«Тарыхты жеңүүчүлөр жазганы үчүн, жеңилгендердин аты аталбайт.»
Дрекслер

«Дүйнөлүк саясаттын эң башкы максаты – ресурстарды көзөмөлдөө жана ал  ресурстар үчүн күрөш. Калганы эч качан бүтпөгөн жана тынчыбаган согуштун формалары менен методдору гана».
Н.Стариков

Адамзаты саясатты ойлоп тапкандан бери эчен кылымдар өткөн менен, көздөгөн максаты, жасар иши  бирөө гана экени жөнүндө жогортогу цитатада жеткире айтылыптыр. Ошондон бери жер үстүндө эчен мамлекеттер жок болуп, ордуна жаңы малекеттер, жаңы түзүлүштөр келгени менен көздөгөн максаты ошол ошол бойдон кала бериптир. Кайсы өлкө күчтүү болсо, ошол өкүм жүргүзөт. Алсыз өлкөлөр ага баш ийип, анын айтканын аткарууга мажбур.

Тарыхта андай өлкөлөр жана мамлекеттер тууралуу фактылар жетиштүү. Ал эми жакынкы эки кылымды алып карасак, андай өлкөлөрдүн саны беш-алтоо эле болсо, жыйырма биринчи кылымда алардын катарына Кытай мамлекети кошулду. Демек, дүйнөлүк саясатта  өтө чоң өзгөрүш болот. Мисалы, дүйнөлүк экономикада жана гэосаясатта. Саясатты шахматка салыштырышат. Ким жеңгиси келсе, анда бул оюнду жакшы билиши керек. Шахмат оюнунда белгиленген эрежелер болсо, саясатта эреже деген нерсенин өзү жок. Андай эрежени жеңүүчү гана киргизет. Жеңилген тарап, ошол эрежеге моюн сунат. Ал эми гэосаясат — бул шахмат тактасы. Андай болсо саясый кызыкчылыктардын кызуу салгылашы өтүп аткан аймактарды, Сирия жана араб өлкөлөрү турган аймак, шахмат талаасынын бир чекеси, экинчи чекеси Европа тарап — Украина, Польша, ж.б…лар болсун. Анда  Кыргызстан жана башка Орто Азия өлкөлөрү, оюндун эң маанилүү жери, шахмат талаасынын дал ортосу десек, жаңылышпайбыз.

Мына ушул себеп болгон үчүн гана коңшу афгандарда тынчтык болбой турат. Баам салган киши, кашкарлыктардагы, тажиктердеги болуп жаткан окуялардан, жакынкы жылдарда жарылуучу өтө кооптуу абал жаралганын байкай алат.

Кыргызстандачы деген суроого да жооп издеп көрөлү.

Буга Кыргызстандагы болуп жаткан ар кандай окуялардын өзү эле жооп берип тургансыйт. Күндө болбосо да күн алыс өтүп жаткан ар кандай акциялар: митингдер, форумдар, жыйындарды алсак, анда «бороон алдындагы тынчтык» мезгили өтүп, бороон мына-мына башталчудай шекилде… Айтайын дегеним, саясый акыбал эмес, руханий жак болгондуктан, бул теманы тереңдетпестен, ток этерине токтолсом болмок. Бирок маселенин тамыры келип-келип эле саясатка, саясаттын тамыры идеологияга, ал эми идеологиянын тамыры тарыхка  такалганы үчүн бир-эки ооз сөз кылууга мажбур болдум.

Өтүп аткан ар бир акцияда — кандайдыр бир идея бар

Ошол идеяны лозунг кылып көтөрүп чыгышууда. Мисалы, саясый куугунтукту токтотуу, коррупцияга каршы күрөш, адам укугу,  сөз эркиндиги жана башка ушу сыяктуу иштер. Ошол идеялар кайдан чыкты?

Кандай гана ой-идея болбосун, өткөн мезгилден же тарыхтан алынат. Башка жолу жок! Куру сөз болбосун үчүн дагы мисал келтириш керек болду. «Өлкөнүн башкы мыйзамын 1993-жылкы кабыл алынган конституцияга кайтарышыбыз керек». Көрүнүп тургандай, идея 1993-жылдагы окуяга такалат. Болбосо дагы бир башка мисал: «Ата Мекен» партиясы социализм идеясын сунуш кылып келет. А  идеясынын тамыры өткөн кылым эмес, аркы кылымда жатпайбы. К.Маркс, Ф.Энгелстердин идеясы эмеспи. Диний жагында деле ушул эле көрүнүш. Мусулманчылыктын идеясына бир жарым кылым болсо, христианчылык идеясына эки миң жыл болуптур. Эми бул диндердеги ар кандай агымдардын да, ар биринин өз тарыхы, жаралган мезгили  бар. Ал эми азыр ошол идеяларды лозунг кылып гана көтөрүп жүрүшөт.

Мына ушул мисалдар айтып тургандай, идеологиялык курал, мына ушул тарых же хронологиялык курал менен башкарылып, жөнгө салынып турат.

Глобалдык башкаруу жагын изилдеген адистердин айтуусунда, кайсы бир өлкөдө же аймакта  мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү үчүн, ошол өлкөнүн же аймактын тарыхын кайра карап, өзүлөрүнө, башкарууга ыңгайлуу кылып өзгөртүп жаздырышат.

СССР кулаардан беш-алты жыл мурунку окуяларды эстесек, анда жогорку сөздүн тууралыгына ишенсе болот. Өзүбүзгө тиешелүүсүн эле алып карайлы. СССР мезгилинде санжыра айткандар дээрлик жок болчу. Жок болчу дегенди, таптакыр эле жок маанисинде эмес, санжыраны билгендер өтө аз болчу деп түшүнүңүз. Бирок эл ичинде бул өнөрдү билгендер бар болгону үчүн, санжыра жана санжырачылардын деңгээли бугүн абдан жакшы абалда.

Санжыра — бул искусство экенин тан алышыбыз керек

Ушуга байланыштуу бир окуяны айта кетким келди. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов биздин айылдык Рахмат аба менен жылуу мамиледе болгон дешет. Андай мамиледе болушунун себеби, Рахмат аба, санжырачы эле. Эскилердин айтуусунда, Рахмат аба сөзгө маани берип, анын баркына жеткен жана өз мезгилинде коомдун алдыңкы сабындагы инсандардан болгон. Ал эми Ч.Айтматовдой залкар жазуучу сөз билген инсандарды сыйлаганы жөнүндө айтылып эле жүрбөйбү. Эстеп көрсөк, санжыра боюнча биринчи жолку республикалык сынактын жеңүүчүсү, Базар-Коргондун Беш-Бадам айылынан Абдишарип аке болгон. (Атамдар ал кишини Семетей деп коюшчу. С.Д)

Мына ошол киши айткан санжыранын вариантын Рахмат абадан үйрөнгөн дешет. Угушумча, ушул вариант кагазга түшүрүлгөн жана азыр да сакталуу. Ч.Айтматов жазып калганбы же жокпу билбейм. Сөз кыла койгон себебим, санжыра — бул искусство экенин дагы бир жолу баса белгилей кетейин дегеним. Болбосо улуу Ч.Айтматов Рахмат аба менен мамилелеш болуп кадырлап, сыйламак беле…

Совет мезгилинде кыргыздын жазма адабияты болбогондугу жөнүндө айтылып жүрсө, кийин Ахмад Яссавий өзгөндүк болуп чыгып, Махмуд Кашкарини да талаштык. Жусуп Баласагындын эмгектери жөнүндө айтыла баштады. Ошол эле учурда орустун колониялык саясаты жөнүндө сөз козголо баштаган. Анан эмне болду? Беш-алты жылдан кийин СССР империясы кулады. Ал эми Кыргызстан болсо «эгемендикке» ээ болуп, бирок басар багыты жок, баягы  боюнча эле көрүнгөндөн карыз сурап келет.

Дагы бир кызык мисал: Бажы Биримдигине кирер алдында, эсил кайран СССР маалында экономикалык көрсөткүчтөр жогору болгондугу, жашоо деңгээли жомоктой болгону жөнүндө тамшанып эле жатып калышпадыбы. Тыянагында — азыр Бажы Биримдигиндебиз.

Экономиканы талкалар алдында да, базар экономикасы, пландуу экономикадан жакшы деп сайрашпады беле. Жакшы болсо кана?

Отуз жылдан бери чеке жылытпады го. Базар экономикасына өтөбүз, жыргайбыз дедик эле. Азыр кыргыз тентип жүрбөгөн жер калдыбы?  Саресеп салган киши, пландуу экономика болобу же базар экономикасы болобу, өндүргөнүн кардарга сатыш керектигин билип эле турат. Кардарга кантип жеткирип сатышты, өндүрүшчүнүн өзүнө эле коюп берсе жакшы болбойт беле. Кааласа арабасы, кааласа машина менен жеткирип берет эле да. Кааласа жерин күрөктөйт, же ат менен айдайт, же трактор менен иштетет. Кааласа жүгөрү же буудай-арпа себет. Андай болбогондон кийин суроо туулат: эмне үчүн базар же пландуу экономикага сөзсүз өтүшүм керек деген. Бирок бул суроого эч ким жооп бербейт. Демек, жообун ар ким өзү гана таба алат. Жооп болсо бирөө — ал шайлоочунун добушу!

Эми ойду жыйынтыктоочу учур келди.

  1. Биз жашаган өлкөнүн тагдырын чечүүчү Жогорку Кеңеш партиялардын фракцияларынан түзүлдү.
  2. Ар бир фракция партиясынын идеясын ишке ашырат.
  3. Ал идеяларды тарыхтан же башкача айтканда, өткөн мезгилден гана алышы мүмкүн.
  4. Жогорку Кеңешке депутат болуп барыш үчүн шайлоочунун добушу керек!

Мына ушинтип ой жүгүртүп олтуруп, шайлоочунун добушун алыш үчүн, тарыхты казып идея таап, аны маалымат куралы (гезит-журнал, телерадио, интернет) менен элге жеткирип, экономикалык курал-акчаны иштетишерин билип алдык. Ал эми акчага материалдык куралдар – гендик (азык-түлүк, дары-дармек) жана согуштук куралдарды сатып алышарын да түшүндүк. Белгилүү болгондой, акчага добуштарды сатып алышат…

Тарыхка саресеп салып көрсөк, улуу Кыргыз Каганаты Азия чөлкөмүн эле эмес, Европага чейин созулуп жаткан аймакты ээлеп жаткан. Азыркы Индиядагы аз санда болсо да, кыргыздардын жашап жаткандыгы, бир мезгилдерде кыргыздар Индия океанынын суусуна бетин жууп, атын сугаргандыгы жөнүндө төгүндөлгүс далил эмеспи. Ушундай кудуреттүү мамлекет курганга духу жеткен эл, бүгүнкүдөй абалга жетишине, рухубуздун оорусу гана себеп дээр элем. Эгер бир адамдын оорусу жөнүндө сөз болсо анын жөнү, жолу башка. Жалпы элдин, өлкөнүн масштабында болсо эмне кылып, кантиш керек?

«Курама курап журт, кулаалы таптап куш» кылгандан башка жолун эч ким билбесе керек.  Мындай десең эле, ой, муну өкмөт кылыш керек дегендер четтен чыгат. А өкмөтүң отуз жылдан бери өчөйүп эле өлөсөлүү болуп келатат. Же ары, же бери болбой. Бир карасаң жаны иттен бышык. Бир карасаң байкуш кебетеленет. Баарына эле жок дебейт. Кылабыз, жасайбыз дейт.

Акча болсун, экономика өсүп көтөрүлсүн дейт. Ошо өчөйгөн өкмөттү карабай эле ишин мыктап жасап жаткандар да бар. Ушуерден абдан баса белгилеп айта турган сөзүм бар: — Эл, өлкө, мамлекет оңолушу үчүн маданият оңолушу керек.

Кудайга шүгүр деш керек, азыр  ушул маданият жагында «көзгө көрүнбөгөн, айтканга арзыбаган», байкалбаган иштерди жасап жаткандар да бар. Көрүнүп калгандарын айтпай ак койдум. Бирок отуз жылдан бери өчөйгөн өкмөт жасай албаган ишти жасап койгондор да бар. Мына ошолордун бири Олжобай Шакир. Көбүнүн көңүлүнө көк таштай тийгени менен атан төө көтөргүс ишти жасап койду. «РухЭш» сайтын ачып көрүп, андагы маалыматтын көлөмүн чамалап көргөн киши дароо эле түшүнөт. Айтайын дегеним, ал маалыматтын канча гига же мега, террабайт экендиги эмес. Айтып, баалай турганы маданий байлык топтолгонунда. Олжобайдын эмгегинин чоңдугу, сайттагы материалдардын грамматикалык жана башка каталарына абдан көп көңүл бурганында. Ар бир үтүр, чекитине чейин үңүлө тиктеп оңдоп турганында. Жазуучулук жагында жүргөндөргө жакшы белгилүү, редакция, коррекция деген, көз майына кошо мээни жеген ишти жалгыз аткарып келатканында. Сайттын жасалгасы, андагы чыгармалардын жанрлары боюнча бөлүнүшү жана башкалары жөнүндө сөз кылбасам деле көрүнүп турат. Салыштырыш үчүн Олжобайдын сайтына окшогондорду карап көрсөң дагы бир жолу ыраазы болосуң. Алыс барбай эле интернетти ача койгондо «РухЭштин» жанынан чыга койчуларды карап көрсөң эле жетиштүү. Адеп үчүн атын атабайм, ошондой сайттан Т.Касымбековдун «Келкелин»окугам. Атайылашканбы же башкасыбы билбейм, бирок катасы көптүгүнөн аягына жетпестен токтотуп койгом. Мен го алтымыш таяп калган кишимин, а бирок жаш балдар, айрыкча алыс-жакында төрөлүп, эне тилин жакшы билбеген балдар ошондой китептерди окушса, «и, кыргызча ушундай айтылып, ушинтип жазылат турбайбы» деп калары аштан бышык эмеспи. Олжобайдын сайтында ошондой каталар жок. Жанагы «байкалбаган, көрүнбөгөн» ат көтөргүс эмгеги мына ушунда.

«Курама курап журт кылдымга» келсек, отуз жылдан бери мамлекет оңоло албай атса, анын себеби рухубуздун оорусунда болсо, ошол рух оорусунан айыктырар нерсе маданият экенин билгенден кийин ушул «РухЭшти» колмо-кол кыла көтөрүшүбүз керек. Колдошубуз керек. Себеби бул сайттагы маданий байлык баарыбызга керек. Маданияты жогору эл жашаган өлкө сөзсүз бай, бактылуу жана эркин болот!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.