АҢГЕМЕ

Боз түшүп, күн ысык. Шаардын киши толгон көчөсү менен кемселин каруусуна илип, колуна кичине чемодан кармаган жигит ылдамдай басып автостанцияга келди. «Кара-Балта! Кара-Балтага ким барат, бир орун бар!», «Пржевальск», «Рыбачье», «Моголго-Мо- голго!» Бир орун бар Моголго!» деп ары-бери басып таксинин шоферлери үн салышат. Дүрүлдөп каршы-терши өткен машиналар. Кайда көз чаптырбагын, кыймылдаган калайык: бири көйнөк кийип, жылаңбаш жеңил жүрсө, бири түлкү тумакты баса кийип ичикчен, бирлери ала топучан, чапанчан.
Кассанын алдында котолошот.
Жанагы жигит кассага жетип акчасын сунду:
— Моголго бир билет бериңизчи,—- деди ал.
— Кайда?— деди билет сатып жаткан орус аял бери карап. Клеткадагы адам деп ойлоду жигит.
— Моголго,— деп кайталады ал.
Аял акчаны алып, билет берди.
Клеткадагы адам деп ойлоду жигит дагы. Адамдар коому. Ар бир адам өзүнчө бир клеткада. Окошканын ары жагында отуруп нан жеген, тиричилигин өткөргөн адам. Жаратылыштын гүлдестеси. Стадное животное. Венец природы,— деп орусча ойлоду,— Бүткүл жаныбарлар дүйнөсүнүн гүлдестеси. Ушулардын ар биринин өз тарыхы бар. Узун, абдан узун жана жанды титиреткен кызыктуу өз тарыхы бар. Жазылбаган, белгисиз, түбөлүккө купуя кала берүүчү, жокко барабар улуу трагедиялар, комедиялар, драмалар. Ооба, Шекспирдин каламына татыктуу. Ооба, турмуш—Шекспир жаза турган материал. Бирок арким өз ордунда. Бүт бардыгы тартиптештирилген. Шекспирге орун жок. Ооба. Ооба. Себеби Шекспир өлгөн, трагедия жок. Кандай деп башталчу эле? Кана зстечи. Эстесең! Эсиңди тарбияла. Толстой мурда окуган нерсесин унутуп калса, ошол окуган китеби алдында турса да бетин ачып окуп кайра эсине салчу эмес экен, ал окубай, мурун окуганы боюнча эсине түшүрүүгө, эстөөгө атайын тырышчу экен. Эсин ушинтип тарбиялоочу зкен. Сен да эстечи. Эсте. Ооба.
Какими мы были прежде?— дейт окутуучу.— Дурными,— дейт беркилердин бири.—Биздин мурунку ошол жаман жактарыбыз менен кантип күрөшөбүз?— дейт тиги.—Жаңы натура, хе, натура, кандай омонимдер деп ойлоду жигит, анан,—- ооба, жаңы натура жаратыш менен, өзүбүздү-өзүбүз оңоо менен,— дейт беркилердин бири,—Өзүбүздү-өзүбүз кантип оңойбуз?— дейт тиги.— Сүйүүнү керсөтүүгө үйрөнүүбүз менен,— дейт беркилердин бири.— Сүйүү жана сүйүүнү көрсөтүү экөө бир нерсеби?— дейт тиги.
— Жок, экөө бир нерсе эмес…— деп барып үзүлөт. Ооба, так ушундай. Мына ушинтип башыңды иш-жооптор. Бүтүштүн өзү символ! Символ, шайтан албасаң, окуганыңда не пайда? Окуганыңды мээңде кайталап, бекем сактап үйрөн. Окуганыңды унута берсең эчтеме билбеген, окубаган адамдан айырмаң кайсы болот. Да, ушинтип барып бүтөт жанагы суроо, жооптор. Бүтүштүн өзү символ! Символ, шайтан алгыр! Но, мейли, мейли. Ооба. Трагедия жок. Бардыгы сонун. Күн шаары. Бул жерде бардыгы боорукер, кең пейил, бардыгы бактылуу. Анан Шекспир тирилмек беле. Ооба, Шекспир болмок беле, ага ырасында да орун жок. Азыр трагедия жазган Шекспир эмес, Шекспир-трагик эмес, Күн шаарындагы бактылуу турмушту жазган, бактылуу күлүмсүрөгөн, көңүлү жыргалга баткан, Шекспир-бакытты жазуучу керек. Ар ким өз ордунда бактылуу. Бактылуу винтиктер. Бардыгы ыраазы. Вера в победу придет, когда ваши люди будут бояться меня больше, чем врага деп жанагы китептен окуганын дагы эстеди. Мына ушундай, Дуй-дуй в медную трубу, и вера и победа придет несмотря ни на что.
