Моңгол эл жомогу: Чындыкты айрып билген үч бир тууган

Качандыр  бир үч бир тууган жашаптыр. Алардын жалгыз аты болуптур. Бир жолу алар уктап ойгонгондорунда ортончусу мындай дептир: – Биздин атты уурдап кетишиптир. – Тезирек изи менен кууп жетели,- дептир улуу агасы: — Шашылуунун кереги жок, келгиле, биринчиден чай кайнатып ичкенче, ойлонолу,- дейт үчөөнүн кенжеси. Ошентип алар чай кайнатып  ичишкенче ойлонушту. — Биздин атыбызды  суунун аркы бетине алып кетишти, — деди улуусу бир кезде. — Биздин атыбызды суунун аркы бетиндеги ак боз  үйдө жашаган киши алып кетиптир,- деди ортончусу. — […]

Рух дарагы: Идеология – маалыматтык курал (4-макала)

«Кто владеет информацией — тот владеет миром» Рух дарагын кууратып аткан үч себепти: согуштук, геноцид жана экономикалык курал каражаттары жөнүндө буга чейин азын оолак сөз кылдык. Аскердик курал менен башкаруу, күч көрсөтүү аркылуу ишке ашаарын көрдүк. Геноцид куралы менен башкаруу, элдин ден-соолугуна жана генофондуна таасир кылуу аркылуу жүргүзүлөрүн байкадык. Экономикалык курал — акча, башкаруунун эң эффективдүү жолу экенине ишендик. Сүткорлук же болбосо үстөгү менен карыз берип, көп өлкөлөрдү көзкаранды кылып алса болорун да үстүртөн гана карадык. Кандай өлкө болбосун, башчыларына […]

Рысбек ЭШМАТОВ: Түш жана адабият (илимий-теориялык аспектилери)

XIX кылымдын аяк чендеринде Европанын Шарко, Бернгейм, Брейер, Жане сыяктанган белгилүү психологдору ар кандай психикалык жана нерв ооруларынын негизинде көңүлгө ала турган өзгөчө бир факты жаткандыгы жөнүндө көбүрөк айта башташкан; ошол психикалык жактан бейтап адамдардын аң-сезиминин ачакейлениши (расщепления) көңүл оорусу менен жабыркаган адамдардын жандүйнөсүнүн түпкүрүндө жаткан бейаң сезимдерге байланыштуу келип чыгарын белгилешкен. Адам психикасынын мындай көрүнүштөрүн бир тууган Жанелер өз көз караш, божомолдорунда мындайча туюндурушкан; «Бардык эле адамдар кошбирдиктүү инсандыктан турушат — өзүн аңдаган жана аңдай бербеген (осознанной и несознанной). […]

Бекташ ШАМШИЕВ: Профессионал адабияттын жаралышы II

Англис адабиятынын кыскача тарыхы I XIV кылымдагы англис адабиятындагы көрүнүктүү орун Жеффри Чосерге (1340-1400) таандык. Атасы аксарай шарапчысы, өзү король Эдуард III сүйгүнчүк уулунун жанжолдошу, жүз жылдык согуштун катышуучусу, француздарга туткунга түшүп калгандан кийин акча берип аны бошотуп алгыча ал жердеги айрым акындар менен таанышып, куртуаз романдарын окуп чыккан сүрөткер. Биртоп жылдар чынжырлуу төрөлөр менен аксөөктөргө жакчу чыгармаларын а кездеги Британ аралдарындагы өтүмдүү делген француз тилинде жарыялап, кийинчерээк англис тилине өткөн акын. Чосердин англис тилиндеги чыгармалары Лондон диалектисинде жазылган, ошонусу […]

Олжобай ШАКИР: Опера жана балет искусствосунун жаңы жылдыздары

Эл театрга барган жолду унуткан жылдар болду. Өнөр өстөнү өксүгөн жылдары А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында хордун солисти болуп да, театр администратору болуп да иштеп жүргөн жылдарымда сценадагы эң кейиштүү жагдайларга далай жолу күбө болгон жалын жаштыгыбыз өттү. Азыркы таптагы театр турмушу менен мындан 15-20 жыл мурунку кездин асман-жердей айырмасы кыйла өзгөргөнүнө бул мерте көз сүйүнүп кайттык… Театр репертуарынан түшпөй келген П.Чайковскийдин айтылуу «Аккуу көлү» («Лебединое озеро») балетин көңүл кушун көкөлөтүп көрүп келүүгө атайын бир күн чыгындым. Буга дейре жаш муун, […]

Парламент депутатынын 8-Мартка карата «Мыкты Энелер» үчүн белеги

«РухЭш» сайты адегендеги биринчи кадамын баштагандан эле үй-бүлөлүк баалуулукту өстүрүү максатында – эң алды келечек муундун ээси болор балдарыбыз өз эне тилинде жомок, тамсил, ырларды жаттап чоңойсо деген аруу тилек менен балдар адабияты боюнча акын-жазуучулар арасында өспүрүмдөр үчүн жазылган чыгармалардын адабий конкурсун уюштурган элек. Андан соң былтыркы жылы Эларалык 8-Мартка карата «Сен кимсиң, Аялзат?» аттуу аялзаттын коомдогу ролу туурасында көйгөйлөрдү чагылтар публицистикалык макалалар үчүн; о.э. 1-июнь балдарды коргоонун Эларалык күнүнө карата балдар чыгармачылыгына арналган конкурс уюшулуп, жогоруда аталган конкурстардын баарына […]

Дилазык: Ааламды кармап турган негизги жети мыйзам бар

Турмушуңду оңой албадыңбы? Демек, ааламдын жети мыйзамын бузуп жатасың. Ал жетөөнү билбегениң – жоопкерчиликтен куткарбайт. Билип алсаң, ката кетирбей, гармонияда бактылуу жашооңо жардамы тиет. Боштук мыйзамы Эгерде жаңы туфли алам десең, эскисин ыргыт. Эгер киймиңди жаңыртам десең, кийим салган шкафыңды тазала. Өз эркиң менен эски көз караштарыңдан арыл. Жаңы нерсе, эскиден арылганда гана келет. Идишиңди бошотпосоң, жаңы бышкан тамакты куя албайсың. Айлануу мыйзамы Бир нерсе алуу үчүн өзүңө тиешелүү бир нерсени бергенге даяр бол. Чачылсаң жыйналасың, төгүлсөң толосуң. Кыялдануу мыйзамы […]

Мар БАЙЖИЕВ: Сокур ак чардак

АҢГЕМЕ «Кандай максат үчүн бизди башка өлкөнүн жер-суусун, шаарларын бомбалатып өзүбүздү сарпка учуратышарын тушунбөйм…» Солдаттын каты. «… XX кылымдын кудайы Иисус Христос эмес, термо-ядролук курал болуп калды». «Ньюсуик» журналы, май, 1963-жыл. Ак чардактын көздөрү оттой балбылдайт. Ал бечара бирде океандын ортосуна кетип, бирде кайра жээкке учуп, жан талашып безилдейт. Анда-санда канатынын алдынан жылжыган ным абаны сезгенде гана чөгүп өлчүдөй боюн сууга таштап, толкундарда бир аз термелет да, кайра көтөрүлүп ары-бери учат. Анткени, жээктеги уясында калган эки чааралекей жылуу жумурткаларын эстейт. […]

Аалы ТОКОМБАЕВ: Акай мерген

АҢГЕМЕ Ӏ Эгинчилик элдин негизги кесиби эмес, шамал менен бирге көчүп, мал менен оокат кылышат. Малсыздар телмирип бай- манаптарга коңшу. Алардын бекер эмгектери менен алда кимдер карындарын чертишет. Аларды мал катарында пайдаланышат. Колунда мал жок болсо да, Акай мерген өз оокаты менен өзү алек. Анын оокаты, анын малы аскаларды ээлеген төр кийик, кулжа, бугу, маралдар болучу. Кеп ошол мерген жөнүндө. Бир күнү Акай мерген мөлтүрөгөн кара көз келинчегин чакырып: —  Сен ок куя турган май сурап келчи, —  деди да, […]