АҢГЕМЕ

«Кандай максат үчүн бизди башка өлкөнүн жер-суусун, шаарларын бомбалатып өзүбүздү сарпка учуратышарын тушунбөйм…»
Солдаттын каты.

«… XX кылымдын кудайы Иисус Христос эмес, термо-ядролук курал болуп калды».
«Ньюсуик» журналы, май, 1963-жыл.

Ак чардактын көздөрү оттой балбылдайт. Ал бечара бирде океандын ортосуна кетип, бирде кайра жээкке учуп, жан талашып безилдейт. Анда-санда канатынын алдынан жылжыган ным абаны сезгенде гана чөгүп өлчүдөй боюн сууга таштап, толкундарда бир аз термелет да, кайра көтөрүлүп ары-бери учат. Анткени, жээктеги уясында калган эки чааралекей жылуу жумурткаларын эстейт. Жакында алардын ичинен үрпөйгөн эки балапан чыкмак. Түндө бомбалардын дүңгүрөгөнү бул канаттууну уйкудан ойготуп дүлөйлөп, алоолонгон оттор көздөрүн түбөлүккө көр кылып койгон. Эч нерсе көрбөй, эч нерсе укпай калган канаттуу жин ургандай безилдейт.

Кечээ бул жерде барпайган пальмалар, дүркүрөп өскөн калың чөптөр сеңселип, андан суу каптаган күрүч талаалары күн нуруна чагылышып жалтылдап турган. Бүгүн горизонтко чейин кара күйүк талаа аңырайып, оркойгон ным тамырлар быкшып түтөп жатат.

Жээк менен ысыкка боргулданып төрт адам келе жатты. Үчөөнүн колдору артына байланган, төртүнчүсүнүн колунда автомат. Биринчиси — полковниктин тытылган мундирин кийген орто жашаган адам, анын артында горилладай оор узун колдуу куйкул сары чач сержант, үчүнчүсү катардагы солдат, ал ыйлап баражатты. Буларды айдаган жапалдаш бойлуу конвоирдин орсок тиштери күлүмсүрөгөндөй кашкаят.

Бирок конвоир күлүмсүрөбөй калсын.

— О-о! Ак шүмшүктөр! Силер менин шарымды бомбалап кыйраттыңар? Күнөөбүз эмнеде? Күрүч талааларды өрттөдүңөр? Атамды атып салдыңар? Менин элим мына мындай адам өлтүрчү куралдар жасабай, өмүр бою күрүч талааларын океандан, шамалдан, ысык күндөн сактап келгениндеби? Же адамга адам зомбулук-зордук кылууну жактаган илимдерди өздөштүрбөй, океандан өтүп барып, башкаларга кол салбагандагыбы ? — деп ойлонот кашка тиш конвоир.

— Кря-ай! — деп какшады сокур ак чардак.

Бечара канаттуунун муңу конвоирдин зээнин кейитти бейм, автоматын бир аз көтөрүп туткундарды кароолго алып, сөөмөйүн курокко койду. Үчөөнү тең атып салгысы келди, бирок командир туткундарды штабга жеткир деп буюрган. Ак чардак өтө жапыз кайкып өттү. Конвоирдин алдында бара жаткан жаш солдат канаттуунун эки көзү чоктой кыпкызыл экенин байкады. Бул жаш жигитти өз жерин, эне-атасын, окуусун таштап, шаарлары кыйрап, өрт жыттанган чоочун өлкөгө келүүгө эмне мажбур кылды дейсиңер? Канкордукпу? Азияттардан кул жумшагысы келдиби? Китептен окуп, кинодон көргөндөрүнө алымсынбай, бардыгын өз көзү менен көрүп, суукка үшүп, күнгө ысып, накта турмушту өз денеси менен сезип, нак эркектердей күчтүү виски ичип, ар кандай аялдарга ээ болгусу келдиби? Анан мунун бардыгын татып көргөн соң, көкүрөгү толгон орден, медалдарды жаркыратып өз жерине кайтып, арстанга, анаконда ажыдаарына мергенге барып келген адам сыяктуу укмуштай аңгемелерди айтып келүүнү кааладыбы? Кечээ эле мындай көрүнүштөр кандайдыр бир романтикалуу болуп сезилчү, ал эми бүгүн эртең менен күйүп бара жаткан самолету сазга конуп, жапалдаш бойлуу, орсок тиш адамдардын курчоосунда калганда, турмуш деген нерсе өтө ырайымсыз сезилип, адамдар чөп менен сүттөн тышкары бири-биринин канын да жутуп жиберчү жырткычтардай көрүндү.

«Дүйнөнүн, мамлекеттин тагдыры силердин колуңарда! Ата мекендин согуш куралдарынын күчүн даңктап, төмөнкү расаларга маданият, билим берүү силерге гана, силердин гана колуңардан келет!» — дебеди беле бизге. Көрсө мунун бардыгы калп экен да! Чындыгында анын максаты башкалардын жерин басып алып, токочун тартып жемей турбайбы. Ошол үчүн адамдар кырылышып бири-бирин өлтүрөт турбайбы. Согуш деген тозок, жырткычтык. Муну китептен окуп, кинодон көрүүгө болот, бирок өз көзүң менен көрмөйүнчө жүрөгүңө жетпейт экен го!» — деп ойлогон жаш туткун учуп кетчүдөй далысын куушурду. Бирок канаттары артына кайрылып, жип менен бекем чырмалган. Кашка тиш конвоирдин автоматынын оозу түрү суук оңураят. Ичинде тырмактай коргошун бар. Ал сенин кай жерден болсо да кууп жетип, денеңди көзөйт.

Сокур ак чардак адамдардан жардам сурагандай «Кряй! Кряй! Кряй!» — деп какшап ары-бери уча берди.

Куйкул чач сержант ак чардакка башын көтөрүп ырсайды. Ал корккондо ушинтип күлүмсүрөчү. Өткөн жылы түнкү кабарэден чыкса, жанына дуңкуйгөн эки адам келип:

— Биздин Боббини сен өлтүрдүңбү? — деп сурашты.

— Ооба. Силердин Боббини мен өлтүрдүм, — деп күлүмсүрөдү куйкул чач коркконунан.

Тапанча эки жолу тарс этти. Куйкул чач тешилген капталын алаканы менен басып жыгылды. Эки айдан кийин ал ооруканадан чыгып жанын сакташ үчүн өз ыктыяры менен аскерликке жазылып, бул жерге десант болуп түшкөн. Кечээ эле турмуш ага мээримин төгүп тургансыган. «Эми акчам көп болот, бул согуш бат эле бүтөт. Тырмактай болгон азиялык өлкөнү ары-бери багындырып алабыз. Акчалуу болгон соң, бизнес түзүп, мурункудай шаардан шаарга шүмшүңдөбөйм. Боббинин кунунан акча менен кутулам», — деп ойлогон. Анын караңгы дилинде дагы кандай ойлор бар экенин ким билсин. Азыр ал кызыл көз ак чардакты тиктеп, күлүмсүрөп келе берди, өмүрүндө акыркы жолу жаңылганын сезди: бир-эки сааттан кийин акулаларга жем болот, бул элдин шарты боюнча атылгандардын мүрзөсү — океан. Полковниктин түрү өтө суз. Мунун негизги кесиби — согуш. Берлиндин алгандагы салгылаштан жана Корея менен болгон согуштан алган ордендери бар . «Өлүмгө бир саат калганда да турмушту кайра баштаса болот»,- дешет эмеспи, бирок полковник андайга ишенчү эмес. Адам баласы ажалга бир саат эмес, бир минөт калганда да жан талашып, өлүмдөн кутулууга аракеттенерин полковник жакшы билет.

«Артымдагы эки жаш келесоо эмне ойлоп келе жатышат? Өзүңдү аман алып калыш үчүн, башканы жок кылыш керек дегенди бул макоолор билеби? Же коркуп кетип, буйдалып калышабы? Конвоир автоматтын курогун басып жиберсе бардыгыбыз кырылабыз», — полковник артына кылчайды. Сержант ак чардакты карап жинди немече күлүмсүрөйт. Жаш солдат ыйлап келе жатат, алардын артында автоматты баласындай бооруна кыскан конвоир, сөөмөйү курокто.

Конвоир сержант менен катардагы солдатты атып салса да, полковникти штабга тирүүлөй алып барат.

Аяк алдында кум кычырайт. Ысык. Төрт адам акактап суусап, бети-башынан тер шорголойт. Океанга кошулган кичинекей дарыяга келишти .

Түндөгү бомбалар анын сайын бузуп, суу өз агымынан адашып, талаага жайылып жатат. Сержант менен жаш солдат бут кийимчен суу кечишти, полковник колу байлануу болсо да, ботинкасын чеччүдөй жерге олтура калды. Конвоир полковникти тургузайын деп желкеден алганда, тиги ийни менен катуу түртүп жиберди. Конвоир чалкасынан кетти. Солдат менен сержант шапа-шуп конвоирдин автоматын ыргыта тээп, анын кулактарынан кан шоргологончо жанчышты. Суу кыпкызыл болду. Конвоир жер кучактап жатып калды. Жаны чыккан-чыкпаганын билиш үчүн сержант көмкөрөсүнөн жаткан конвоирди буту менен оодарды. Жансыз конвоирдин тытылган гимнастеркасынан кыздын тирсийген эмчектери көрүндү. Буга эч кимиси таң калган да жок, анткени тытмаланып жаткан өлкөдө — бардыгы жоокер. Колдорун чечип бошоткон соң, үчөө тең океанга чөмүлүштү.

— Тетиги тумшуктан сүзүп өтсөк, кечке чейин портко жетебиз, — деди сержант жаш солдатка.

— Эй, келесоолор, силер кайда барасыңар?! — деп кыйкырды полковник.

Бирок келесоолор анын кыйкырыгын укпай, булуңду көздөй сүзүп кете беришги. Аларды кайрадан согушка алып баруучу күч барбы?

— Жээкке чыккыла! — деп кыйкырды полковник.

— Уктуңбу, балакай! Бизди жээкке чык дейт шордуу, — деп күлүмсүрөдү сержант.

— Жээкке чыккыла дейм! — деп бакырды полковник .

— Эми бизди акмак кыла албайсың, өзүң бар согушка, биз үйгө кайтабыз! — деди солдат.

— Качкындарга жол бербейм! — деп бакырды полковник .

— Уктуңбу, балакай, ал жол бербейт имиш, — деп күлүмсүрөдү сержант.

— Буйрук кылам! Чыккыла!

— Өзүңө буйрук бер, картаң чобур! — сержант мындан да туздуурак сөз айтайын деп артына кылчайды, бирок кудайдын өзү чакыргансып, кыңк этпей жээк көздөй сүзүп жөнөдү.

— Эй, солдат, сен эмне, дүлөйсүңбү? — деп кыйкырды полковник.

Жаш солдат артын карады да жээкке кайрылды. Анткени полковниктин колунда автомат бар эле…

— Полковник мырза, тегеректин бардыгы партизандар! — деди сержант, кечирим сурагандай.

— Жакын жерде биздин эскадрилья бар, — деди полковник.

Океанды жээктеп сержант менен солдат келе жатты. Алардын артында карарган автоматты өз баласындай бооруна кыскан полковник.

Океан мелтирейт. Каңырсыган жерди тиштерин кашкайтып өлгөн аял кучактап жатат. Жердин үстүндө сокур ак чардак чебеленип какшайт…

* * *

Үч күндөн кийин полковник дыйкандар таштап кеткен бамбуктан жасалган алачыкта эскадрильянын секретарына кат жаздырып жатты.

УРМАТТУУ ТӨРАЙЫМ.

Үч күн мурда сиздин уулуңуз менен туткундан кутулганбыз. Бирок кечээ сиздин уулуңуз ата мекенибиздин алдында ыйык милдетин орундатууда курман болду. Сиздин уулуңуз согушта тайманбас патриот катары жүрдү…

— Кемпирге жылуураак сөз таап кошуп кой, — деди полковник секретарына.

«Кайраттаныңыз, төрайым, кудайдын буйругу ушундай экен», — деп секретарь машинканы чыкылдатты.

1963-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.