Жигит автобустун токтоочу жеринде бет алдын түз карап ойлуу селдейип турганда: — Ай, Осмон,— деген үн кулагынын түбүнөн чыгып, бирөө колдон алды эле, көрсө бир айылдаш кыз Маана экен. Ал да ушу Кара-Шаарда институтта окуйт.
— Кандай? Саламатсыңбы?—- деди Осмон.
— Айылга баратабыз. Каникулга,— деди кыз.
— Ким бар жаныңда?
—- Жеңем.— Кыз Осмондун көзүнө күлүмсүрөп кызыга карады. Уга элек болуу керек деп ойлоду.
— Жеңем дейсиңби?—деди Осмон.
— Ооба, уккан жок белең?
— Эмне, байкең үйлөнгөнбү?— Маананын шаарда кызматта иштеген, отуздардан эчак өткөн Жунуш деген агасы бар. Айылдагы ата-энелер балдарын аял ал деп сөзгө алганда, албайм дечүүлөрүн «эмесе тиги Жунуштай болуп жүрө бер» — деп жемелешээр эле.
— Кеп болбодубу. Жазында эле,-— Маана канча кылса да уялып кетти. Ал да ошо сөздүн бар айылдаштарга белгилүү экенин биле турган. Анын чийкил сары өңү кызарып, кой көздөрү жашылдана түштү.
— Анан тойду жалгыз эле жеп алдыңарбы? Кайда деги женең?
— Мындай басты. Азыр келет.
— Окуйбу, иштейби?
— Иштейт. Фабрикада.
— Мурда сен шаардан көрүп жүргөн эле кыз бекен?
— Жок.
Моголго баруучу автобус келип токтоду. Жүргүнчүлөр менен бирге тигилер да автобуска түштү. Мааналардын орундары алды жакта экен. Осмон автобустун арт жагына жайланышты. Эл орундарына отуруп калганда арткы эшиктен өңү жылуу учураган, көк жибек жоолугун мойнуна таштап койгон жылаңбаш келин кирип, эки жакты карабай түз эле нары — алдыдагы Маананын жанына барып отурду. Маана Осмон жөнүндө айтты окшойт, келин артка бурулуп бир карап алды. Соня!.. Осмондун денеси дүрүлдөй түштү. Эмне кылыш керек? Автобус жүрдү. Осмон сыр алдырбоого тырышты. Анын эсине жаңы жылдын түнү түштү.
…Керме чоң столду айлана уй мүйүз тарта жайма-жай отурушуп Жаңы жылды тозгондор шатыра-шатман. Бардыгы ала күү. Соня ичке кара муруттуу, чубалган узун жигит менен келген. Кызык, анысы кайда болду экен азыр деп ойлоду Осмон, мен аны ошондон кийин көрө элекмин. Көтөрө албайт экен. Көп ичип, алдырып койгон окшобойбу. Ошо отурушка жаңы келгенде эле бир топ кызуу эмес беле. Ооба. Ооба. Соня анда ошол жигит менен Осмондун ортосунда отурган. Денесине жабышкан чымкый кызыл көйнөкчөн болчу. Көйнөгүнүн төшү менен далысы ачык келип, көкүрөгүнөн этегине чейин бүчүлөмө, алдынан чечме. Чачын төбөсүнө түйгөн. Сүттөй аппак мойну койкоюп, чындыгында сулуулугу талашсыз эле.
Эл бийге турду. Осмон үй ээси Жумабектин келинчеги Анийпа менен бийледи. Осмон менен Жумабек бир райондон. Орто мектепти бирге бүтүрүшкөнден кийин Осмон айылда калып, Жумабек политехникалык институтка өткөн. Андан бери төрт жыл өттү. Осмон университетке быйыл кирди. Жумабек институттун тертүнчү курсунда. Үйдө олтургандар да Жумабек менен бирге окугандар. Осмон жолдошунун үйүнө көп келе турган. Ошондон улам бу бийлеп жүргөндөрдүн бир канчасын мурунтан эле жакшы тааныйт. Бирок Соняны биринчи жолу ушул отурушта көрдү. Тигине, бийлеп жаткандардын арасынан аны дагы жанагыдай жетелеп, коңшу бөлмөгө Марс кирип кетти.
— Соняны мурунтан тааныйсыңбы?— деп сурады Осмон Анийпадан бийлеп жүрүшүп.
— Жок. Кайдан окуурун да билбейм. Менин оюмча окуса керек бир жерден.
— А тиги Марсты Жумабек анча сүйө берчү эмес эле го. Аны кандайча чакырып калды экен.
— Кечээ ал Жумабекке; бир кыз таптым, Жаңы жылга карата үйүңө чакырбайсыңбы дептир. Анан уят да, кой деш.
Бий бүтүп, эл кайра отурган учурда Марс менен Соня аркы бөлмөдөн чыгышты.
— Оой, Марс, так ни хорошо, биз бийлебей калбадыкпы,— деди ал Марска кынала басып,—здесь страшно жарко болуп кетти, болбосо бийлейт элек.
Марстын көзү сүзүлүп, өзү чаалыгып, үлдүрөп араң турат.
— Давай, азыр бийлейбиз,— деди ал жанашкан Соняны эки колдоп белинен өзүнө кыса бекем кучактап,—Ай, пластинка койгулачы,— деп беркилерге мойнун буруп буйруп койду.
— Ой, жаңы көрүшсөңөр да отурсаңарчы,—- деп Анийпа тамашалап күлдү да, барып радиолага пластинка койду. Соня менен Марс бири-бирине бекем жанашып алып бийлей баштады. Ал экөөнөн башкалар беритеде столду тегеректеп олтуруп алышып, бирин-бири укса угуп, укпаса укпай бакылдашып, оюн-күлкү улана берди. Пластинка бүткөндөн кийин Соня менен Марс келип эл катарынан орун алышты.
— Бизден артта калдыңар,—- деди Осмон жаңыдан келип олтурган Соняга,—- биз бирден көтөрүп койдук. Ал столдогу мелт-калт рюмка винону алып кызга сунду.
— Ой правда, деги биз бардыгынан тең артта калып жатабыз. Кел, Марс, ичели,— деди Соня жигитине карап.
— Иче бер, иче бер,— деп койду тиги кербездене.
— Анда жалгыз ичпейм мен.
— Ну давай тогда,— Марс рюмкасын маңдайына чейин көтөрүп, анан оозуна көңтөрө салып олтурган жеринде чөгүп калды. Тең көтөрөбүз деп ойлогон Соня рюмкасын алууга да үлгүргөн жок. Ал рюмканы ичке мойнунан тегеретип турду да, анан Осмонго бурулду:
— Кел, көтөрөлү.
— Эмненин урматына?
— Ну, мало ли… же сөзсүз эле бир нерсе үчүн көтөрүү керекпи? Жөн эле ичебиз,— ал рюмкасын оозуна алып келип ичпей туруп, Осмонго жылмая карады.
— Кеттикпи?
— Болуптур.
Экөө кагыштырып ичишти. Закускалашкандан ки йин:
— Эмнеге олтурабыз, кел бийлейли,—- деди Соня.
— Жүрүңүз.
Осмон барып пластинканы койду. Башкалар да бийге турганда, столдун жанында калган Марс орундуктардын бирине урунуп, бирине жөлөнүп, аркы бурчтагы диванга жетип, шылкыя олтурду. Башы бир жак ийнине ооп, көзү жумулду.
— Сиздин кызыңыз жокпу?— деди Соня бийлеп жүрүп жылмая.
— Жок.
— Эмне үчүн? Шаарда толуп жүрбөйбү.
— Ал талашсыз.
— Анан эмнеге карап турасыз?
— Билбейм. Өзү келеби дейм да,— деп Осмон күлгөн болду.
Соня катуу күлдү:
— Сиз али баласыз го.
— Кечирип коюңуз.
— Жаңылбасам сиз өзүңүздүн принцессаңызды издеп жүрөсүз бейм.
— Мүмкүн.
— Анда сиз кызык экенсиз. Эгерде уккуңуз келсе, бир жанды түбөлүк сүйүү деген… Это скушно. Это надоедает. Муну туура эмес дегендер,— кыз сөз издеп келды да, анан күлүп,— сөөдүрөптүр,— деди,—адам жашоону гана түбөлүккө сүйө алат. Ал эми бир жанды эле сүйүү үчүн өмүр өтө узундук кылат. Ошондуктан адамды сүйүү — адамда ар дайым алмашылып турат. Илгери биздин ата-бабаларыбыз кудайды чыгарып алгандай, эл моралды өздөрү ойлоп чыгарып алып, өзүлөрү анын туткунунда калышты. Эми ошол моралды жаратылыш закону сыяктуу кармагандар өз аялдары же күйөөлөрү менен түбөлүктүү жүрүп өтүшсө да, бир учурларда экөөнүн тең көздөрү башка аял, башка эркекти көрүп күйөт. Бул талашсыз. Бул эч убакта калбай турган турмуш чындыгы.
— Кантип ошондой болсун,— деди Осмон ага каршы өзү билгендердин кайсынысын айтаарын билбей.
Соня Осмонду карап оозун аңырдай ачып күлдү.
Тиштери сонун экен деп ойлоду Осмон, анын шурудай тизилген акактай аппак таза тиштерин көрүп.
— А между прочим, каштарыңыз кандай кара,— деп айтты Соня күлкүсүн жыйып, назданган көздөрүн Осмонго кадап.
— Ошентип, сиз сүйүүгө ишенбейм деңизчи.
— Ну… минтип айтуу осолдук. Ошентсе да сүйүү Пушкин айткандай: миллолетное видение, конечно, бу мааниде айтпайт Пушкин, бирок бул салыштыруу ушу биз сөз кылган темага да туура. Сиз муну түшүнүшүңүз үчүн дагы жашашыңыз керек,— ал мыскылдуу жылмайды.
— Ошондойбу?
Соня бул темада сүйлөшүүдөн тажап кетти. Ал унчуккан жок.
— Мен сиздин кашыңызга ашык болуп калдым,— деди Соня.
— Ушунчалыкпы?
— Да-а,— ал жылмайды,-— мындай кашты көрүнгөндөн эле учуратууга болбойт. Кармалап көргүм келип турат.
Музыка бүтүп калды. Алар кайра олтуруп ичишти. Эч ким менен бийлебей радиоланын жанындагы диванда олтурган Марс уктап калыптыр. Саат төрт ченде эл кетүүгө баш урушту, Сонянын, Жумабектин ойготууга кылган аракеттерин Марс сезип да койбоду. Аны кыйнабай эле ушул үйгө калсын. Соняны сен жеткирип кой деп кызды Осмонго Жумабек менен Анийпа тапшырып калышты. Эмне дээрин билбей Соняны караган Осмон тигинин жылмайып карап турганын көрдү да, жеткирсе жеткирейин деп күңк этти. Короодон узатып чыккан Анийпа менен Жумабек коштошуп кала бергенде, эки-экиден болуп ар ким ар кай жагына жөнөдү.
Түн жарык, кыш кычырап аяз эле. Эки-үч кабат үйлөрдүн жарык терезелеринин ары жагынан бака-шака түшкөн үндөр, музыка угулат. Көчөде төрт-бештен топтошуп, бирин-бири узатып жүрүшкөн көп кишилер. Алардын бирөөлөрү ырдашат, бирөөлөрү сүйлөшөт. Соня менен Осмондун каршысында колтукташып төртөө катар келе жатышты. Ыргала баскан алардын ар кимиси ар башкача озондошот. Экөө аял, экөө эркек. Болжолдо Жаңы жылды бир жерде тосушуп, эми кайтып келе жатышкандар.
— Перед тобой я всю тайну открою,— деп жанындагылардан ашыра, күч менен кыйкырып алды, тиги эки эркектин узун бойлуусу. Бириникин-бири укпай кыйкырышкан алар Осмон менен Сонянын тушуна келгенде, жанагы узун:
— Эй, у тебя… простите, у вас есть курить? — деп колун жанындагы аялдын колтугунан албай кетенчиктеп тура калды. Осмон тамеки тартпайм деп жооп берди эле, тиги мас бирдеме деп булдурап жөнөй берип:
— Ай красавица черноокая,— деп созду.
Берки экөө арылап бара беришти. Кокустан Соня Осмондун ийнине башын жөлөдү.
Осмон анын жумулган көзүн, күлүмсүрөп магдыраган жүзүн карады. Кыз мыскылдуу күлдү!
Жигит, деди анан ал оюнда, сыпайкерчилик… Хи- хи! Сыпайкер! Сонун адам экенсиң го, ал башын көтөрүп коюуланган көзүн Осмонго кадап, эх, жигит! Эмнени күтөсүң, тазалыктан эмнени табасың. Мына азыр экөөбүз бир бара жатабыз. А эртеңчи? Билесиңби эртең эмне болорун сен көр, мен көр жок болобуз. Ах! Жизнь так коротка, так быстротечна!
