А.В.Затаевич жер муштап калганда…

Чынында Токтогул Сатылгановду биздин коммунисттик партия дурус эле көтөрмөлөмүш болгону менен терең карап көрсөк андай дале эмес экен. Кеңеш өкмөтүнүн он жети жылын жашаса да, орусча суудай билсе да, көз карашында өөн жок болсо да, кыргыз акындарынын устаты болуп жүрсө да, көзү тирүүсүндө борбордон бир жан барып, жанында күндөп-түндөп отуруп чыгармаларын жазып албаптыр. Суроо туулат: казак, кыргыз, уйгур жергесин түрө кыдырып, казак фольклорун 3 миң беттен турган томго жеткирип жыйнаган, Кытайга барып ал жердеги элдердин оозеки чыгармаларын дагы ошончо көлөмдө чогулткан, анан, Таласка келип, 1916-жылдан тартып, 1948-жылга чейин кыргыз фольклорун жыйнап, иреттеп, аларга пикирин билдирген, 1922-жылы Сагымбай Орозбаковду Солтон-Сары жайлоосунан таап, андан «Манасты» көчүрүп жазууну уюштурган, кыскасы, кыргыз жерин узун-туурасынан кыдырган, Ат-Башы, Орто-Сырт, Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна чейин жеткен Каюм Мифтаков неге Токтогулга жолукпай калды? Акыры Кетмен-Төбө ал киши кыдырган жерлердин эң эле уюлунда турбайбы, ары өтүп да, бери өтүп да Токого жолугууга мүмкүнчүлүгү бар эле го. Жок, ал Токону билген эместир десек, ошол эле Токтогулдун таластык акын Алымкул менен Төлөбайдын үйүндөгү айтышын 1923-жылы А.Үсөнбаевдин оозунан жазып алып жатпайбы? Эмне ошондо ышкылуу фольклор жыйноочу Т.Сатылгановдун баа-баркын билбей калды бекен? Менимче, биринчи жагы, орус оторчулугуна каршы көтөрүлүшкө катышып Токтогулдун Сибирге (Мифтаков Чебер деп жазат) сүргүн болгону ал кишини кооптонткон көрүнөт; экинчи жагы, кимдир бирөөлөр К.Мифтаковду атайын Токтогулга жолоткусу келген эмес окшойт… Же чын эле Токтогулду билбедиби?

Жок билиптир. К.Мифтаков 1924-жылы 13-июлда мындай деп жазыптыр: «Бул зат (сөз Токтогул тууралуу баратат – М.А.) кыргыз ичинде атактуу акындардан саналат, бул тирүү, Кетмен-Төбөдө турат. Бул зат… Ферганада болгон эшендердин (Докчу эшен) бунтунда айдалган окшойт. Токтогулдун ырынын акырындагы бир бет ыры ошону көрсөтөт (1923-жылы А.Үсөнбай уулунан Токтогул менен Алымкулдун айтышы тууралуу сөз баратат – М.А.). Анда Эшендин Чеберде калгандыгын айтат, бул эшендин кыргыз ичинде да жакшы эле көп муруттары болгон. Алай, Кетмен-Төбө жана Таласта жогоруда көп Чебер кеткен кыргыздардын көбү саясы айдоо болуп, Чебер айдалган кишилердур»[1].

Кыскасы, мында эки улуу инсандын – башкорт Каюм Мифтаков менен башкортчо да ырдай билген деген Токтогулдун жолукпай калышында (же жолуктурбай коюшунда) чоң сыр жаткансыйт…

Ырас, калп айтпайлы, 1928-жылы эстетикалык табити абдан жогору адис А.В.Затаевич Фрунзеге келип, акындар жана комузчулар Муратаалы, Калык, Карамолдо ж.б. менен жолугат, арасында Токтогулду да чакырып келишет. 1869-жылдын 8-мартында Россиянын Орлов губерниясындагы Болхов шаарында туулган Александр Затаевич казактардын 1000 ырын, 500 күүсүн жазып алып, Абай Кунанбаев, Курмангазы Сагырбаев, Биржан Кожагулов, Жаяу Муса Байжанов, Даулеткерей, Балуан Шолак, Мухит, Ибрай ж.б ыр, күү устаттарынын өнөрүн түбөлүккө калтырган киши болгон. Жазгандарын китеп кылып чыгарган, нотага түшүргөн, а түгүл аларын атактуу француз жазуучусу Роман Ролланга белек кылып да берген. Казактар ага 1923-жылы эле «Казак Эл артисти» деген ардактуу наамын ыйгарган. Анан ал кишинин 1928-жылы сентябрь айында Кыргыз Автоном Республикасынын Эл агартуу комиссариатынын (комиссар Касым Тыныстанов) чакыруусу боюнча Фрунзеге келиши кыргыз маданиятынын келечеги үчүн ченемсиз чоң олжо эле. Атактуу музыкантты 1927-жылы Кыргыз АССРинин Эл комиссариатынын төрагасы болуп дайындалган Жусуп Абдрахманов жеке өзү демилге көтөрүп алдырып келген экен, анан ал киши жер-жердеги бийлик башчыларына таланттарды таап келүүгө катуу тапшырма берген сыяктанат.

Ошентип Кетмен-Төбөдөн Жолой, Абдырасул, Токтогул үчөө аттанат (Баргандын эң эле утушу – үчөөнү фотого тартышат да, ошол фото тарыхта Сатылгановдун жапжалгыз сүрөтү болуп калат, кийин айкелчилер жана портретчилер ошол сүрөткө таянып акындын образын ачып көрсөтөт. Бактыга жараша дагы башка фотосу табылып жаткандыгы тууралуу айткандар бар экен). Мына ал 1928-жылы тартылган фото:

Кабар кеч угулганбы, же дагы бир шойкому барбы, айтор жанагы үчөө кашайып кыйла кечигип барат. Ал кезде Фрунзеге Төө-Ашуу, Кара-Балтанын капчыгайы менен эмес, Талас менен катташкан болуу керек, Таласта да туруп калат. Таласта Токтогулдун 1928-жылы Кетмен-Төбөдөн келип, «Фрунзеге жөнөп баратам, жаштар менен олимпиадага чакырыптыр» деп Жолой кыякчы менен чайханада элге тамаша куруп берип, ырдап да, кара сөз айтып да, эки согончогу менен жылып комуз чертип да жатканынан таң калганын Б.Ишимов эскерет[2].

Токтогул Талас жакка барганын Алымкул менен айтышында дагы мындай түшүндүрөт:

Алымкул балам, токтой тур,
Ак шумкар учат жем издеп,
Ак куулар учат көл издеп,
Пишпекке «ала кетем» деп
Айлыңа бардым, таппадым,
Алмадай балам, сени издеп…

 

Көп какшабай токтой тур,
Карчыга учат жем издеп,
Каз, өрдөк учат көл издеп,
Кайрылып бардым Капкадан
«Кашыма кошуп алам» деп,
Каргадай балам, сени издеп…

Буга караганда Токтогул баласындай болгон Алымкулду Фрунзеге алып баруу ниетинде болгон экен, тилекке каршы, таппай калыптыр.

Бул тууралуу ошол 1928-жылы Фрунзеде таанышкан, бир аз күн болсо да чогуу жүрүп калган Карамолдо да эскерет, Током бизден үч күн кеч келди, себебин сурасак, Таластан Алымкул деген жаш ырчы чыгыптыр, ошону ала кетейин деп, аныкына барса, ал жок, бир тойго кетиптир, үч күн күтүп келбеген соң анан жолун улаптыр[3].

Абдырасул сүрөттөгүдөй эле үчөөнүн жашыраагы эле, комузчу болгон. Жолой Боогачы уулу (1888-1934) Кетмен-Төбөнүн Ничке-Сайынан, сүрөттө кыл кыяк карматып койгондой эле кыякчы экен, комузчу да болуптур, кыягын «сүйлөтүп» койчу дешет эскергендер. Кийин 1932-1933-жылдарда райондо элдик театр ачылып калган кезде театрда да иштептир. Ошол барышта ал 17 күү жаздырат. «Гүлгаакы», «Карачач-Зейнеп» деген дастандарды күүгө салып, анын баянын кара сөз менен да айтып берген экен.

Ошондо таланттуу музыка таануучу А.В.Затаевич ачарчылыкка, жугуштуу оорунун каптап турганына, суукка карабай Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан бир үйдө отуруп Муратаалыдан тарыхтары менен коштолуп айтылган комуздун, кыл кыяктын, чоордун 51, Карамолдодон комузда аткарылган 31 күүсүн нотага түшүрүп алат. Ал эле эмес жазуучу Касымаалы Жантөшевден 12, акын Абдырасул Токтомушевден 5, адабиятчы Токчоро Жолдошевден, журналист Насырымбек Жаналиевден, дагы Абике Дыйканбаевден, Султан Кочкорбаевден, Кожокан Рахматовдон ж.б. бир топ жакшы ырдаган кишилерден элдик ырларды ырдатып, нотага жазып алган.

Ошолордун ичинде Токтогулдун да 18 күүсүн нотага түшүрөт, анын «Тогуз кайрык», «Миң кыял», «Шыңгырама кыз ойготор», «Алайдын миң кыял», «Токтогулдун кербези» деген күүлөрүн жогору баалайт, өмүр таржымалына өзгөчө кызыгып, орусча суудай билген акын менен кеңири сукбатташат. Токонун «Кыз ойготор» күүсүн угуп, татаалдыгынан улам бир топ жерин нотага түшүрө албай калыптыр, бирок жибип кеткенби, иши кылып, фортепьянодо өзүнө ойноп бериптир[4].

Бирок Токтогулду кимдир бирөөлөр капа кылган баштанат, анчалык эле жакшы кабыл алышпай коюптур. Ошол барышта ошол кездеги кыргыздын билимдүү жигити, чынжырлуу манаптын тукуму Бөрүбай Кененсарин жолукканы тууралуу мындай жазат: 1928-жылдын июнь айынын күндөрүнүн бири эле дейт (Ал эми башка адабияттарда сентябрь, суук болуп атат), мончодон чыгып, жеке самоорчулардын бирине кирсе чүкөдөй болуп бир чал отуруптур, таанышса Токтогул экен, «Кайдан, качан, эмнеге келдиңиз? — деген суроолорду жабалактаттым. «Келгенибизге төрт күн болду. Улуктар чакырткан экен. Күүнү жазып алат дешет» деп менин суроолорума жай жооп берип олтурду. Ошол кездеги искусство кызматкерлеринин Токомду кадыр-барксыз чайканада жаткыргандарына ичимен таарынып». Анан эскерүүгө караганда Бөрүбай Жолой экөөнү үйүнө алып кетет. Дагы жазат: «Менин пикиримче, ошол кезде күн өтө ысык болуп жана кызматчылар анчалык жакшы кадырлабагандыктан Токтогул тезинен кетүүнү дурус көрүп, көп күүлөрүн Затаевичке чертип бербей калды. Болбосо анын күүлөрү көп көрүндү эле. «Эрке сары», «Торгой» деген күүлөрүн укканмын. Мунун биринчиси баласын эркелеткен күү, экинчиси торгойдун сайраганына арналган. Кийинки күүнү черткенде, топусун торгойдун таажысындай кылып, чокчойтуп кийип алып, черткенде, топусу бир желкесине барып, бир кабагына жакындап кыймылдап турчу эле», — дейт Б.Кененсарин[5].

Ошондо Шаршен Термечиков (1896-1942) акынды издеп чайханага келсе, ал жерде бир киши арак ичип отуруптур, жанында Токтогул уктап аткан экен. Бул дагы акынга мамиленин бир көрүнүшү.

Ошол келиште Фрунзедеги жападан жалгыз окуу жайы болгон педагогикалык техникумга да барган экен, чокусунда топусун ойнотуп, күү черткенин ошол жерде окуган Кубанычбек Маликов да эстеп калыптыр[6]. Ал гана эмес кийин атактуу акын-жазуучу, маданият ишмерлери болгон кыргыз зыялыларынын биринчи мууну ошол кезде ошол педтехникумда окушкан, демек, алар да Токтогулду көрүп, андан таасир алган болуу керек. Дагы бир ошол кездеги жаш жигит, 1913-жылы Сокулуктун Жыламышында туулган, кийин белгилүү өнөртаануучу болгон Көпбай Күмүшалиев да учураткан экен. Ал Фрунзенин «Ударник» кинотеатрынын жайкы залынан көрүптүр. Анда ал кездеги агартуу министри, профессор Касым Тыныстанов, музыковеддер А.Затаевич, Н.Еленин болуп Токтогулдун күүлөрүн угуп жатышкан экен. Токо «Тогуз кайрыгын» черткенде аны нотага жазып отурган Затаевич «Молодец» деп кыйкырып ийген экен. Ошондо ак кителчен Касым ордунан туруп, Затаевич аксакал чарчап калса да, дагы бир күү чертип берсе деп суранып атат дептир[7].

Жогорудагы эскерүүлөрдө бир топ карама-каршылыктар учурайт: Токтогулдун Фрунзеге келишин бири кеч күздөгү суукта десе, бири жайдын өтө ысыганда дейт, күүлөрдү жазып алууну бири Кызыл-Аскердеги бир үйдө десе, бири «Ударник» кинотеатрынын жайкы залында дейт. Кимисиники туура?

Ошондогу борборго барышы тууралуу Токобуз кийин Калык шакиртине жолукканда ички бугун чыгарып ырдап атпайбы:

Балам, кулак салгын чын кепке,
Чакырып барды Пишпекке.
Барбайт элем өзүмчө.
Чакырып алды милдетке.
Кээ бири сүйсө «Токо» деп,
Кээ бири мени сүйбөдү.
«Келжиреп калган экен» деп,
Кээ бири жаман сүйлөдү.
«Карыптырсың, чал» — деди.
«Кайтара кетип кал» — деди.
«Карганда жанды кыйнабай,
Тынч эле жатып ал»
— деди.

Ырга караганда Токтогул Фрунзеге баргысы да келбеген, өзүнчө бармак эмес экен, аны алдашыппы, коркутушуппу, «милдеттүүсүң» дешиппи, айтор, эптеп алып барган сыяктанат. Мына ушул мамилеге таарынганбы, 64 жаштагы акын – Сибирь түрмөсүн көрүп келген киши анчалык ачылып-чачылып бербептир. Анан калса музыка таануучу А.В.Затаевичти да акындын ыры, төкмөлүгү кызыктырбашы мүмкүн, себеби ал кыргызча түшүнгөн эмес, ага обондуулук, күү өнөрү гана керек болгон. Чамасы, ошондон кийин Токтогул мындай жерлерге кайрылып баргыс да болуптур…

Ошентип А.В.Затаевич кетет да, айланып кайра үч жылдан кийин келсе, Токтогул ырчы келбес жайга кеткен болот, ошондо европалык деңгээлдеги музыка таануучу жер муштап кала берген экен…

Антсе да Токтогулдун багы ачылып калышына бир-эки жагдай түрткү бериптир

Адабиятчы Лев Пасынков эскерүүлөрүндө мындай деп жазыптыр: «1933-жылы Алексей Максимович Горький Токтогул жөнүндө кабарды угуп, Токтогулдун карагай кыйган балта менен кыргыз комузун чаап, анын коштоосунда кыргыз-орус достугун даңазалап ырдаганын, «Орус күүсүн» комузга салып черткенин укканда, муштумдарын түйүп, түйүлгөн муштумдарын тизесине матап, ага сыймыктанып жана кубанып, көз жашын көлдөтүп ыйлаган…»[8] Дал ошол Горький «муштумдарын түйүп, түйүлгөн муштумдарын тизесине матап», «көз жашын көлдөтүп ыйлап» отурган учурда Кетмен-Төбөдө Токтогул ачарчылык менен кармашып, акыры каза болуп, анын каза болгону менен өкмөттөн бир кишинин кабары болбой… иши кылып, «кыргызчылык» менен күн өткөрүп жатканбыз…

М.Горький

Тарыхтан белгилүү СССР Жазуучулар союзунун I сьезди, ошондон бир жылдан кийин – 1934-жылы Москвада чакырылат. Ошондо «орус революциянын күзгүсү» А.М.Горькийдин ооматы келип турган, ал жазуучуларды компартиянын көгөнүнө байлап берүү үчүн катуу кам көргөн, андыктан Жазуучулар союзу дегенди ойлоп тапкан, өзү союзга жетекчи болгон. Ошол А.М.Горький ошол чогулушта авар элдик ашугу Сулейман Стальскийди сүйлөтөт (каап, аттиң, орусчаны суудай билген балким биздин Токтогул сүйлөп калат беле), ал түз эле президиумдан чыгып ырын окуйт, кебин айтат, анын сөзү жана ыры А.М.Горькийге аябай катуу таасир эткен окшойт, айтор көп өтпөй ушул сабатсыз, акылдуу, парасаттуу ашуг тууралуу тамшана жазып, аны «XX кылымдын Гомери» атайт, элдик поэзиянын акак-берметтери болгон мындай адамдарды сактоо керектигин жалпы дүйнөгө даңазалайт[9]. Анан кыргыздар өз «сулеймандарын» издеп кирет. Албетте, алардын ири алды падышалык бийликтен ыдык көргөн, комузчу десе – комузчу, төкмө десе – төкмө, күүчү десе – күүчү, алтымыштан ашык шакирт чыгарган, анан жанагы Горькийди ыйлаткан Токтогул болгон. Бир нерсеси кем болгон белем, анын алдына «демократ», «композитор» деген эпитеттерди кошушат. Кыргыз ССРинин БАКтын Президиуму «Кыргыз эл акыны Токтогул Сатылгановдун 70 жылдыгын белгилөө тууралуу» токтомун чыгарат жана Кыргызстан Жазуучулар союзуна, Кыргыз мамлекеттик басмасына акындын чыгармаларын жыйноону жана жарыялоону тапшырат[10]. Ал кезде Ж.Бөкөнбаев жыйнаган маалымат боюнча акындын туулган жылы 1860-жыл делип жүргөн. Дароо эле өкмөт жана Жазуучулар союзу Кетмен-Төбөгө жана Таласка А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев ж.б. акындарды жиберет, алар А.Үсөнбаев, К.Акиев, К.Досуев, А.Огонбаев ж.б. Токонун шакиртимин дегендерге жолугуп, акындын мурастарын жазып келишет. Айтуудан, 20-жылдардын соңунда жана 30-жылдардын башында эле Т.Сатылгановдун өз оозунан Б.Карпыков жана А.Кулукеев бир топ ырларын жазып алышкан экен, тилекке каршы, ал ырлардын көбү табылбай калган же жок кылынган.

Т.Сатылгановдун багы ачылышына ал эле эмес, дагы бир окуя түрткү болуптур. Кетмен-Төбөдө райкомдун биринчи катчысы болуп 1930-жылдан баштап Жумай Жылкыбаев иштеген. Ал киши өзү Түптүн Арал айылынан болгон, сабаттуу, элге алымдуу адам экен, ошол киши улуу акынды аябай жакшы билген жана экөө ылым санашып, катташып да жүргөн. Мына ошол киши Кетмен-Төбөдөн кийин кызмат которуп, Фрунзеге келип, ал кездеги чоң кызматта – Жерге жайгаштыруу боюнча комиссарлыкта эмгектенип калат. Ал ошол учурда, тагыраагы, 1935-жылы Кыргыз обкомунун биринчи катчысы М.Л.Белоцкий (1895-1944) менен бирге Кетмен-Төбөгө иш сапарына барып калат. Эки иштен бир иш деп Токтогулдун айылына барып, үй-бүлөсүнүн абалын көрүп, алардын аябай кыйналып жатканына кейип, анан Токтогул тууралуу бардык билгендерин, көргөндөрүн М.Л.Белоцкийге айтып берет.

Морис Львович граждандык урушка катышкан, эки жолу Кызыл Жылдыз орденин алган, 1933-1937-жылы Кыргыз обкомунун биринчи катчысы болуп туруп, кийин репрессияланып кеткен киши эмес беле, айтор, ошол киши Ж.Жылкыбаевдин айткандарын кунт коюп угуп, жардамчысы Блохинге тапшырма берип, акындын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүптүр, мурастарын жыйноого тапшырма бериптир, маселе Кыробкомдун бюросунда каралыптыр.

Мына ошондон кийин алгачкылардан болуп Жазуучулар союзунун башчысы А.Токомбаев өзү баш болуп «Токтогул» аттуу макаласын жазат[11]. 1938-жылы Ж.Бөкөнбаевдин мезгилдүү басма сөзгө «Токтогулдун ырлары – элдин кенчи», «Токтогул жана Коргол ырчы», «Элдин булбулу», «Шайыр акын», «Токтогулдун күүлөрү уурдалбасын», «Эл ырчысы», 1939-жылы «Токтогул Сатылганов», «Кыргыз элинин улуу акыны», «Токтогул менен Эшмамбет», «Калык ырчынын устаты» ж.б. макалаларын жазат. Алар аркылуу акындын атын тааныта баштайт, оруска каршы чыккандардын Анжиан көтөрүлүшү деп аталган окуясына катышкан кишини актоого, ошол кездин прогресивдүү адамы болгон интерноционалист, демократ, революционер кылууга далалат жасайт.

Жогорудагы демилгечилер тарабынан жыйналган акындын ырлары ал кездеги саясатка ылайык иргелип, саясый-идеологиялык электен өткөрүлүп, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Ө.Жакишев баш сөз жазып, китеп кылып чыгарышат[12].

Алгачкы мезгилде Ж.Бөкөнбаевдин айтуусу боюнча Токтогулдун ырлары китептерин басып чыгаруучулар тарабынан текстологиялык жактан такталган эмес, материалдардын идеялык багытын гана караган, «ылайыксыз» жерлерди кыскартып ташташкан[13].

Дагы бир кызык факт акындын ырлары жыйналып, китеп болуп жарыяланып гана калбай анын өмүр баяны тууралуу эссе жанрында Ж.Бөкөнбаев «Токтогулдун өмүрү» деген китебин жазып, элге тартуулап жиберет[14]. Ошол кездин мыкты, жаш адабиятчысы, аспирант Т.Саманчин да (1909-1979) «Токтогул» аттуу макала жазат[15]. Кийин бул темада К.Баялиновдун да китеби чыгат[16].

Албетте, кийин да Токтогул тууралуу А.Токомбаевдин романынан үзүндүлөр, Т.Сыдыкбековдун «Эки акын», «Кербез» очерктери, Т.Касымбековдун чыгармалары, анын ичинен «Келкел» роман-эпопеясы жазылды. Акындын өмүр баяны Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогул» (1940), К.Жантөшевдин «Эл ырчысы» (1952), Р.Шүкүрбеков «Акындын үмүтү» (1959), Т.Абдумомунов «Сүйүү жана үмүт» (1965), Т.Касымбековдун «Алымкан» (1965) пьесаларынын, «Токтогул» деген ат менен үч операнын: А.Веприк (1940), М.Абдраев жана А.Малдыбаев (1956), В.Власов, А.Малдыбаев жана В.Фере (1958), В.Власовдун «Токтогул» симфониялык поэмасынын (1952), «Токтогул» фильминин (1969, режиссёр В.Ималиев) ж.б. чыгармалардын өзөгүн түздү. Демек, Токтогул темасы адабиятта жана көркөм өнөрдө массалык «штурмалоого» тушукту.

Мына ошолордун башатында турган Ж.Бөкөнбаевдин жазган чыгармасы Токтогулду «актоодо» өзүнчө өзгөчө кызмат кылган, себеби кийинки токтогултаануучулардын илимий эмгектери, акын-жазуучу, композиторлордун чыгармалары дал ошол «Токтогулдун өмүрүнө» карай «түздөлгөн». Токтогулдун ырлары орусча чыгып,  бүткүл союзда айтыла баштайт, 1945-жылы советтик идеология М.И.Калининдин сөзү аркылуу: «Советтик түзүлүштө Жамбыл, Токтогул Сатылганов, Сулейман Стальский, Гамзат Цадаса, Феклы Беззубова, Марфа Крюкова сыяктуу элдик ырчылардын, акындардын, айтуучулардын чыгармалары кеңири таралды»[17], — деп айтууга жетишет.

Ошентип тез эле, болжолу 1937-жылдан тартып 5-6 жылда Токтогул Сатылгановду кыргыз адабиятынын төрүнө отургуздук, «Чыгыштын үчүнчү жылдызы» кылууга жетиштик. Бирок…

Бирок…

Бирок Токтогулду билбегенибизди ар дайым айтып-деп келебиз: «Советтик Кыргызстан» газетасына адабият изилдөөчүсү Ж.Таштемиров  1988-жылы «Током Сибирден качан качкан, же улуу акындын таржымалындагы чаржайыттыктар жөнүндө»[18],1989-жылы жазуучу Б.Жакиев «Кыргызстан маданияты» жумалыгына «Токтогулду билген барбы?» деген макалаларын чыгарышат. 2003-жылы окумуштуу-педагог С.Рысбаевдин «Zaman Кыргызстан» газетасына «Токомду толук билбейбиз» аттуу макаласы жарык көрөт[19], эмгекчил изилдөөчү О.Сооронов 2011-жылы «Жаңы Ордо» газетасына жазган макалалар түрмөгүнүн «биссимилдасында» эле «…адабият таануу илиминдеги ала жерлерди алым жетишинче малалап келатып, ыр менен күүнүн пири Токтогулга тиешелүү кол жазмага туш болгондо, малага чейин кайрадан соко салгандай иштер бар экенин көрүп, таң калдым», — деп жазыптыр[20]. Адабиятчы О.Ибраимовдун 2012-жылдагы «Азаттык» радиосундагы материалы да «Биз билбеген Токтогул» деп аталат[21].

Ошентип мезгил-мезгили менен Токтогулду билбестигибизди мойнубузга алып, аны билүү керектигин айтып келгенибиз менен дагы дале билбей, дагы дале билүү үчүн аракет кылбай келебиз. Анан калса азыркы заманда мезгилдүү басылмалар жалаң саясат-паясатты басып, азыркы жаш окурмандар гана эмес, жаш журналисттер да Токтогул менен иши болбой калды. А чынында башкача болуш керек эле. О.Ибраимов мындай деп жатат: «Биз, кыргыздар, башка болсо да Токтогулду, анын өмүр таржымалын, чыгармачылыгын, татаал тагдырын жетишээрлик эле билебиз деп ойлоп келебиз. Чынында эле мектептен, ал гана эмес бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин Токтогул тууралуу канча маалыматтар окулат, аты аталат, ырлары жатталат, күүлөрү менен санаттары угулат. А бирок дале болсо Токтогул тууралуу маалыматтарыбыздын бир топ тайкы экени, анын өмүрү тууралуу бир катар маанилүү фактыларды билбей жүргөнүбүз кийин билинди»[22]. Бул эми азыр. XIX кылымдын дагы бир он жылын олжолоп койгон кезде айтылган сөз.

Мындан жарым кылым мурдагы учур тууралуу сынчы К.Асаналиев эскерүүсүндө жазып жатат: «Анда, «Манас» эпосу өз калыбына келбей, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч «кара сандыктын» түбүндө, Молдо Ныяз, Жеңижокторду оозанбай эле коёлу… Кыргыздын жалгыз көзгө басары «демократ акын» Токтогул эле болуп турган кез…

…Ошол мезгилде Токтогул жөнүндө кимдер гана жазбады, Ж.Таштемировдон баштап Б.Маленовго чейин, Б.Аманалиевден баштап А.Алтымышбаевге чейин, Т.Үмөталиевден баштап А.Токомбаевге чейин, айтор, акын-жазуучулар, философтор, тарыхчылар, тилчилер, адабиятчылар, журналисттер ж.б. Токтогулду мактап, даңазалап эле жатышты»[23].

Бирок чынын айтканда Токтогул жазылбаптыр, бири-бирин эле кайталай бериптир? Неге? Мисалы, А.Токомбаев роман жазып баштайт, тарыхый каармандарды так атабай, ысымдарын бир аз өзгөртүп (Токон, Казанчы, Рыстуубек ж.б.) берет, эмне себептен? Эмне себептен тарыхый личностторду азан чакыргандагы аты менен атабай, аларды «тергеп» жатат? Эмне себептен ошол жазып аткан романын бүтпөй калды? Токтогул тууралуу жазуудан, чындыкты айтуудан корктубу? Же башка себеби, чоң себеби бар беле?

Ал кездеги №1 романчы Т.Сыдыкбеков да Жоомарт менен Кетмен-Төбөгө барат, Токтогулдун жери, эли менен таанышат, акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча Калык, Алымкул, Коргол, Атай сыяктуу аны жакшы билгендер менен көп жолугат. Роман жазамын деп чамынат. Бирок жазбайт. Анчалык терең эмес, жалпыланган сөзү көп эки очерк («Эки акын»[24], «Кербез») жазып тим болот. Неге? Түгөлбай Сыдыкбековдун колунан Токтогул тууралуу роман жазыш келбейт беле? Сопсонун келет болчу? Анан эмне үчүн ал киши да жазып жаткандыгын жыйнаштырып салды? Кийин бул токтотуусун согушка шылтоолоп тим болду… Минтип атпайбы: «Мен Токомду көрбөй калдым. Ошол бөксөмдү толтуруш үчүн акындын чыгармаларын талдап окуп, күүлөрүн кана угуп, өмүр жолун үйрөнүүгө атайын көңүл бурган элем… 1940-жылдарда эле «Эки акын», «Кербез» деген очерктерди жазгамын. Акындын өмүр жолунан урунттуу учурларды баяндап дагы бир нече очерктерди жазсам… деп көксөгөн элем… Бирок Ата Мекендик согуштун башталышы менин бул асыл максатымдын ишке ашышына жолтоо кылды…»[25]. Кызык, жазуучу Токтогулду изилдеп жатса, жазууну көксөп жатса, анан эмне жазбай жатат? Согушту айыптагыдай, ал эмне согушка кетип калдыбы? Жок! Чыгармачылыгын токтоттубу? Жок! Аңгеме-очерктерин жазып, романдарын жазып эле атпадыбы! Маселе дагы башкада.

Же дагы бир Токтогул темасындагы изилдөөчү П.И.Балтиндин тагдырын алалы. Ал тууралуу жанагы эле жерде К.Асаналиев минтип жазат: «Ушундай пафос менен магдыраган атмосферадан пайдаланайын дедиби, айтор, кандайдыр бир эсеп-кысабы бар экени чын болчу, тез эле Токтогул жөнүндө мурда такыр болбогондой, өтө оригиналдуу макалаларды биринин артынан бирин жарыялай баштады (сөз П.И.Балтин тууралуу болуп жатат – М.А.). П.И.Балтиндин бул эмгеги эч талашы жок, Токтогулдун чыгармаларына карата болгон адабий жаңыча мамиле, жаңыча көз караш экени айгине чындык»[26]. Андай болсо, эмнеге ал кишинин жазгандары жарыяланбай калды? Илимий сапаты начар беле? Андай дейин десең ошол эле К.Асаналиев мактап жатат, 300 бет (!) диссертациясы өзү иштеген Илимдер академиясында талкууланып, жогору баалангандыгын, коргоого сунушталгандыгын айтып жатат, «Токтогул таануудагы, дегеле акындар поэзиясын адабий таанып-билүүдөгү жаңы багыттын, жаңы методологиянын ачылышы», «эң сонун» эмгек катары эсептейт.

Муну Петр Исаевичти жакшы билген, эстетикалык туюму жогору, кыргыз адабият таануусунун тарыхындагы ар кандай көрүнүштөргө сынчыл караган кишилердин эң эле башында турган адиси айтып атат. Андай болсо ошол 300 бет Токтогул тууралуу эмгек неге ың-жыңсыз болуп кетти? Мунун себебин К.Асаналиев жогорудагы кишинин айтылуу үчилтикке (Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.И.Балтин) кошулуп, 50-жылдарда «Манасты» баш кылып кыргыз элинин мурастарына, ошол кездеги акын-жазуучуларга каршы вульгардык-социологиялык сындын камчысын чаап чыккындагы, ошол кылыгы үчүн кыргыз илиминин дөө-шааларынын жаман көрүп калышы менен байланыштырат. Ырас, ал үчөө куу союл менен кыргыз маданиятына чыккынчылык кылган, бирок ошол оор айыбы үчүн Токтогул Сатылганов жабыр тартышы керек беле?

Ырас эле П.И.Балтиндин бирин-экин жарык көргөн макалаларында[27] анын кыргыз акыны тууралуу кызыктуу ойлору берилгендигин (ошол мезгилдеги башка эмгектерге салыштырмалуу) көрө алабыз.

Ошентип биз саясат үчүн эле, саясый фигурага айландырыш үчүн эле Токтогулду «ураа-ураа» менен эле изилдеп, окуп келиптирбиз. Айтуудан ал «Манас», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Даркан», «Кожожаш», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан» эпосторун аткара билген[28]. Алары неге жазылбай калды? Элдик дастандарды айтуу жагынан болгону биз Токтогулду «Кедейкан» боюнча гана билебиз.

Айла кеткенде өзү да ырларынын жазылбай каларына көзү жеткен белем, минтип арман кылган экен:

Ак кагазды каралап,
Кат билбеген айыбым.
Мен өлгөн соң сөзүмдүн
Таба албайт го дайынын[29].

Анан кантсин? Акыл-эси тунук, эстөө жөндөмү эбегейсиз феноменалдуу төкмө ушинтип алдын ала көрө билген экен, чын эле анын ырларын эки томго батырганыбыз менен, кыргыз адабиятынын классиги деп жүргөнүбүз менен чыныгы кымбат баалуу сөздөрүнүн, жашап өткөн кайталангыс өмүрүнүн дайынын таппай отурабыз…

[1]Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө [Текст] / Ш.Абдыраманов. – Б.: 2007. – 197-б.

[2]Ишимов Б. Эсимде калган [Текст] / Б.Ишимов // Ленин жолу (Ош). – 1965. – 18-июнь.

[3] Сабыр уулу Б. Карамолдо / Эл шайырлары [Текст] / Б.Сабыр уулу. – 2008, Турар. – 2008. – 227-б.

[4]Алагушев Б. Кылымдардын кылдары [Текст] / Б.Алагушев. – Б.: 2005. – 173-б.

[5]Кененсарин Б. Сага арнап. Чыгармалар жыйнагы. Түз.: М.Махмутбек кызы [Текст] / Б.Кененсарин. – Б.: 1997. – 54 – 58-бб.

[6]Маликов К. Ырдын дайрасы [Текст] / К.Маликов // Ала-Тоо. – 1965. – №6. – 7 – 9-бб.

[7]Күмүшалиев К. Токтогулду көргөм /К.Күмүшалиев Октябрда жаралган искусство: эскерүүлөр [Текст] / К.Күмүшалиев. – Ф.: 1984. – 10 – 17-бб.

[8]Кайбылда уулу А. Кыргыз күүлөрү. 1-китеп [Текст] / А.Кайбылда уулу. – Б.: БАУ, 2011. – 657-б.; же дагы Пасынков Л. [Текст] / Л.Пасынков // Ала-Тоо. – 1988. – №5. – 9 – 14-бб.

[9]Горький М. О литературе: сборник [Текст] / А.М.Горький. – М.: Госполитиздат, 1935. – 400 – 401 сс.

[10]Постановление Президиума ЦИК Кирг.ССР «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Киргизии Сатылганова Токтогула // Советская Киргизия, 1937. – 12-июль.

[11]Токомбаев А. Токтогул [Текст] / А.Токомбаев // Кызыл Кыргызстан, 1937. – 14-апр.

[12]Satьlganov T. Ьrlar [Текст] / Т.Сатылганов. – F.: Qьrgьzmambas, 1940. – 264 б.

[13]Боконбаев Дж. Собранный Токтогул [Текст] / Дж.Боконбаев // Советская Киргизия, 1940. – 11-дек.

[14]Бөкөнбаев Ж. Токтогулдун өмүрү [Текст] / Ж.Бөкөнбаев. – Ф.: 1939. – 40 б.

[15]Саманчин Т. Токтогул [Текст] / Т.Саманчин // Советтик Кыргызстан, 1939. – №4. – 5 – 26-бб.

[16]Баялинов К.  Токтогул Сатылганов [Текст] / Т.Сатылганов. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 38 б.

[17]Калинин М.И. О моральном облике нашего народа [Текст] / М.И.Калинин. – М.: Госполитиздат, 1945. – 14 – 15 сс.

[18]Таштемиров Ж. Током Сибирден качан качкан, же улуу акындын таржымалындагы чаржайыттыктар жөнүндө [Текст] / Ж.Таштемиров// Советтик Кыргызстан. – 1988. – 9-авг.

[19]Рысбаев С. Токомду толук билбейбиз, же «Тоо булбулу» Токтогул Сатылгановдун адамдык, акындык жана саясый портретине штихтер [Текст] / С.Рысбаев // Zaman Кыргызстан. – 2003. – 30-май. – 8-б.; 6-июнь. – 8-б.

[20]Сооронов О. Токтогул эң сонун тилмеч, адеми аңгемечи, тагын айткан тарыхчы да болгон [Текст] / О.Сооронов // Жаңы Ордо. – 2011. – 18-нояб.

[21]Ибраимов О. Биз билбеген Токтогул [Текст] / О.Ибраимов // Азаттык, 2012. – 25-май.

[22]Ибраимов О. Биз билбеген Токтогул [Текст] / О.Ибраимов // Азаттык, 2012. – 25-май.

[23]Асаналиев К. Адабий айкаш: эскерме баян [Текст] / К.Асаналиев. – Б.: 2013. – 208 – 209-бб.

[24]Сыдыкбеков Т. Эки акын [Текст] / Т.Сыдыкбеков // Советтик адабият жана искусство. – 1940. – ноябрь.

[25]Сыдыкбеков Т. Улуу адамдын элеси [Текст] / Т.Сыдыкбеков // Ала-Тоо. – 1965. – №6. – 6 – 7-бб.

[26]Асаналиев К. Адабий айкаш: эскерме баян [Текст] / К.Асаналиев. – Б.: 2013. – 208 – 209-бб.

[27]Балтин П.И. Кыргыздын советтик адабиятынын классиги [Текст] / П.И.Балтин // Кызыл Кыргызстан. – 1949. – 10 – дек.; Балтин П.И. Токтогулдун «Алымканы» [Текст] / П.И.Балтин // Советтик Кыргызстан. – 1955. – №7. – 74 – 81-бб.

[28]Таштемиров Ж. Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор. Адабий сын макалалар [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: «Кыргызстан», 1975. – 119-б.

[29]Таштемиров Ж. Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор. Адабий сын макалалар [Текст] / Ж.Таштемиров. – Ф.: «Кыргызстан», 1975. – 120-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.