«Эси жоктор отоо чөптөй: урук сеппесең деле өсө берет»
Даниил ЗАТОЧНИК

Жаратылыштын чырмоок чөбү сыяктуу эле адабият, маданият майданында бирөөгө жабышып бой көтөргөндөр болот. Алар айланасындагыларга жабышмайын өспөйт. Ошон үчүн алардын даа бир аты – арсыз өсүмдүк. Өзүнөн бийик өскөн айланасындагыларга чап жармашат.

Соңку кезде өрдөк болгусу келер чулдук чыкты, Аскар Медетов деген. Коомчулукка өзүн адабиятчы таанытып жүрү. Таанытсын, тек, адабияттын көркөм мазмунун тааныбаган андай графоман, профандарды не адабиятчы, не акын, не жазуучу катары чыгармачыл чөйрө эч качан тааныбайт дагы. Бирок алардын бир өнөрү – чырмоокко окшоп бирөөгө жабышып, оролуп турат.Себеби оролуп жабышмайын– алардын баштары өйдө көтөрүлбөйт. Ошентип Аскар Медетов дегенибиз жакында баш көтөрүптүр. Ичип алып…

Андайлар жүз грамм сеп этип алгандан кийин арстанга айланат эмеспи. А соо кездеринде жым. Кекиртегин кызарткан ала күү абалы менен 2018-жылдын 20-февралында Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин 5-корпусунун 3-кабатында (!) ызы-чуу чыкканына студенттер дүрбөп калышат. Студенттер муну КУУнун күзөт кызматына да кабарлашат. Ошону менен «Манастаануу жана дүйнөлүк адабият» кафедрасынын мас абалдагы доценти Аскар Медетов «Кыргыз адабияты кафедрасынын» профессору, КР эл жазуучусу Кадыркул Даутовго кол көтөргөнүнө күбө болгон студенттер муну аталган окуу жайдын күзөт кызматына билдиргенден улам, учурда бул иш Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер бөлүмүндө териштирилип аткан кезең экен. Керектүү арыздын негизи менен окуяга күбө болгондордун да түшүнүк каттар кошо тиркелип жөнөтүлгөнү маалым болду.

Азырынча бизге жеткен маалыматтарга көңүл бурсак, А.Медетовдун бул жосуну аталган окуу жайдагы биринчи жолку окуя эмес өңдөнөт. КУУ мугалимдеринин айтымында, буга чейин да окуу жайга далай ирет мас абалында келген учурлары туурасында университеттин күзөт кызматы тарабынан билдирүүлөр жазылыптыр.

Куттуу жайдын ичинде тартип жогунан улам ушундай зөөкүрчүлүк, аракечтик көрүнүш КУУнун ректорлугун эмнеге тынчсыздандырбаганы таңгалтырат. Болбосо, улуттук статус алып жүргөн жогорку окуу жайда (анан да «Манас таануу жана дүйнөлүк кафедрасынын» доценти) А.Медетовго окшогон мугалим сөрөй андай жерде келечек муунга таалим-тарбия бермек тургай, Улуттук университеттин короосун шыпыртканга татыктуубу?!

Бул окуядан улам бүгүнкү күндөгү Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковго карата аталган окуу жайдын ичинде нааразылыктар күчөп турган кезең. Арийне, «уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аларың» турган иш ко. Же өлкөдө КСДП мүчөсү делгендердин мурдун балта кеспей турган кезеңге келдикпи?!

Коомчулукка белгилүү болгондой, Канат Садыков бийликтеги КСДП партиясынын түрткүнчөгү менен Билим жана илим берүү тармагынын министрлиги болуп келди, ал кызматтан шыпырылгандан кийинки конгон тууру Ж.Баласагын атындагы КУУ ректорлугу болгондон бери бул окуу жай ичиндеги адилетсиз көрүнүштөрдүн дагы бири – жакында эле КР Эл агартуунун отличниги, белгилүү окумуштуу Үмүт Култаеванын кызматтан алынышы. Бар себеби – президенттик шайлоо чырынан кийинки Бабановдун Он-Адырдагы сөзү үчүн атайы лингвистикалык комиссия түзүлүп, тилчилердин талдоосунан кийин Үмүт Култаева Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмышка илинчек жок деп окумуштуу катары өз пикирин ачык билдиргени үчүн Улуттук университеттен жумушунан кеткендиги коомчулукта толтура нааразылыктарды жаратканына карабай, К.Садыков бүгүн өзбилемдигин кылып отурганы боюнча ири окумуштуубуз Сулайман Кайыпов агабыз да «РухЭш» сайтына тегин жеринен минтип жазбагандыр: «…Кыргыз Республикaсынын билим берүү системaсынын aзыркыдaй кыйрaп турушунa К.Сaдыковдун кошкон “сaлымы” aт көтөргүс. Демейде, кaйсы бир кишинин келинчегинин, кaйсы бир жылдaрдын бир жылдaрындa, кaйсы бир фирмaгa сaткaн кaйсы бир мaшынaсынын кaйсы бир жолдор менен күйөөсү иштеген мекемеге сaтылгaнын тaaп чыккaн көрөгөч прокурорлор К.Сaдыковго кaлгaндa эле төө көрдүӊбү жок, бээ көрдүӊбү жок болуп кaлышaт. Тaянгaн тоосу бийиктерге тиштери өтпөйбү же… Бирок aзыркысы aзыркы, aйтылчу кептин бaaры кийин сөзсүз aйтылaт. Aйрымдaры күнү-күнү келгенде сот зaлындa тaлкуугa түшөт. Бул мaселелер эч эскирбейт. Ошондо мен күбө кaтaры болсо дa кaтышaм го деп ойлойм. Кaлгaн сөздү ошондо толугу менен aйтып берейин деген ниетим бaр.

СДПК бул жигитти кaйсы жыргaткaн ишмердиги үчүн тaйрaӊдaтып, aл креслодон бул креслого отургузуп жүрөт, мен aнысын тaптaкыр түшүнө aлбaдым. Бaягы эле, мындaн 25 жыл мурдa бир былжырaгaн неменин орнотуп кеткен “нaш человек, не нaш человек” деген сxемaсы кынтыксыз иштеп жaтa бейм. Бaшкa себеп болушу мүмкүн эмес. Aк үйгө aртын тaяп aлгaн соӊ, кaaлaгaнын кылa берсе болот деп ойлоп жaтсa керек. Ушул сөздөрдү жaзыш үчүн aр кaйсы мaтериaлдaрды кaрaп жaтып, aнын aзыркы күндөгү кaдрдык, финaнсылык жaктaн жaсaп жaткaн ыпылaстыктaры жөнүндөгү мaaлымaттaрды окуп, тaӊ кaлдым. Мaмлекеттик көзөмөл деген бизде кaлбaй кaлгaн турбaйбы деген дa ойго кеттим», – деп жазат «Бетке aйткaн сөздүн зaaры жок» аттуу макаласында.

Эми сөз башында келтирилген чырмоок чөптүн метафоралык маанисине келе турган болсок, мандемдин мамындай жагы туру: А.Медетовдун «Сынчы Кадыркул Даутовдун субъективизми же Барпы мактоого муктажбы» аттуу макаласы «Азия ньюс» гезитине (2017-ж. №46, №47, №48) жалаяктай жарыяланыптыр. Сандан санга самандай чачылып, суу кечпес фактыларды бетине карманыптыр, бирок канча мээнеттенгени менен Даутовдун кыгына кыл сая албаптыр. Көрсө, «Алп акындын дүйнөсү» аттуу К.Даутовдун фундаменталдуу көөнөргүс эмгегиндеги Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы Чыгыш акындарынан кем калбай турганын таржымалдаган адабий изилдөөлөр Медетовдун чолок логикасына эч сыйбай койгонбу, айтору, тарыхый даталарга оролуп-чүргөлгөн макаласын жазыптыр.

Биз бирок майда адамдын майда-барат макаласына анчалык басым коюп, аны атайы сөз кылуудан алыспыз, себеби арзыбаган макала маанисине окурмандын да, өзүмдүн да убактымды короткум жок. Тек, чырдын башы эмнеден чыкканы окурман журтуна ишарат болсун үчүн маалымат кылгандагым.

Сөздүн ток этер жери: Барпы акындын чыгармачылык дасмиясын кенен ачып, кеңири сөз кылган, дүйнө адабиятын дүңгүрөткөн Чыгыш акындары сымак Барпы акындын да Чыгыш акындарынын арасында өз орду барын дадил да, далил да адабий изилдөөгө, талдоого алган Даутовдун эмгегине А.Медетовдун мындай таризде куйкасы курушат: эмнеге анда Омор Хаям, Саади, Хафиз, Руми, Навои өңдүү океандай чаңкыган акындар менен катар Барпы чыкпай калган деген апазда.

Йе, айланайын, окурман, эми өзүң калыс болуң, Барпыны Чыгыш акындарынын деңгээлине көтөрөр бизби же ким? Ооба, буга дейре Барпыны Чыгыш акындарынын деңгээлине көтөрөр тарыхый шартыбыз болбой келди. А азыр убагы келип туру: Барпыны Чыгыш акындарынын сабына көкөлөтөр! Арийне, Кадыркул Даутовдой кыргыз адабиятынын сынчы корифейи саналган сакадай бою сары алтын азыр жалгыз ушул аксакалыбыз калды! Калгандары одүйнө аттанып тынышты. Эми арабызда аман жүргөн жалгыз адабий корифейибиздин жакасына жармашкан, этегине эрмешкен А.Медетов сыяктуу чырмоок чөптөй адабий мутанттын жетимиш жетиге таяп турган карыяга кол көтөргөн жосуну кайсы акыл, кайсы абийрге сыйа турган жорук?! Калкагар тоодой карыясын кордотту беле, кыргыз?! Керээттүү кеменгерин кемсинтти беле, кыргыз тукуму?!

Эй, кыргыз ичиндеги дөбөт иттей дөлөңгүттөр! Силердей зөөкүрлөрдүн колунан кыргызды басынткандан башка не иш келмек? Силердей адабий мутанттар убагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык табылгаларына чырмооктой оролуп бийикке көкөлөткүсү келген эмес, бирок Чыңгыз ага болбой дүйнөлүк айдыңга чыгып кеткен эмеспи. Эми да дүйнөгө дүңгүрөтөр Барпынын чыгармачылык потенциалын көкөлөткөн чоң адабий сынчы Кадыркул Даутов өзүнүн адабий изилдөөдөгү озуйпасын орундатты, эми бул ишти колго алаар – биз, учур адабиятынын жаш мууну болууга тийишпиз. Биз энди Барпынын ырларын англис, француз, немис тилдерине которуп Европага; перс, кытай, түрк, жапон тилдерине оодарып Чыгышка таанытууга неге болбосун?! Же сөзсүз эле Аскар Медетовго окшоп Барпыны Омор Хаям, Саади, Хафиз, Руми, Навои өңдүү океандай чаңкыган акын эмес деп керкайыштанып турушубуз керекпи?!

Албетте, жаратылышта каркылдаган карга болмоюн булбулдун кадырына ким жетмек. Тек, адабият үчүн Медетовдой каркылдаган каргалар да керек, бирок адабияттын тарыхый тамырын, бийиктигин тааныган Кадыркул Даутовдой алгыр куштай сынчылардын көсөмдүгү менен гана чыныгы рухий дөөлөт өлчөнөрүн унутпайлы, бурадар…

2 Replies to “Олжобай ШАКИР: Сын жанрынын корифейи Даутовго кара күч колдонгон адабий мутант”

  1. Эми Сонун, туура жазылган макала.Мындай Бийик , акылман Карыя десек болчудай сынчыга Кол которуу бул деген бир гана Акылсыз
    адамдын гана колунан келет. Чынында Барпы атабыз ашыглык ырларын жазуу боюнча Дуйнодо эч кимден кем калбаган -Апыз,Анын Кулмурза менен
    Ак Саткыны Шекспирдин Ромео Жульетаттасынан коркомдук жагынан бийик турат.Чындыгында, Барпы ата жонундо сонун эмгек жазган Кадыркул Доотов
    бар болсун, узун омур сурсун!

    1. Бирөөгө жалданма жасмакер болуп жүргөн байкуш Аскардын түбүнө Бектурсун Байсабаев деген кличкасы Былык жетти. Арак берип, ичирип колтугуна суу бүркүп филология факультетиндеги профессионал адистерге тукуруп турчу. Арак деген жексур адамды көз каранды кылып коёт турбайбы. Кимди карала десе каралап берчү арак үчүн. Байсабаев казган орго Медетов түшүп калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *