Эл театрга барган жолду унуткан жылдар болду. Өнөр өстөнү өксүгөн жылдары А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрында хордун солисти болуп да, театр администратору болуп да иштеп жүргөн жылдарымда сценадагы эң кейиштүү жагдайларга далай жолу күбө болгон жалын жаштыгыбыз өттү. Азыркы таптагы театр турмушу менен мындан 15-20 жыл мурунку кездин асман-жердей айырмасы кыйла өзгөргөнүнө бул мерте көз сүйүнүп кайттык…

Театр репертуарынан түшпөй келген П.Чайковскийдин айтылуу «Аккуу көлү» («Лебединое озеро») балетин көңүл кушун көкөлөтүп көрүп келүүгө атайын бир күн чыгындым. Буга дейре жаш муун, жаш талант, жаңы дүбүрт, жаңы ысымдардын арасынан азыркынын прима-бийчиси Асел Айдарова туурасында искусство адистери менен маалымат булактарында тараган пикирлерди канчалык баамдаганым менен, акыркы жылдары балет искусствосуна бир чыгынып барбапмын. Негедир көңүл ышкым театрга тартпай жүрдү. Арийне, көңүл тартып сейрек барган күндө да же опералык, же балеттик спектаклдер купулга толбой шаабай сууп кайткан учурларым болду. Ийине жете иштелбеген спектаклдер эле эмес, театр оркестринин фальшь ойногон курамы кулакка жагымсыз угулган жагдайларга күбө болгонум: соңку жылдары театр менен менин жашоомду кыйла алыстатып салган экен…

А бирок бул мерте театрга барганыбызда – сценада өсүп чыккан таланттуу муун тургай, сценадагы өнөр ээсин аздектеген залдагы жык-жыйма көрүүчүлөрдүн мууну алмашканын көрүп көңүл курсант боло алакан кызый кол чаап, сыймыктанып отурдук. Тек, бүгүнкү 1-макаламда Асел Айдаровадай жаркын таланттын чыгармачылыгын сөз кылуудан мурда, дал ушул жерден театрдын эң оор, эң аянычтуу чыгармачылык кризиске кабылган жылдарындагы толтура себептерге кыскача токтоло кетүүнүн ыңгай-мөртү келип туру. Асыресе, таш жарып чыккан гүлдүн кооздугуна, мыскалына баары эле сугун арта алат, тек, бу жерде театрдын ички жагдай-шартына кадыресе аралашып, жонтерим менен сезген; театр көшөгөсүнүн артындагы кыйчалыш мезгил, өткөөл кыйынчылыктардын фонунан суурулуп чыккан көңүл аздегимдеги учурларды таржымалдап өткүм бар.

П.Чайковскийдин «Аккуу көлү» Одетта — КР эмгек сиңирген артисти Асел Айдарова. Принц Зигфрид — КР эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов.

Эпаада, таш жарып чыккан назик гүлдүн кооздугу жаратылыштын эң кызык феномени сыяк эле: ар бир доордун өз таланты кандай кыйынчылык сыноолорду башынан кечиргени; чыгармачылыктагы тамыр, бутактарын жайганы – кантип маанилүү болбосун…

90-жылдардан тарта А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын ооматы качкан жылдар эле. СССР ыдырап тынары менен жападан жалгыз музыкалык академиялык опера-балет театрынын жашоосу токтоп калгандай болду. Театр ичинде ойго келбеген шумдуктар чыгармачыл жамааттын чачын үрпөйттү. Кедергисинен кеткен театрдагы ойго келбеген андай окуялардын бири: кикбоксерлордун мелдеши театр сахнасында өтүп калган учурлар эле. Ооба, азыр муну эч ким элестете албас, эч ким ишенбес. Театр дирекциясы ыйык сахнаны кызыл жаян канга боётуп, мушкерлерге арендага келишим баада берип жибергени үчүн – бул окуя өнөр сыйлаган артисттердин жүрөгүн тепчип өткөн оор сокку болгон…

Театр тарыхындагы мындай шермендечиликке экинчи жол бербейбиз деген артисттердин катуу нааразылыгы жаралган. Бирок театр турмушунуна ушул эле сокку жетиштүү болсо кана! Искусство храмы саналган академиялык музыка театрынын залында диний секталардын жыйындары байма-бай өтүп калган учурлар арбыды. Муну көрүп депрессияга батып отуруп калган чыныгы профессионалдар болду. Алар искусствого жан-тенин берип ызаат мамиле кылчу еврей, немис, орус улутундагы музыканттар, артисттер болгондуктан: биринин артынан бири Кыргызстанды желкебиздин чуңкуру көрсүн деген шекилде көчүп кете баштады да, театр өңчөй чартаңбайлардын чордонуна айлана берди. Артисттердин грим бөлмөлөрү менен музыканттардын оркестр аянтында аракты бекинип ичкендер толуп кеткен. Аксакал муундагы артисттер менен жаш муундагы артисттердин ортосундагы тымызын тирешүүлөр ырбап, кандай спектакль коюлбасын, залда бирин-экин соксоюп отурган гана көрүүчүлөр көзгө учурап, а залдагы көрүүчүлөрдүн санына караганда сахнадагы артисттердин саны кыйла көптүк кылган көрүнүш күч алган. Себеби, опера-балет театрынын башка драма театрлардан өзгөчө айырмасы – бул жерде массовкада ойногон кордебалет артисттери менен хор ырчыларынын саны эле кеминде 100-150 адамдан турса, а оркестр курамындагы музыканттар саны деле андан кем калышпайт.

Кээде залдагы көрүүчүлөрдүн арасында отурган мектеп окуучуларынын бейбаш мүнөздөрү балет искусствосу жүрүп жаткан маалда сахнадагы бийчилерди рогатка менен такымга таамай мээлеп аткан шылдыңдуу көрүнүштөр атактуу солисттердин айласын кетирип, шалдайтып салган эле. Рогатканын огунан калтаарып, сахнага чыгуудан заарканган балет солисттерин кой, кордебалет артисттери да Россия, Казакстанды беттеп четинен кете баштады. Бийчилердин көбү Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүчү шоу-бизнеске аралашып же айрымдары түнкү ресторан-кафелерде бийлеп нан таап жеген турмушка аргасыз болуп жүрүштү. Мындай көрүнүштөргө опера-балет театрынын артисттери менен бир жатаканада чогуу кирип-чыгып, чогуу жашаган адам катары далай ирет күбө болгон жагдайлардан улам эскерип отургандагым…

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» принциби менен не деген улуу залкар таланттардын күрсүнүп отуруп калганын басма сөз беттеринде далай жаздым, далай интервьюларды уюштурдум. СССР эл артисти деген театр корифейлеринин арыз-муңдарын, искусстводон ындыны өчкөн маанайларын; театрдагы профессионалдык кемчиликтерге көз жума албаган буктарын гезит беттерине байма-бай жарыялаганым албетте, театр жетекчилиги менен көркөм кеңеш мүчөлөрүнө жакпагандыктан, алардын мага: «Эмнеге ичкен кудугуңа түкүрөсүң» деген тариздеги токонаалаты күч болгон. Театр жетекчилигинин куйкасын куруштурган андай материалдарымдын бири, заманыбыздын залкар бийчиси Айсулуу Токомбаева менен опера искусствосунун орошон таланты Хусейин Мухтаровдун зээн кейитер интервьюлары эле.

Бара-бара театр келечегинен үмүтү сууган таланттардын алды Россия, Казакстан, Турция, Европа өлкөлөрүнө кетип тынышты.

Кыргызстандын эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары өлкөнүн экономикалык чарбасы менен бирге рухий дөөлөттөрүнүн кыйраканы чыгып: театр, кино, сүрөт, музей, адабият, жалпы эле маданият майданы туташ кризиске кабылган ал учурлар баралына келип турган не бир чыгармачыл таланттардын тагдырын мойсоп кеткени бүгүн эч кимге жашыруун эмес. Сахнада жылдызы жанчу кемелине келип турган далай жаш таланттар «Жизель», «Чолпон», «Аккуу көлү», «Спартак» сыяктуу спектаклдерде бийлесем деп, канчалаган вокалисттер «Фуст», «Отелло», «Кармен», «Аида», «Травиата», «Риголетто» өңдүү классикалык операларда башкы ролдордо ырдасам деп кыялданып жүрүп өмүрлөрү кызырга кетип, бүгүн көбү пенсия курагына жетип үйлөрүндө отуруп калышты!

СССР империясы бөпөлөп өстүргөн театр искусствосу жапа жабыр тарткан ал мезгилдерде ыйык сахнанын азыркы Бүбүсайра Бейшеналиевасы же Болот Миңжылкиеви чыгар чыкпасы кимдин оюна келиптир? Театр өнөрүн аздектеген жаш муундар өсүп чыгары да капарыбызга келген эмес эле.

Жеңишбек Исмановдун Лучано Паваротти атындагы «Алтын тенор, келечек үмүтү» сыйлыгын алгандагы көз ирмемден

Канткен менен бизде бүгүн искусствонун байсалдуу байтак жолун улар таланттардын арасынан өзгөчө бөлүп карай турган өнөрпоздорубуз жок эмес. Бар. Болгондо да алардын бүгүн чыгармачылык кеңири диапазонун кеп кылууга тийишпиз. Бүгүнкү күндө Европада жана Италияда чыгармачылык жылдызы жанган опера ырчыбыз Жеңишбек Исманов менен катар эле балет бийчибиз Асел Айдарованын «күлүк күнүндө, тулпар тушундагы» чыгармачылыктарын кеп кылбай коюуга мүмкүн эмес. Ж.Исманов жана А.Айдарованы бүгүнкү тапта улут сыймыгы катары даңаза-даңка бөлөп сыймыктанар жердебиз…

P.S. Ж.Исманов менен А.Айдарованын чыгармачылык бейнеси туурасында 2-макалабызда кеңири сөз болот.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.