Колтугундагы Осмондун чыканагын бооруна кысып, үшүгөн жанча ага ыктай берди.
— Биз жеттик. Идемте ко мне.
Осмон эки жагын карады. Көчөнүн эки тарабы тең бир кабаттуу менчик үйлөр экен.
— Соня…
— Барасың, жатаканаңа барасың,-— анан жанагы жылмаюусу дале ак жүзүнөн кетпеди,— мени байлап алат деп турасыңбы. Коркпо.
Осмон ардана түштү.
— Коркконум жок.
— И-и, ошондой; эркек болсоң.
Осмондун ачуусу келди. Алар элден мурун тактай менен курчалган кичине короого киришти. Соня чөнтөгүнөн ачкычты алып эшик ачты. Сырткы бөлмөдөн өтүп, төркүсүнө келгенде жууркан-төшөктүү төрт-беш кровать бар экен. Чоң-чоң эки терезе. Терезенин алды ар түрдүү косметикалык буюмдарга толгон, бир чоң күзгү тамдын боорунда илинип турат.
— Уу-х, башым айланып турат,— деди Соня жанындагы кроватка отуруп, чеч пальтоңду.— Осмон кийим илгичке пальтосун чечип илди.
— Ошентип сөөлжан калды,- деди Соня.
Марсты айтып жатат деп ойлоду Осмон.
— Билесиңби, мен сени жактырып калдым,—деди анан Соня. Осмондун мойнуна колун артып, жанаша отурду.
— А, Марсчы?
— Эмне, Марс?
— Марсты сүйбөйсүңбү?
— Сүйсөм тургузуп апкелбейт белем. Бирок каалаган жокмун. И все.
Соня күч менен ха-халап катуу күлдү да, колун тигинин мойнунан алып кроватка сунала жатты.
— Мени чечинтчи, көп ичип коюптурмун,— деди ал,- кыймылдай албай турам.
Осмон турду да, кыздын пальтосунун көкүрөгүн чечти. Кыз өзүнүн сулуулугун жакшылап карасын дегениби, көзүн жуумп жата берди. Анын жумшак кызыл жүн жемперинен баш айлантып, көңүлдү эскен, эңсеткен, жыргал чачкан жагымдуу жылуу жыт Осмонду мээге урду. Жемпердин көкүрөгүн тиреп, жогору тикийген кош эмчеги дем алган сайын өйдө көтөрүлөт. Осмон кыздын жүзүнө карай албады. Коркту. Колун майда калтырак басты. Ал эмне үчүндүр өзүн күнөөлүүдөй сезди. Кайдан-жайдан келген ошол сокур, дүлөй, жапайы күчү бар ошол сезими менен каршылашып жатып, кызды бир жагына оодарып, пальтону анын астынан алайын дегенде, ушу убакты күтүп тургансып мойнунан бекем алган тигинин кучагында калды. Кыз Осмондун башын өзүнө, өзүнүн бетине тартты. Жигиттин башы тартылып барып, оозу тигинин ак жүзүнө тийгенде ал өзү күтпөгөн жерден тигинин ак жүзүнөн акырын, уурдап өөп алды. Өзүнөн да уурдап өптү. Соня баятан жумулган көзүн ачып, Осмонго бакырая карап, ачык жылмайды. Анын бул жылмайышы Осмон үчүн бетке муштагандай болду. Бул жылмаюу анын айыбын чукуганы, анын уурусун кармап алганы эле. Уят, ыза аралашкан сезим менен ал жулкунуп, Сонянын кучагынан чыкты. Дагы эле жылмайып, ордунда толукшуп, жайнап жаткан Соняны ал теше карады. Анан Сонянын үстүнө ачуулуу, урган таштай катуу жыгылып, аны мыжыга кучактап, анын эрдинен катуу, карыша соруп жатып калды. Ошо бойдон кайрылып барбады, ошо бойдон көрбөдү. Андан бери кыш өттү. Жаз өттү.
Келин жол бою тынч отура алган жок. Улам эле отурган ордунда оңдоло берди.
— Эмне болду сага, жеңе?— деди Маана бейкапар сурап.
— Отурган жеримде шиш бар окшойт,—- деп шыбырады Соня анын кулагына.
— Э, койчу, жеңе,— деди Маана уялып кетип.
Үч саат чамалап жүргөндө автобус алардын айлынын тушуна келди. Осмондор түшүп калышты. Күн дагы эле кайнап турат. Буудайдын арасындагы жалгыз аяк жол тиги айылга алпарат. Соня мойнундагы жоолугун эми башына сүлкүлдөтө салынып алды.
