Муа эл жомогу: Жети сокур жөнүндө

Илгери, илгери Муа аралдарында көзү азис жети бир тууган жигит жашаптыр. Алар ар бир күнү деңизге чыгып балык кармашчу экен. Көздөрү азис аларга бул татаал жумушту аткарууга баштарына тагып алган сыйкырлуу канаттар жардам берчү экен. Канаттар жигиттердин чекесинен ылдый карай тагылгандыктан, оңго жүрүү керек болсо оң бетти сылап, солго баруу зарыл болсо сол бетти кытыгылап, токтош керек болгондо кыймылдабай калып, айтор, эмне жасаш керек болсо түрдүү белгилерди берип, жигиттерге жол көргөзүп, эмне кылышты билдирип турчу экен. Ошентип алар сокур болушса […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Чыгарма жазуу – жогорку интеллектуалдык эмгек, адабий сын – аны ширетүүчү

Адабий сын маселесин Олжобай Шакир башында турган «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты колго алганын окуп, аны жандандыруу үчүн конкурс жарыялаганына абдан ыраазы болдум. Адабияттан бул жок болуп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип орун алып, биринин чыгармасы жөнүндө экинчисинин ооз ачпаганы жаңы жазып келаткан ышкыбооздор үчүн туңгуюк жол экенин баамдап келатабыз. Эгерде жазылган чыгарма кимдир-бирөөнүн колунан окулуп, оңдолуп, пикир айтылып ийнине жеткирилсе, анда аны жазып жаткан адамдын канат-бутагы кеңейип, учууга жарап, өзүн руханий жактан байытып турмак. Ушул жок болуп, […]

Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

(Төртүнчү топтом) *    *    * Бир жакка шашып жөнөгөндө – таксиге эле түшүп жөнөбөйсүң. Саатка да кошо түшүп жөнөйсүң. Автоунааң мурда жетер бекен же саатың мурда жетер бекен? *    *    * Сүйгөнүңдү тикте сүзүлүп, сүйгөнүң жок болсо – сүйүшкөндөрдү тикте үзүлүп. *    *    * Адам-эй, адамды бычактап өлтүргөнүң – бир эсе жырткычтык болсо, анын бетине чылымыңдын калдыгын таштап кеткениң – эки эсе жырткычтык болбодубу… *    *    * “Аял” деген – “ая”, “ал” деген сөздөрдөн, “эркек” деген – “эрки”, “эки” деген […]

Нууман СААЛИ: Жакшы сөз

АҢГЕМЕ Гүлсанавар ал кишиге болгон бир өтүнүч-арыз менен кайрылып, аны менен баарлашкан жарым сааттан кийин тап-такыр башка бир маанай менен үйүнө кайтып баратты. Көкүрөгүн көп жылдар бою кара тумандай ныгыра каптап басып, көңүлүн күңүрттөнтүп чөгөрүп, чүнчүтүп келген кыжаалат абалдан куткарып салганына кубанды. Заматта бардык өксүктөн арылгандыгы ышкысын термеп, эңги-деңги жээликтирди. Ал көчөдө шагдам басып, көкүрөгү толо ашып-ташкан толкунданууга чулганып, ичинен өзү менен өзү сүйлөшүп баратты: «Менин да сөзүмдү кунт коюп, киши катары угуп, маани берип, көңүлүмдү көтөрүп, камкордук көрө турган […]

Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы

Өктөбүр ыңкылабына чейинки кыргыз тарыхы боюнча жаңыча изилдөөнү талап кылган өтө татаал маселелердин бири — бул Кыргызстанда Орусия үстөмдүгүнүн орношу же буга чейин айтылып келгендей «кыргыз элинин өз ыктыяры менен Орусия курамына кириши» тууралуу маселе. Ырас, башкасын айтпаганда да тээ 50—60-жылдары аталган маселенин айланасында кыргыздын алгачкы илимпоз тарыхчылары: академик Б. Жамгырчинов, ИА корреспондент-мүчөсү, сөөгү казак, эти кыргыз А. Хасанов ж. б. далай ирет акыл калчап, тогуз толгонушкан. Алардын ошол кыйын кезеңде кылган ишин, көтөргөн жүгүн адилет баалоо азыркы илимпоз тарыхчылардын […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Мидин

Кээде келесоодой ойлор келет: Мидин качан Мидин атыгып, атпай кыргыз журтунун кан-жанына кантип сиңип кеткен? Айрым учурда Мидин деген ысым кыргыз кыргыз болгондон бери эле бар сыяктуу туюлат. Кудум Жээренчечен, Асанкайгы, Акылкарачач дегендей… Ойлоп көрөлү: минтип ойдогудай жазуу-сызуубуз болбосо, адаттагыдай адабиятыбыз гезит болуп тарап, китеп болуп басылып чыкпаса, же алакандын отундай жерге топтошкон үркөрдөй кыргыз калкы болбосо, Мидин качан жашап, калк оозунда качан, кантип ылакап катары калганын боолголош чындыгында эле кыйын болмок. Тилекке жараша, «Авроранын» залпына аралаш туулган баланын» аты-жөнү […]