2018-жылдын 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын чоӊ залында «Бешик ыры» республикалык сынагын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Башталышы саат 15.00

Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн. Ырларды композитор Муратбек Бегалиев башында турган калыстар тобу дыкаттык менен кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан.

«Бешик ыры» республикалык сынагы «Р.Отунбаева демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргыз Улуттук консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурулган.

Азыркы учурда «Р.Отунбава демилгеси» эл аралык коомдук фонду мыкты деп табылган 15 бешик ырын диске жаздырып, жарыкка чыгарды.

Салтанаттуу иш-чара учурунда сынактын жеӊүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.