«РухЭш» сайтынын «Мыкты Эне» номинациясы менен сыйланган окурмандарыбыздан фоторепортаж

Кыргыз эл жомогу: Булардын кайсынысы чоң? (Балдар үчүн баш катырма)

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу экен. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: — Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,- дейт да кичүү баласына болсо: — а сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,- деп өзү жүрүп кетет. Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды. — Буга эмне болду? Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?- деп сурады агасы инисинен. — […]

Мухтар Шаханов Кожогелди Култегиндин котормосунда

МУРУН “Адам болуу оңойбу толук кандуу, Алып таасир алптардан – калыптан бу,” – деп башкырдын акыны Мустай Карим Мени Расул Гамзатка алып барды. Тоолуктардын тоого тең деми бар да, Толкуп-ташып коштошкон эрип анда. Үч жылдан соң космонавт Севестянов Тааныштырды акынга мени кайра. Расул айтты: «Жаш талант сурап-нетсе – Баасын айтыш эң кыйын! Кубат жетсе… Иним, сенин ырыңды окубапмын, Бирок, музоо мурунуң турат эсте. Өзгөчөгө ойчулдар күлөбү дейм, Өзгөчөлүк – табигат тиреги бейм. Өнөрдө да эч кимге чаташтырбас Өз мурдуңдун болушун […]

Мезгил ИСАТОВ: Ак жазуу

ЭССЕ Гүлдөр жабыларда Кучактап бүт ааламды Бешиктей терметеби жылдыздарды?.. Он алтынчы октябрдын жазуучусу. Ак түн. Ак жазуу. Бирок көп нерселер жазылбай калат. Көңүлдүн жылдыздары гана жымыңдап турат. Калганы ак барак. Болгону буулуккан аба бар жанымда. Бир аз да жамгыр себеленгиси келет. Сүйлөгүсү эле келген мен сыяктуу… Көңүлүмдү бөксө нерселер толтуруп турат. Жамгыр болсо шатырап төгө баштады. Мен дагы эле сүйлөй берем. Айта берем, айта берем… Сага арналган сөздөрүм түгөнбөйт. Сен укмаксан болуп жатып алдың. Экөөбүз тең муздак шамал ичинде калдык. […]

Олжобай ШАКИР: Сын жанрынын корифейи Даутовго кара күч колдонгон адабий мутант

«Эси жоктор отоо чөптөй: урук сеппесең деле өсө берет» Даниил ЗАТОЧНИК Жаратылыштын чырмоок чөбү сыяктуу эле адабият, маданият майданында бирөөгө жабышып бой көтөргөндөр болот. Алар айланасындагыларга жабышмайын өспөйт. Ошон үчүн алардын даа бир аты – арсыз өсүмдүк. Өзүнөн бийик өскөн айланасындагыларга чап жармашат. Соңку кезде өрдөк болгусу келер чулдук чыкты, Аскар Медетов деген. Коомчулукка өзүн адабиятчы таанытып жүрү. Таанытсын, тек, адабияттын көркөм мазмунун тааныбаган андай графоман, профандарды не адабиятчы, не акын, не жазуучу катары чыгармачыл чөйрө эч качан тааныбайт дагы. […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Акын качан туулган?

Ж.Бөкөнбаев жазат: «1860-жылдын күзүндө Сатылгандын кара алачыгы кубанычка толду. Бурма эркек төрөдү. Сатылган колундагысын аябай бешик той берди да, «Балдарым токтобой жүрчү эле, бул уулумдун атын Токтогул койдум», — деп жаңы төрөлгөн баласынын атын Токтогул койду» . Демек, акын 1933-жылы каза болсо 73 жыл жашаган. Муну Жоомарт эмнеге негиздеп, кандайча айтып жатат? Же кийин бул чыгарма жарыялангандан соң дагы беш жыл жашаган Бөкөнбаев бул дата туура эмес экен, мен жаңылыптырмын дедиби?.. А тургай ошого негизделип, Жоомарт «өкмөттүн адамы» болуп күркүрөп […]

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: Эне жалынычы

Кымбаттуу апалар, асылкеч айымдар, эжелер, жеңелер жана карындаштар, баардыгыңыздарды ажайып 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул «Эне жалынычы» деген ыр жана «Жалыныч» деген аңгеме Сиздерге арналат. Эне жалынычы Жалынып «жарыгым» деп эркелеткен, Кагылып как жүрөгү леп-леп эткен, Жашоодо жакшы адамдар арбын, бирок Жан кейип кыйналганда энемди эстейм. Айланып, чарп айланып, тегеренип, Алдыңан «кулунум» деп эбеленип, Жупжумшак алаканы кандай дары Маңдайдан бир сыласа эне келип. «Карааным», «каралдым» — деп, «чырагым» деп, Кечкисин чырагы өчпөй убайым жеп, Үшүсөң бооруна алып тез жылыткан Табына […]

Юмор: Эзоптун тамсилдери жаңыча көз караш менен

Амброз Пирстин Эзоптун тамсилдерине карата жараткан пародиялар циклинен. Бул пародиялар 1899-жылы “Фантастикалуу тамсилдер” деген жыйнакка басылып чыккан экен. Ууру жана анын энеси Энеси уурулукка үйрөткөн уулу чоңоюп,  кесибин мыкты билген мамлекеттик кызматкер болду. Жараланган бүркүт Жаа жебесинен катуу жабыркаган бүркүт, жебе өз канатынан кооздолуп жасалганын билип өзүн сооротту: — Эгер ушул ишке башка бүркүттүн тиешеси бар экенин билсем, — дейт ал: — мен үчүн өтө жагымсыз иш болмок. Жолоочу жана чындык Эркек адам чөл аралап келатып аялга жолукту. – Менин […]