Улуу, залкар, чыгаан, гений – ушунун баарына бирдей татыктуу, кыргыз элинин бактысына бүткөн баатыр Манастай, руху менен кыргызды аруулап, азыктандырып, багып келе жаткан Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз айтуу — ар жолкусунда адамды толкундантат, шыктандырат.

Жазуучунун калеминен жаралган, Кыргызстандын эгемендик алгандан кийинки мезгилдеги турмуш-тиричилигин көркөм чагылдырган “Тоолор кулаганда” (“Түбөлүк колукту”) деген табышмактуу аты бар роман мурас калды. Роман тууралуу адабият таануу айдыңында сөз болуп, ар түркүн ойлор айтылып келет.

Бул макалада романдын башкы каармандарынын бири Жаабарс тууралуу сөз кылмакчыбыз. Роман – бир-бирине параллель өнүктүрүлгөн эки  негизги сюжеттен турат. Анын бири жаныбарлар дүйнөсүндө өнүктүрүлүп жатса, экинчиси адамдар арасында болуп өтөт. Бул жерде дагы баягы Чыңгыз Айтматовго мүнөздүү ыкма, жаныбарлар менен адамдарды айкалыштырып сүрөттөө ыктуу колдонулган. Жаныбарлар дүйнөсүнүн көркөм чыгармада аткарган кызматы, адам менен табият бүтүндүгүнүн символу гана болбостон, ал идеялык-эстетикалык жүк аркалаган татаал көркөм образдар системасы катары чыгарманын тулку боюна сиңип, адам каармандар менен ажырагыс бүтүндүктү түзүп турат. Мына ошондуктан Танабайдан Гүлсарыны ажыратып ала албаган сыяктуу, Баладан Мүйүздүү Бугу-Энени, Эдигейден Кара-Нарды, Кыямат романынан Ташчайнар менен Акбараны, Арсендин окуясынан Жаабарсты алып коюу мүмкүн эмес.

Жаабарс – жазуучунун дагы бир керемет табылгасы. Романдагы “кар жиреген ак илбирстин” аты. Гүлтемгил түгүнө оронгон бул жандыктын ичинде катылып жаткан көркөм мазмунду ачуу, анын мифтик-поэтикалык табиятын чечмелеп талдоо романдын маани-маңызын дагы арттырат. Бул жандыктын мифтик маңызы, тотемдик күчү көп эле элдерде кездешет. Маселен “Тибетте ыйык, касиеттүү адамдар илбирске айланып кетишет деген ишеним күчтүү”, Непалда илбирсти өлтүрүү чоң күнөө деп эсептелет, себеби илбирс өз өмүрүндө кармап жеген жандыктардын сурагынын баары мергенчиге берилип калат деген ишеним бар. Ал эми Пакистан, Кытай, Тажикистан жана Афганистандын түндүк бөлүктөрүндө тоодо жашаган вахтар уруусунда тоонун руху болгон, илбирске айланып кеткен аял, “Париге” болгон ишеним бар. Бул ишеним боюнча, эгер “Париге” туура кайрылып, урмат менен мамиле кылса, жергиликтүү калкка жардам берет” [9].

Булардын ичинен Сибирь элдеринин аңыздары чоң мааниге ээ. Бийик тоолуу, кар-мөңгүлүү чокуларды мекендеген илбирстердин күчтүү, айбаттуу, сейрек жана адам менен башка жандыктар аралап, булгабаган таза жерлерде жүрүүсү, аларды өзгөчөлөнткөн касиет сапаттарга ээ болуусуна, адамдар тарабынан ушундайча кабылданышына себеп болгонун байкоого болот. “Тоолуу Алтай легендасы” аталган аңызга көңүл бурсак: “Илгери скиф уруусунун айдай сулуу кызы токойдо дары чөп терип жүрсө, алдынан кардай аппак чачы бар, хрусталдай тунук көзү бар, жаш жигит чыга келет. Анын ийининде барстын териси жабылган болот. Теринин түгү үлпүлдөп, аппак узун куйругу чубалып жүрөт. Ал Манны эненин уулу. Аны канаттуу барс өзү колдоп жүрөт. Кыз-жигит бирин-бири жактырып, ынак болуп калышат. Бирок канбийкенин атасы коңшу уруудан атактуу алп жоокерди күйөө бала болот деп дайындап койгон болот. Бирок канбийке антташкан ашыгы бар экенин айтат. Каарданган скиф башчысы аңдып барып, ал жигитти өлтүрүп салууну буюрат. Тоого аттанган аңчылар жигитти таптай, бирок эки барс атып келишет. Кыз, барстын терисинен жигиттин жамынып жүргөн кийимин жазбай тааныйт. Канбийке кайгыга батып, тоону көздөй качып кетет. Шамандык өнөр үйрөнөт. Жылдар өтөт, тоодо бир башкача жандык пайда болот – аппак чоң мышык. Эл аны Илбирс деп атап алат. Бул жандык ошол баягы жигит деп калышат. Канбийке сыйкырдуу кудукка жигит жамынып жүргөн терини салып, аны тирилтип алган дешет. Бирок ал жигит ошондон бери адам кейпине кире албай, ак илбирс бойдон калган экен. Эл аны башкы шаманы катары көч жолунда, ашуу ашканда тоонун рухтары менен байланышсын, уруксат алсын көчүп-конууга деп чакырып туруучу экен. Барсттар мал-жанга кол салбасын деп канбийке да жардам берүүчү экен. Алтайдын көпчүлүк элдери бүгүнкүгө чейин барстын тукумдары экендигине ишенишет” [9].

Тувиндер да илбирсти (ирбиш-тувинче) “Тоолордун ээси” деп сыйлап-урматташат. Илбирстин образы эпостордо жана тувин элдик оозеки чыгармачылыгында, жомоктор менен ырларда жолугат, ошондой эле илбирстин сөлөкөтү түшүрүлгөн кооздук буюмдары Туванын тарыхый коргондорунан да табылган. Бүгүнкү күнгө чейин Тувада тоо этектеп отурукташкан жашоочулар илбирсти тоонун руху деп билишет жана аны өлтүрүп алуудан коркушат. Себеби илбирстин жаны өч алат, мал-жандыкка зыян келтирет деп ишенишет.

Демек, көңүл бура турган болсок, бул Сибир элдеринин уламышында эр жигит илбирске айланып отурат. Адамдын сырттаны, колдоочусу бар, элден башкача жигит. Демек, бул уламыш да тастыктап тургандай илбирстин мифологиялык өзөгүндө, адамдын өзгөчө касиет-сапаттарга ээ болгону, таза-аруулук, адилеттүүлүк менен байланыштыруу сыяктуу ыкма жаткандыгын байкоого болот. “Тоолор кулаганда” романында да бири-бирине жетпей калган кыз-жигиттин “Түбөлүк колукту” баяны берилет. Алар да адамдардын чыккынчылыгы менен көрө албастыгынын айынан жигит Тибетти беттеп кечил болуп кетсе, кыз кайып болуп кетет. Жаабарс-илбирстер тоону мекендеп жүрөт, Арсен Жаабарс менен бир жылдыз алдында төрөлүп, акыр аягында бир үңкүрдө каза болушат. Арсен Саманчин менен Жаабарс-илбирстин өмүр жолдору да жогорудагы легендадагы жигит менен канаттуу барстай байланышып калган. Легендада бул байланыш укмуштуудай сыйкырдуу, сырдуу байланыш болсо, ал романда жазуучу илбирс менен адамды жылдыз төлгө менен, табият, мүнөз менен байланыштырган.

“Илбирс – эр жүрөктүүлүктүн, ар-намыстын, айкөлдүктүн жана адилеттүүлүктүн символу” [9] (Белгилеген биз – М.Т.) катары адамдардын мифологиялык түшүнүктөрүндө орун алып келген.

Изилдөөчү Н.Ханзафаров өз маегинде барс тууралуу буларды белгилеген: “Барс – Орто Азиянын чыгыш бөлүктөрүндөгү тоолордо, Сибирь менен Алтайда жашаган жырткыч жаныбыр. Ортоңку Кавказдагы башкы булгар уруусу – барсилдин тотемдик жаныбары. Бул уруунун аталышы “барс” – жырткыч жаныбар, жана “ель”, “иль” – эл, уруу, мамлекет, өлкө маанисиндеги эски түрк сөздөрдөн турат. Башкача айтканда, барс эли, барс калкы дегенди билдирет. Барсил уруусу булгар калкынын өзөктүү бөлүгүн түзүп, ал уруудан падышалар, хандар чыккан. Белгилүү татар тарыхчысы Ш.Марджанинин белгилегени боюнча барс булгарлардын эн тамгасы, белгиси болгон” [10].

Ал эми кыргыз тилинде колдонулган “илбирс” сөзү да жогорудагыдай “ил”, “эл” жана “барс” деген сөздөрдүн биригүүсүнөн тургандыгы, “барс” эли, “барс” журту дегенди билдиргендигин белгилөөгө болот. Мындан тышкары “илбирстин” көркөмдүк наркын бийиктеткен Барсбек Кагандын [4] ысымы, ага арналган эстелик менен, “Ак илбирстин тукуму” [2] тасмасы да, көз жаздымда калбашы керек. Айрыкча “Ак илбирстин тукуму” фильминин биринчи бөлүмүнүн 45-мүнөтүндө капканга түшкөн барсты кармап алмакчы болуп турган Саякка капыстан келе калган Кожожаш:

— “Эй, Саяк, жарыбаргыр! Сага илбирс кармаганды ким үйрөттү?! Айтчы, өзүң кайсы тукумдан болосуң?

— Кайсы тукумдан болмок элем, ак илбирс.

— Илбирс тукумунан болсоң, бу тууганыңа кол салып жатканың. Ок, жолуң болгур!” [2] – деген диалог орун алат. Кожожаш илбирсти капкандан бошотуп жиберет. Тасмада, илбирс бийик тоонун капталы менен келишимдүү, айбаттуу, бардык көркөмдүк сапаттары менен илгерилеп, анан бир секирик таштап, көздөн кайым болуп кетет.

Ушул маалыматтардан улам, тоолорубузду байырлаган “илбистин” образынын чыгармага баш каарман болуп кирип калышынын себеби, маани-маңызы да айкындала түшөт. Айрыкча глобалдашып бараткан, баалуулуктары сакталбай, маданий мурастарын унута баштаган коом үчүн эң эле таасирдүү образ болгонун да баса белгилеп кетүү керек. Жазуучу чеберчилик менен бул каарманынын маңызына коомдогу көп проблеманы батыра алган. Ошол эле Кыргызстандагы алтын маселеси, чек ара маселеси, сейрек жаныбарларды коргоо, жаратылышты коргоо, жумушсуздук маселеси, мигранттар, маданият, мыкаачылыкка барууга аргасыз кылган жанкечтилик аракеттер, коомубузга бейтааныш нерсе болбой калганын байкоого болот. Тоолор, мөңгүлөр, кыргыз жеринин флорасы менен фаунасынын маселелери да көтөрүлүп, романда жаныбарлар дүйнөсүнүн өкүлү катары, кардуу тоолордун чокуларынан жерге башбаккан илбирс катышып жатса, адамдардын маселесин ошондой эле бийик ар-намыс, абийирге ээ Арсен Саманчин аттуу эркин журналисттин көз карашы аркылуу аңдап билебиз.

Жазуучу бул маселелерди чечүүдө заманбап ой-жүгүртүү, сүйлөшүү манерасын колдонот, чыгарманын демин замандын кымгуут шары менен айкалышта сүрөттөйт. Бүгүнкү турмуш картинасын, бүгүнкү кыргыз элинин абалын, тагдыр жолун чагылдырып келип, анын байыркы көөнө доор менен айкалыштырып кетет. Унутта калып бараткан кыргыз руханий маданиятынын табият менен адамды али айрып бөлбөгөн, мифтик дүйнөгө алып кетет. Муну менен жазуучу окурманды ой толгоого чакырат. Эң негизгиси, жазуучу романын эпос менен айкалыштырат. Эпостук кеңдик менен тереңдик бул жолу дагы ачык байкалат. “Манас” эпосунундагы көркөмдүк ыкмалар, поэтикалуулук романда жаңы нукта, заманага шайкеш иштелген. Ч.Айтматовдун чыгармачылык өзгөчөлүгүнүн өзөгүндө жаткан “фольклордук”, “эпостук”, “архаикалык”, “антикалуулук” ыкмасы кайрадан колдонулган дейбизби, бул жолу дагы укмуштуудай дүйнөгө туш болобуз. Адам ата менен Обо энеден башталган сөз учугу тарам-тарам болуп отуруп, бүгүнкү күнгө келип жетет. А дегенде эле Арсен менен Жаабарстын “Манас” эпосундагы Манас менен Аккула, Манас менен кабыландардай бирин-бири толуктап, жаныбарлар менен баш каармандын айкалышта алынышы көзгө урунат. Эпосто мындай делет:

“Мал башчысы кула бээ,

Баш башчысы куу катын

Бойдок жүрөт кула бээ

Төрөбөй жүрөт куу катын.

Кула бээм тууса тулпар туур,

Кула бээнин кулуну,

Кулунунун кыйыны

Төрөсө казанат ат болоор.

Аны сураган адам жат болоор.

……………………………………………

Куу катын тууса шумкар тууйт,

Кайгынын баарын жоелук,

Кудай берсе бир уулду

Атын эл айткан атты коелук

Жекени белге курчанаар

Куу катын эркек уул тууса

Жети түмөн эл келсе,

Жеке аралап кол салаар

Бел байлаган бел болоор,

Кудай эркек уул берсе

Пендеден артык шер болоор” [5, 48.]. Баатырдын төрөлүшүнүн алдындагы окуяларга көңүл бура турган болсок, мында мал башчысы менен баш башчысы атайын күчөтүлүп, өзгөчөлөнүп берилип отурат. Жөнөкөй мал эмес, жөнөкөй жан эмес, экөөсү тең артык, тандалмалуу, катардан сырт жандыктар. Албетте, жарык дүйнөгө келе турган кулун менен бала да өзгөчө болмокчу. Бул ыкма каармандарды белгилөөдө, каармандардын тагдыр жолун, мүнөзүн аныктоодо орундуу колдонулган, таасирдүү каражат катары милдет аткарган. Жаныбар менен адамдын параллель сүрөттөлүшү, бири бирине салыштырыла каралышы фольклордогу салттуу ыкмалардан экени белгилүү.

Эми “Тоолор кулаганда” романын алалы, биринчи эле бетте төмөндөгү абзац учурайт: “Ошентсе да, акыл-эс жетпегенди аңдап билүүгө аракеттенип жатып, божомолдой турган жалгыз нерсе бул бир гана мааниде, дагы эле тагдыр буйруп, алар бир жылдыздын астында төрөлүшү жөнүндө баяндоо, эки жандын кандайдыр бир төлгө жылдыздарынын өз ара байланышы, алардын космостук жакындыгы болор эле. Ооба, ошондой да болушу мүмкүн эле… Албетте, алар бири-биринин жер бетинде бар экени тууралуу кабары жок жана болушу да мүмкүн эмес болчу. Анткени алардын бирөө шаарда жашачу, эл көптүгүнөн батпай быкылдаган, көчөлөрдөгү соода-сатыктан жана тамактануу жайларындагы шишкебектин түтүнүнөн дал-далынан сөгүлчүдөй болгон, көп калктуу, заманбап чоң шаарда, ал эми экинчиси болсо бийик тоолордо, дүпүйгөн калың арчалар жана жарым жылдап эрибеген көлөкөдөгү карлар менен капталган жапайы аскалуу капчыгайларда жашаар эле. Ошон үчүн ал ак илбирс деп аталчу. Ал эми бийик тоолук жырткычтар жөнүндөгү илимде – кабылан тукумундагы, мышыктар түркүмүнө кирген теңир-тоолук ак илбирстер деп аталат, аларга жолборстор да кирет. Жергиликтүү калк арасында болсо мындай жырткычты жаабарс (илбирс — жаанын жебеси) деп аташат, анын жаратылышына бул ат көбүрөөк туура келет — секиргенде ал чын эле жаанын огу сымал тез жана шамдагай. Аны «кар кечкен илбирс» деп да коюшат, белчесинен кар кечип жүрүүчү деген мааниде… Бул дагы чындыкка дал келет… Башка жандыктар тоодогу кар күрткүлөрүнүн туткуну болбоо үчүн жол издешет, ал болсо күчтүү! – бет алган жагынан кайтпайт…» 286-бет.

Эмне үчүн ак илбирс?! – деген суроо туулат. Жооп, бир эле учурда жөнөкөй да, татаал да. Жөнөкөй, себеби, ак илбирс Ала-Тообузду мекендеген, жырткыч жандык. Кыргыздар көрүп, билип, угуп жүргөн жаратылышыбызда бар жандык. Татаал, себеби, көркөм табияты бай жандык. Көптөгөн чыгармаларга мифдик, тотемдик негиз болуп, каармандын, калктын кулк-мүнөзүн, улуттук өзгөчөлүктөрүн, руханий жана физикалык күчүнүн символу болуп келген. Илбирстин көркөм поэтикалык табиятында кыргыз элинин мүнөзү, улуттук баалуулуктары, өзгөчөлүктөрү катылган деп айтууга болот.

Далили дагы эле “Манас” болмокчу. Баатырдын төрөлүшүн баяндоодо дүйнөгө кандай адам келгенин кабарлаган “шер”, “жолборс”, “кабылан” сыяктуу жаныбарлардын аттарын учуратабыз. Бул жаныбарлар колдоочу, тотем катары, ошол эле убакта эпостун көркөмдүк кунун арттыруучу каражаттар катары да кызмат кылат:

Шердин этин тапкын деп

Болбой турду байбиче,

Шер атаар мерген табылбай,

Же шердин эти кабылбай

……………………………………………

Бүгүн куу катының шумкар тууйт,

Сенин кула бээң бүгүн тулпар тууйт.

Кабылан Манас шер уулуң

Казатка минер ат ушул.

Бүгүн экөө бир күн туулду,

Биттейинде бирикти

Кенедейде кезикти

……………………………………….

Манасың жерге түшкөндө

Нур төгүлүп тоюнду.

Катындар ороп алаарда

Бу белгиси дагы бар –

Кара чаар кабылан

Капталында чамынды.

Ал ымыркай баланы

Ары – бери үч аттап,

Караса көзгө илинбей,

Кайда экени билинбей,

Кайып болуп жоголду.

Көсөө куйрук көк арстан

Оң жагынан чамынды.

Арстанды көргөндө

Кандай шумдук болду – деп

Катын качты чуркурап,

Калайыктын баарысы

Түп көтөрө зыркырап.

Туулган бала Манастын

Оң ийинден бир жыттап,

Сол ийинден бир жыттап,

Күр-күр этип толгонуп,

Берен менен арстан

Кошо жатты комдонуп.

Бир карасаң баладай,            

Бир карасаң сур жолборс.

Аман жүрүп чоңойсо,

Беттешкен аман түк койбос” [5, 49,51,54.].

Эми “Тоолор кулаганда” (“Түбөлүк колукту”) романындагы Арсен менен Жаабарска кайрылсак, эпосто Манас баатыр Аккула аты, колдоочу кабылан, жолбостору менен кошо төрөрөлүп жатса, Арсен да Жаабарс менен “бир жылдыз алдында төрөлүп”, кайра бир үңкүрдө кошо өлүп жатат. Башкача айтканда, ошол Манас баатырда башталган окуя уланып отуруп бүгүн биздин күнгө жеткендей. Бүгүн ошол Манас баатырдын урпактары, кабылан, жолборс, илбирстер менен төрөлгөн улут колдоочу, тотемдерин өлтүрмөкчүбүз деп барып, илбирс менен кошо өлүп жатканын көрүп отурабыз. Бул эмнеден кабар берет?! Бул – кыргыздарда, кыргыз улуттук кулк-мүнөздүн өлүп, жоголуп жаткандыгынан кабар берет! Аны да глобалдашуу, базар чарбасынын баскыны менен кыргыздар өздөрүндөгү мүнөздү, өздөрү өлтүрүп, табияттарына каршы чыгып жатышат. Албетте, жазуучу бул нерсени акылда өлчөп, калчап отуруп, эпостук байркы дүйнөгө, нукура кыргыз дүйнөсүнө метафора иретинде алганын, кыйытып ошол кыргыз мүнөзүн эске салып жатканын баамдоо керек.

Молоташ үңкүрүндө да андан улам караңгыраак жана суугураак болуп баратты. Бирок бул үңкүрдө кокусунанбы же тагдырдын буйругу мененби бирге болуп калгандар үчүн баары бир. Алар ушул акыркы башпаанегинде экөө эле — көзү жумулуп бараткан адам жана анын жанында үзүлүп бараткан жапайы жырткыч. Экөө тең жер бетиндеги жолдорунун аягына келишти, туш келдиби же таамай атылган октон жаракат алыштыбы — ким кимге ок атты жана эмне үчүн эми ким териштирмек эле? Ушунун баары азыр алардын дайынсыз түбөлүктүүлүккө аттанаарына саналуу мүнөттөр калганда, эч кандай мааниге ээ эмес эле. Жаабарстын оңурайган жаракаттарынан кан сызылып, жай агып жатты, деми кыстыкты. Ал ошол эле алсыз абалында, шалдайган тамандарына башын жөлөп жатты, анын таанымал туу куйругу, кереги жок ыргытылган буюм сыңары, жерде оонап жатат… Арсен жанындагы өлүп бараткан илбирстин денесине башын коюп капталдап жатат, ушундай ыңгайлуураак. «Мына акыры жолуктук». [1, 491.].

Эмесе бул жандык менен адамдын тагдырын жакындатууну кандай жорууга болот. Жазуучу кылдаттык менен кыргыз мүнөзүн, кыргыздардын кан-жанында бар тоолук, таза, аруу, бул дүйнөнүн материалдык байлыктарына үзүлүп-түшө бербеген, руханий дүйнөсү бийик, ар-намысты бек туткан байыркы бабалардын кулк-мүнөзүн, жашоо стилин эске салып отурат. Бирок бүгүнкү кыргыздар ошол сапаттарды сактай алдыбы, жокпу деген суроону коет.

Эпостун өзүндө кыргыздар тууралуу төмөндөгүдөй саптар кездешет:

Бадыша болуп башкарып,

Башыңды кармап турбаган,

Алтын, күмүш зар алып

Дүйнөгө көңүл бурбаган,

Өлбөстөй күтүп казына

Карап турбайт кашына,

Бир ат болсо болгудай

Бир адамдын башына.

Кыргыз экен мындай эл,

………………………………….

Кылган иши тобокел,

Бар болсо, бардай жеп кеткен,

Жок болгон болсо колунда.

Тобокел акка! – деп, кеткен,

…………………………………..

Кара кыргыз уругу

Касиеттүү төрө экен.

Көрүп жүрсүң жолборсту,

Издебейт жолборс жолдошту,

…………………………………………….

Азуулуу арстан баарысы             

Мекен кылбай салып жүр,

Кыргыз да шонун бири экен” [6, 102.].

Романдын башкы каарманы Арсен Саманчинге келе турган болсок ал да ошол эски бабаларды эске салат, “эркин журналист” мансапкор эмес, өз макамын коруу менен алп урушкан көр пенделерден эмес, көр оокат үчүн көрүнгөнгө кошомат кылып, эптеп жан баккандардан эмес. Бүгүн мында, эртең башка шаарда, өз идеясы үчүн күрөшүп жүрөт. Эми Арсен Саманчинге да кудум Жаабарска тузак кургандай, тузак курулуп отурат. Бир жактан Эрташ-Курчалдын тузагы, экинчи жактан Таштанафгандын кылмыштуу планы Арсенди туш тараптан камап, курчап отурат. Тилмечтик кылуусун өтүнүп, чакырып алышып айылдаштары аны тузакка түшүрүшөт. Бул жагдай эпостогу Манас баатырдын тууган сөрөй Көкчөгөздөрдүн уюшкан кутумуна кабылган абалга үндөшүп турат. Эпосто:

“Ичкендин ичин өрттө – деп,

Кымызына салыптыр.

Күрөгөдө бозого,

Күйдүрмө салды ошого,

Чапчактагы бозого,

Чачама салды ошого.

Аркыттагы аракты,

Аябастан аа салды

Заар* деген талакты,

Өлтүрмөккө Манасты [7, 383.].

Ууланган чоролор менен Манас баатырга батынып кол салалбай, сагаалап турган Көкчөгөз, Манасты кетип баратканда аркасынан атып өлтүрдүм деп кете бергенде, жарадар болгон Манас жанына жете келген Сыргакка төмөндөгүнү айтат:

Жолборстон болор жолдошум,

Коркпостон болор колдошум,

Жолборстон жолдош келүүчү,

Жот дары алып берүүчү” [7, 419.].

Айткандай эле, Манас баатырды жаратынан айыктырмакка “жолбос жолдош”, “илбир инилер” келет:

“Жатканында сабылып

Кырк чилтендин бирөөбү

Жанына келди баатырдын

Жолборс болуп табылып.

Келди тоодон жолборсу,

Тооруп келип баатырдын

Жолборс болду жолдошу.

Жолборстон жолдош келгени,

Айтканындай өзүнүн

Жот дары алып бергени,

«Жобобоңуз» дегени,

Жолборс берген дарысын

Токтолбой төрө жегени.

Илбирстен ини келгени,

Искеме дары бергени.

Искеп алып үшкүрүп,

Эсине келди чүчкүрүп[7, 422-423.].  Эпосто Манас баатыр оор жараланган учурда да жөлөп таяган, айыктырган дал ушул жаныбарлардын кейпине кирген колдоочулар болуп жатат. Бул да тегин жерден болбосо керек. Бир эле учурда колдоочу, тотем, ошол эле учурда, баатырга сүр, айбат жана өздөрүндөй мүнөз берген аныктоочу символдор. Жандап жүргөн жаныбарлар, Манас баатырдын, тек гана баатырдын эмес, тоолук кыргыз элинин сырткы физикалык өзгөчөлүктөрүн, чапчаң, курч, шамдагай жана өткүрлүгүн, тайманбастыгын аныктоо менен, ошондой эле, ички эмоциялык абалын, чечкиндүүлүгүн, кандайдыр бир деңгээлде адилдигин, бийиктигин, айкөлдүк мүнөзүн берүүдө ыктуу колдонулган. Баатырга келген кубулган жаныбарлар, ал ошондой касиет сапатка эгедер жакын жан-жөөкөрлөр экенин баамдоого болот.

Романда “мына эми жолуктук” деп автор Арсен менен Жаабарсты бир үңкүрдө жолуктурду. Бирок бу сапар Жаабарс – “илбирс ини” Арсенге жардам бере албайт. Арсен да Жаабарсты сактай албады. Арсен өзүн, өзүндөгү Жаабарстыкты коруйм деп жатып курман болду.

Арсен курман болду, себеби Жаабарстык мүнөз Арсенде гана калган эле. Ал акыркы ак илбирс менен кошо өлүп, жок болушу керек эле. Чыгарманын маңызы да ушунда. Романда “Жаабарс планы” тууралуу сөз болгондо төмөндөгүлөр айтылат: “- Беке аксакал, план өтө мыкты түзүлүптүр, а мындай аталышы кайдан — Жаабарс? Тамекисин түтөтө соруп, шеф Бектур жылмайды:

— Жаабарс жөнүндө бир ыр бар, биз жакта баары билишет. Арсен, сен, менимче, кайсы бир макалаңда бул тууралуу жазсаң керек эле?

— Ооба, Беке, ошондой болгон, фольклор жөнүндө сөз болгон.

— Мына ошентип , Корчубек Алтаевич, андагы мындай сөздөр эсиме түштү, азыр аткарып көрөйүн:

Тоодон-тоого секирди Жаабарс,

Олжосун кармап, жеп кирди Жаабарс.

Олжого дайым ыраазы Жаабарс,

Табият берген күчү бар кайтпас.

Силерге каалайм күч-кубат талбас,

Бизде да болсун ажалдан тайбас,

Биздин Жаабарс, баатыр Жаабарс.

Райаким кол чапты:

— Демек, ушундан алыныптыр да! Эң сонун! Демек, аксакал Беке, сиз өзүңүз баатыр Жаабарс экенсиз да?

Шеф Бектурган ийинин куушурду:

— Эми кандай десем. Эгер ишкердик жаатында болсо, биздин аймакта колумдан кээ бир нерсе келип жаткандыр. Бирок чыныгы Жаабарс баатырлар — жаштар.

Мына биздин Таштанафган — эгер ак илбирстерди таап айдап келсе, Жаабарс баатыр мына ошол болот!

Дагы бир биздин Жаабарс — баатыр мына бул бардык тилдер боюнча илимпоз Арсен! Менин иним!

— Мен -кайдан Жаабарс болоюн. Мен бир нече күнгө жардамчы-тилмечмин, а тилмечтер баатыр болушпайт, — Арсен Саманчин тамашага салып кутулууга аракеттенди” [1, 464.].

Автор чыгармада бул өз ара байланышты “жылдыз төлгө ” аркылуу да, анан каармандардын диалогунда да салыштырып берип отурат. Аягында курчоого алынган адам-илбирс менен айбан-илбирс жан таслим болду.

Үңкүргө жамандыктын жышаанын сезе киришти. Элес титиреп, ыйлап жатты, эжеси аны колтуктады. Көргөн нерсе аларды тилден калтырды: катып калган көлчүк кандын үстүндө дем албаган адам менен жапайы жырткыч, чоң ак илбирс жатышат. Арсен Саманчиндин башы Жаабарстын көкүрөгүнө жөлөнгөн” [1, 494.].

Бул жерде жазуучу Арсендин курман болгон жери катары Моло-Таш үңкүрүн берүүсү менен да кыргыздын эпикалык дүйнөсүнө жакындап келген деп айтууга болот. Албетте, бул окуя бир коңулда же бир ачык жерде да болушу мүмкүн эле. Бирок “үңкүрдө” болуп жатат. Эмнеге? Себеби, үңкүр да кыргыз турмушунда, эпосторубузда кеңири колдонулган бир гротесктүү, сыйкырдуу, өзүнүн көркөмдүк күчү бар мекен жайлардан. Эпосторубуздун байыркылыгын айгинелеп, чыгармага табыгый көрк кошуп турат. Маселен: Манас эпосунда төмөндөгүдөй саптар бар:

“Кайран катын Каныкей

Бу дүйнөнүн бейиши кылып салдырган.

Кошой, Төштүк карысы

Кирип кетти үңкүргө,

Ошол турган кырк эшендин баарысы.

Айза сайып өкүрүп,

Буйругу кымбат Алданын

Буйругуна да өкүнүп,

Бууданың Манасты койгон жери ошол[8].

Арсендин да акыркы сапарга “үңкүрдөн” узашы тегин жерден болбосо керек деп ойлойбуз.

Кийинки көзгө урунган жагдай “кайып болуу” мотиви. Романда “Түбөлүк колукту” кайып болуп кетет. Мерген жигит да дайынсыз. Эски уламыш ирээтинде романга кирген бул окуяда да салтуу ыкма уланып, тазалык менен ак ниеттүүлүктүн символу болгон каармандар өлтүрбөй кайып болуп отурат. “Манас” эпосунда да Кыз Сайкал, Арууке, Айчүрөк, Каныкей, Чыйырды, Семетей, Бакай кайып болуп кетишет.

Булардан кандай жыйынтык чыгармакчыбыз, айтматовтаанууга зор салым кошкон белгилүү адабият таануучу, сынчы К.Асаналиев “Манас” эпосу жана Чыңгыз Айтматов” деген макаласында мындай дейт: “Манас” эпосу менен Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын ортосундагы интегралдык байланыш, Улуу Сөздүн үзүлбөгөн, тынымсыз кыймыл-аракети, континууму, тагыраак айтканда, синкреттик оозеки искусствосунун түздөн-түз “синкреттик роман” /Г.Гачевдин термини/ болуп кайрадан жаралышы. Жазма адабияттын пайда болушу менен көркөм өнүгүүнүн жаңы формасына өтүү процессинде, жогоруда белгилегендей, байыркы эпос сөзсүз түрдө туңгуч касиет-сапаттарынан ажырамак, бирок анын түгөнгүс көркөм потенциясы эч качан жоголмок эмес. Ал эртеби-кечпи, качандыр бир мезгилде, кандайдыр бир чекитте, байыркы антика маданиятындай болуп, өзүнүн кайрадан жаралышына, Ренессансына ээ болмок. “Манас” эпосунун кайра жаралышы, Ренессансы Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына дал туура келди” [3, 27-28.].

Белгилүү айтматовтаануучунун пикирине ортоктош болуу менен бул соңку роман да ушул кубулушту улай жаралгандыгын белгилемекчибиз. Кыргыз элинин мүнөзүн, улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырууда, жазуучу баягы эпостук көркөм дүйнөнү эске салып, бүгүнкү акыбалды, аң-сезимдин түпкүрүндө калган ассоциациялар менен айкалыштырып берген. Улуу жазуучу Ч.Айтматов өзүбүздөгү кыргыз мүнөзүн өлтүрбөй тирүү сактоону насааттаган. Анын башаты “Манас” эпосунда жаткандыгын, башкача айтканда “Манас” – кыргыз рухунун туу чокусу” экендигин макала иретинде бир мезгилде жазган болсо, эми көркөм чыгармасында далилдеп отурат.

Миргүл Текешова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти

Колдонулган адабияттар:

1.Айтматов Ч. Чыгармаларынын жыйнагы: 6-том. Романдар/Түз.

Абдылдажан Акматалиев. — Б.: Бийиктик, 2008. – 512 б.

  1. “Ак илбирстин тукуму” фильми. 1984. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын негизинде тартылган. Сценарийин жазгандар: М.Байжиев, Т.Океев.
  2. Асаналиев К. “Манас” эпосу жана Ч.Айтматов. Китепте: Ч. Айтматов и духовная культуа. Сб. статей. На кырг. и русс.яз. — // Бишкек: 1999. – 223с. 27-28-б.
  3. Барс-бек кыргыздардын каганы. / Жооп.ред.акад.А.Ч.Какеев. – Б.: “Архи”, 2003. – 144б.
  4. Манас: Эпос / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча; Редкол; Ч.Айтматов / башкы ред./ ж.б.; — Ф.: Кыргызстан, 1984. 1-китеп. 1984. – 248 бет.
  5. МАНАС: С. Каралаевдин варианты б-ча / Түз.: А. Жайнакова, А. Акматалиев; Сөздүктү даярдаган А. Мамытов. Сүрөттөрү Т. Герцендики. — Б.: «Турар», 2010. — 1006 б.
  6. «Манас»: Кыргыз элинин баатырдык эпосу. 6-китептин уландысы ж-а 7-китеп: Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу б-ча академиялык бас. /Даярдаган С. Мусаев. – Б.: Турар, 2014. – 792 б.
  7. “Семетей”: Баатырдык эпос. “Манас” эпосунун экинчи бөлүгү: 1 том. 1-китеп / С.Каралаевдин варианты б-ча академиялык басылышы. Даярдаган А.Жайнакова – Б. Турар, 2015. – 556 б.
  8. http://nsportal.ru. / Электрондук ресурс: Собранные легенды и мифы про снежного барса.
  9. https://vk.com/page-10493120_34275819 Электорндук ресурс: “История создания герба Татарстан – Интервью с Н. Ханзафаровым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *