«РухЭш» сайты адегендеги биринчи кадамын баштагандан эле үй-бүлөлүк баалуулукту өстүрүү максатында – эң алды келечек муундун ээси болор балдарыбыз өз эне тилинде жомок, тамсил, ырларды жаттап чоңойсо деген аруу тилек менен балдар адабияты боюнча акын-жазуучулар арасында өспүрүмдөр үчүн жазылган чыгармалардын адабий конкурсун уюштурган элек. Андан соң былтыркы жылы Эларалык 8-Мартка карата «Сен кимсиң, Аялзат?» аттуу аялзаттын коомдогу ролу туурасында көйгөйлөрдү чагылтар публицистикалык макалалар үчүн; о.э. 1-июнь балдарды коргоонун Эларалык күнүнө карата балдар чыгармачылыгына арналган конкурс уюшулуп, жогоруда аталган конкурстардын баарына демөөрчүлүк көрсөтүп келаткан Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу бул жылы да сайтыбыздын «Мыкты Энелер» номинациясын уюштурууга 30 000 (отуз миң) сом бөлүп, демөөрчү болгонун жарыялаган элек.

Бул мерте «Мыкты Энелер» номинациясынын жеңүүчүлөрү Фейсбуктагы «РухЭш» сайтынын баракчасы жана «Мыкты Энелер» тайпасы аркылуу аныкталды. Интернет айдыңы аркылуу «Мыкты Энелерди» аныктоо шартыбыз эң жөнөкөй: тек, кимде ким сайтыбызда жарыяланган үй-бүлө жана өспүрүмдөргө арналган чыгармаларды соцтармактар аркылуу башка окурмандар менен активдүү бөлүшүп, өздөрүнүн комментарийлерин калтырууга тийиш. Номинация ээлерин атайы мониторинг жүргүзүп аныктоо «РухЭш» сайтынын эң туруктуу окурмандарынын бири Айтбүбү Орунбаевага жүктөлгөн.

Бул жолку «Мыкты Эне» номинациясынын жеңүүчүлөрү деп табылган окурмандарыбыздын ысымдары (фамилиялары алфавиттик тартипте жарыяланмакчы) төмөндө жайгашылды:

Алыбаева Гүлнара
Анарбаева Нурийла
Асакеевна Мира
Боталиева Эркеайым
Орунбаева Айтбүбү
Өмүрбекова Нуржамал
Сыдыкова Чынара
Токоева Халида
Турдубекова Мырзагүл
Чокоева Токтокан

Номинация жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 7-март, саат 18-00дө Алматы көчөсү — 6_А дарегинде жайгашкан «Окей» радиосунун студиясында уюшулат жана жеңүүчү деп табылган окурмандарыбызга ЖК депутаты Алтынбек Жунусу уулу жана «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир тапшырмакчы.

Биз менен чыгармачылык өнөктөштүгүн улантып келаткан «Окей» радиосу ар дайым үй-бүлө баалуулуктарын жайылтып келет. Андыктан «Мыкты Эне» номинациясы кандай максатта уюшулуп келаткандыгын 7-жана 8-Март күндөрү «Окей» радиосунда кеңири сөз кылабыз!

Эскертүү: буга чейинки «Мыкты Эне» номинациясы менен сыйлангандар: Жамиля Насирова, Рахат Асанбекова, Айнура Абдилазизова, Нурзада Рыскелдиева, Гүлзат Кудайбердиева, Айнагүл Кашыбаева жана Айтбүбү Орунбаева болуп келишкен. Бул мерте «РухЭш» сайтынын «Мыкты Эне» номинациясынын жеңүүчүлөрүн атайы мониторинг жүргүзүп аныктоого чоң көмөк көрсөткөндүгү үчүн Айтбүбү Орунбаевага экинчи мерте «Мыкты Эне» сыйлыгын ыйгаруу «РухЭш» сайтынын гана чечими болгондугун жалпы окурмандарыбызга эскертебиз…

P.S.  «Мыкты Энелер» номинациясынын жеңүүчүлөрүн аныктоо саамалыгы мындан ары да Фейсбуктагы «РухЭш» сайтыбыздын баракчасы жана «Мыкты Энелер» тайпасы аркылуу улантыла берет…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.