Адабий сын маселесин Олжобай Шакир башында турган «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты колго алганын окуп, аны жандандыруу үчүн конкурс жарыялаганына абдан ыраазы болдум. Адабияттан бул жок болуп, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген принцип орун алып, биринин чыгармасы жөнүндө экинчисинин ооз ачпаганы жаңы жазып келаткан ышкыбооздор үчүн туңгуюк жол экенин баамдап келатабыз. Эгерде жазылган чыгарма кимдир-бирөөнүн колунан окулуп, оңдолуп, пикир айтылып ийнине жеткирилсе, анда аны жазып жаткан адамдын канат-бутагы кеңейип, учууга жарап, өзүн руханий жактан байытып турмак. Ушул жок болуп, ким кимге кайрылышты билбей турган чакта адабий сын жанры колго алынып жатканы жакшы болду.

Турмуш агымыбы же чынында космикалык ылдамдыкта жашап жатабызбы, айтор, азыр эч кимдин эч нерсеге чолоосу тийбейт. Шашып эле жүрөсүң, бирок бүтүргөн ишиң аз. Ошол себептен, бүгүнкү күнү жазылып жаткан чыгармалардын баарын же көбүн окуп чыгууга убакыт жок. Фейсбукка жаңы жазган ырларын бере коюу менен өз окурмандарын таап келаткан Маркабай Ааматов, Жыпар Исабаева, Жыпара Арыкова, Назгүл Осмонова, Атантай Акбаровдор болууда. Бул белгилүү акындар ырларын Фейсбук аркылуу жайылтуунун жакшы жолдорун таап алышкан. Ал эми башкаларын билүү үчүн өздөрү чыгарып жаткан китептерине үңүлүүгө туура келет. ХХ кылымдын 20-30-жылдарын жазма адабиятыбыздын башаты катары ошол кезде чыгармачылыкка кирген акын-жазуучулардын, кийин согуш мезгилиндеги чыгармалардын, андан соң 50-60-жылдар, 70-80-жылдардагы адабиятка кирген чыгармачыл инсандардын чыгармалары өзүнчө бөлүнүп талданып, сындалып, талкууга алынып келген.

Союз тарагандан кийин баары кыйрагандай эле адабий сын да жок болуп кетти. ХХI кылым башталгандан бери Кыргызстанда адабий сын уктап жатат. Анда-санда ойгонумуш болот, бирок дале 27 жылдан бери узак уйкуда. Сын болбогону үчүн, чыгармаларды жарыкка чыгаруу комиссиясы иштебегени үчүн ким кааласа эптеп чүргөй салган бирдемелерин китеп кылып чыгарып, жалпы окурман журтунун китепке болгон табитин өлтүрдү. ХХI кылымдын жаштары мектептеги окуу китебинен сырткары китептерди окуудан массалык түрдө баш тартышты. Аларга азыр зордоп китеп окутуунун зарылдыгы жок. Зарылдык – жок болуп кеткен баалуулуктарды калыбына келтирүү.

Союз тарагандан кийин материалдык жана руханий байлыктардын көбүнөн кол жуудук. Социалисттик системадан капитализмге жармашпай дагы деле илең-салаң абалдабыз. Базар экономикасы башыбызды баңгиге байлагандай баарыбыз башаламан жашап келдик. Бирок 2000-жылдан баштап элдин колунда бир аз тыйын пайда болуп, жашоодогу көп өксүктөр элдин өзүнүн аракети менен калыбына келе баштады. Анын бири – биз сөз кылып жаткан адабият.  Адабият да аңтер-теңтер абалга түштү. Эми ошол чөгүп жаткан саздын жээгине өсүп чыккан байчечекейлерди таап алуу керек. Колунда чырагы жок, караңгы жолдо карайлап келаткан караандарды эми жарык жолго жетелеп чыгуу зарылчылыгы келди.

Адабияттын салты менен айтканда, жылдарды, мезгилдерди бөлүп карап, ошол боюнча сын бере турган болсок, Кыргызстан эгемендик алган 27 жыл ичинде кандай чыгармалар чыкты, кимдер аракеттенди, анын баа-баркы канча болду деген маселенин үстүндө иштеш керек. 1990-жылдардын башында адабий чыгармалар жазылбай, баары рынок экономикасына өтүп, көбү кыйрап, эл алапайын таппай калган маалда журналистиканын басма сөзү жанданып чыга келди. Ошол кезде менчик гезит деген түшүнүк  пайда болуп, “Аалам” гезити 1991-жылдын 3-апрелинде жарыкка чыга калып, кудай бетин салбасын, мурун союз адамдарынын түшүнүгүндө жок жез кемпирлерди, басып кеткен кашык, учуп кеткен тарелкаларды, арбактарды, периштелерди жазып нускасын 100 миңден ашырып жиберди. Эл ал гезитти баса калып, талашып окуду. Чолпонбек Абыкеев өзү негиздеген гезитке “Кызыл көйнөкчөн келин” чыгармасын сандан-санга басып, машиналарды узата чуркаган келиндин арбагы ар бир окурманды арбап алган эле. Ошентип, талданган классиканы, омоктуу ойлордон ширелген чыгармаларды окуган окурман журту акырындык менен жеңил-желпи ойлорго жетеленип, жетеги жок жетимдей жолдо адашты. Анан Мелис Эшимкановдун “Асабасы” чыкты. Ага да, буга да ишенип турган баёо элдин аң-сезимин өзүнө имере тартты. Ал антип жатыптыр, бул минтип кетиптир деген калпты-чынды барабандай койгулаштырып, Ак үйдүн жертөлөсүндө жашаган мышык “Чокчолой баатырдын айтуусу боюнча, ишенимдүү булактардын берген маалыматы боюнча” деп туруп, элди эңгезердей ээрчитип алган жеңил, курч, кыска маалыматтар коллаж сүрөттөрү менен чыкканда элдин баары саясатка кирип, саясат гана сайрап чыкты.

Ага удаа Замира Сыдыкова “Республика” гезитин чыгарып, орусча ойлонгон, орусча жазып-окуган окурмандарга ошол кездин Президенти А.Акаевдин жеп-ичкендерин жеберине жеткире жазып турду. Андан соң Султан Раев “Кыргыз руху” гезитин чыгарып, адабиятка, рухий байлыкка кайрылганы менен саясаттын чеңгээлинде ал да чимирилди. Ушул төрт гезит эл окуй турган негизги куралга айланды. Бул 1991-жылдын ичи эле. Ушундан баштап булар 2005-жылкы революцияга чейин эбегейсиз эмгектеништи. Айтайын деген ой – ушул төрт башкы редактордун бири Америкага элчи болуп барып келсе, экинчиси Жогорку Кеңеште депутат, үчүнчүсү Ак үйдө бөлүм башчы, төртүнчүсү Маданият, маалымат министри болуп эки жолу дайындалды. Алардын экөө – Чолпонбек Абыкеев менен Султан Раев бүгүнкү күнү төбөсү көрүнгөн жазуучулар болушту. Ал эми Султан Раевдин  2016-жылы жарык көргөн “Жанжаза” романы, 2017-жылы жарык көргөн “Топон” романы эл арасында чоң кызыгууну туудуруп жаткан учуру. “Топон” кыргыз окурманы окуй электе Швециядан жаңы көз караштагы чыгарма катары 1-орунду алды. Анда жер жүзүндө жалгыз калган бир үй-бүлөнүн – ата-энеси, уулу, кызынын тагдыры чагылдырылат. Жерди топон суу каптагандан кийинки жалгыз үй-бүлөнүн жашоосу талдоого алынат. Ал эми “Жанжазада” жер жүзүндө өзүнүн каары, кан төгүү менен атын калтырган, мисалы Чыңгызхан, Александр Македонский, жинди катын Таиса Афинская сыяктуу адамдарды өзүнүн жазуучулук ой өлчөмүнө, кыргыздык түшүнүккө салып, башкача образ менен ачып бергиси келгени айтылат.

Аны окуган адам өзүнүн жан дүйнөсүнө сиңирип, синтездеп, акыл ой дараметине чактап кабыл алышы кыйын. Жазуучу мында жиндиканадан эркиндик, бакыт издеп качып чыккан жети жиндинин жашоо образын, ар биринин тарых беттеринде калган өмүр баянын, кылган иштерин, бул дүйнөдө алардын атын өчүрбөй кармап турган зор касиети эмнеде экенин кайра-кайра талдап окуп чыкканы көрүнүп турат. Дүйнөлүк тарыхтан орун алган адамдардын образын жаза коюш оңойго турбаганын китепти окуп отурган адам баамдабай койбойт.

Эгемендик алгандан бери эси кеткен элдин эсине эми чыныгы чыгармачылык илхам келип, дүйнөлүк адабият менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтип, жаңы нуктагы, тандалма, жаңы кыргыздардын жаңы жан дүйнөсүнө сиңире турган жаңы чыгармаларды берүүгө белсенип турганын колдоого алуу керек.

Ал эми иштегенине эми бир жыл болгон «РухЭш» көп жылдан бери чыгармачыл чөйрөнү чогултуп, бир жерге топтой алды. Мунусу үчүн ага чоң рахмат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.