Илгери, илгери Муа аралдарында көзү азис жети бир тууган жигит жашаптыр. Алар ар бир күнү деңизге чыгып балык кармашчу экен. Көздөрү азис аларга бул татаал жумушту аткарууга баштарына тагып алган сыйкырлуу канаттар жардам берчү экен. Канаттар жигиттердин чекесинен ылдый карай тагылгандыктан, оңго жүрүү керек болсо оң бетти сылап, солго баруу зарыл болсо сол бетти кытыгылап, токтош керек болгондо кыймылдабай калып, айтор, эмне жасаш керек болсо түрдүү белгилерди берип, жигиттерге жол көргөзүп, эмне кылышты билдирип турчу экен.

Ошентип алар сокур болушса да балыкчылыкты көзү соолордой эле кылышып, кечте кайык толо балык менен келишчү экен.

Ушинтип жай жашоо өткөрүп, тынч жашап жүрүшкөн бир туугандарды чоң кулагы бүт денесин жапкан деңиз албарстысы Догаи аңдый баштайт. Ал көзү сокур болсо дагы соодой жашап жүргөн алардын жашоосуна абдан таңгалып, деңизде кечке жүргөндөрүнө өтө кызыгат.

Бир жолу ал бир туугандар кайыгы менен деңизден кайтып келаткандарын көрүп, чоң дөңгөчү менен акырын дабыш чыгарбай сүзүп барып, узун союл менен бир туугандардын балыгын шилеп, деңизге түшүрө баштайт. Андан соң сууда калкыган балыктарды терип, кабына салып өз турагына жөнөйт. Кайыктын жүгү жеңилдей түшкөнүн сезген бир туугандар анын түбүн сыйпалап карашып, эч нерсе таппаган соң буга абдан таңгалышып, бири-биринен сурашат:

— Биз кармаган балыктарыбызды кайыкка салбай эле кайра деңизге койо бере берген эмеспизби? Эми эмне жейбиз?

Ошентип балыктарын уурдатып жиберген алар ал күнү ачка жатышып, эртеси кайра балыкка чыгышат. Бирок бул жолу дагы балыктарын Догаиге уурдатып кур алакан келишкенде кимдир бирөөгө олжолорун алдырып жаткандарынан шекший башташат. Бирок көздөрү көрбөгөн соң ууруну кармамак тургай анын кантип олжосуз калтырып жатканын биле албай ачуу ызага батышат.

Ушундай күндөрдүн биринде жети бир туугандын эң кенжеси байкелери уктагыча күтүп жатып, айлана тынчыган соң туруп, өздөрү аярлап сактап жүргөн атасынын баш сөөгүн эшикке алып чыгып, жыпар жыттуу чөп менен жакшылап сүрүп, анан андан түшүнөн аян берүүсүн суранат:

– Айтчы ата, уулдарыңа элчилеп жарык дүйнөнү көрүү бактысы эмне үчүн энчиленген эмес? Биз ар бир күнү кайыгыбыз толо балык кармайбыз, бирок жолдо сүзүп келатканда эле ал бош болуп калып жатат. Мунун себеби эмне?

Ошентип атасынын башын ордуна коюп, андан аян тилеп жаткан баланын  түшүнө атасы кирип мындай дейт:

– Эртең балыкка чыкпа. Агаларың деңизге кеткен соң сени сыйкырлуу канат  ташбакалар деңизден чыгып жумуртка тууган жээкке алып келет. Ал жерден сен кумдун арасынан ташбаканын көп жумурткаларын табасың. От жагып, аларды бышырган соң кабыгын аарчып, сарысы менен көзүңдү сүрсөң көрүп каласың.

Кенже бир тууган эртеси күнү баарын түшүндө  атасы айткандай кылып жасаганда, көзү чындап эле көрүп калат.

– Атаке, көзүмдүн көрүүсүн кайрыганың үчүн сага чексиз ыраазымын. Мен эми жарык дүйнөнү көрүп, сулуулугуна суктанып бүтө албай жатам. Көрсө, көрүү деген улуу бакыт турбайбы! Ал эми калган ташбака жумурткалары менен мен агаларымды да бактылуу кылам.

Кечке жакын ал деңиз жээгине келип, агаларын күтүп отуруп, догаи албарсты дагы кимдир бирөөлөрдүн келишин зарыгып карап отурганын көрдү. Дагы эле  өзүн азис катары көргөзгөн кенже бир тууган Догаиге билгизбей аңдып отуруп, ал бир туугандарынын балыгын кантип уурдаганын көрдү. Бир туугандары жээкке чыгып балыктар дагы да азайып калганына кейип жатышканда алардын кенжеси балыктарды ким уурдап жатканын көргөнүн айтты.

– Сен деле биздей сокур болсоң, аны кайдан көрмөк элең?- деп агалары ишенбей турганда, ал ысык кумга көмүп бышырып койгон ташбаканын жумурткаларын жарып, анын сарысы менен алардын көздөрүн сүрүп чыкты эле, баары тең көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ошентип жарык дүйнөнү көрүп, бактылуу болушкан бир туугандар жүзүкара  Догаини жазаламакчы болуп, эртеси баягыдай эле канаттарды беттерине таңып алып балыкка чыгып, кайык толо балык менен кайтып келатышты. Өздөрүн карай дөңгөч минип, колуна узун союл алып жакындап келаткан Догаини көрүштү. Мурдагыдай эле бир туугандарды сокур санаган ал жакын келип союлун сунуп, балыктарды шилеп сууга түшүрө баштаганда бир туугандар ага балыкка салган торлорун ыргытып кармап алышты.

Колго түшкөнүнө көзү жетип, кутуларынан түңүлгөн Догаи бир туугандарды долулана каргап баштаганда анын ар бир сөзү ок болуп тиерин билген алар бул албарстыны акула сайчу гарпун найзалары менен туш-тараптан сайып калышты. Анан эле ачып көздү жумгуча алар кургак жерде кайык-сайыгы менен болуп калышты. Көрсө, кулактары боюн жапкан албарсты Догаи өлөрү менен чоң аралга айланып кетиптир дагы, бир туугандар анын дал ортосунда калышкан экен. Ошентип азыр биз жашап жаткан Догаи Малу аралы жаралып, аны жети бир тууган өмүрлөрүнүн акырына чейин ээлеп, жыргап-куунап жашаптыр, балдарым.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *