Я сомневаюсъ в явном, верю чуду.
Нагой, как червь, пышнее всех господ.
Я всеми принят, изгнан отовсюду.
Франсуа Вийон

Минтип айтса Жокеге жарашмак. Кайран Жоке, айраң Жокеге жарашмак. Кудум автопортрети. Өзү да Вийонду элестетчү. Ырлары да Вийонго окшош эле. Жазуучулар жыйынын Жоробексиз — Жоробек Султаналиевсиз табуу, элестетүү мүмкүн эместей сезилчү. Трибунага атып чыкчу. Сөз бербесе да атып чыкчу. Жыйынды Сыдыкбеков башкарып атабы, Айтматов башкарып атабы — ага кепеки эле. Жыйынга Усубалиев катышып атабы, Мураталиев катышып атабы — анүчүн кеп эмес болчу. Атып чыкчу. «А» деп ооз ачканда, «ү» деп үн чыгарганда эле ыр менен баштачу. Эмдигиче эсимде, кулагымда, көзүмдө турат.

Ар иш менен болбойт биздин ишибиз,
Анткени биз кичинекей кишибиз.
Акыйкатты алдап жатса кээ бирөө,
Аргасыздан күйүп кетет ичибиз.

Чоң иш менен болбойт биздин ишибиз,
Анткени биз кичинекей кишибиз.
Бирок кээде чындык күйүп жатканда,
Чыдай албай күйүп кетет ичибиз.

Окшош бекен. Вийонго дегеним. Анан кетер эле, жамгырдай төгүп, шамалдай сабап. Кайсы бир жыйындан соң Салижан Жигитов агай мага айтты: «Жоробек өлгөндөн бери жазуучулардын чогулушу өңсүз-түссүз болуп калды».

Ошондой экендигин баары эле билет. Көзү тирүү жазуучулар. Бирок айтпайт. Кайран Жоке, айраң Жоке, абадай жеңил, суудай шар Жоке, ошентип унутулду. Өткөн жылдын карындай унутулду. Адамдардын эсине жара чыкты. Адабияттын эсине жара чыкты. Ушундай экен. Артыңда алдуу, белдүү, малдуу бирөөң болбосо ушундай экен. Эсте калар эки ооз сөзү жокторго эстелик тургузуп атышпайбы.

Мен билгени үч китеби бар эле. «Бүчүр» — ыр жыйнак. «Учкул сөздөрүнүн» үчтөн бири сатылалекте Борбордук Комитет боорго тепкен. Магазинден жыйнап жок кылдырган. Жокенин жоор чукуган, кудум паспорт сыяктуу маңдайга матап, көзгө сайган учкул сөз, метафора, аллегориясынан кыргыз төбөлдөрү өзүн таанып койгон. «Мартин Иденди» жанындай көрөр эле. Жаш кезинен эле которуптур. Бирок чыгарталбады. Адабият чиновниктери жол бербеди. Көзү өткөндөн кийин чыкты дешти, мен көргөн жокмун.

Ошентип китептери унчукпады. Анын үстүнө аз жазып, көп ичкенди жактырчу. Бул жаатынан экөөбүздү байланыштырган ошол касиетпи деп ойлосо да болот. Анан экөөбүздүн арыктыгыбыз болчу. «Алыке, — дечү ал. Жашым андан алдаканча кичүү болсо да, «Алыке» дечү, анын үстүнө колго тыйын тийсе эле вино алып берип атсам, «Алыке» дебегенде эмне дейт. — Алыке, — дейт, — экөөбүз гана генийбиз, анткени экөөбүз арыкпыз, а жанагы челкейген семиздер мээси курсагына куюлуп кеткендер, — дейт. — Алар байлык менен бийликке кызмат кылат, экөөбүз поэзия менен чындыкка кызмат кылабыз дейт. Ошонүчүн экөөбүз эки редакциянын куйругу болуп жүрөбүз» дейт.

Куйругу экенибиз ырас. Ал «Кыргыз стан маданиятында» подчитчик. Мен «Ленинчил жашта» подчитчик. Корректорлор окуп атканда түпнуска карап турчубуз. Бирок кеп анда деле эмес го. Поэзия менен виного болгон сүйүү жашыбыздын айырмасы арбындыгын уруп ойнотпой, жаныбызды курдаш кылган сыяктанат. Ал экөөнүн анты ушундай: падышасыңбы, башкасыңбы, томояксыңбы, шораяксыңбы — ылгабайт.

Ошентип китептери унчукпады. Анын үстүнө күчүнүн көбүн винодон башка да оозеки чыгармачылыкка жумшап жиберди сыяктанат. «Жоробек минтиптир, Жоробек тигинтиптир» деген уу-дуу көп чыкчу. Мен «университетте» жүргөндө маркум Аман Токтогулов кээде .кат жазып калар эле: «Алымбай бала байбача (мени ушинтип койчу), сенин акыбалыңды билип турам, быяктын акыбалын сен деле беш колдой билесиң, андан көрө Жоробектин акыркы жоруктарынан айтып берейин».

Кайран Жокең, айран Жокеңди ошентип Аман жакшы билчү, ал унчукпай кетти. Салижан жакшы билчү, бул унчукпай кетти. Ыраке — Рамис Рыскулов экөө ысык болчу. Жолуккан жерде бала короздой канаттарын каккылап, чокуша кетчү, айтыша кетчү. Экөө тең мен жеңдим деп тарар эле. Бирок Жокең Рамистен сөзгө бир жыгылганын айлап-жылдап айтып жүрдү. Рамис жыл сайын ооруканага жатат. Психбольницага. Жоробек Рамиске барбайбы, эптеп бир бөтөлкө кефир, бир булочка таап алып. «Ии, Рамис, жакшы болуп калдыңбы, качан чыга тургансың?» дейт. «Мен го жакында чыгам, өзүң качан келе тургансың?» дейт имиш Рамис. «Ой, энеңди урайын, мунуң калп жинди экен» деп каткырып калар эле. Ошол Ыракең унчугалек. Жоробек өлгөндө бейит башында ыр окуду дейт: «Кыйын экен генийлик, жетим калып балдарың!» деп.

Туке — Турар Кожомбердиев сөзгө анчалык жок эле, бирок Жоробек дегенде негедир эргип, элирип кетчү. Өзү да кошуп жиберчү сыяктанат. Бир тобубузга мобул окуяны ушунчалык толкуп-ташып айтып бергени эсимде.

— Жазуучулардын кайсы бир чогулушу өтүп атат,- дейт. Чернышевкада. Жазуучулардын өзүнүкү жок, ошондуктан жыйындарын китепкана залында өткөрөт. — Ошентип Жокеңе сөз жетти дейт. «Жолдоштор, — деди дейт Жокең,- Аалыкеге ырдап барсам, эски батинкесин берген, кол чаап койгула, жолдоштор!» Андайды күтпөгөн жазуучулар жабалактап кол чаап, кыраан-каткы күлүп калды дейт. Түкөмө барсам, тигинисин берген, кол чаап койгула, Маликовго барсам, мунусун берген, кол чаап койгула деген сайын зал ыкшып жыгылат дейт. Жыйынды Чыңгыз Айтматов жетектеп аткан, а киши да карсылдап атыр дейт. «Өгүнү Муса Жангазиевге мактап ыр жазып барсам, көзүнө карабай 170 сомдук жаңы пальто жапты, жолдоштор, кол чаап койгула!» Кол чаап атабыз дейт. «Өзүңөр билесиңер — деди дейт, андан нары Жокең. — Чыкемдин тоюна 300 куплет ыр жазып баргам» дегенде эле ыкшып аткан Чыке томсоро түшүп: «Ой, Жоробек, эми токтот да, андан маанилүү маселелер талкууланып атпайбы бу жерде», — деди дейт кабагын чытып. «Чыке, Чыке, ушуну эле айтып алып токтотоюн, — деп чымылдап ийди дейт Жокең. — Ошентип Чыке мага костюм-шым кийгизген. Үйгө барып шымын кийип көрсөм, бели башымдан ашып кетти. «Тюльпанга» (ошо кездеги атактуу ателье — А.Т.) берсем бузуп салышыптыр, төлөгүлө десем, 70 сом берип, шымды алып калышты, кол чаап койгула, жолдоштор! — деп түшүп кетти дейт. Кол чаап калдык, Айтматов чогулушту андан ары улантып кетти дейт.

Мусаке 170 сомдук жаңы пальтосун берерин бериптир. 170 сом агезде аябагандай чоң акча. Андай баадагы пальто да өтө адеми. Жоробек кеткенден кийин Мусакенин аялы наалыган го кыязы: ырдап келди деп эле 170 сомдук пальтоңду кармата бергидей байманаң ташып атабы?» маанисинде. Мусакең Жоробекке жолугуп: «Жоробек, жеңең урушуп атат, 170 сомдун жок дегенде жарымын төлө» дептир. Жокең шарт эле айтты дейт: «Макул, Мусаке, төлөйм!»

Жоробекте анча акча кайда? Китебин басма, ырларын гезит-журнал чыгарбаса. 70 сом айлык алса. Бала-бакырасына жетеби, ичкен виносуна жетеби?

Мезгил өтө берет. Мусаке жолуккан сайын: «Эй, Жоробек!» деп эки муштумун түйүп, бири-бирине ургулап коет экен. «Билем, билем, Мусаке!» деп Жокең абадай жеңил, суудай шардыгынан жаспайт.

Жазуучулар союзунун фойесинде шахмат ойноп аттык эле дейт Тукең. Жоон топ жазуучу, арасында Жоробек да бар. Мусакең анда жазуучулар союзунун секретары. Кабинетинен чыгып, Жоробекти көрө коюп: «Эй, Жоробек!» деп, адатынча эки муштумун түйүп бири-бирине ургулап койду дейт. Анда Жоробек: «Билем, билем, Мусаке, өгүнү чогулушта 170 сомдук пальто берди деп койбодумбу, эми бир чогулуш болсун, жарымын алган атат деп жарыялап, анан төлөйүн» дептир. Мусакең чочуп кетти дейт. «Кокуй, айланайын, Жоробек, жарыялабай да кой, төлөбөй да кой, андан көрөкчө мобуну алып, вино ич!» деп акча сунуптур.

Жоробектин чогулушта кол чаптырып атканы Мусакеден кутулуунун амалы экен.

Жоробек досунун жоруктарын Манастай айткан Турар өттү дүйнөдөн. Бирин кагазга түшүргөн жок.

Анан ким түшүрөт? Чыңгыз Айтматов түшүрөбү?

Айтматов дегеним, ал экөө тууралуу аңыз айтса түгөнчү эмес. Кайсынысы чын, кайсынысы калп — бир жел билчү, бир жел желип өткөн кокту билчү. Жокең өзү дагы Айтматов дегенде бир коктунун желиндей сызып жөнөр эле. Чыңгыз дегенде кулундай чыңырып, жер тепкилеп ийчү. Анда Чыкеңдин атагы жер жарып бараткан чак. «Ой, ал Таластын суусунун аягын ичкен, башын ичкен мына, мени айтпайсыңарбы» деп чепилдеп жиберчү. Айтса, айталы.

Бир күнү келиптир. Келиптир дегеним, башында айтпадымбы; экөөбүз эки редакциянын куйругубуз. Гезит чыгып атканда корректорго түпнуска карап турчубуз. Анан анекдот чыгарып, вино ичкен ырчыбыз. Гезит БК басмаканасында чыгат. Басмакана «Соң-Көл» кафесинин түбүндө. Азыркы аты бар, заты жок «Ала-Тоо» басмаканасы. Гезит чыккан күнү күнгө келип, түнгө калмай. Ошол гезит чыгып аткан күнү келиптир. Ишке келет да. Аман Токтогулов «Кыргызстан маданиятынан» дүжүр экен. Экөөбүз экинчи кабаттагы терезенин түбүндө сүйлөшүп турдук эле. Жокең экинчи кабат фойесинин эшигин ачып кирип келди. Шамалдай шарт ачып кирди. Колунда китеби бар. «Өлдү, өлдү, Чыкең өлдү! — деди кеп-сөзгө келбей. — Тамырынан кыркып атам». «Эмне болуп кетти, Жоке?» — дедик. «Мына, карабайсыңарбы? — деп китепти шамалдай барактайт. — Айтматовдун бирооз сөзү жок, Сократтан кийин эле Султаналиев турат, мына карагылачы» — дейт.

Карасак, Казакстандан учкул сөз, афоризмдерден куралган китеп чыгыптыр. Казак тилинде. Айтматовдон берилбептир. Жокенин 3-4 учкул сөзү бар экен. Сократтан кийин дегени алфавит боюнча Султаналиев келет да. «Анда жуубайсыңбы!» — деди Аман. Антип шыр айтканы Жоробекте кайдагы тыйын сыягындагы тымызын шылдың. Жок, Жоробекте бар экен. Кайып-каскагынан ошол күнү чөнтөгүнө карга чычып калыптыр.

«Жууйм, жүргүлө» — деди. Жөнөдүк. Басмакананын биринчи кабаттагы эбегейсиз узун, кууш коридорунда Жокең алдыда бизди карап, колдорун кудум дирижердей тынымсыз шилтеп бакылдап баратыр. Айтматовду аңга түртүп, өзүн өргө сүйрөп атыр.

Эсимде. Кыш болчу. Көз байланып бараткан. Айтматов басмаканага катарлаш үйдө, китеп магазининин үстүнө жашачу. Башкасы эсимде жок, колунда көтөргөн чакан, жука портфель эсимде. Жоке басмакананын биртоп эле бийик крыльцосунан кантип учуп түшкөнүн байкабай калдык. Көрүп көздү жумгуча Жокең «атсалоомалейкум Чыке!» деп Чыкенин алдында кудум ийиктей чимирилип турат. Биз крыльцонун «Соң-Көл» тараптагы тепкичинен түшүп, ары узап карап турдук: 3-4 мүнөттөй сүйлөштү, негизинен Жокең сүйлөдү Чыкеңдин колун кое бербей. Тынымсыз силкилдеткенине караганда Чыкени чыңырта мактады. Келгенде эле Аман: «Эй, Жоробек, эми эле айтып атпадың беле, Айтматовду тамырынан кыркып жок кылып атам деп, азыр өзүң аз жерден жок болуп кете жаздадың го? » — деп карсылдап күлдү. Анда Жокең: «Ой, Аман, сен билбейсиң да, — дейт. — Халтурщиктерди ушинтип мактап атып өлтүрүш керек». «Түй, ата, буга сөз жок экен, кой, алчуңду алып бер», — деди Аман.

Айтматов дегенде Жокенин айлан-көчөк атып кеткени, ага байланыштуу аркандай таасын сөз, таамай тамашаларды издебей тапканда да мурдум андай эле, эрдим мындай эле деп даттангыс, актангыс кылып тапканы, өзүн ойрон, Айтматовду кайран санагандыктан эмес, Маяковскийдин тили менен айтканда, Мария Ивановнанын эрин коюп, Коперник менен эрегиш принциби экендигин эс-акылы ордунда киши байкайт. Ошон үчүн Жоробектин андай жоруктары эрөөн-терөөн көрүнчү эмес. Чыке да эрөөн-терөөн көрчү эмес го. Ошон үчүн аны достору Айтматовго каршы атайын кайрап, бүлөп турчу. Аны Жокең да аңдачу. Ошон үчүн аңыз кептин дүркүрөгөн симфониясын дүйнөгө угузчу.

«Айтматовго бардым, — дейт, — биринчи квартиранын звоногун бастым» — дейт, кайран Жоке, ойрон Жоке. — Үйүндө алысырак балдызы болор эле, ошол ачты, — дейт. Чыке бар бекен, мен баланча баланчамын. Тигил кирип кетип, айтты өңдөнөт, «кел, кел, Жоробек, кир» — деп Чыкем чыга келди дейт коңкоюп. Кол алышып жатып: «Чыңгыз байкем тушунда, шапкесиз калдым кышында» деп койдум дейт. «Кел, отур» деди дейт. Тамагын берди дейт, арагын берди дейт. Тоюнуп, сүйлөшүп бүткөндөн кийин «Керез, баягы шапкени алып кел» деди дейт. Жеңем бираз кыйыктанды дейт. «Чыңгыз, башкийимди бербейт, акчасын берсең, Жоробек өзү эле сатып алат да» деп. Акчасын эле бергей эле деп турам дейт кыпылдап. Чыкең акчага катуу неме эмеспи, «апкел» деди дейт, ачууланып. («Ошол мобу шапке» деп Жокең каралжын шапкени карга бир чаап, анан тизеге кагып кийип алар эле). Ошентип шапкени кийип кетип баратырмын дейт. Чыкең каалгага чейин узатып баратыр дейт. Анан босогого жеткенде минтет дейт: «Ай, Жоробек, эмне үчүн ардайым эле мага келе бересиң? Сага баары эле берет да: Аалыга барсаң деле берет, Түгөлбайга, Темикеге барсаң деле берет». «Чыке, дүйнөдө экөөбүздүн гана башыбыздын размери бир» дедим дейт анда мен. Чыке карс-карс күлүп кала берди дейт.

Ошондой. Чыкенин тоюна 300 куплет ыр жазып барганы ал кезде ооздон түшчү эмес. Айтыла берип ашмалтайы чыккан. Ошого жараша аны толук түгүл, жарым-жартылай жатка билгендер жок. Ошогезде эле. Азыр андан бешбетер. Турар айрым куплетин олуп-чолуп айтчу. Жоробек өзү да ошондой болчу. Сурагандарга аркай жеринен үзүп-жулкуп айтар эле. Мен колжазмаңды бер, жок дегенде машинкага бастырып коелу деп канча айттым. Жок дебейт. Машинкага өзүм эле жатка айтып берем дейт. Бирок винодон ооз бошогон жок, чөнтөк да ардайым курук болду. Азыр колжазма кайда? Жокең бир оонаган жерине калтырып кеткенби? Же Чыкенин колуна берип, архивинде чаң басып жатабы?

Жоробекти кайдан чакырсын. Жоробек эмес, андан жүз эсе «жоондор» көзгө илинбейт да андай учурда. Чыкең ошентип лениндик сыйлык алып банкет өткөрбөйбү. Бардым дейт Жоке, 300 куплет ыр жазып, басмаканадан узун кагаз таап, Чыгыштын жарчыларыныкындай чубалжыта көчүргөм. Эшиктен тоссо, тешик таап, тешиктен тоссо, эшик таап кирдим дейт. Банкет кызып калган экен, кылкылдап отурушат, адабият менен Кыргызстан КП БКнын мээси курсагына куюлуп кеткен генералдарды дейт. Жактырышкан жок дейт. Эптеп чокортону чапчып, жанагы түрмөктөлгөн кагаздагы ырымды жазып жиберип окуп атам дейт:

Кечээ Чыңгызыз кетти чыңырып,
Чыгыштын баарын кыдырып.
Токомбаев балкалар,
Осмоналиев маңкалар,
Кантушин болуп канчалар,
Бугун онтолойт сазга тыгылып…

— деп эле (эсимде калганы болжол менен ушундай, так болбошу толук ыктымал — А.Т.) согуп атырмын дейт. 300 куплет кантип түгөнгөнүн билбейм, токтосом, түшүндүбү, түшүнбөдүбү билбейм, жанагылар шатыратып кол чаап атыр дейт. Отур дешти, отурган жокмун, тиккен теректей турам дейт. Чыке костюм кийгизди (кийинки легендардуу костюм) дейт, «кел эми Жоробек, отур, дасторконго кара» деди дейт. «Жок, Чыке, — дедим дейт. — Ырчы деген отурбайт. Ырчынын барар жагы көп, ырчыны башка да тойлор күтүп атат». Кыскасы, рюмкасын жуттум, отурган жокмун дейт. Аларга жат экендигимди жадыбалдай билип турумун дейт. Анын үстүнө эшикте ырысы жок ыстыкандаштар кузгундай куркулдап күтүп турат. Баягы костюмду көтөрүп кетип баратсам, Чыке маданияттуу киши эмеспи, узата чыкты дейт. «Эми отур десе болбой койдуң» деп келатканда эле айттым дейт: «Чыке, бала-чакам кайдан келдиң десе, эмне дейин?» «Кокуй, алып кел!» деди дейт жандап бараткандарга. Алып келишти. Баштык толо арак-шарап, казы-карта, таттуу-маттуу экен дейт. Ыстыкандаштарды ошентип бир ысыктагам дейт.

Ушундай. Айтматов мамысына байланган Жоробектин жорго сөздөрү көп болор эле. Айта берсе түгөнчү эмес. Бирок түгөнөт экен. Дүйнөдө түгөнбөс эчнерсе жок тура. Мына, Жоробек өлгөндөн кийин түгөндү да калды. Атүгүл унутулду. Мурзакенин метафорасы менен айтканда, өткөн жылдын карындай унутулду. Кечээ сүрөтүн да таппадык. Эчкимде жок экен. Үйбүлөсүн жаш кезде билчү элем. Азыр кайда экендигин билбейт экем. Үйү физприбордогу мончонун маңдайында дешет, издесем. Адрести да кыргызча беришет да кайран кыкеңдер.

О, кайран Жокең, ойрон Жокеңдей канчалар өттү? Жазып калтырбай атпайбызбы. Айтматовго айла жок. Ал киши дүйнөлүк киши. Дүйнө тагдыры менен алек. Кыргызча, Кубатбек Жусубалиев айтмакчы, салам бергенди да, алик алганды да унуткан. Мына, биз жазбай атпайбызбы, жаман алыбызда. Теңибизге албай атабыз.

Жоробек өлгөнү аны жылуу эскерген бир эле чыгарма окудум. А дагы Сөз менен Ойдун каратаман дыйканы Кубатбек Жусубалиевдики. «Кар» деген аңгеме. Качан экени эсимде жок. «Ленинчил жашка» чыккан. Ушунчалык кусалуу, ызалуу аңгеме. Жоробек тирилип теке маңдайга тура калгансыган. Аңгемедеги Сократтын тили менен айтканда: «САПАР КАРЫДЫ. Силер калгыла. Мен кеттим. Калган жакшыбы? Кеткен жакшыбы? Ким билет…» дегенсип. Ушунчалык ызалуу, кусалуу.

Кечээ бул макаланы жазып атып Кубат Жусубалиевди кайрадан карадым. «Жети Сөз жана Конфуций» деген китебин. «Кар» кирди бекен деп. Кириптир. Окуп койсоңор. Керемет аңгеме.

Кайталагандан келме бузулбайт. Биз, кыргыздар, Жоробек сыяктууларды теңибизге албай келебиз. Сөзгө биздей март, күлкүгө биздей карк эмес Батышта башкача. Алар көркөм сөздө эки нерсеге табынат: Генийге, анан Шутка. Бу теги батыштык эки түшүнүк азырынча кыргызча которулалек. Которулса эле бузулат. Шут менен Генийдин ортосундагы байланыш Батыш эстетикасында бадырайып көрүнүп турат. Шекспирди окусаңар, шуттарга кандай шугулданат. Бул дүйнөнүн ачуу-таттуу чындыгы Шуттун оозу менен ташка тамга баскандай айттырып атыр го?!

Батыштын мындай басымын Кубат аке билет. Жоробек да билчү. Жокең аңкоосунган менен ашкан билимдүү адам эле. № 5 мектепти алтын медаль менен бүткөн дешчү. Москвадагы тоокен институтунан 4 жыл мыкты окуган дешчү. Бүтпөй калыптыр. Көртурмуштун, жетимчиликтин айынан го? Мүмкүн винодондур. Ким билет?

Дагы бир икая. Анда Жокең фабрикада иштейт. Эмне болуп иштемек эле, жумушчу да. Жокең сыяктуу эле анда көзү тирүү ВЛКСМ фабрикасында. Бир чогулуштан соң маркум Насирдин Байтемиров шылдыңдуу сураган го: «Бу Жоробек, сен кайда иштейсиң?» «Фабрикада, Насыке». «Фабрикада эмне болуп иштейсиң?». «Эки миң беш жүз катындын эри болуп иштейм, Насыке». Мындай жоопту күтпөгөн Насыке кызаңдай түшөт: «Мага минтип жооп бергенди сага ким коюптур?» «Коюңузчу, Насыке! — дейт имиш анда Жокең — керек болсо сизге окшогон муруттуу акындын эки миң беш жүзүнүн башынан аттап өтөм».

Жокенин батышчыл экендиги айрым кече, жыйындарда айтыша, талаша түшкөндө байкалчу. «Өбө албаймын Пушкиниңдин өтүгүн,/ Керек болсо дал Байрондун өзүмүн» деп бакырып чыкканын далай көргөм.

Ойду келаткан нугуна бурсак, Батыш эмнеге баа берерин билгендиги үчүн Жоробек Шут катары көрүнүүгө катыра аракет жасачу. Айтматов да билет Генийдин Батыштагы баасын. Ошон үчүн генийлик калыптан жаспоого аябай аракет жасайт. Шуттукка да батыштагыдай баа берет. Бери калганда Жоробекке келгенде ошентчү.

Чын-төгүнүн билбейм, Суке — Сүйөркул Тургунбаев айтып берди эле. А дагы Жолон Мамытов досунан угуптур. Жоробек өлгөндө Суке бу жерде эмес экен, мен да бу жерде эмес элем. Ошентип Жоке (Жолон), Ыраке (Рамис) ж.б. адабий чөйрөдөгү айрым апендилер менен жаш акындардын башын кошуп, акча чогултушуп, Жоробекти акыркы сапарга узаткан го. Бейит башында сөз сүйлөп, ыр окуп, сөөктү жайына сала берерде «чы-ыйк!» этип «Волга» токтоду дейт. Бардыгы «жалт» карашкан го, андан Айтматов атып чыгыптыр. Сөөктү токтотуп калдык дейт. Анан Айтматов келип сүйлөгөн экен, мага кабар айттырбапсыңар, бирөөлөрдөн угуп ушинтип артыңардан кууп келдим, Жоробек Султаналиевдин өлүмү кыргыздын бир кабыргасы сынганга тете иш, Жоробек кыргыздын бир кабыргасы болчу маанисинде.

Айтпадымбы, анын канчасы калп, канчасы чын экендигин билбейм. Тек, Чыке бир улуу чындыктын чет-бучкагын билбей, сезбей туруп сүйлөй бербесин мезгил көзгө сая көрсөттү-ов!

Редакция Жоробектин күлкүлүү жоруктарын жазып бер деди эле. Мен күү менен күйүттүү жактарына басым жасап жибердим өңдөнөт. Жоке өзү ошондой киши болчу: анын күйүтү да кишини күлдүрүп, жаркытып, тазартып жиберчү. Өлүмү да ошондой болду.

«Алас» гезити (27-декабръ. 2006-ж., 11-январь, 2007-ж.) сандары

One Reply to “Алым ТОКТОМУШЕВ: Жоробек”

  1. Кайран гана Жоке! Укмуш киши болгон турбайбы! Бу кишинин чыгармаларын окуш бакытынан куру калган экенмин. Анан Алыкемин аңгемелеринин баары эле шедевр экен го! Бу кишинин аңгемелери менен да эми эми эле таанышып атам. Кудайдын ушусуна шүгүр. Албетте сайттын ээсине чоң рахмат. Канчадан бери азыркыдай жыргап күлө элек болчумун.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.