Нургазы МУСАЕВ: Кыргыз турмушу – бүтүндөй мюзикл!

«Дарак ыры» мюзикли боюнча пикир жазгандар Кыргызстандагы биринчи мюзикл деп жатышат. Ушунуңарга мен анча кошула бербейм. Кыргыздар бала туулганда бешик ырын, каз-каз турганда тай-тай ырын… чоңоюп кыз-жигит болгондо сүйүү ырларын, секетпайларды, Жаныбек Жанызакка окшогон шустрыйлары эротикалык ырларды, жетпей жүргөндөрү күйгөн ырларды, жетпей калгандары арман ырларын, парень-девушка болуп жаткан кезде кыз-жигит айтыштарын, вечеринкалар уюштурулганда арноо ырларын, тусовкалар уюштурулганда селкинчек, ак чөлмөк ырларын, турмушка чыгып атканда кыз узатуу ырларын, алгач келин болгондо келинге инструктаж ырларды, бактылуу жашап жаткандары бири-бирине ода ырларын, акыл […]

Кайдан чыкты «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?»

Б.Кебекованын мындай деп жазганы бар: «Совет бийлиги учурунда Токтогулду көтөрүү үчүн аны орус революционерлеринин алкагында саясый көз карашы калыптанып, замана-заңдын өзгөрүшүн кыргыздарга ала келген революционер, орустар менен достошуу идеясын жайылткан инсан, өз доорунун жол-жобосунан, салттык эрежелеринен кол үзүп, ашта, тойдо ырдабаган, бай-манаптар, журт бийлөөчүлөрү менен алака түзбөгөн ашкере демократ, мусулманчылыкты түп-тамыры менен четке каккан атеист акын катарында мүнөздөө зарыл болгон. Өз учурунун идеологиясы акындын жеке турмушуна чейин өңүт алып, алган жары Тотуя да башкача жагдайда баяндалып келген»[1]. 30 – 40-жылдарда […]

«Азаттык» берүүсүнөн: «Кош канат» — наристе кыйган нике

Белгилүү жазуучу Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемеси 2012-жылы жазылган. Чыгармада жаңы кылымга туш келген кыргыз жашоосу, жалгыздыктан тажаган эки кошунанын табышып алышы алдыңкы планга чыккан. Күтүүсүз, экинчи жагынан терең ойлонууга “жем” таштаган чыгарма окурманды кайдыгер калтырбайт. Кыргыз аңгемесинин классикасынын бул жолку берүүсү Олжобай Шакирдин “Кош канат” аңгемесинe арналат. Жүрөк дүк-дүк Оболу окурмандарга китепкөйлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жараткан аңгеменин сюжетине токтолуп, андан соң чыгарманын маани-мазмунуна сыйган автордук идеянын чоо-жайын чечмелей кетсек. Адегенде “Кош канаттын” сюжетинин ушунчалык динамикалуу, анан да кол менен кармап көрсө болчудай […]

Калила жана Димна (2-жана 3-бөлүм)

<<<<<<<<<<<<Биринчи бөлүм ДИМНАНЫН БАЯНЫ Алгач сөз кылганыбыздай эле бул баяндарды ойчул, акылман Байдаба падыша Дабшалимдин буйругу менен айтып берип жатканын билебиз. Ошентип, Дабшалим : — Шатраба өлгөндөн кийин арстан менен Димнанын аягы эмне болду, ошону айтып берчи, — деди. — Арстан ишенген досу Шатрабадан өз колу менен айрылган соң, жолборс менен достошуп кетти. Жалгыз ишенгени ошол болуп калды. Жолборс арстан менен керели кечке бирге жүрүп, кечинде үйүнө баратып, кокустан Калила менен Димнанын сөздөрүн угуп калат. Калила Димнага болгон айыптын баарын […]

