалары таза урандын өзүнө салыштырмалуу көп эсе радиоактивдүү болору да байкалды.

Мария Кюри ошол уран рудаларынын составында жок дегенде бир жаңы, али белгисиз радиоактивдүү химиялык элемент болуш керек деген божомолду айткан жана ишенбеген кесиптештеринин сөздөрүнө көңүл бурбай, жүздөгөн кайталоо эксперименттерин жүргүзгөн. Ушул учурдан баштап күйөөсү Пьер дагы радиоактивдүүлүк кубулушту аялы менен чогуу изилдөөгө баш оту менен кирген. Ошол замандагы бир проблеманын үстүнөн ишетеген эң күчтүү тандем пайда болгон!

Жаңы элемент эң жогорку радиоактивдүүлүккө ээ экендигин далилдешти, бирок абдан аз санда алууга мүмкүнчүлүк болгон. Анын саны уран рудаларынын жалпы санынын миллиондон бир эле үлүшүн түзгөн. Кийинки изилдөөлөрдүн натыйжасында, радиоактивдүүлүк эки түрдүү химиялык фракциялардан чыгып жаткандыгы байкалган, демек, уран рудасынын составында эч болбоду дегенде эки жаңы радиоактивдүү элемент болуш керектигин айтышкан жана аларды бөлүп алышкан. Алар : полоний жана радий эле. Полоний химиялык элементи Мариянын Ата-Мекени Польшанын урматына коюлган.

Илимий коомчулукка ишеничтүү таасир калтырыш үчүн абдан көп уран рудалары керек эле. Бактыга жараша, Австрия мамлекети окумуштууларга эң арзан баада 12 тонна уран рудаларын саткан. Бул жерден дагы бир кызыктуу окуя жөнүндө айтуу керек. Кюрилер радийди алгандан кийин дүйнөлүк бизнес жаңы заттын сыйкырдуу касиетин сезип, 1 граммын 750 миң алтын франк менен баалаган. Ал акча 160 кг алтындын баасына тете болгон. Радийди алууну өндүрүштүк жолго коюшса, укмуш пайда көрүлмөк. Бул затты алуунун сырын Кюрилер гана билишкен. Алардын алдында эки жол бар эле: биринчиси, методиканы патенттеп алып кожоюндук кылуу жана жомоктогудай баюу; экинчиси, рецепти жөн эле жарыялап элдин энчиси кылуу. Алар экөө тең бир пикирде болушуп: “Радий биздики эмес, ал элге таандык. Ээлеп алсак илимдин рухуна доо кетиребиз!” – дешкен жана басма сөз каражаттары аркылуу бүт дүйнөгө радийди алуунун сырын ачык жарыя кылышкан. Бул эрдикпи? Азыркы ач көз замандын кырынан саресеп салып баа бериңиз, окурман! Мария Кюринин ачкалыктан жыгылып жүргөнүн элдин бардыгы билишкен.

Биз жогоруда кеп кылган чоң сарайда илимий иш күндөп-түндөп жүргүзүлгөн. Ичкен тамагын да профессор Мария Кюри ошол эле сарайда даярдаган. Алардын илимий кызматкерлери болгон эмес. Кайнап жаткан массаны тынбай, өзүлөрүнүн боюна барабар келген темир таяк менен аралаштырып туруу зарыл эле. Алы кетип, шайы ооп жыгылып калган учурлары көп болгон. Ал эми фракциялык кристаллизация башталганда абдан аярлыкты жана тазалыкты талап кылган шарттарды түзүп иштешкен. Ушундай оор илимий иш төрт жыл тынбай улантылган! Ошентсе да радийдин жаңы химиялык элемент экендигин жубайлар консерватордук көз караштагы химиктерге ишенимдүү далилдей алышкан. “Эгерде, — деп жазат Мария Кюри, — бизге керектүү шарт кичине эле түзүлгөндө, радийди бир эле жылда жетишерлик санда ала алмак экенбиз”. Таза металлдык радийди Мария Кюри 12 жылдан кийин гана, өзүнүн окуучусу Андре-Луи Дебьерн (1874-1949) менен чогуу алган.

Дүйнөнүн физикалык сүрөттөлүшү Рентген, Беккерель, Пьер жана Мария Кюрилердин эмгектери менен фундаменталдык түрдө өзгөрдү. Физиканы — материя менен энергияны жана алардын механикалык, акустикалык, оптикалык, жылуулук процесстеринде, элетромагниттик, нурдануулук, атомдук түзүлүштөгү жана ядролук айлануулардагы өз ара аракеттенишүү кубулуштарын изилдеген илим катары кабыл алып келебиз. Бул туура, себеби, кылымдар бою адамзат көптөгөн илимий далилдөөлөр менен муну ырастап келе жатат. Бирок ошол эбегейсиз эмгектердин ичинен да өзгөчөлөнгөн ачылыштар бар. Биз алардын бири катары радиоактивдүүлүк кубулушун айтар элек. Мисалы, Кюрилердин радийди жана дагы башка радио-активдүү химиялык элементтердин ачылышы “бөлүнбөс” делинген атомдун ичинде эбегейсиз материя жана энергия барын, аларды башкара алсак дагы болчудай деген үмүттү пайда кылды. Ядролук энергиянын алгачкы доору башталды.

Кюрилер өмүрлөрүндөгү эң олуттуу илимий иштерин жасашты. Эми алардын жекече турмуштары жөнүндө да кошумча маанилүү этаптарын эстейли. Жубайлардын биринчи бактылуу күндөрүндө алдыларында үч багыттагы милдеттер турган:
1. Педагогикалык ишмердик. Мария Версальдын алдындагы Севрде жайгашкан кыздардын Жогорку мектебинин профессору болуп иштеген. Ал жерде да жалгыз аял окутуучу болгон.
2. Эксперименталдык изилдөөлөр. Радиоактивдүүлүк жөнүндөгү Пьер менен Мариянын илимий макалалары эң атактуу журналдарга басылып, көрүнүктүү окмуштуулардын купулуна толгон.
3. Алардын кызы Ирэн. Үй-бүлөлүк турмуш жана кызды тарбиялап, окутуу алардын эң негизги максаттары болгон.

Урматтуу окурман! Сиз көрүп тургандай, Кюрилер жогорку үч милдетти эң сонун аткара алышты. Алардын коомдук-саясый иштерге катышуусуна убакыттары болгон эмес. Пьердин ата-энеси менен баарлашуу жана Мариянын поляк жердештеринин ийримдерине сейрек катышуулары менен эле чектелишкен. Өздөрүнүн карьераларына өбөлгө боло турган саясый оюндардан да оолак болушкан. Алардын илимий иштери Францияга караганда чет мамлекеттерге тезирээк жетип турчу. 1900-жылы Женева университети Пьерге маянасы чоң физика кафедрасын сунуштаган жана эки ассистенти менен илимий лаборатория уюштуруп берүү милдетин алууга макул болгон. Марияга дагы шарт түзүүгө сөз беришкен. Радий менен илимий иш аягына чыга электигин эске алышып, эң ыңгайлуу сунуштардан баш тартышкан.

Акыры, эмгектери кайтып, ийгиликтер келе баштады. Пьер 45 жашында 1904-жылы Сорбонндун профессору болду. 1903-жылы жубайлар Анри Беккерель менен бирдикте радио-активдик кубулушту ачкандыктары жана ийине жеткирип изилдегендиктери үчүн Нобель сыйлыгын алышты. Ошол эле жылы Мария доктордук диссертациясын коргоду. Францияда биринчи жолу аял кишиге эң жогорку илимий наам берилди. Аялдын Нобель сыйлыгына ээ болушу да мурда болуп көрбөгөн окуя эле. Мария Кюри заматта эле дүйнөлүк атак-даңкка бөлөндү! Бирок Кюрилер мурдагыдан да обочолонушуп, илим, билим берүү жана үй-бүлө менен эле алектенип калышты. Бир нече достору жана туугандары менен эле катышышчу.

1905-жылдын декабрь айында Кюрилердин экинчи кызы Ева төрөлдү. Ал эми 1906-жылдын 19-апрелинде Пьер трагедиялуу каза болду. Мария нес абалында, бир нече апта терең депрессияга кабылган. Ал Пьерсиз жашоону элестете алган эмес. Бирок артындагы атасыз калган эки кызы Марияны жашоону улантууга аргасыз кылды. Сорбонндун илимий Кеңеши бир добуштан Пьердин ордун Марияга сунушташкан. Ошондо Нобель сыйлыгынын лауреаты болсо да ал сыпайы гана “Күйөөмүн арбагын сыйлап аракет кылып көрөйүн!”- деген экен. Бул сунуш бир чети улуу сыймык болсо, экинчи жактан абдан оор эле. 1906-жылдын 6-ноябрында Мария Кюри биринчи лекциясын окуган. Залга студенттер, аспирант-докторанттар жана репортерлор жык толгон. Себеби, бул Сорбонндун 600 жылдык тарыхында аял профессордун биринчи жолу лекция окушу эле! Ошол кезде Мария Склодовская-Кюри 39 гана жашта болгон.

Эки жыл окуган лекциясын жалпылап жана илимий изилдөөлөрүн жыйынтыктап жазган Мария Кюри “Радиоактивдүүлүк жөнүндөгү трактат” аттуу фундаменталдык монографиясын окурмандарга тартуулаган. Анын илим изилдөө иштери эми көптөгөн студенттердин жана ассистенттердин көмөгү менен дагы активдүү уланган. Жаштарга илим изилдөөдө чынчыл болууну, алынган жыйынтыктарды бурмалабоону катуу талап менен үйрөткөн.

1911-жылы Швециянын Нобель Комитети Мария Кюриге экинчи жолу сыйлык ыйгарды. Бул дагы тарыхта биринчи жолу болду. Бир эле окмуштуу эки башка илим тармагынан тең лауреат болуп отурат! Эми Мария Кюриге атактуу окмушутуулар да келишип, илимий талкууларды жүргүзүп кете башташты. Кичүү кызы Ева апасы жөнүндө эң сонун “Мария Кюри” аттуу эскерме китебин жазган. Ошондо ал атактуу Альберт Эйнштейндин келгенин жана Мария менен өзүнүн Атайын салыштырмалуулук теориясынын маанилүү элементтерин талкуулаганын баяндайт.

1914-жылдын июль айында Парижде Радий институтунун ачылышы болду. Бул ошол кездеги алдыңкы техника менен жабдылган илимий мекеме Мариянын өмүр бою эңсеген максаты эле. Ал дароо эле өз илимий мектеби менен ыңгайлуу жайгашып, эң сапаттуу илимий жыйынтыктарды бере баштаган. Тилекке каршы, ошол жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталып, көп кызматкерлер согушка тартылышкан. Мария өзү да рентген аппараттары менен фронтту камсыз кылуу боюнча эбегейсиз уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Ал патриот ишкерлердин жардамы менен автомобилге рентген жабдыгын жайгаштырып, өзү баш болуп, фронттун ички аймактарына чейин барган.

Анын радиологиялык машинасын аскерлер “мини-Кюри” деп аташкан жана чын ниеттен ыраазы болушкан. Рентген аппаратынын жардамы менен жарадарлардын денесиндеги окторду жана минанын сыныктарын таап, дарылоого өбөлгө түзүшкөн. Мария өзү аппаратураларды сатып алууну гана уюштурбастан, аларды оңдоо жолун да камсыз кылган. Өзү автомобиль минип, ач калып, ысык-суукка чыдап, кызмат өтөгөн. Мына бала кезинен бери кыйынчылыктарды жеңе билүүсүнүн пайдасы! Натыйжада, ал фронт боюнча 20 мобилдүү рентген жабдыктарын түзүп, түрдүү госпиталдарга 200 радиологиялык лабораторияларды уюштурган. Согуштан кийин ал өкмөттүн суранычы менен өзүнүн рентген аппаратураларын согуш учурунда коопсуз пайдалануу боюнча тажрыйбасын эске алып, “Согуш учурундагы радиология” деген китебин жазган.
Согуштан кийин ал Радий институтунда илимий ишин уланткан жана анын директору болгон. Институт ядролук физика менен химиянын чыныгы борбору болуп, ал жерде көптөгөн илимий иштер жүргүзүлүп, ар жактан келген жаш илимпоздор калыптанган мектеп да болгон.

Мариянын жетишкендиктери көп аялдарды илимге шыктандырган. Өз кызы Ирэн Мариянын биринчи жардамчысы болгон, мыкты окмуштуу болуп, күйөөсү Фредерик Жолио менен чогуу 1935-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.
Мария Кюри тынчтыкты коргоо ишине да активдүү катышкан. Дүйнө жүзү боюнча элдердин эркиндигин жана цивилизациялык мамиледе болушун көксөгөн. Илим тынчтыкка өбөлгө болор гана функцияны аткаруу керектигин талап кылган. 1922-жылдын 15-майында Мария Кюри Улуттар Лигасынын Кеңешинин алдындагы Эл аралык интеллектуалдык кызматташтык Комиетинин мүчөсү болуп шайланган. Ал Комитетте Альберт Эйнштейн, Анри Бергсон, Гильберт Мюррей, Жюль Дестре сыяктуу инсандар мүчө болушкан.

1921-жылы Мария Кюри Америка Кошмо Штатынын өкмөтүнүн чакыруусу боюнча барган. Визиттин жүрүшү абдан чоң окуя катары кабыл алынган АКШ президети Уоррен Гардинг (1865-1923) өзү кабыл алып, Мария Кюриге ошол кездеги баасы 100 миң доллар болгон 1 грамм радий белек берген. Каражатты АКШнын Аялдар ассоциясы топтогон. 1929-жылы Мария кыздары менен АКШга экинчи жолу барган. Анда дагы өзгөчө салымын эске алышып, дагы 1 грамм радий тартуу кылышкан. Аны окумуштуу өз мекени Польшадагы Радий институтуна белек кылган.

Мария өмүрүнүн акырында илимий конференциларга, лекцияларга, университеттик салтанаттуу иш-чараларга ж.б. катышып баалуу акыл-кеңештерин бөлүшүп турган. Көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Ал Бразилия, Италия, Голландия, Англия, Бельгия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдө лекцияларды окуган. 1932-жылы Варшавага келип, Радий институтунун ишин көзөмөлдөгөн. Ал институтта бир тууган эжеси врач Бронислава директор болгон.
Мария Склодовская-Кюри 1934-жылдын 4-июлунда Франциянын Жогорку Савойя провинциясына караштуу Пасси шаарындагы Санселльмозе санаториясында өзү өмүр бою изилдеген радийдин нурдануусу себеп болгон кан лейкемиясынан (апалистикалык нур анемиясы) 66 жашында көз жумган. 1934-жылдын 6-июлунда Мариянын сөөгүн Со (О-де-Сен) көрүстөнүнө күйөөсү Пьер Кюриге катарлаш коюшкан. 1995-жылдын 20-апрелинде Франциянын президенти Франсуа Миттерандын (1916-1996) чечими менен Пьер жана Мария Кюрилердин сөөктөрү салтанаттуу церемония менен Париждин Пантеонуна которулуп көмүлгөн. Салтанатка Польшанын биринчи президенти Лех Валенса (1943 жылы туулган) катышкан.
К.Осмоналиевдин «Альфред Нобель жана физика» аттуу китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *