«Бешик ыры» республикалык сынагы салтанаттуу коштоо менен жыйынтыкталат

2018-жылдын 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын чоӊ залында «Бешик ыры» республикалык сынагын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Башталышы саат 15.00 Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн. Ырларды композитор Муратбек Бегалиев башында турган калыстар тобу дыкаттык менен кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан. «Бешик ыры» республикалык сынагы «Р.Отунбаева демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Улуттук консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурулган. Азыркы учурда «Р.Отунбава демилгеси» […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Банкрот жана «бактылуу аял»

АҢГЕМЕ Кум аралаштырып, суу чачып жүн алган күндөрүмдү, таразага магнит чаптап кардар алдаган күндөрүмдү эстедим. Кудайды эстедим. Кудай мени жазалаганын билдим. Кыяматтын сурак таразасын ойлодум. Бармагымды эмес, тишим жетсе чыканагымды тиштегим келди. Далдырап, чек арада жүрдүм. Айырмасы чоң болгон үчүн уйгурларга барып “баасын көтөрүп койгулачы” деп жалдырап сурандым. Өз элимди алдап келип өзгөгө алданганыма ардандым. Арзан мейманканада кирдеген шейшепти көз жашым менен жуудум. Далдырап басып жүрдүм… Күнүгө кампага барам. Укканым баягы эле жооп. Айлам кеткенде алардын айтканына көндүм. Тери, жүндөр […]

Рудаки: Жүзүң ачсаң, эки бетиң— жанган от, \ Жүзүн катат булутка Күн арга жок

Абу Абдаллах Жафар Рудаки (860-941) – классикалык парсы поэзиясынын анабашы. Мезгилинде Бухарадагы Саманиддер аксарайында акындар тобун жетектеп, соңку муунга ардактуу устат атыгып, касиеттүү жан катары кадыр-барк күткөн. Карылыкка моюндап калганда бийлик төбөлдөрүнүн каарына кабылып, (имишке ишенсек: көзү оюлуп) аксарайдан куулат да, өзү туулуп-өскөн Панжрудак айлында өлбөстүн күнүн көрүп, жакырдыкта көз жумат. Анын божомолдуу бейити азыр заңгыраган кумбөзгө айланган. Акын өмурундө 130 миң же андан он эсе көп бейт (кош сап) жазган деген жоромолдор: бар, бизге жеткени эки миңдей гана сап, […]

ГИППОКРАТ: Карылар жаштарга караганда аз ооруйт, бирок карылардын оорусу көрдү карай сүйрөйт

Франческо ГВИЧЧАРДИНИ (1483-1540), Италия тарыхчысы жана философ Адам деген турмуштун тоскоолдуктарына гана эмес, бактылуу ийгиликтерине да туруштук бериши керек. * * * Милдетиңди аткарууда бирөөнө жакпай калам же өзүмө душман жаратып алам деп кооптонбо. Милдетиңди так аткарганың, сага аброй апкелет. Кийин ошол аброюңдун далдасында калган душмандарыңдын сага тарттырган зыяндары түккө турбайт. ♦ ♦ ♦ Георг Вильгельм Фридрих ГЕГЕЛЬ (1770-1831), немис философу  Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келет! ♦ ♦ ♦ Алекстандр Иванович ГЕРЦЕН, (1812-1870), […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Жоробек

Я сомневаюсъ в явном, верю чуду. Нагой, как червь, пышнее всех господ. Я всеми принят, изгнан отовсюду. Франсуа Вийон Минтип айтса Жокеге жарашмак. Кайран Жоке, айраң Жокеге жарашмак. Кудум автопортрети. Өзү да Вийонду элестетчү. Ырлары да Вийонго окшош эле. Жазуучулар жыйынын Жоробексиз — Жоробек Султаналиевсиз табуу, элестетүү мүмкүн эместей сезилчү. Трибунага атып чыкчу. Сөз бербесе да атып чыкчу. Жыйынды Сыдыкбеков башкарып атабы, Айтматов башкарып атабы — ага кепеки эле. Жыйынга Усубалиев катышып атабы, Мураталиев катышып атабы — анүчүн кеп эмес […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: СЕКСинчи мартың менен кемпир ии…ыык…

— Алтышкам го, алтышкам ии…ыкк… Ушу сен үчүнчү, сенин мобу майрамың үчүнчү ии…ыык, аянган жокмун да эй ии…ыык… Мына бул гүлдөрдүчү… өзүң үчүн гана депчи… тээтигинден бери ии…ыык апкелдим да! Куттуктайм!.. Эмне үчүн экөө эле? Ии… хи-хи-хи жаначы ии… хи-хи-хи… Өлгөн жоксуң күчүгүм, өлгөн жоксуң, бүгүн кечке ии…ыык сенин ден соолугуң  үчүн тост айтсам каяктан өлөсүң? Айлык?..  Аа алдым, алдым кемпир, ии…ыык… Ээ хи-хи-хи… Мен, Алмас, Арзымат, Жыргал болуп, айлык алып чыксакле алар тараган атышпайбы… ии…ыкк. Мен айттым: — Жарравайт! […]