Диндеги эки жүздүүлүк: Күрүчтүн уурдалышы

<<<<<<<<<<башы Бир кишинин аялы төркүнүнө кеткен болот. Бир нече күндөн кийин күйөөсү да кайын журтуна барып, короосуна кирет. Күрүч жанчып жатышып, бардыгы үйгө чай ичкени кирип кетишкенин байкайт. Жакын барат да, күрүчтөн уучтап, шашкалактап оозуна салат. Ушул маалда аялы чыгып калып, сөз баштаса, оозуна күрүч толтурган эри сүйлөй албай жатат дейт. Аялынан уялып кетет: күрүчтү түкүрүп да салалбайт, же сүйлөй албай туруп калат. Аялы сүйлөбөгөнүнө таңгалып, жаагын сыйпалап көрүп, шишик баскан экен деп ойлойт. Анан атасына: — Күйөө балаңыз келиптир, […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (3-макала)

Токтогулдун өмүр таржымалы жана анын ырларынын өзүнүкү же өзүнүкү эмеспи деген суроо башка да көп окумуштууларды күмөнсүнткөнү, күдүк ойлорго салганы белгилүү. Адабиятчы А.Муратовдун айтымында, абройлуу адабиятчы, таасын сынчыларыбыздын бири Кадыркыл Даутов да: «Жасалмалап иш жүргүзүүгө кандай зарылчылык алып келгенинин себептерин ачып чыгуу керек. Акындын адабий мурасы ушул кезге дейре сабаттуу текстологиялык изилдөөгө түшө элек. Аны жүзөгө ашыруу келечектин иши» (А.Муратов «Такталбаган Токтогул адабий-тарыхый изилдөө») деген пикирин билдириптир. Адабиятчынын бул айткандары адабият тарыхы эл тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү экенин, аны бурмалоодон […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Арзымат деген болгонбу?

Токтогулдун акын катары таанылышында анын Арзымат менен айтышуусу өзгөчө белгиленип келет. Соңку учурда бул адамды да болгон эмес, жөн гана Токтогулдун образын түзүү үчүн ойдон чыгарылган каарман болсо керек деген пикирлер айтылып жүрөт. Интернет желелери аркылуу таралган бир пикир: «Социализм идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалга, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр […]

Садык ШЕР-НИЯЗ: Бийдин да түрү бар, а парламенттеги биздики стриптиз…

“Сармерден” ресторанынын кожоюну Дүйшөмамбет Орозалиев жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин өнөктөштүгү менен уюштурулган бильярд боюнча мелдеш бар. Ай сайын уюшулуп келет. Сый тамагы менен. Келген меймандар бильярд атышып, каалаганча баарлашат. Бул мерте Жогорку Кеңештин «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана «Улуу тоолор» басылмасынын кожоюну, акын Жумадин Кадыров мейманга чакырылып, баарлашуубуз абыдан узак да, кызыктуу да уланды. Баарлашуунун чыпчыргасын коротпой жазып отурган Жетиген Асанбек болду. Эмесе бүгүн кеңири маектин 1-бөлүгүн жарыялап отургандагыбыз… Садык ШЕР-НИЯЗ: Бийдин да түрү бар, […]

Мар БАЙЖИЕВ: Кылмышка бир секунд калганда (шедевр)

АҢГЕМЕ Оркестрдин дүңгүрөгөн маршынан терезе титирейт. Жез тарелкалар урулган сайын чала ачылган форточканын айнеги аны менен унисон үндөшүп шыңгырайт. Биз жашаган үй Өкмөт аянтынан жүз метр, бетондолгон бийик дувал менен курчалган, астында подвалы бар КГБнын имаратынан жүз метр жерде. Шаар жазгы күндүн нуруна жаркырайт. Аянтта биринчи Май парады өтүп жатат. Тирбунада — жука сукнодон тигилген гимнастерка, баштарына картуз шапке кийген жетекчилер: жергиликтүү «Сталин», жанында жергиликтүү «Маленков», майда «маодзедунчиктер» колдорун көтөрүп, жылмайып аянттан өтүп жаткан демонстранттарга майрамдык урмат саламдарын билдиришет. «Динамо» […]

Рюноскэ АКУТАГАВА: Жалгыздык тозогу

Жазуучу, публицист, акын, англис тилине алгачкылардан болуп которулган жаңычыл жапон жазуучусу саналган Акутагава олчойгон романдарды жазган эмес. Стилистикалык жактан алганда ал тынымсыз идеалга умтулган инсан болуп, адам коркунучу менен өлүм тууралуу көп жазган. Акутагава Рюноскэ Токиодогу өнүккөн маданияты менен атагы чыккан Хитамачи районунда туулган. Акутагава төрөлгөндөн көп өтпөй, энеси Фуку акылдан ажырайт. Атасы, сүт сатуучу Ниихара Тосидзу уулун бага албай, тууганы Акутагава Досого берүүгө аргасыз болот, уулу ошентип ал кишинин фамилиясына өтөт. 1913-жылы Токио императордук университетине тапшырып, англис тилин үйрөнөт. […]

Эфиоп эл жомогу: Аңкоо аял жөнүндө

Уурулук жана алдамчылык менен жан баккан киши болуптур. Бир жолу ал көпкө чейин көчө кыдырып жүрүп, уурдаганга ыңгайлуу эч нерсе таппайт. Ушинтип жолу болбогон ал акыры базарга барып эки жактагы соода кылган элди карап көпкө турат. Бир убакта колдоруна толтура баштык көтөргөн аял энтеңдеген бойдон жанына келип калат. – Ак көңүл адам, менин баштыктарыма көз сала турасызбы? Колдорум тимеле түшүп калды. Бирок алчуларымдын теңин араң алып бүттүм. Келесоо жаным мынча оор оокаттарды өзүм жалгыз көтөрө албасымды ойлонбоптурмун,- деп сүйлөнгөн ал […]

Биз билген, биз билбеген Токтогул: канчасы жалган, канчасы чын? (2-макала)

Адабият коммунисттик идеологиянын ажырагыс тутуму катары каралып, ага И.Сталин өзү түздөн түз көзөмөл жасалып жатса, СССРдеги ар улуттар өз Сулейман Стальскийлерин издеп жатса, Кыргыз ССРи бул өнөктүктөн сырткары калмак беле. “Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат  (Постановление Президиума ЦИК Кирг.ССР «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Киргизии Сатылганова Токтогула // Советская Киргизия, 1937. – 12-июль.). Ал […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Алмакан

АҢГЕМЕ Кеч кирди. Алмакан эрте жатып эс алууну ойлоду, бирок уктай албасын сезди да, төшөнчүсүн салып болгондон кийин сыртка чыкты. Мемиреген коңур жаздын түнкү сүйкүм илеби жортту. Кер өзөндүн оң танабына жайгашкан бул чакан айылдын көчөлөрү зым карагайларга орнотулган Ильич шамынан улам жарык болуп турду. Алмакан короосунан чыгып, үйүнө эч ким келбесин жакшы билсе деле айылды как жарып өткөн чоң көчөнү акмалай берди. Тамдын түбүнө орнотулган узун орундуктун четине көчүк басып, ак балтырларын учкаштыра сунуп койду. Үй түбүндөгү канжыга арыкта […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Демилге көп, демөөрчү жок cаргайдык

Салижан Жигитов адабияттын кайсы салаасына кайрылбасын, андан өрнөктүү дегидей иштерди жасап, сөз менен ойду туюнтуунун үлгү болорлук мисалдарын артына калтырып кетти. Анын поэзиядагы, прозадагы, котормодогу, адабият таануу теориясы, сын жаатындагы эмгектери ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Убада берилгенди узак күтөбү? Өкүндүргөнү, улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин чыгарылчу эмгектери кендирди кескен каражат жогунан чыкпай турат. Кылымда бир жаралчу улуу таланттын жазгандарынын жаңы муунга жетиши кыйын ишке айланууда. 2006-жылдын 11-февралы ушул азыр да көз алдымда. Салижан акенин үйүнүн жанында тигилген боз […]