— Жеңе, таанышып кой,— деп Маана Осмонду керсөттү. Соня ага колун сунду.
— Суйсал, — анын баягы мыскылдуу күлүмсүрөшү жүзүндө турду. Ошол, баягы түнкү Сонянын күтүлбөгөн жерден ха-халап укмуштай катуу чыккан күлкүсү кулагына дагы угулду. Бүткөн боюнан тер чыгып кетти. Уялды.
Алар төтө жол менен чубаша жөнөштү, Маана алдыда. Осмон «жеңенин» артында баратты. Бир маалда Соня колундагы таттуу-маттуу салган тор баштыгын жерге коюп, туфлийин кармалап токтоп калды. Анын токтоп калганын билбеген алдыдагы Маана баса берди. Сонянын басышын күтүп Осмон анын артында турду.
— Осмон, — деди эңкейип ботинкасын кармаламыш болуп жаткан Соня,— сен эркектирсиң. Болгон иштер оозуңан чыкпас.
Ал ылдый болуп турган бойдон Осмонду карады. Анын ак саргыл жүзү албырып чыгыптыр.
— Ишене бер. Ал эчак эле унутулган,— деди Осмон сүйлөшүп жатканын Маана шекшип калат деп коркуп.— Э-эй, Маана! Апаңдын мамасын сагынып калгансың го! Бери кел, жеңеңдин туфлийинин боосу үзүлүп калды, — деди кайдан-жайдан оозуна келе түшкөн сөздү айтып. Соня Осмондун сөзүн эле күтүп тургансып, кармалап турган туфлийинин боосун күч менен тартып үзүп алды. Эчтекени сезбеген Маака келди да, өзүнүн туфлийин жеңесине кийгизип, өзү аныкын кийди.
— Ой, жеңе! Өз үйүңө баратсаң жеткиче кандай шашаар элең. Канча кылса да апамды апаңдай көрбөйсүң го,—-деди Маана жөнөй берип,- батыраак баскылачы деги.
Күнгө ишемби болучу. Айылдын клубуна кино келип калыптыр. Кечки тамактан кийин Осмон киного барды. Мектепте бирге окуган, кийин айылда иштеп калышкан Сарман жана башка балдар менен учурашып, клубда Осмон алар менен олтурса, Маана, Соня жана семизинен узун-туурасы бирдей, кара-көк тарткан кайненеси болуп киного келишиптир. Кызыл жибек жоолукту сүлкүлдөтө салынган Суйсал башын деги бир жогору көтөрсөчү. Турган кишилер:
— Тигиндей өткүлө, тиги жерде орун бар,— дешип Осмон курактуу жаштар олтурган жакты керсөтө беришти.
— Апий ботом, а жерде сомодой-сомодой болгон бойдоктор олтурса, ошол жерге барып отургула дейсиңер да!—деп чамынды оозунан шилекейин бүркүп кайненеси,- кокуй менин келиним эркектердин жанына жолобойт. Быякка эле олтурабыз,— деп элди жөөлөп, келин, кызын ээрчитип кемпирлердин арасына кирди.
О, сүлкүлдөгөн сулуу келинчек, «жеңе» деп ойлоду Осмон, башын көтөрүп койбой уялчаагын чиркиндин.
Сарман кабыргага түртүп:
—- Сен тиги келинчекти тааныйсыңбы, шаарда иштейт дейт ко, мүмкүн көргөндүрсүң?—деди Осмонго.
— Тааныбайм. Биринчи көрүп турушум,-— деп айтты Осмон.
Ушу сөз менен кошо ал өзү да ошол «заговордо» бар экендигин сезди. Кутулууга болобу бу «заговордон» деп ойлоду ал. Кутулууга болобу?
Эмне үчүн ошол Соня—ушул Суйсал ошондой болду? Мен күнөөлүүмүнбү? Мен, мен. Мен, мага окшогондор. О шайтан, эми агарабы?! Жунуш агарта алабы? Күчү, көңүл байлыгы жетеби? Ишенгим келет. Өзү да чарчаган болуу керек жалгыз жүрүп, жалгыздык жанына баткан болуу керек. И вера и победа придет. Ооба, ишенүү да, көңүлдүн агаруусу да келет. Ишенем. Ишенем көңүлгө. Адам жаратылыштын гүлдестеси экенине ишенем. Адамдын тазарышына, агарышына ишенем. Ишенген дурус. Караманча карантүн калгыча ишенген дурус.
1960.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.