АҢГЕМЕ

Гүлсанавар ал кишиге болгон бир өтүнүч-арыз менен кайрылып, аны менен баарлашкан жарым сааттан кийин тап-такыр башка бир маанай менен үйүнө кайтып баратты. Көкүрөгүн көп жылдар бою кара тумандай ныгыра каптап басып, көңүлүн күңүрттөнтүп чөгөрүп, чүнчүтүп келген кыжаалат абалдан куткарып салганына кубанды. Заматта бардык өксүктөн арылгандыгы ышкысын термеп, эңги-деңги жээликтирди. Ал көчөдө шагдам басып, көкүрөгү толо ашып-ташкан толкунданууга чулганып, ичинен өзү менен өзү сүйлөшүп баратты: «Менин да сөзүмдү кунт коюп, киши катары угуп, маани берип, көңүлүмдү көтөрүп, камкордук көрө турган адам бар экен да. Мени да киши катары санап бирөө ойлойт экен да. Мен өзүмдү бул дүйнөдө эч кимге керексиз жан деп жүрсөм, мен али адамдарга керек турбаймынбы?

Кантип эле мен жана менин адистигим бул коомго керектелбей калчу дечү элем. Көрсө керектелет экен да. Анан да менин өзүм жөнүндө бирөөдөн мындай жылуу сөз укпай калганыма канча болду эле? Таштап кеткен эр мүшкүлү, эр чанды айың азабын бүркүп, анын уусун жутуп, айылдагы аргөйгө салган ушак кеп дилимди каржалтып бууп турган кыйын кезеңде күтүүсүздөн көз жумган эр жеткен балдардын көкөйлүү, армандуу күйдүргү күйүтү менин жүрөгүмдү кемирип жеп бүткөнү калганда, нервим бошоп биротоло тынчыганы калган кезимде бул кишинин жылуу мамилеси, жанга жагымдуу эң жакшы сөзү, анан да чын дилден кам көрүп: «Бизге ишке келбейсизби? Сиздей адистер бизге өтө зарыл. Таппай жүрөбүз» деген күтүүсүз сунушу, мейли ал көңүл улап сооротуп айтылган болсо да, чексиз кубануунун эпкини эсимди оодара койду.

Кантип ыйлап жибергенимди да билбей калыпмын. Жообум ошондой болуптур. Мен да али элге керек экенимди сезгенден ыйладым, бирөөнүн камкор көңүл буруусун, ушунчалык самап, зарыгып муктажданып ыйладым.

Ырахмат сизге, агай. Медет жана дем берген жылуу, жакшы сөзүңүз менин шылкыйган башымды өйдө көгөрүп койду. Жакшы сөз жан дүйнөңдү дарыларын эми анык билдим. Көрсө, гөр пенде жакшы сөздүн кулу тура! Ырахмат сизге миң мертебе, алтын, агай- ым!» — Ушул ойлорду көңүлүнөн өткөргөн Гүлсанавар шагдам баратты. Үйүнө да өтө көңүлдүү кирди.

Көптөн бери күзгүгө карана элек болучу. Туура күзгүгө басып барды. Назарында күзгү да өзү сыяктуу чаң баскандай туюлуп, анын бетин алгач аарчып, анан ага жүзүн тосту. Күзгүдөн аны өтө жүдөңкү бир кары кемпир карап турду. Көрүп алып ал катуу чочуп кетти. Көңүлдү ныгырган өңүндөгү өрт жаштыгын да мойсоп кеткенин эми туюп, жүрөгү тыз этти. «Ой, ушунчалык да кейиштүү абалга келип калганмынбы? Мени кыркка чыга элек келин деп ким айтат? Байбай, агайым эмне деген ойдо калды? Кыркка чыга элекмин деп айткан сөзүмө агай эмне деп ойлоду?»

Мына азыр айткан сөзү үчүн агайынан катуу уялып кетти. Анан күзгүнү карап туруп, бир ирмемге өзүнүн өмүр таржымалын эси-көөнүнөн тизип өткөрдү: ата-энесинен эрте ажырап, Шакафтар интернатында окугандыгын, андан бой жетип буралган кыз курагына жеткенде жогорку окуу жайга өтүп, мыкты студент болгондугун, ага ашыктык катын жазып, канча жигиттер ширин сөз айтканын, алардын баарын чанып, дилин окууга багыштап алектенип, эң жакшы баада бүткөн күнү, бүтүрүү кечесинен өз айылдашы Бактыбай жуп алакачып үйлөнүп, андан үч балалуу болгондо, Бактыбай башка аялды ээрчип кетип, азапка салганын эстеди.

Эрдин азап-айыбын тартып мүшкүлдөнүп жүргөндө, какаганга муштаган, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп эр жеткен азамат тун уулу кокусунан көз жуумп, адам чыдагыс, орду толгус зор, оор күйүт биротоло мөгдөтүп, ордунан тургус кылып мүңкүрөтүп салды. Гүлсанавар тагдырдын таш боор азап-тозогуна чыдай албай бул турмуштун кызыкчылыгынан кечип кетерине да аз калган. Өзүнө-өзү кол сала турган жоболоңдон эки баласынын тагдыры эш болуп кармап калган. Ушул чырактай перзенттери үчүн бул жашоого илешип, анан кайдыгер күн кечирип, дүйнө ырахатынан көңүлү кайт болуп, ыргылжың кайдыгер жүргөн чагында бүгүнкү жолугушуу бардыгын быры-чырын кылып, тагдырына бурулуш жасады.

Гүлсанавар бул түнү бир оокумга чейин бүгүнкү таасирдин капшабынын туткунунда калып, толкуп-ташып уктай албай чамынып чыкты. Балдары уктагандан кийин суу жылытып, башын жууп, ден-боюн чайынды, көптөн бери кийилбей жаткан кийимин катылган жайдан алып чыгып кийинип, жасанып түзөндү. Кимдидир күткөндөй, кимдир келе тургандай тымызын ээлигип, жуунуп-таранган келбет-жүзүн күзгүгө салып каранып, күзгүдөн бет бурбай олгурду.

Бүгүнкү болуп өткөн жолугушууну көз алдына улам-улам келтирип, итинен агайына болгон алкоо сөздөрүн арнап жатты: «Оо, менин алтын агайым! Сиз мага кожою кыдырдай жолуктуңуз. Же чындап эле кожою кыдыр болуп жүрбөң. Мени жакшы, жылуу сөзүңүз менен эмдеп, дабалап, эчен жылдан бери ышкыма аркандалып, тушалып, канча жылдан бери кат-кат үстөмөлөнгөн көңүл кирин заматта алып салдыңыз. Тагдыр жолумду жарытар таш панардай жарыгын чачкан, оо менин алтын агайым, буга чейин кайда жүрдүңүз экен?»

Ал кимдир бирөөнү эңсеп, кимгедир дегдеп да алды. Али жаш келин экендигин, ургаачылык кумар напси али кубатында экендигин, али сүйүүсү, махабаты өчпөгөндүгүн ички бир купуя кайрык дирилдете ишараттап өткөндөн жан жерлери дүүлүгүп, гүүжүп, эркектана жытын самап, жээлигип алды. Жүрөгүнө бир топ узак жылдардан кийин баш баккан мындай жакшы толкундаткан, азгырган сырдуу сезимдеги назик нерсе агып кирди. Өзүнүн бир күндө эле өзгөрүлгөндүгүнө өтө таң калды. Жакшы сөздүн укмуш кудуретине таң берди. Ошо таң бергенден олтуруп алып ак баракка кат жазып кирди:

«…Агайым, мен жалгыздыкка баш ийип, анын азабына такыр моюн сунганы калганда сиз жолуктуңуз. Мен сиз менен беттешкен кезде айта албаган айрым ойлорумду сизге кат аркылуу баарын төкпөй-чачпай айтып берүүнү ылайык таптым. Анткени мени туура түшүнө турган бир инсан сиз окшойсуз. Аны мен сиздин алдыңызга арызданып барганда, көз жашымды төгүп ыйлап олтуруп, билип-туйдум. Жөндөн-жөн эле өзүмдү токтото албай ыйлай бергеним жок. Мен далай жылдардан бери уга элек жакшы сөздү уккандыгым үчүн ыйладым. Кечирип коюң, мен бейбак аялды! Жакшы сөзүңүз менен мени сиз тикелеп койдуңуз. Мени да уга турган, мага да көңүл бөлө турган адам бар экендигин сездим. Буга чейин мага эчким көңүл бөлүп, дарт-дабамды уккан эмес эле. Бирөө мени кала берсе куттуктап койгон да жок эле. Бул дүйнөдө мен өзүмдү жапжалгыз деп эсептеп, куу ааламга мени жалгыз жаратып коюп эчак өлүп калган ата-энеме да катуу нааразы болуп жүргөн кезде сизди мага жолуктурган кудайыма миң калла ырахмат. Сиз менен баарлашкандан кийин бөксө көңүлүм толуп, өзүмдү алсыз жана жалгыз сезбей калдым. Мени оор ахыбылымдын сормо сазынан сиз гана сууруп чыга турган болдуңуз окшойт. Сиз мени адам катары, адистигимди баалап, көңүл үчүн болсо да бизге келип иштебейсизби дегениңизге мен ыйлап олтуруп эмне деп жооп айтарымды да билбедим. Эркектерден да боорукер болот экен да деп ыйладым… Эркек аттуудан көңүлүм кайт болгондо ал көңүлүмдү сиз кайра кайтарып бергендей болдуңуз. Мына ошол үчүн да ырахмат, агай. Эмнеси болсо да мен сизге өтө ыраазымын. Эң башкысы жылуу мамиле, жакшы сөзүңүзгө. Чын дилден болбосо да, көңүл улап айткан болсоңуз, ал үчүн да. Азыр бул чаар заманда көңүл суроо да таңсык болуп кетпедиби, агай! Сиз айткан жакшы сөздөрүңүз менен мени коомго кошо турган болдуңуз окшойт. Жалгыздыктан жадаган мезгилде мени топко кайтардыңыз. Аялзаты эмнелерди гана эңсебейт. Мен ошол эңсөөдөн калып калган элем. Эми өзгөрүлө баштадым.

Алтын, агайым! Мен буларды жазбасам, көөдөнүм эзилип, жарылып кетмекмин. Сизди мени туура түшүнөт деп, оюмдагынын баарын кагазга түшүрдүм. Жөн сөздү мен бетме-бет турганда өлсөм да айта алмак эмесмин. Ылжырап ыйлап олтура бермекмин. Арманым да, арызым да ушу болучу! Мен эми арызданып барбаймын, тагдырыма наалып таарынбаймын. Анткени бул жарык жашоо мага окшогон гарыптын көңүлүн сурай турган сизге окшогон алтын адамдардан куру эмес экендигине кубангандан да жаратканга ыраазымын. Алтын агайым, сизге кош деп айта албасмын. Жөн гана саламатта бололу деймин. Сизди урматтаган Гулсанавар. 2004-жыл. Саат2:00. Тун».

Катты бүттү да, кайра бир сыйра окуп болуп, ал катын бооруна бекем кысып күзгүнү карады. Көзү кубануудан жайнап турду. Анан абайлап, астейдил тегерегин карап чыкты: жашаган үйүнүн түсүн көрүп уялып кетти. «Болду, эми жетет, Гүлсанавар! Өзүңдү колго ал. Жашоого бир келесиң. Эртеңден баштап чоң тазалоо ишине кириш! Дилиң тазаланганда, үйүң да тазалансын!».

Айткан сөзүнө туруп, Гүлсанавар эртеси эрте ойгонду. Ушуга чейин үй шьшырганды да, сырткы короону шыпырганды да, кала берсе шыпыргынын да кайда турарын унута баштаган экен. Ушунун баарын ушуга чейин бой тартып калган кызы аткарып жүргөндүгүн эми гана туюп, каңырыгы түтөп кетти. Саамга телтейип турду да анан шыпыргыны таап келип, жарым челек сууну эшик алдына сээп, кыңылдап ырдап, бара-бара үнүн угуза бийиктетип чыгарып жер шыпыра баштады.

Табарсыгы толуп, адатынча сыртка шашып чыгып бараткан кенжетай баласы эшиктен башбага берип, ыр ырдап жер шыпырып жүргөн апасын көрө коюп, тык токтоду. Таң калгандан саамга демин ичине алып тиктеп турду да, аныгына толук көзү жеткенден соң, анан табарсыгынын толгондугун да унутуп, уктоочу бөлмөгө кайра атып кирип барып, бейкапар уктап жаткан эжесинин үстүндөгү жуурканын шап сыйырып бүт ыргытты да, аны олдоксон түрткүлөдү:

— Салима! Салима! Турчу! Апам ырдап эшик шыпырып жүрөт!

Уйкунун ширин илебин жуткан Салима:

— Ырдаса ырдай берсин! — деп жуурканды кайра бетине тартып чүмкөп, саамга тып-тынч жатты да анан кудум түшүнөн катуу чочуган адамдан бетер эми эле үстүнө жапкан жуурканын алыс бургап жиберди: — Эмне дейсиң? Апам ырдап дейсиңби?!

Анан мулуңдаган иниси ишара кылган терезеден сыртты карай берип, жер шьшырып ырдап жүргөн апасын көрдү да, кандайдыр бир күйүттүү ачуу сезим тамагын кысып, муунтуп, каканактаган көзүнөн бир томолок жаш мөлт эте түштү. Тамагын жутунган кыз акырын шыбырады:

— Кагылып кетейин азаптуу менин жаным энем ай!!!

Бала болсо толгон табарсыгын унутуп, чочосунан сарыккан тамчыны этибар да албай, жамажайы жайылып кудуңдап сүйүнүп, тынбай сүйлөп жатты:

— Апам эшик шыпырып жатат! Ура-а-а, менин апам ырдап жатат!..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *