АҢГЕМЕ

Ӏ

Эгинчилик элдин негизги кесиби эмес, шамал менен бирге көчүп, мал менен оокат кылышат.

Малсыздар телмирип бай- манаптарга коңшу. Алардын бекер эмгектери менен алда кимдер карындарын чертишет. Аларды мал катарында пайдаланышат. Колунда мал жок болсо да, Акай мерген өз оокаты менен өзү алек. Анын оокаты, анын малы аскаларды ээлеген төр кийик, кулжа, бугу, маралдар болучу. Кеп ошол мерген жөнүндө.

Бир күнү Акай мерген мөлтүрөгөн кара көз келинчегин чакырып:

—  Сен ок куя турган май сурап келчи, —  деди да, кара мылтыктын майлыктарын чукулады. Өзү эритип алган коргошунун ары- бери кармап, тойпоңдогон балдарын ойнотту.

—  Мен мындай атам.

—  Жок, сен ата албайсың. Мен так мына минтип атамын,-  деп мергендин мөмөдөй балдары кара мылтыктын сүмбөсү менен ойноп жатышты. Акайдын калдайган кара кисеси[1] менен окчонтоюн[2] алып, эки баласы өздөрүнчө ок, саадактуу киши сыяктанышты. Аны ары- бери сүйрөп алек- челек болушту. Акай мерген ачкалыгына карабай капарсыз ойноп жаткан балдарга карап олтуруп, алда кандай терең окуяларды ойлоп кетти да, эмнегедир бырс этип күлүп жиберди.

—  Майың менен мамыраң болгур,-  деп Акай мергендин аялы ачууланып кирди. Май сураймын деп алда кимден тил укканын айтып, ыза болгон түр менен Акай мергенге ачууланды.

Акай мерген акырын гана ийинен тынып улутунду да:

—  “Жокчулук уят эмес, байлык мурат эмес”. Анын эмнесине капа болосуң! —  деп сүрдүү, өткүр кара көзү менен аялына бир карап, кайта аны эркелете баштады. Бирок өзүнүн капа болгонун билдирбей, жаркылдап күлүп да жиберди.

Акай мерген балдарынын ойноп жаткан окчонтоюн алып, көңүлсүз гана ары бери кылдыратып чайкады.

Балдары мергендин ок издегенине, адаттарынча кубанышты.

— Кийиктин оң чүкөсүн өзүм алам,- деп улуу баласы жок чүкөнү ээлей баштады.

— Байкем мага берет,- деп кичүүсү жыйырчыктуу тулубундагы чүкөсүнө карай жүгүрдү.

Акай кара бараңды[3] ийинине салды да, үйдөн чыкты. Борсоңдогон чоңурак баласы ары-бери жүгүрүп кубана баштады.

Беркиси: “- Байке, эмне атып келесиң?”- деди.

ӀӀ

Сымбаттуу орто боюна кара бараң кеп куйгандай келише калды. Өзүнө маалым узун кырдын кызыл арсактарын аралап, корумдарды көмүрдөй тебелеп баштады. Бирок текелер жолуккан жок.

Кыйды болгон бугулар, күмүш ала бакан сыяктуу каркайган мүйүздөрүн көтөрүп, суу боюндагы караган черди аралап да кетишти. Алгыр бүркүттөй талпынган Акай, огунун жалгыздыгына кейип, бараткан бугуларды тиктегенден тиктеди.

— Бу огум сая кетсе кантем? Жаш балдарым ачкалыктарынан мурун, жылдыздары түшүп жаман болот ко… Ай, кара санатай, чүкөдөй май берсе, беш-алты ок куюп алат элем го,- деп ичинен гана кейигенсиди. Мелтиреген кызыл асканын башына барды да, кыраан бүркүтчө өөдө-төмөн көз жиберип, серепчилеп карай баштады.

Ийниндеги бараңын эски майлыгы менен дагы бир сүртүп, батып бараткан алтын нурдуу Күнгө салып шыкаалады. Окчонтойдогу жалгыз огун кармалап, мылтыгынын оозуна сала берейин дегенде, таштын жаракасында жаткан кызыл түлкү булак дей түштү. Түлкүнүн кокусунан ыргып чыгышы Акай мергенди селт каратты. Салынып бараткан жалгыз огу колунан түшүп, кызыл асканын башынан төмөн карай кулады.

Акай мерген өмүрүндө мындай кайгырган эмес. Ал аскадан ылдый кулаган огунун аркасынан кошо учуп түшкүсү келди. Көзү ымыр-чымыр болду. Жаш балдарынын күтүп олтурганын көз алдына келтирип, андан бетер ичи жалындай баштады. Күйбөгөн жери күл болуп, маңдайынан чыпылдаган кара тер чыкты.

Бирдемесин жоготкон киши бир жерди кайта-кайта чукуй берет эмеспи. Ошонун сыңарындай Акай мерген эки жагын кайта-кайта карады. Түшүп кеткен огун көрүп турса да, кылчактап айланасын карай берди. Кулаган ок кайдан табылсын!

Айласы кеткен мерген окчонтой, киселерин чукулоодон башка эчтеме кыла алган жок.

Коргошун түспөлдөнгөн калдайган көк асман Акай мергенге сыртын салгансып, мисирейген бойдон гана турду.

Мергендин балдары сойгон кийиктин ичинен табылган окторду жыйнап чүкөлөрүнө кыт куюшчу. Мерген эч болбосо ошондой октор табылсачы… деп ойлоду.

Талыкпай изденип жаткан мергендин жүрөгү, эмнегедир, тапка келген аттай жулкунду. Анын көзү жайнады. Бетинин эркин эттери чыйралгандай болду. Ал жанындай сүйгөн мөлтүрөгөн, дөңгөлөк кара көздүү аялын же тойпоңдошкон эки бирдей балдарын кыса-кыса кучактап өпкүсү келди. Ал өзүнүн ойлогонундай, кисесинен кылдыраган коргошун октон бирин тапкан эле. Анын кубанычы ошол. Анын жүрөгүнө батпаган каны ички кубанычын сыртына карай шиледи.

Ошентип, киседен тапкан калдыркан огуна эптеп мылтыгын дүрмөттөп алды да, ичинен шыбырап: “Жаздым атсам, мага шерт, жаңылыш тийсең, сага шерт”,- деп мылтыгы менен шерттешип, түнткө кирип узап кеткен бугуларды көздөп закымдай учту…

Тоңкуган бугулар удургуган бойдон, түнт токойдун аркы бетиндеги аянтка барды. Адис болгон мерген алда кайдагы кызыл асканы айланып, сонодой учуп бугулардын алдынан чыкты. Өңүтүнө самагандай жетүүгө болбоду. Анын үстүнө майышкан окко толук ишене албады. Ошондуктан боортоктоп, жыландай сойлоп араң бутага келтирди. Жыт алып калган бугулар шоодой болуп, туура жакка созолоно баштады. Мерген шашкан бойдон тике тура калды, бугулар ага селт карай бергенде, кара бараңдын түтүнү уюлгуй түштү. Он эки айры бугу[4] чалкасынан жыгылды.

ӀӀӀ

Арадан бир күн өттү.

Байтиктин чакыртканына Акай мерген таң калган жок. “Канкорго эмнеден жаздым экен” деп, өзүнүн жардамсыз жардылыгына кейиди да, тим болду.

Келген жигиттердин бири:

— Туруштан эч пайда жок, алдыма түшүп баскын!- деди.

— Мырзалар, баатырдын жардыгына каршылык кылмак белем. Макул,- деп эшиктин алдындагы дөңдөн үйгө карай бурулду.

— Мерген!Үйгө кирбе, баатырдын жардыгы андай эмес! Сен кандай жерде турсаң, ошол бойдон алып кетүүгө милдеттүүбүз,- деди.

Мерген ачуусуна чыдай албай тиштенип туруп, эмнегедир эрксизден күлүп жиберди да:

— Курдаш, баатырың карап турган жок ко… Эрге сыпайкерчилик жакшы. Жакшылык кылыңыз, үйгө кирип чыгайын,- деп төмөнчүлүк менен өтүндү.

— Сен акмак, айтканды укпайсыңбы! Карап турбагандыктан казынага  кол салып, анын бугусун аттыңбы? Хандын буйругу эки эмес. Ажалың менен ойногонуңду билесиңби?- деди жигиттердин бири.

Мергендин ачуусу келе түштү.

— Хан сыяктуу баатырдын казынасы эл. Элге менин кылча зыяным жок. Казынага кол салгандарды, менден эмес, өзүңөрдөн издегиле!

Куурайды ат кылып минген эки баласы жарышкан бойдон келип атасына жабышты. Мерген адатынча эки көкүрөгүнө көтөрүп эркелетмекчи болгондо, жигиттин бири:

— Мен сага элчиге келгеним жок,- деп ойноктогон боз ат менен мергенди омуроолотуп, жигиттин башчысы жанындагыларга буйрук кылды:

— Сүйрөткүлө, байлагыла!

Жанындагы үч жигит “кулдук таксыр” дешип, аттарынан түшө калышып, мергендин колун аркасына байлап, мойнуна кыл чылбырды сыйыртмак салып, аттарына миништи. Мерген жардамсыздыгын  билгендиктен, эч кол кайырган жок. Кол кайырбасам “күнөөм” жеңилирээк болоор деп түшүндү.

Балдарынын чыркыраганын көргөндө, мерген кол кайырбаганына өкүндү. “Эч болбосо кармашып өлсөмчү” деп, көзүнөн жалын чачыраткандай болду.

— Желдеттер, силерде да бала бардыр!

— Биз желдет эмес, хан сыяктуу баатырдын буйругун орундайбыз,- дешти жана “желдет андай эмес, мына мындай болот” — деп камчыларын чыпылдатып, эңкилдеткен бойдон сүйрөтүп жөнөштү. Мергендин аялы чырылдаган балдарга чыга калып, эринин сүйрөлүп баратканын  көрдү да, ыйлап жиберди.

IV

Байтик кең тигилген кара кашка ыпча[5] кемселчен, казылары салаңдаган бийлердин ортосунда, он чакты жаздыктын арасында жаткан эле. Үйүндөгү элдин канынан жыйналган дүнүйөгө адамдын көзү уялат. Башайы, шайы жууркандар он эки канат үйдүн эки босогосуна чейин жыйылган. Алардын үстүнө кырка тизилген аппак мамык жаздыктар. Жабык бойлогон карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, суусар ичиктер. Күмүш ала бакандарга керме тартылып, тизилген арстан, жолборс, аюнун талпактары турат. Шайы төшөк, илбирс терилери чоң үйдүн ичинде каршы-терши салынган.Чоң арстандын териси оозундагы тиштери менен Байтиктин жаздыктарынын алдынан башын чыгарып жатат.

Желдеттер Акай мергенди эки жагынан сүйрөп келди да:

— Алдаяр таксыр, буйругуңуз ордунда,- дешти.

Түрдүүсү түрдүү калыпта олтурган бийлерге мергендин кызыл-ала болуп турушу эч кандай таасир кылган жок, ыржайып гана карашты.

Байтик ыңгыранган бойдон:

— Акылман бийлерим, касиеттүү байларым, мына бул куу шыйракка жаза бериңиздер!- деди.

— Өкүм өзүңүз тараптан болсун, баатыр!- деп оң жагындагы олтурган кыйшык көз семиз киши обдулуп койду.

Калгандары:

— Сөз ушул, баатыр,- деп чуулдай түшүштү.

Байтик кыт-кыт күлүп буйрук кылды:

— Ушундайбы? Эмесе, айылымдан бир киши калбай чогулсун!

— Кулдук таксыр!- Жигиттин бири шарт коюп эшикке чыкты.

— Сен, куу шыйрак мерген, күнөөңдү билесиңби?- деди Байтик.

— Баатыр, күнөөмдү билсем, тобосун кылбас белем.

— Сен кудайдан коркосуңбу?

— Баатыр, Кудайдан мурун анын кулунан корком.

Байтиктин муруту тик турду. “Кулунан” деген сөз Байтиктин сөөгүнөн өтүп, чучугуна жетти. Анткени Байтикти сындырууга аракет кылган башка элдин чоңдору Байтикти: “Кул Байтик, сарт Байтик”, — деп мыскылдашчу. Ошондуктан бул сөз Байтикти ок менен жүрөккө аткандай болду.

Ызасынан кызарган Байтик мукактанып ачуусу келип, буулуга калды да:

— Алып кел! Даярда!- деди.

Бул сөз жигиттерине жат эмес, тааныш. Эмнени алып келерин, эмнени даярдашарын алар мурунтан билишет. Ошондуктан дароо ит аякты алып келип бир деме куюп, эшиктеги балтегин чакырды.

Балтек кирип келип ит аягын шалпылдатып кирди.

— Кана, мерген, иттен энчиңди талашып ичкин!- деди Байтик.

— Жок, баатыр, мен бул ит эмес, адамдын иттери менен талашсам экен,- деди.

— Ээ, башка иттериң биз го,- деди баягы кыйшык көз.

— Сөзүңүз калыбы менен чын!- деди мерген.

— Ичиргиле энчисин,- деди Байтик.

Карап турган жигиттери ит аяк менен оозуна куюшту.

Байтиктин өз аялы көөкөрдөн арак куюп олтурган эле. Байтик ошол жакты карап:

— Мергендин ачуусу келгендир, ачууну ачуу басат. Мунукун даярдагыла,- деди. Бирок Байтиктин айтканы арак эмес эле. Заарага чыланган уйдун чыласы ит аякка даяр болду.

— Мергенге сунгула,- деп дагы буюрду.

Желдеттер оозуна куюп, буйрукту орундатышты.

— Тарт!

Олтургандар жабалактап эшикке чыгышты.

— Мерген жеңилдесин,- деди Байтик, шылдыңдай күлүп.

Мергенди дамбалчан кылып чечинтип, эки колун аркасына бек байлашты. Даярдап койгон чычырканакка алып барып, ырайымсыз желдеттер мергенди бөлөй башташты. Чычырканактын уу тикендери аз келгенсип, көк тал союл менен каршы-терши ургулап турушту. Анын чыңырган үнүн жазууга менин калемимдин күчү жетпейт…

Эң мурун суудан чыккан балыктай чабалактап, андан кийин ар кайсы булчуңдары солкулдап барып, мерген тымтырс болду.

Эл баштарын төмөн салып ындындары өчкөн эмедей болушту. Аянычтуу шыбыр менен:

— Акай мергендин күнөөсү эмне экен?- деп бири-биринен сурашты…

Байтиктин жөкөрлөрү мергендин туугандарынын малдарын бир жагынан кыйратып соё башташты. Үйлөрүн бычак менен тилгилеп, чамгарактарын кыйратып түшүрүштү.

Элге таанылып чыккан атактуу Балыкооз акын, кокустан бул окуянын үстүнөн чыкты да, чычырканакта бөлөнүп жаткан мергенди көрүп:

— Таксыр, мергендин айыбы эмне?- деп сурап, андан кийин үнсүз турган элге карады.

— Ырчым, бул итиң баламдын бугусун атып алыптыр,- деди Байтик.

Он-он бирлерге келген эки баласы:

— Атаке, бугу меники беле? Ал жапан эмеспи?!- деди.

Эл ичиндеги эселек бирөө көзүн жүлжүйтүп:

— Ха-ха-ха! Зордук, бул зордук,- деди.

“Байтиктин бул ишине жинди да күлдү, ээ”- деп эл катуу жийиркенич менен Балыкоозго карашты.

Акын өзүнүн оозундагы сөзүнө качан болсо да толук ээ эмеспи! Ал тайманбастан өзүнүн оюн айтып калды:

— Таксыр, коён[6] жылкы чоң жутта жапайы кийиктерге бетеге жулуп берип бактыңыз беле?- деди.

Байтик Балыкоозго акырая карады. Балыкооз аянычтуу сыпат менен элге жалдырай бурулду. Эл тилсиз гана чычырканакта жаткан мергенге бурулуп, кайта жаачу булуттай, түйүлгөн кабактары менен Байтикке акырая карап калышты…

 [1] Кисе — курга байлануучу булгаары баштыкча.
[2] Окчонтой — ок салынуучу  булгаары баштыкча.
[3] Кара бараң — эски мылтыктын бир түрү.
[4] Он эки айры бугу — мүйүзү он эки ача болгон бугу
[5] Ыпча — кездеменин түрү (шайы сыяктуу).
[6] Коён — эскиче жылдын аты.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *