Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Г.Кудайбердиевага Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору К.Садыковго

КАЙРЫЛУУ

 (“Азия NEWS” гезитиндеги Бекбол Айдаровдун макаласына студенттерден жооп )

Урматтуу Айдаров Бекбол мырза, биз, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенттери, сиздин 2018-жылдын 1-мартындагы “Азия NEWS” гезитине берген макалаңыздын мазмунуна чыдабай, өз чындыгыбызды айтууга аргасыз болдук…

Болуп өткөн окуянын чоо-жайын так аныктабай туруп, Бекбол мырзанын кудум эле кыргыз филологиясы факультетинде жуурулушуп, кошо жүргөндөй маалымат жазгандыгы бизди таң калтырып жатат. Анткени профессор К.Даутов менен доцент А.Медетов агайлардын чатакташканын жана факультеттин деканы профессор Б.Жайлообаев агайдын кабинетинде качан, кайсы убакта, кайсы намазды окуп жаткандыгынан бери так, баса белгилеп жазгандыгы Б.Айдаровдун көзү ачыктыгыбы же “кимдир  бирөө” тарабынан берилген бир жактуу тапшырыкпы?

Сабак учурунда 20-февраль күнү А. Медетов мас абалында окуу жайда жүргөнүнө көпчүлүк студенттер күбө болгонбуз. Залдан бизге А. Медетовдун К. Даутовду одоно, оозго алгыс сөздөр менен сөккөндүгү, ал эле эмес  жакадан алып, тепкенге чейин баргандыгын көрдүк. Эч себепсиз мындай нерсени соо адам кылбасы айдан ачык көрүнүш. Бул жагдайды көргөндө биздин үрөйүбүз учту. Жогорку окуу жайлардын көч башы болгон Кыргыз улуттук университетинде аракеч педагогдун бизге окшогон студенттерге билим берүүсүнүн кереги барбы? Мас болуп жумушуна келген агай кандай тарбия бере алат дагы, кандай билим жугуза алат?

Жаңжалга чейин эле 19-февраль күнү 5-окуу корпусунун жанындагы “Поварёшка” ашканасында А. Медетов агайдын мас абалында отурганын биз эле эмес, ал ашкананын кызматкерлери да көрүп, чыгып кетүүсүн суранган. Мындан сырткары, мас абалында 5-жатаканага барып каалганы тепкилеп, жашоочулардын тынчын алгандыгына күбөбүз. Агайдын акылга сыйбас жорук-жосундары  студенттердин ага болгон сыйын кетирип, өзүнө гана эмес жалпы окуу жайга, мугалим деген атты алып жүргөн асыл адамдарыбызга да сөз ээрчитип жаткандыгы бизди өкүндүрөт.

Макалада айтылгандай: “Бар нерсенин баркына жете албай проектор, электрондук доска, микрафондор менен жабдылган 70 орундуу “Манас өргөсү” жыйындар залындагы техникалардын баардыгы декан Б. Жайлообаевдин шалаакылыгынан бузулуп бүткөн…” эмес. Чындыгында ал жыйындар залындагы аппаратуралар Б. Жайлообаевдин декан боло элегинде эле иштен чыккандыгы бизге белгилүү. Быйыл гана музыкалык аппаратура факультетке алып келинди, быйыл гана факультеттеги электр жабдыктары оңолуп, студенттердин коопсуздугуна жана мугалимдердин заманбап техниканы колдонуп сабак өтүүсүнө шарт түзүлдү.

Кыргыздын салтында улуу кишиге кол көтөрмөк тургай үнүн өктөм чыгарып сүйлөгөндөн жазганышкан. Ал эми Кыргыз эл жазуучусу, адабияттагы бирден-бир сыймыктуу адам  К. Даутов агайга карата кол көтөрүп, каралоо — колдо бар алтындын баркын билбей жаткандыгыбыздан кабар берет.

Бул болуп өткөн окуя баарыбызга залакасын тийгизди. Биз чындык жана адилетүүлүк тараптабыз. Бизге аракеч мугалимдин кереги жок экендигин өз пикирибизде билдирдик. Чечим кабыл ала турган тарап адилеттик менен туура жыйынтык чыгарат деген терең ишеничтебиз жана Бекбол Айдаров “чала көз ачыктык” менен жазган макаласына тийиштүү жаза алат деген үмүттөбүз.

Кыргыз филологиясынын студенттери

Олжобай ШАКИР: Сын жанрынын корифейи Даутовго кара күч колдонгон адабий мутант

One Reply to “Улуттук университеттин студенттери: Аракеч мугалимден сактагыла!”

  1. Бу Улуттук университеттин башынан чуу кетпейт экен го. Деги беш жылдан бери эле жалаң адам акылына сыйбаган көрүнүштөр болуп келет. Бийлик бул куттуу окуу жайга ушунчалык кайдыгерби? Улуттук деген статусту сыйлашпайбы. Депутаттын баары ушул окуу жайдан чыкпады беле? Кептин баары коомдо кадыры жок ректорлор Адамкулова менен Садыков бул мекеменин кутун учурду. :Жетекчинин кадыр-баркы жок болсо, түрмөдө жаткан адамдай профессорго мас адам кол Жер ээн болсо, доңуз төбөгө чыкпай жаны жокпу?!! Кай — д-а-а-а-а-а-а-а сыңар куттуу университеттин кудугунан суу ичкен бийликтегилер? Маселе качан чечилет?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *