Сулайман РЫСБАЕВ: Ким эмнеден коркот?

ЖОМОК — Жалгыз барасыңбы? — дейт аялы, — Тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го. Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу да, күчтүү да экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот. — Туура айтасың. — дейт да, кошунасын жардамга чакырат. Кошунасы макул болот. — Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы. Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал […]

Дилазык: Туура эмес уйку – физикалык жана психологиялык абалыңа сокку

Майкл Бреустун өз убактысында уктоо,  биоритм,  адамдын ички биологиялык сааты жана күндүн идеалдуу режими тууралуу айткан эң керектүү 28 кеңеши. Биологиялык саатыңды жакшы билсең,  өзүңдүн ички ресурстарыңды толук пайдаланасың, маанилүү окуяларды алдын ала пландаштырып,  адамдар менен ич ара байланышты оң жолго коёсуң, — дейт белгилүү сомнолог (уйкунун адамдын организмине тийгизген таасирлерин изилдеген окумуштуу), медицина илиминин кандидаты, психолог Майкл Бреус.  «Бардык нерсенин идеалдуу учуру болот. Ал учурду тандай да албайсың, болжолдоп аныктай да албайсың: ал ар адамдын өзүндө, анын генинде сакталып, […]

Садир ДОСБАЕВ: Тарых – коом башкаруунун күчтүү куралы

«Тарыхты жеңүүчүлөр жазганы үчүн, жеңилгендердин аты аталбайт.» Дрекслер «Дүйнөлүк саясаттын эң башкы максаты – ресурстарды көзөмөлдөө жана ал  ресурстар үчүн күрөш. Калганы эч качан бүтпөгөн жана тынчыбаган согуштун формалары менен методдору гана». Н.Стариков Адамзаты саясатты ойлоп тапкандан бери эчен кылымдар өткөн менен, көздөгөн максаты, жасар иши  бирөө гана экени жөнүндө жогортогу цитатада жеткире айтылыптыр. Ошондон бери жер үстүндө эчен мамлекеттер жок болуп, ордуна жаңы малекеттер, жаңы түзүлүштөр келгени менен көздөгөн максаты ошол ошол бойдон кала бериптир. Кайсы өлкө күчтүү болсо, […]

Ой көсөө: Кайрандардан калган сөз

Чынгыз АЙТМАТОВ, (1928-2008), жазуучу жана дипломат Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү. * * * Өмүрдүн чыныгы баркы – ишенимде, бактысы да ишенимде. * * * Умтулуу – бул чындыкка карай кеткен жол. Чындык да ошол жолдой башы жок, аягы жок. Бирок баардык жол чындыкка алып барбайт. * * * Шекспирден тартып Достоевскийге чейинки рух шаалары адамдагы адамдыкты издеген. * * * Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралу акыл калчайсың. * * * Эгер […]

Миргүл ТЕКЕШОВА: Жаабарстын мифопоэтикалык табияты – улуттук мүнөздүн символу

Улуу, залкар, чыгаан, гений – ушунун баарына бирдей татыктуу, кыргыз элинин бактысына бүткөн баатыр Манастай, руху менен кыргызды аруулап, азыктандырып, багып келе жаткан Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз айтуу — ар жолкусунда адамды толкундантат, шыктандырат. Жазуучунун калеминен жаралган, Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки мезгилдеги турмуш-тиричилигин көркөм чагылдырган “Тоолор кулаганда” (“Түбөлүк колукту”) деген табышмактуу аты бар роман мурас калды. Роман тууралуу адабият таануу айдыңында сөз болуп, ар түркүн ойлор айтылып келет. Бул макалада романдын башкы каармандарынын бири Жаабарс тууралуу сөз кылмакчыбыз. Роман – […]

Николай Гарин-Михайловский: Гений

АҢГЕМЕ I Шаарда жашаган, узун чачы арстандын жалындай түрмөктөшүп самсаалап, сакалы карылыктан пилдин сөөгүндөй саргайып кеткен, өлчөмсүз чоң, дардайган еврейди элдин баары билчү. Узун кемселчен, жамаачыланган туфли кийген бул адамды, башкалардан еврейлердикиндей ылдый карабай, чанагынан чыгып, кайдадыр өйдө жакты караган көздөрү айырмалап турчу. Жыл артынан жылдар жылды; муундар алмашты; таш жолдордо эл ташыган арабалар калдырап, көчөлөрдө эч качан бүтпөгөн иштерине дайыма шашып жүргөн адамдардын аягы үзүлбөй, тынымы жок балдардын күлкүлөрү тыйылбай ары-бери чуркап жүрүштү, — бир гана бардыгына кайдыгер картаң […]