Чынгыз АЙТМАТОВ, (1928-2008), жазуучу жана дипломат

Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

* * *

Өмүрдүн чыныгы баркы – ишенимде, бактысы да ишенимде.

* * *

Умтулуу – бул чындыкка карай кеткен жол. Чындык да ошол жолдой башы жок, аягы жок. Бирок баардык жол чындыкка алып барбайт.

* * *

Шекспирден тартып Достоевскийге чейинки рух шаалары адамдагы адамдыкты издеген.

* * *

Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралу акыл калчайсың.

* * *

Эгер Атажурт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

♦ ♦ ♦

Салижан ЖИГИТОВ,  (1936-2006), акын жана ойчул-илимпоз

Чындыкты айтуудан жогорку парз жок.

* * *

Адамдар шашыла берет, а тарых шашылбайт.

* * *

Артисттер кыйшаңдаган сулуу аялга окшоп комплемент угуп турганды жакшы көрөт.

* * *

Кыргыз акындарынын эң жаман жери – өз кайгыларынан мурда Сталин өлсө Сталиндин, Киров өлсө Кировдун кайгысына каңырыктары түтөп, элдин атынан ыр жазып кейишчү. А дүйнөдөгү улуу акындар өздөрүнүн атынан гана  сүйлөйт.

* * *

Кыргыз чоңдорунун баары балык, бийликтен түшкөндөн кийин суудан “кургак” чыгышат.

* * *

Кыргыз китеп жазса эле тарыхта калам деп ойлойт.

* * *

Кыргыз микроб сыяктуу: кирген жерин чиритет.

* * *

Совет өкмөтү багып турганда кыргыз жазуучулары элдин эркеси элек, анын цензурасынан бекер жадачу экенбиз. Кийин коомдун кедейлиги советтик цензурадан да жаман экенин сездик.

♦ ♦ ♦

Мурза ГАПАРОВ, (1936-2002), жазуучу жана драматург

Мага аялзатынын сулуулугунан мурда жарк эткен жылдызы жагат.

* * *

Мен өлөрдө аялдын образы көз алдыма келсе дейм, ошондо колум менен өз көзүмдү өзүм жаап, кете берет элем.

* * *

Кыргыз басынган эл. Оор турмуш ого бетер басынткан. Андыктан ар бирибиз өзүбүздөгү кулдук психологияны бир тамчыдан болсо да сыгып жатып кутулушубуз керек.

♦ ♦ ♦

Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ, (1951-2015), «Шоро» компаниясы менен «Супара» этно-комплексинин негиздөөчүсү

Мен үчүн эң тозоктуу күн – эч нерсе кылбай чалкаңан жаткан дем алыш менен иш жок отурган күн.

* * *

Мен үчүн эң кымбат – УБАКЫТ, шашкалактап жашаганым ошондон.

* * *

Акча мени өзгөрткөн жок. Мен көп учурда жаныма акча салып да жүрбөйм. Ооба, капчыктуу адаммын, бирок мен рахатты акчадан эмес, өз жумушуман табам.

* * *

Биз – кыргыздар, көп убакытты аш-тойго, мааракелерге коротобуз. Шорубуз ушул! Кыргыздын ушунусуна чыдай албайм.

* * *

Эсимде, иним экөөбүз он беш жыл кыялдандык: алтымышка чыксак, балдарыбыз иштеп, а биз балык уулайбыз, эс алабыз деп. Турмуш андай болбоду, тескерисинче, бизде эс алаар кездер тээ жаш кезде болгон экен, азыр жок.

* * *

Таңгалыштуусу, мен үчүн дайыма акча тартыш. Өзүмө эмес, компания үчүн.

* * *

Бизде сынчылар көп. Өздөрү жазганды билбейт, анан жазуучуларды сындашат. Бизнесте да ошол: таза, сабаттуу бизнес уюштура албагандар – аткаминер болуп чыгышат. Анан ошолор өздөрүнүн чала ачыган акылдарын бизнесмендерге «угут» болчудан бетер үйрөтүшөт.

* * *

Жаш адис болсоң, сага жетекчиңдин мактоосунан өткөн жагымдуу ыракат барбы? Өзүңө окшогондордон дагы 10-15и сөзсүз болот. Алардын арасынан сенин ишиң же долбооруң ийгиликтүү ишке ашып, компаниянын кирешесинин үстүнө киреше кошулуп атканына тегерегиңдегилердин ичи куйкаланып баштайт. Мунсуз жашоо болмокпу, бирок ич күйдүлөр көбөйсө, ансайын ырахат аласың.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *