АҢГЕМЕ

Терең кайгы менен азаптардын издери көрүнгөн чарчаңкы, арык жүздүү киши “Техас почтосунун” редакциясына алып баруучу тепкичтер менен толкундана чуркап баратты.

Адабий бөлүмдүн редактору бурчтагы ордунда жалгыз олтурган, кирип келген адам редактордун жанындагы жумшак отургучка өзүн таштап, божурап кирди:

— Кайгымды таңуулаганым үчүн кечирим сураймын, сэр, бирок ичимдегини ким бирөөгө төкпөсөм болбойт. Мен эң бактысыз адаммын. Мындан эки ай мурун чыгыш Техастын чакан бир тынч шаарында алпейим жана бакубат турмушта бир үй-бүлө жашады. Бул үйдүн кожоюну Хезекия Скиннер өзүн ал  сыяктуу акылдан адашып жакшы көрөт деген аялын кудайындай көрөр эле. Аттиң, сэр, аялы болсо аны алдап жүрдү. Аялдын күйөм-сүйөм дегени болгону күйөөсүн адаштырып, көзүн жазгыруу үчүн айткан таттуу жалган кеби эле. Аял жүзү каралык менен аны торго түшүргүсү келген кошунасы Вильям Вагстафды сүйүп калды да, Вагстафдын жалынып-жалбарган сөздөрүнө ынанып, күйөөсүн бузулган очоктун жанында жарылган жүрөгү менен калтырып сүйгөнү менен качып кетти.

— Ананчы! – деди редактор. – Мен сиз сезип-туйууга тийиш болгон кайгы, терең азап менен жан алакетке түшүүнү жакшы билем!

— Дээрлик эки ай бою, — деп сөзүн улады келген адам, — Хезекия Скиннердин үйү аңгырап турду, ал эми аялы менен Вагстаф күйөөнүн каарынан качып, алдастап жүрүштү.

— Сиз эмне кылмакчысыз? – адабий редактор капысынан суроо салды.

— Мен таптакыр абдырап калдым. Бул аялды мындан ары сүйбөймүн, бирок өзүм күн сайын учурап жаткан кыйынчылыктардан качып кете да албаймын.

Ушу маалда коңшу бөлмөдөн редакцияда иштеген баладан бирдемелерди сурап жаткан аялдын ачуу үнү жаңырды.

— О, кудай, бул ошонун үнү! – тиги адам толкунданып ордунан ыргып туруп кыйкырып жиберди. – Мен тезинен жашынып калуум керек. Тезирээк! Бул жактан чыгып кетер эшик жокпу? Терезе аркылуу, капталдагы эшик болсо да, айтор, бул аял мени таба электе качышым керек.

Адабий редактор ага ачуулана тигилди.

— Уялыңыз, сэр, — деди редактор — Мындай кылганыңыз жарабайт. Мырза Скиннер, туруксуз аялыңыз менен бетме-бет жолугуңуз жана аны коломтоңуз менен турмушуңузду бузгандыгы үчүн айыптап, күнөөлөңүз. Эмне үчүн өз абийириңиз менен укугуңузду коргоодон тайсалдайсыз?

— Сиз мени түшүнгөн жоксуз, — коркунучтан кубарып кеткен бул адам терезе аркылуу үйгө жанаша салынган сарайдын чатырына чыгып баратып жооп берди, – Мен Вильям Вагстафмын.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *