Абу Абдаллах Жафар Рудаки (860-941) – классикалык парсы поэзиясынын анабашы. Мезгилинде Бухарадагы Саманиддер аксарайында акындар тобун жетектеп, соңку муунга ардактуу устат атыгып, касиеттүү жан катары кадыр-барк күткөн. Карылыкка моюндап калганда бийлик төбөлдөрүнүн каарына кабылып, (имишке ишенсек: көзү оюлуп) аксарайдан куулат да, өзү туулуп-өскөн Панжрудак айлында өлбөстүн күнүн көрүп, жакырдыкта көз жумат. Анын божомолдуу бейити азыр заңгыраган кумбөзгө айланган.

Акын өмурундө 130 миң же андан он эсе көп бейт (кош сап) жазган деген жоромолдор: бар, бизге жеткени эки миңдей гана сап, бирок изи сууган ырларын улам издеп таап чыгууда иликтөөчүлөр.

♦ ♦ ♦

О көр пенде, асыл жандай жашап өт!
Ойго тунук акылмандай жашап өт!
Күйүнүчкө дүйнө бүтүн толсо да,
Сүйүнүчкө акың бардай жашап өт!

♦ ♦ ♦

Диниңди кой! Сайран куруп күн-түндөп,
Дилиңди бер үр кызына үлпүлдөк!
Өмүр бербейт кулдук ур деп кудайым,
Өмүр берет махабатка күйсүн деп.

♦ ♦ ♦

Кыш болуп сен гүлүн күбүп акылдын,
Ак сүйүүгө жаз болуп да ачылдың.
Мен махабат пайгамбары сыңары,
Сен – «сулуулук кудайы!» деп баш урдум.

♦ ♦ ♦

Кызыл гүлдөн кымтып алып көрктөнүп,
Кулпунасың жыпар төгүп, өрт төгүп:
Жаз жыттанат— жазып ийсең чачыңды,
Жүз чайысаң— суунун бети өрттөнүп!

♦ ♦ ♦

Жүзүң ачсаң, эки бетиң— жанган от,
Жүзүн катат булутка Күн арга жок.
Алкымыңды алма дейин, а бирок
Ай-ааламда андай жыттуу алма жок.

♦ ♦ ♦

Атасы жоо… Качып келген титиреп
ардагымды өптүм таңда үч ирет:
Өрттө калдым Күнперинин кызын өөп,
Өпкөнүм ал — ооз эмес, лаал – кызыл өрт!

♦ ♦ ♦

Кусалыктан мүрт кетсем-эй, не чара,
Кумары күч үнүм жетпей же сага…
Күлүмсүрөп эскерип кой, кымбатым:
«Күйүтүмөн күйүп өлдү бечара!»

♦ ♦ ♦

Өбүшүү бал татат,
Шор суудай чаңкатат:
Канчалык шимирсең,
Ошончо кан катат!

♦ ♦ ♦

Арзуу күчөп, сен деп жаным ооруду,
Азап эмес, бакыт деймин оо, муну!
Ойлоп сени бал татыса айрылуу,
0 жараткаң, кандай болот жолугуу!

♦ ♦ ♦

Күн десең – Күн, шамды өчүргөн нур мында!
Көз арбалып көпкө карап турдум да,
Күйдү жүрөк — айлана бүт күйүк жыт…
Байкадыңбы? Баардык айып мурдуңда.

♦ ♦ ♦

Жалган дүйнө шаанисине болгон ой:
Бир сыйкырчы азил курат болжобой,
Жакшылыгын кабыл алгын жомоктой,
Жамандыгын унутуп кой жолдобой.

♦ ♦ ♦

Көөнө дүйнө каймактанып, миң сырдуу,
Көздөн мурда акыл болсун жылдыздуу:
А көз көрөт ачылбаган сандыкты,
Акыл бычат бычылбаган кундузду.

♦ ♦ ♦

Бу дүйнөгө түркүк болгон барбы жан,
Биз— таранчы, ажал— кыргьш аңдыган.
Эрте-кечпи күбүлүп да, өтөбүз
Ажал деген тегирмендин алдынан.

♦ ♦ ♦

Чачтын агын боёгонум карага —
Жаш курагын самагандай караба:
Кайгы-муңга кара кийген сыяктуу
Аза күтөм карылыктай балаага.

♦ ♦ ♦

Канча дөө-шаа атак-даңкы таш жара,
Казынасы сан жылдыздан ашса да,
Барды дагы тизе бүгүп ажалга,
Арзыбады ак кепинден башкага.

♦ ♦ ♦

Айтат мезгил: «О, Рудаки, бел байла,
Аянычтуу тагдырың бар маңдайда.
Антсе деле таалайлууга көз артпа,
А көбүнүн тагдыры жок андай да».

♦ ♦ ♦

Кел, жаш сулуу, орун алгын төрүмдөн,
Ичели бир бук чыгарып көңүлдөн.
Шарап болсун тунуктугу мүрөктөй:
Ташты салсаң, көөхар болуп көрүнгөн!

♦ ♦ ♦

Бир тамчысы көлгө тамса капыстан,
Бир кылымга балыктар мас жатышкан,
Куйчу мага ошол күчтүү шараптан,
Коён ичсе, кабыландар качышкан!

♦ ♦ ♦

Ашыгымдын катын күтүп канча убак,
Акты жашым сан жылдыздай тамчылап.
Жүрөгүмдү саям калем учуна,
Ар бир сөзүм турсун ошо кансырап.

♦ ♦ ♦

Көр тозоктун оту болуп жагылган
Көздөрүңө жан садага чабылган.
Миң душмандан канча жаман болсоң да,
Бир сени не жакшы көрөм жанымдан?

♦ ♦ ♦

Эс-акылың – сыймыктанар кенч эмес,
Эгер уулуң чыкса жалкоо, кеңкелес.
Куш көңүлүң, мөмөлөгөн ойлоруң–
Мураскерге берилгидей энчи эмес.

♦ ♦ ♦

Арнап койду Кудай мага кең болуп:
Акыл, атак, айкөл мүнөз, денсоолук.
Андай чакта алыс болуп кайгыдан,
Адам жашайт пайгамбарга тең болуп.

♦ ♦ ♦

Тармал чачың заманамды кууруп тур,
Каным уюп, жаным дагы муунуп тур.
Көз жашыма «куткарат» деп ишенсем,
Көлдөй албай көкүрөктө буулуп тур.

♦ ♦ ♦

Сен болбосоң – жарык күн да болбосун,
Ай чыкпасын, жылдыз көккө толбосун.
Сен жок дүйнө аңтарылып кетсе дейм!..
Мендей орой болбосо экен жолдошуң.

♦ ♦ ♦

Каапыр кылып, башка салдың убайды:
Канча достон кол жууп жаным муңайды,
Табынам деп таалайыма бир жолу,
Тандым бардык мечитти да, кудайды.

♦ ♦ ♦

Берекелүү деңиз сенин жүзүңдөй:
Тишиң – бермет, оймок оозуң— үлүлдөй.
Кашың – кеме, толкун – бырыш чекеңде,
Ээгиң – уюл, көзүң – түпсүз иримдей!

♦ ♦ ♦

Баары – балээ, жан-дилимен сүйсөм да,
Кан аралаш көз жаш агат күлсөм да.
Айрылгым жок – корком отко түшкөндөн,
Тозокко эмес, кызганычка күйсөм да.

♦ ♦ ♦

Кундуз чачың жибек белем, түн белем,
Кулпунганын теңегим жок гүл менен.
Ар тармалы жүрөктү илип жүздөгөн,
Ар талында арман жатат миңдеген.

♦ ♦ ♦

Кайгы менен кабыргалаш сезилдим,
Эрме чөлдө калган окшоп эзилдим.
Каным катса — кандыралбас мени эч ким,
Ысык, ачуу көз жашымдай өзүмдүн.

♦ ♦ ♦

Айкөл ажо жоону тоскон алтүндөп,
Жаа тартса да, жебесинде алтын көп:
Адам өлсө— ак кепинге калсын деп,
Жараланса— дары-дармек алсын деп.

Кыргызчалаган Кыялбек УРМАНБЕТОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.