Өктөбүр ыңкылабына чейинки кыргыз тарыхы боюнча жаңыча изилдөөнү талап кылган өтө татаал маселелердин бири — бул Кыргызстанда Орусия үстөмдүгүнүн орношу же буга чейин айтылып келгендей «кыргыз элинин өз ыктыяры менен Орусия курамына кириши» тууралуу маселе. Ырас, башкасын айтпаганда да тээ 50—60-жылдары аталган маселенин айланасында кыргыздын алгачкы илимпоз тарыхчылары: академик Б. Жамгырчинов, ИА корреспондент-мүчөсү, сөөгү казак, эти кыргыз А. Хасанов ж. б. далай ирет акыл калчап, тогуз толгонушкан. Алардын ошол кыйын кезеңде кылган ишин, көтөргөн жүгүн адилет баалоо азыркы илимпоз тарыхчылардын парзы. Биз о дүйнө кеткен ошол аалымдарды, тарыхчылардын алпы дээр элек, аларга таазим этип алкаар элек, алардын акылы жукса, билими оосо, арбагы колдосо деп тилээр элек.

Кезинде алар төө көтөргүс жүк аркалаганга тете иш кылганы, өтө бай тарыхый материалдарды эч эринбей эл ичинен машак тергендей терип-тепчип жыйнаганы, кийинки муун-урпактарга калтырганы, көч башында болгону кимге жалган. Эки айкөл агайларыбыздын китептерине аталган маселе боюнча ар түркүн даректердин молдугу, мазмунунун деңиздей тереңдиги, ой-чабыттарынын кенендиги, таамай, тактыгы мүнөздүү. Алар өз заманынын, ошол кездеги саясат менен идеологиянын курмандыктары болушкан. Ошондуктан аалымдар ичтен сызып, идеологиялык күрөштүн шарданында жүрүүгө, илимдеги жасалма корутундуларга жол берүүгө, тарыхка таптык мамиле, партиялуулук принциби деген түбүң түшкүрдүн алкагында калууга аргасыз болушкан. Кылт этсең улутчул деген жардык-жалааны жаба салып төбө каңдачу ошол чакта падышалык Орусиянын оторчул басып алуучулук саясатын тереңдеп иликтөөгө батынмак кайда!

Андайларды «эл достугуна, кең пейил улуу орус элинин кадыр-баркына шек келтирүүчүлөр» катары кекетип-мокотушчу. Анан калса 60-жылдардын башында жумуриятыбыздын айрым жасакер жетекчилерине тоталитардык борбордун көңүлүн алуу, ишенимине биротоло ээ болуу үчүн кандайдыр бир маараке зарыл эле. Ошондо «кыргыз элинин өз ыктыяры менен Орусия курамына кошулушунун 100 жылдыгы» деген жасалма шылтоо ойлоп табылды. Көкөтөйдүн ашынан кем эмес маараке өткөрүлүп, жумурият орден тагынды, кыргыздын «мыктыларынын» мансап-мартабасы артып, империялык баш калаадагы улуктарга алынды.

Ошондой болсо да жогорудагы арбагы козголгон эки окумуштуунун китептерин, бөтөнчө 40—50-жылдардагы. макалаларын көңүл коюп окуган окурман алардын айтайын деген оюнун, кебинин төркүнү бөлөк экенин, бугу ичинде калганын туят. Ал олпок сыңары китептердин тулкусуна ширетилген миң сырдуу даректер илимпоздордун машакаттуу эмгегинин эле далили болбостон, шакирттерди устаттардын айтылбай калган ой учугун улоого үндөгөнсүйт. Эмесе, аракет кылып көрөлү. Башкалар да өз ойлорун айтышар. Жаңыча көз караштар, ой-пикирлер арбыса ажеп эмес. Айкындыктын тушунда — ачык айтып, ак сүйлөөнүн кезеңи келип турганда айтпаган кепти качан айтмак элек. Биз макаланы даярдоодо, тыянак чыгарууда устаттар чогулткан бай тарыхый материалдарга таяндык.

Айтмакчы, көпчүлүк илимпоздор Орусияга өз ыктыяры менен кошулуу өзгөчө Кыргызстандын түндүгүнө мүнөздүү деп баса белгилешип, түштүк Кыргызстанды падыша аскерлери күчкө салып каратып алышканын кандайдыр бир деңгээлде моюнга алышат. Андыктан биздин сөзүбүздүн төркүнү негизинен аркалык кыргыздардын Орусия тизимине киргизилиши тууралуу болмокчу. Себеби «Орусияга Кыргызстан өз ыктыяры менен кирген» деген жобону далилдөө үчүн анын тарапкерлери дал ушу Түндүк Кыргызстан аймагын көрсөтүүгө умтулушат. Албетте, Түндүк Кыргызстан дегенибиз эч качан топтолук Кыргызстан эмес, алты аймактуу жергебиздин жартысы гана! Бирок ошол Түндүк Кыргызстанда деле бардык кыргыз уруулары жапатырмак жан талашып өз көз каранды эместигинен безип, Орусиянын койнун самаган деген мурдагы «үстөмдүк кылуучу жобо» өтө көп шектенүүлөрдү туудурат. Карт тарыхка калыс үңүлөлүчү…

XIX кылымдын 50—60-жылдарында түндүк кыргыз уруулары Орусия дөөлөтүнүн тизимине киргизилди. Алардын нчинен алгачкы болуп бугу уруусу киргени белгилүү (1855).

XIX к. биринчи жарымында түндүк кыргыз урууларынын ириси — бугу уруусу Орусия дөөлөтүнүн Батыш Сибирдеги төрөлөрү менен элчилик алака кылып турган. Орусиялык көпөстөр кыргыз жеринде ээн-эркин соода-сатык иштерин жүргүзүшүп, ал аркылуу Чыгыш Түркстанга эч кабатырланбай каттап жатышты. Алардын коопсуздугун камсыз кылууну көлдүк кыргыздар өз моюндарына алган эле. Ошол кездеги эң татаал тарыхый кырдаал, коңшу уруулар менен ич ара чыр-чатактын ырбашы, бугу манаптарынын кээ бирөөлөрүнүн Ормон ханга баш ийгиче башка мамлекетке малай болууга даяр жеке амбициясы, Кокон хандыгынын, казак султандарынын кысымы, Кытай богдыханынын амалкөй аракеттери бугуларды Орусия мамлекетине калканч издеп кайрылууга мажбур кылганы анык.

Канатташ казак калкынын конуш-журттары — Копал, Йли чөлкөмдөрүн орус аскерлеринин ээлеши жана Верный (Алма-Ата) өңдөнгөн калаа, сепил-чептердин түптөлүшү, алардагы падышалык кошуундардын жылдан жылга арбышы да түндүк кыргыздардын бир бөлүгүнүн Орусияга ык алышына түрткү берди. Казакстан аркылуу Орто Азияны каратып алууну эңсеп жутунган Орусия дөөлөтүнүн мыкты куралданган кошундары бул кезде Кыргызстандын колтугунда, көлдүк кыргыздардын иреге-босогосунда кам-кашеги шайма-шай ат коюуга даяр турган. Ал эми Ысык-Көлгө келген татар соодагерлери өз кызыкчылыгы үчүн жана падыша өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча алдын ала кам көрүп, кыргыз айылдарын аралап бий, манаптар менен жакшы мамиле түзгөн соң аларды өзүлөрүнө имерип, Орусияга кошулууга ачык эле үгүттөшкөн.

Батыш Сибирдеги орус төрөлөрү менен бир нече жолку кат алышуулардан кийин бугу уруусу 1855-ж. Орусия курамына кирди. Бул бугу уруусунун чоң манабы Боронбайдын элчиси Качыбек Шералы уулун атайлап ант бердирүү аркылуу ишке ашырылды. Бирок иш жүзүндө бугулардын үстүнөн Орусия мамлекетинин үстөмдүгү 60-жылдардын башына чейин толук орногон эмес (Балбай баатыр өмүрүнүн акырына чейин бугунун антиорусиячыл багытын жүргүздү).

Кыргызстандын Орусиянын курамына бириктирилиши орус капитализминин ичкерки аймактарда тамыры тереңдеши, чет мамлекеттерди көздөй канат жайып өнүгүшү жана падышачылыктын XIX к. үчүнчү чейрегиндеги колониалдык саясаты менен түздөн-түз байланыштуу. Алткени дүркүрөп өнүгүп бара жаткан орус капитализмине кардары арбын базарлар, чийки заты мол, соолубас булак сыяктуу агылып тургандай кеңири, жаратылышы бай аймактар зарыл эле.

Андай аймактар борбордук губерниялардан миңдеген орус дыйкандарын көчүрүп келип отурукташтырууда керекке жарамак. Бул түпкү элдин жерин түбөлүккө ээлеп алып, өзүн биротоло баш ийдирүүнүн эң ишенимдүү жана ыңгайлуу ыкмасы болчу.

Кыргызстанды, дегеле бүтүндөй Орто Азияны каратып алуу падышачылыкты жергиликтүү калкка ар кандай салыктарды салуу аркылуу жаңы кирешелерге, эсепсиз көп байлыкка туйтунтмак. Жаңы энчи, ээликтерге жана мартаба, мансаптарга ээ болууну эңсеп, көксөгөн орус дворяндары, мансапкор мырза, төрөлөр Орто Азияны Орусиянын карамагына тезирээк киргизүүгө жутунушкан.

Орусия дөөлөтүнүн Азияга, анын ичинде Кыргызстанга көз артып умтулуусу XIX к. орто ченинде бөтөнчө күч алат. Буга бир катар ички, тышкы шарттар шыкак болду. Адегенде орус мамлекети Орто Азия менен соода, экономикалык жана саясый алакаларды жөнгө салууну күчөтүүнү көздөгөн. Алсак XIX к. 20-жылдардын орто ченинде Орусиядан Орто Азияга товар жөнөтүү кылымдын башындагыга караганда 3 миллион сомдон 4 млн. сомго, Орто Азиядан Орусияга буюм-тайымдарды, чийки зат алып келүү 2 млн. сомдон 6 млн. сомго өскөнү маалым. Ал эми 1840—1850-жылдары, 10 жыл ичинде Орусиянын Орто Азия менен соода-сатыгы 40 пайызга көбөйөт.

Өзгөчө кездеме токуучу жеңил өнөр жайы пахта буласына муктаж эле. Ошондуктан, Орто Азиядан Орусияга ташып, кетүү жылдан жылга арбып бара жатты. Буга АКШдагы 1861–1865-жылдардагы атуулдук согуш дагы түрткү берди. Европа өлкөлөрүнө мурда кыйла кебез жөнөтүп турчу АКШдан эми атуулдук согуштун натыйжасында кебез ташып келүү үзгүлтүккө учурады. Эгерде 1865-жылы Азия тараптагы чектеш өлкөлөрдөн Орусия 152 миң пуд кебез сатып алса, 1864-жылы 704 миң пуд кебез алыптыр. Ошол эле учурда орто азия-лык кебездин наркы жогорулап кеткен болучу. Алсак, Нижний Новгород жармаңкесинде анын баасы 4 сомдон 23 сомго чейин көтөрүлгөн. Пахтанын наркынын мындай кескин өсүшү өндүрүштүн кыскарышына алып келди. Демек, кездеме токуучу ишканаларды чийки зат менен камсыз кылуу үчүн Орто Азияны тезирээк каратуу кечиктирилгис милдеттердин бири болмок.

Ал эми Кыргызстандын өзүн алсак, Орусияны айрыкча анын мал чарбасы кызыктырган. Орус мамлекети тоолуу аймактын калкынан төрт түлүк мал жана мал чарба заттарын: жүн, тери, май, кымбат баалуу аң терилерди сатып алып турмак. Кыргызстан орус өнөр жай ишканаларында жасалган буюм-тайымдар, эмеректерди, токулган кездемелерди сатып өткөрүү үчүн өтө пайдалуу база катары кызмат өтөмөк.

XIX к. экинчи чейрегинде Орусия Кашкар жана Кулжа чөлкөмү менен мурдагыга караганда туруктуу соода байланыштарын түзө баштайт. Орус көпөстөрү Чыгыш Түркстан менен түздөн-түз байланыш түзүүнү, соода-сатык жүргүзүүнү өз колдоруна алууга, орто азиялык соодагерлердин далдалчылыгынан арылууга умтулушкан. Ал эми Түндүк Кыргызстанды каратуу бул үчүн оңтойлуу шарт түзмөк. Анткени Чүй боору, Көл кылаасы, Теңир-Тоо аркылуу Орусия, Орто Азиядан Кашкар, Кулжа тарапка өтө ыңгайлуу жана кыска кербен жолу өтчү.

Падышачылыктын Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстанды ээлөө аракетинин тездешине Англия менен Орусиянын ортосундагы Чыгышта кожоюндук кылуу үчүн теңтайлашуу да түрткү болду. Англия ХVIII к. экинчи жарымында эле Индиядан европалык атаандаштарын сүрүп чыгып, бул өлкөнүн зор бөлүгүн ээлегенге, ал жакта майда мамлекеттердин арасынан бекем орун-очок алганга үлгүргөн. Кийинчерээк ал Индиядагы өз ээликтерин коргоону шылтоолоп? коңшулаш өлкөлөргө: Ооганстан, Иран, Чыгыш Түркстанга, Бухара эмирлигине, Хива жана Кокон хандыктарына көз артып жутуна баштайт. Бул өлкөлөр Британ империяcынын Чыгыштагы олуттуу атаандашы болгон кубаттуу Орусия дөөлөтү менен күрөштө ага таяныч болмок.

Падышалык Орусия Англиядан озунуп, Орто Азияны эртерээк өзүнө каратуу максатында согуштук аракеттерди күчөттү. Кыргызстанды Орусия тизимине киргизүү падышачылыктын Казакстан менен Орто Азия хандыктарындагы колониалдык экспансиясы менен тамырлаш, ажырагыс байланышта болгон жана бул өлкөлөрдө Орусия үстөмдүгүнүн орношунда, бекемделишинде маанилүү роль ойногон.

30-жылдарга карата Орусия бийлиги Жети-Сууга чейинки кеңири аймактагы казак конуштарына тараган болучу. 1831-жылы Батыш Сибирдеги орус аскерлери Семипалатинскиден чыгып, көп өтпөй Аягуз өзөнүнө жете келишет да «Аягуз приказы» аталган чепти негиздешет. Жаңыдан уюшулган Аягуз тышкы округуна караган Улуу жүз казагынын бир бөлүгүн акимдик башкаруу ушул чептен ишке ашырылмак. Аягуз тышкы округу Омск облусуна карамак. Бул округ Орусиянын Жети-Сууну көздөй Сибирь тилкеси боюнча жылышында ооруктун милдетин аткарды. Ошол эле учурда орус аскерлери Оренбург тараптан Сыр-Дарыяны бойлой казак аймактары менен Кокон ээликтерин кысып кирди. Ошентип, падыша аскерлери Орто Азия менен Улуу жүз казагына эки канаттан Сибирь тилкеси боюнча Батыш Сибирден жана Сыр-Дарыя тилкеси боюнча Оренбург тараптан чабуул койду. 1853-жылы орус колу Сыр-Дарыя боюнда Ак-Мечит коргонуна чейин жете келип, аны басып алышат. Ал эми Батыш Сибирь колу Жети-Суунун кыйла жерине кол сермеп, 1847-жылы Копал суусунун жээгине Копал чебин курган. 1854-жылы Иле чөлкөмүндө Улуу жүз журтунун чордонунда Верный (Алма-Ата) чеби негизделет. Бул Жети-Сууда Орусия үстөмдүгүн түптөөнүн башталышы эле. Натыйжада, мыкты куралданган, даярдыгы шайма-шай падышанын аскердик колу Чүй менен Көл кылаасындагы кыргыз конуштарынын колтугунан орун алып, жаңы жерди каратуу жөнүндө жаңы буйруктарды күтүп турду.

Ошол кезде түндүк кыргыз уруулары татаал тагдырга кабылып, оор саясый турмушту баштан кечирип жаткан. Уруулар аралык чыр-чатактар ырбап, кыргызды туш тараптан анын жерине көз арткан жоо курчап, ал чиеленишкен чыйырлардын айрылышына кептелди.

Өз ара жаңжалдардан өтө алсыраган кыргыз эли өз алдынча түндүк көтөрүп, түпөктүү туу сайып биримдиги бекем мамлекет түзө албады. Кокон хандыгына каршы тынымсыз жүргүзүлгөн күрөштөрдө, Цин-манжур баскынчыларына каршы кыймылдарда кыргыздар кыйла жоготууларга дуушар болду. Өзгөчө бугу менен сарбагыштын чабышы, бири-биринин мал мүлкүн талап-тоноолор, барымта кылуу, жылкы тийүү ж. б. коогалаңдар кыргыздарды азапка салып, чарбасын бүлгүнгө учураткан. Кордук, зордугу көкөйгө көк таштай тийген Кокон хандыгы сыяктуу эле Кытай богдыханы да Кыргызстанга көз артып, чек арага жакын жайгашкан айрым кыргыздарга кысым көрсөтүп турган. Ошондой эле казак элин караткан Орусия дөөлөтүнүн мансапкор төрөлөрү, түмөндөгөн кошуундары кыргыз журтунун иреге-босогосуна чейин кирип келген болчу.

Ушундай оор шартта айрым кыргыз урууларынын манап, бий, билермандары Орусия дөөлөтүнө калканч издеп кайлышты, өзүнүн коңшу кыргыз уруусуна каршы оторчулар менен ымала кылышты. Кытай, Кокон хандыгына караганда ордосу, эл-жери оголе алыс жайгашкан Орусия дөөлөтүн алар арка-бел тутууну көздөшкөн, андан жардам үмүт кылышкан. Анын үстүнө падыша өкмөтүнүн «тоо-таш адамдарын» Орусияга имерүү тууралуу жашыруун тапшырмасын аткаруу башкы мүдөөсү болуп, аны көкүрөгүндө бек туткан айрым татар соодагерлери орус төрөлөрү кыргыз урууларын, билермандарын кайраштырып, ортолоруна от жагуудан тарткан эмес.

Кекирейген кексе төрөлөр келип бийлик жүргүзөөрү, эки тизгин, бир чылбырды өз колдоруна алаары, кыңк этсең төбө каңдаганга даяр ак падышанын чет жакалардагы жасоолдору — канкор казак-орустар, самсыган дыйкандар кара таандай каптап келип, жер соорусу Чүй менен Көлдө мыкты өтөк, өндүр, өрөөн, жайыктарды тартып алаары, түркүн салык салаары «орусиячылдардын» оюна келген эмес.

Бирок түндүк кыргыз урууларынын бардыгы эле Орусия менен мамиле кылууга бет алган жок. Кыргыздын кыйласы ак падышага багынуудан баш тартканы, атүгүл куралдуу каршылык көрсөткөнү белгилүү. Бугудан Мураталы, Балбай баатыр, Тилекмат, Чоң Карач, сарбагыштан Үмөтаалы, Төрөкелди баатыр, Чаргын, саяктан Осмон, солтодон Жангарач, Маймыл ж, б. баш болгон кыргыз айылдары бир топ жыл орус бийлигине моюн бербей турду.

Чүй боорундагы кыргыз урууларын Орусия дөөлөтүнүн курамына киргизүү 60-жылдардын башында орус кошуундарынын Чүй өрөөнүндөгү кокондук чептерди ээлеши менен бирге ишке ашырылды.

XIX к. 50-жылдарынын акырында падыша сарайында Сибирь жана Сыр-Дарыя тилкелерин кошуу, Орто Азиянын түпкүрүн көздөй жылуу маселеси көбүрөөк козголо турган болду. Ошондуктан, падыша өкмөтү 60-жылдары бул маселени биротоло чечүүгө чечкиндүү киришти.

1859-жылы жайында капитан Венюковдун чакан кошууну Иле чөлкөмү тараптагы казак, кыргыз конуштарынын чегине жер чалып келип, болочокто Түндүк Кыргызстандагы кокондук чеп-коргондорго чабуул койгондо тирек болгудай Кастек чебин негиздейт. Ошондо Токмок менен Бишкек чебиндеги кокондук сарбаздар орус аскерлерине жолтоо боло алган жок. Венюковдун кошууну чалгынды эч тоскоолдуксуз ийгиликтүү жүргүзгөн соң, кокондуктарды Сары Өзөн Чүйдөн сүрүп чыгуу анчейин көп күчтү талап кылбасына орус төрөлөрүнүн көздөрү жетип, ишеними артты.

Ошол эле 1859-жылы апрель-июнь айларында Голубев баштаган орус кошууну Көл кылаасындагы кыргыз айылдарын кыдырып, бугулардын арасында Орусиянын таасирин ого бетер чыңдаган. Кокондуктар Ысык-Көлдө кайрадан өз үстөмдүгүн орнотуу, бүтүндөй Түндүк Кыргызстанды өз таасиринде кармап туруу үчүн аракеттенип, чүйлүк кыргыздарды канатташ казактар менен кайраштырууну, сарыбагыштарды бугуларга каршы тукурууну уланта берди. Атүгүл Кокон ханы Көл жээгине жаңы коргон курууга, бугулардан салык алууга ниеттенгени маалым.

Алсак, 1859-жылкы жаңжалдардын биринде сарыбагыштардын кадыр-барктуу манабы Төрөгелди баатыр бугулардын колуна туткунга түшүп калат да, аны бугулар сарыбагыштардын коркутуп-үркүткөндөрүнө карабастан туткундан бошотпой турду. Бугулар орусиялык Ала-Тоо округунун улугунан жардам алабыз деп ойлошкон. Көп өтпөй сарыбагыштар Төрөгелди баатырды туткундан куткаруу үчүн жортуулга даярдана башташат. Ушундай катаал учурда Бишкек беги бугулардан зекет төлөөнү талап кылып, эгерде баш тартсаңар 500 жигит жиберип күч менен салыкты арбын алабыз деп коркутту. Ошол кезде бугунун чоң манаптарынын ыркы кетип, эки топко бөлүнүп калган эле. Ич ара жаатташуу айрыкча Боромбайдын көзү өткөн соң (1858-ж.) күчөгөнү белгилүү.

Бугунун жаңы чоң манабын, билерманын шайлоодо орус бийлигине баш ийүүнү каалабаган манаптар Муратаалыны, ал эми орус бийлигине моюн сунган топ — Качыбекти жана Боромбай уулу Өмүрзакты колдоп чыккан.

Абалдын оорлошунан чочулаган Батыш-Сибирь генерал- губернатору Гасфорд Ала-Тоо округунун улугу Перемышльский төрөгө жаңы чоң манапты шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүнү сунуш кылат. Ал бугулардын айлына келип, чоң манап мансабын Өмүрзакка ыйгартып кайтат. Бир жыл өтүп-өтпөй бул мансапка орус төрөлөрүнө небак эмгеги сиңип жакшы таанылган Качыбек бекитилген болчу. Ал жана анын жан-жөкөрлөрү Ала-Тоо округунун төрөсүнөн коңшу уруулардын кол салууларынан, кокондуктардын кысымынан коргонуш үчүн дембе-дем жардам сурап жатты. Айрым кыргыз феодалдарынын мындай өтүнүчтөрүн орус бийлиги Чүй өрөөнүнө, Токмок жана Бишкек чеп-коргондоруна :жортуул уюштурууда шылтоо катары пайдаланды.

Кыргызстандын түндүгүндө жортуул уюштурууга жетекчилик кылуу үчүн Гасфорддун карамагына ордо шаардан генштабдын полковниги Циммерман мырза жөнөтүлгөн болучу.

1860-жылы 5-февралда Ала-Тоо округунун улугу полковник Г. А. Колпаковский Верныйдан Ысык-Көлгө жүз башы Жеребятьев баштаган казак орус кошуунун жөнөтөт. Алардын соңунан Венюковдун кошууну Верный-Кастек багыты боюнча, андан ары Суук-Дөбө (Сюектөбө, Сөөкдөбө?) өткөөлү жана Кичи-Кемин, Көк-Мойнок, Тору-Айгыр ашуулары аркылуу Көтмалдыга (Балыкчы, Ысык-Көл) сапарга чыкмак.

16-февралда Жеребятьевдин кошууну Көлдүн чыгыш тарабына жете келип, Түп суусунун боюндагы бугулардын конуш-журтунан орун алат. Кошуундун негизги милдети Ысык-Көл ойдуңунда Орусия үстөмдүгүн биротоло бекемдөө эле. Ошондой эле орус аскерлери кокондуктардын таасирин жоюп, сарыбагыштарга сүр көрсөтүп, алардын манап, бий, билермандарын ак падыша амирлигине имермек.

Кадыр-барктуу манаптарга тартуу кылуу үчүн орус төрөлөрү акча-тыйын, баалуу белек-бечкектерди арбын алып чыгышкан болучу. Ал эми Орусияга карата душмандык мамиле жасаган «зыяндуу» манаптарды туткунга түшүрүп, байлап-матап кетүү жөнүндө Венюковго алдын ала көрсөтмө берилгени белгилүү. Атүгүл Сибирь корпусунун кол башчысы эгерде Муратаалы менен Чоң Карачтын тобундагы манаптар орус аскерлерине ачык жолтоо болсо, аларды бөлөктөргө сабак катары кырып салууну Колпаковскийден катуу талап кылган.

Май айында Колпаковский өзү Кокондон келген жоого каршы чечкиндүү согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн аскер ээрчитип Көлгө келет. Ысык-Көлгө кошумча аскер бөлүктөрү келип, орус кошуундарынын саны арбыган кезде кокондуктар Жууку капчыгайы аркылуу түн жамынып Куртканы көздөй чегинет. Ошондо мыкты куралданган, кам-кашеги шайма-шай орус колунун жолун тороп тирешкенге дарманы жетпесин баамдаган бугунун бардык манаптары полковник Колпаковскийге келип, ак падышанын бийлигине баш ийишээрин дагы бир ирет аргасыз билдиришет. Алардын арасында буга чейин Орусия дөөлөтүн тоготпой келген манаптар: Муратаалы, Тилекмат жана Чоң Карач да бар эле. Колпаковский аларга «мындан ары ак падышага акаарат айтып, антты бузсаңар элиңерге эч аёо болбойт, чыккынчылар катары айлыңар таланып, башыңар алынат», — деп катуу эскертет. Ал эми Орусияга берилген, эмгеги сиңген манаптарга ал Батыш Сибирь генерал-губернаторунун атынан белек, сыйлыктарды тартуулаган болучу. Ошентип 60-ж. башына карата бугунун бардык уруктарынын үстүнөн Орусия дөөлөтүнүн үстөмдүгү камчы кезөө, бал тилге салуу жолу менен толук орноду.

Май айында (20-майда) Кичи-Кеминден чыгып, Көк-Мойнок, Тору-Айгыр ашуулары аркылуу Ысык-Көлдүн күн батыш жээгине жете келген Венюковдун кошууну сарыбагыш манаптары Төрөгелди, Үмөталы, Адыл, Ажы, Калыгулдун артынан сая түшөт. Адыл, Ажы жана Калыгул бийлеген сарыбагыш уруктары ал кезде Көлдүн бетинде отурушчу… Алардын ичинен Субан уулу Адыл баатыр Жан-Булакта айлакер жоонун колуна түшүп, калганы жамандыктын болоорун сезип, Теңир-Тоонун алыскы төрүнө жана Суусамыр менен Талас тарапка айылдарын көчүрүп кетүүгө үлгүрүштү. Кочкор өрөөнүндө буга чейин чыр-чатактан алыс болуп тынч жашаган айрым сарыбагыш уруктары калган эле. Аларды манап Рыскулбек башкарчу.

Ушул ийгиликтүү жортуулдардан кийин Кокон хандыгынын абалынын начарлыгына көзү жетип эрдемсий түшкөн орус оторчулары тез арада Чүй бооруна жүрүш жасап, Кокон чептерине чабуул коюуга бүтүм кылды. 1860-жылы июнда Циммерман Йле чөлкөмүндөгү орус аскерине кол башы болуп дайындалат. Ошол эле учурда Кокон ханы да ак падышанын колу менен беттешүүгө камынып, Чүйгө сарбаздарын жөнөтүп жатты. Июль айына карата кокондуктар Чүй өрөөнүнө 5 миңдей сарбаз топтогон болучү. Кокон колу капысынан Кастек чебине кол салып, аны талкалышы керек эле.

1869-жылы 1-июлда Бишкек беги (Атабек-датка) Кастек тарапка чалгынчылар кошуунун жөнөтөт. Июль айында кокондук кошуундар Кастек чебине кайра-кайра чабуул коюп камап турду. Бирок алар сан жагынан кыйла артыкчылык кылса да чепти ээлей алышкан жок. Анткени полковник Циммермандын кошумча аскер бөлүгү өз учурунда чепке жете келип, мусулман аскерлерге каршылык көрсөтүүгө үлгүрдү. Ошол кезде Бишкекке Ташкен беги Рүстөмбек 3 миң сыпайы менен келгени белгилүү.

Бишкекте топтолгон хандын аскерлери менен чүйлүк кыргыз манаптары кураган кол үзөңгүлөш турду. Адегенде солто манаптары: Байтик Канай уулу, Жаңгарачтын иниси Султанбай, Абайдылда бий, сарыбагыш манабы Жантай орусиялык жаңы баскынчылардан эл-жерди коргоону эп көрдү. Ошондуктан алар жигиттери менен Бишкекке келип, орусиялык чеп Кастекти камалоого катышкан.

Кастек-чебин кыйратып, орус аскерин чептен алыс сүрүп салуу аракети оңунан чыкпаган соң Кокон ханы дале болсо келечектен үмүт күдөрүн үзбөй, жоонун жолун торош үчүн Олуя-Атата 5 миң жоокерин жиберет. Бул кол хандын буйругу боюнча Олуя-Ата аркылуу Бишкекке жөнөп, Иле чөлкөмүндөгү орус аскерлерине чабуул коймок. Чүйдөгү кокондук кошуундарга кол башылыкка Канаат-ша дайындалат.

_ Кокон ханынан озунуп, Чүй өрөөнүн эртерээк ээлеш үчүн Иле чөлкөмүндөгү падыша аскерлери Циммермандын жол башчылыгы астында 23-августта Верныйдан Токмокту көздөй жортуулга чыгат да, эки күн жол жүрүп Кара-Коңуз суусуна кирип келишет (Токмоктун түндүк тарабында Чүй суусунук оң өйүзүнө, азыркы Масанчын айылы ченде).

26-августта Циммермандын кошууну Чүй суусун кечип өтүп, анын сол өйүзүндөгү Токмок чебин күүгүм киргенче камап жатып басып алат. Жамгырдай жааган мылтыктын огу, бир саатка жакын жалын чачкан замбиректен аткылоо болгону 100дөй сарбаздан турган чептин коргонуучуларын багынып берүүгө мажбур кылды. 28-августта чеп толук кыйратылган күнү Циммерманга казак-орус кошууну менен Колпаковский келип кошулду. Эртеси алар Бишкекти көздөй бет алышат да, 31-августта бул чепти ээлешет. Ошол күнү таң эртеңден тартып түн киргенче баш көтөртпөй кайра-кайра замбирек менен аткылоонун натыйжасында коргондун кыйла бөлүгү кыйрап, акыры Атабек-датка, Алишер-датка баштаган 627 сарбаз аргасыздан орус төрөлөрүнөн жан соога сураган эле.

Кастекти камалоодон кийинки Чүй боорундагы кокон  чептерин басып алуу үчүн орус аскерлеринин жортуулдарынын маалында Чүй өрөөнүндөгү кыргыздар эки ортодо бөөдө кыргынга кабылуу коркунучунан, дегеле эрегишкен эки жоонун чатагынан алыс болууну көздөп тоо аралай, капчыгай, кокту-колоттордун төрүнө көчүп кетишкен. Элет эли үчүн алардын бири-биринен анча айырмасы жок болучу. Анан калса кыргыздардын көпчүлүгү эч нерседен кабары жок Суусамырда жайлоолоп жүргөн. Кокондуктардан далай кордук көрүп тажаган түндүк кыргыздары аларга кыйын кезеңде каралашкысы келген жок. Бирок ак падыша бийлиги орносо кандай жаңы азап-тозокторго кабылаарын алар дааналап билген эмес. Ошондой болсо да кээ бир чоң манаптар — Жаңгарач, Байтик ж. б. тар капчыгайлардагы оңтойлуу жерден өңүт алып, жигиттери менен жоо катылса ат коюуга, эл-жерди коргоого даяр турушту.

Бишкек чебин талкалагандан көп өтпөй сентябрдын орто ченинде орус аскерлери Верныйга кайра кайтат. Ошондо Кокон ханы Чүйгө Канаат-ша баштаган 10—15 миңдей аскерин шашылыш жөнөтүп, кыйраган коргон-чептерди куруп, 1861-жылы үстөмдүгүн убактылуу калыбына келтирет. Канаат-ша менен бирге келген алайлык кыргыздардын билерманы Анжыян вилайетинин беги Алымбек-датка ири кошуунга кол башылык кылган болчу.

20-октябрда Узун-Агач бекети жайгашкан аймакта жоо кайрадан беттешип, негизги салгылашуу Кара-Кастек өзөнүнүн өңүрүндө өттү. Алгач Алымбек-датканын кнайза-кылычтан бөлөк жарагы жок кыргыз, казактардан куралган колу (4 миң атчан жигит) Узун-Агач чебине ат коюп, бирок өрт менен өлүм чачкан замбиректин огуна туруштук бере албай кайра тартты. Эртеси Узун-Агачка көп аскер коштоп жете келген Колпаковский Канаат-шанын сарбаздарын, Алымбек-датканын жигиттерин замбиректин огунун күрүлдөгөн добушу менен жүдөтүп жүрүп отуруп, акыры өрөөндөн сүрүп чыкты. Замбиректин огунан Кокон колунун кыйласы боо түшүп кырылды. Бирок Колпаковский Кокон колун биротоло талкалап кое алган жок. Канаат-ша Кара-Кастектен чегинип кеткен соң орус аскери жоонун артынан сая түшүп куугунтуктоодон айбыгып, артка кайра тартты. Ошондой болсо да Узун-Агачтагы окуялар Орусия дөөлөтүнүн Түндүк Кыргызстандагы кийинки ийгиликтерин оңойлотпой койгон жок.

Айтмакчы, бул салгылашуу учурунда Жантай уулу Шабдан баатыр кокондуктар тарабында кыргыз жигиттерин баштап Орусияга каршы согушкандыгы маалым. Шабдан буга чейин эле Канаат-ша адеп Чүйгө келип Бишкек менен Токмокто хан бийлигин кайрадан калыбына келтирген кезде аны менен ымала кылууга үлгүргөн болучу. Канаат-шанын кеңеши боюнча Малля-хан Шабданды Коконго ордосуна чакыртып, алтын жалатылып кооздолгон кылыч, мылтык жана жибек чапан тартуулайт. Ал эми Узун-Агачтагы айкаштан кийин Шабдан Канаат-ша менен бирге Ташкентке кетип, ал жакта эки жыл жүрөт. Ал Кудаяр-хан тарабында так талашкан күрөштөргө аралашып, Түркстан калаасынын беги мансабына арзыган.

Узун-Агачтагы салгылашуудан көп өтпөй, 1862-жылы сарыбагыштын тынай уругунун чоң манабы Жантай Верныйга келип, Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы кеминдик кыргыздар Орусия дөөлөтүнүн карамагына өтөөрүн билдирет. Буга ошол кездеги тарыхый кырдаал, тынайлардын темир (черикчи) жана болот (эсенгул) уруктары менен ич ара чатагы түрткү болду. Жантай жана ошондой эле анын тыныгууга Бишкекке келип, Рахматтулланын абагына тутулуп, андан араң качып чыккан уулу Шабдан ошол учурдан тартып Орусия бийлигине кызмат кылышты. Чүй өрөөнүн Орусиянын курамына киргизүүдө ак падышага өтөгөн «ак кызматы» үчүн чоң манап Жантай Карабек уулуна 1867-жылы полковник мартаба-наамы ыйгарылган. Кезинде ал Кенесары менен согушка жигердүү катышкандыгы жана Орусия төрөлөрүнө көрсөткөн көмөгү үчүн алтын медалга арзыган.

1862-жылы жайында Бишкектен тартып Таласка чейинки Чүй өрөөнүнүн этегин ээлеп турган солто уруусунун чоң манаптарынын кырааны, айтылуу Байтик баатыр кокондук аким Рахматуллага каршы күрөш баштайт. Рахматүлла Чүй өрөөнүнүн бектигине 1861-жылы дайындалып, анын тушунда кыргыздардан арбын салык алынып турду, кокондуктардын зордук-зомбулугу өтө күчөдү. Бишкек чебинде аманат катары жүргөн Байтиктин уулун мазактап койгон жек көрүндү кокондук бекти айла-амал менен колго түшүрүп жазалоо үчүн Байтик аны адегенде жайлоого мейманга чакырат. Кексе Рахматулла шек санап келбеген соң, күзгө маал эл жайлоодон түшкөндө Байтик Боз-Бөлтөктүн шилисине — Ак-Чийге көчүп келип, той өткөрүп бекти тойго дагы бир ирет чакырат. Бул жолу Рахматулла тойго барууну эп көрүп, 60 сарбаз менен Ак-Чийдеги Байтиктин айылына келип, атайлап тигилген ак өргөөгө түшөт. Той кызыган маалда Байтиктин жигиттери Рахматуллага, сарбаздарга кол салып, курчоодон эптеп кутулуп чыккан бекти манап Көкүм артынан кууп жетип, найза менен аттан ыргыта сайып өлтүрөт.

Кокондук төрөнү, сарбаздарды жайлап алгачкы жеңишке шыктанган кыргыздар бир топ күн Бишкек чебин камап турду. Бирок курал-жарагы начар, чар жайыт чабуул койгон бир ууч кыргыз колу сепилди оңой-олтоң ала алмак эмес. Ошондуктан Байтик баатыр Верныйга иниси Сатылганды Колпаковскийден жардамга аскер, замбирек сурап жөнөткөн.

Орус төрөлөрү мурдатан эле Түндүк Кыргызстанды Орусиянын карамагына биротоло киргизүүгө камынып, Чүй өрлөөнүнө жаңы жортуул уюштурууга даяр турган. Байтиктин элчи-чабармандары Верныйга келээри менен Колпаковский Батыш Сибирдин жаңы генерал-губернатору (1861-жылдан тартып) Дюгамельге кабарлап, Бишкекти ээлөө боюнча андан көрсөтмө алат.

1862-жылы 3-октябрда падыша аскерлери Колпаковскийдин кол башчылыгы астында, Верныйдан Чүйдү бет алып жөнөдү. Он күн жол жүрүп 13-октябрда Бишкек чебине жете келген орус кошуундарына Байтик-баатыр жигиттери менен бирге кошулат. Рахматулланын ордуна Төрөкул баатыр башкарган кокондук сарбаздар катуу каршылык көрсөтүп, чепти камалоо бир нече күнгө созулду. Акыры замбиректин огунун коштоосунда орус колунун көшөкөр кысымына туруштук бере албай кокон кошууну аргасыздан багынды. 24-августта чеп Колпаковскийдин колуна өтүп, эки күндөн кийин коргонду кыйрата башташат.

Чүй боорундагы ири чеп — Бишкекти ээлөөнүн натыйжасында Кыргызстандын, Орто Азиянын ичкери жагына орус аскерлеринин андан ары жылышы, Орусия дөөлөтүнүн үстөмдүгүнүн биерде бекемирээк орношу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, ыңгайлуу кырдаал түзүлдү. Эми Чүй өрөөнүнүн этегинде кокондуктардын башкы таянычы катары орустардын Орто Азиянын борборуна өтөөр жолун тосо турган Олуя-Ата чеби гана калган. Бирок бул чеп деле кубаттуу Орусия дөөлөтүнүн көп сандаган мылтык, замбиректер менен жакшы жабдылган аскерлеринин чабуулдарына узакка туруштук бере алмак эмес.

Бишкек чебин талкалагандан кийин кыштын жакындап калгандыгына байланыштуу Колпаковский убактылуу 2-ноябрда Верныйга кайтып кетет.

Ошол кезде манаптар Жангарач, Маймыл жана Тынаалы бийлеген солто уруусунун бир бөлүгү орус бийлигине баш ийүүнү, Орусия карамагына камчы менен кирүүнү калабай, Таластын төрүнө конуш которгон эле. Жаңгарач атүтүл орус аскерлерине каршылык көрсөтүү максатында бир нече миң жигиттен турган чоң черүү кураган болчу.

Жаңгарачтын ойлогон ой-максатын ойрон кылыш үчүн орус бийлиги Байтик менен Жантайдын кеңеши боюнча 1863- жылы Токмокко войсковой старшина Бутаковдун казак-орустар кошуунун Кеминди чалгындоону шылтоолоп жөнөткөн. Бутаков Токмокко солтонун кадыр-барктуу манаптары Байтик, Корчу, Макеш, Шайдылда, Жаңгарачтын жакын тууганы Өзбек Бошкой уулун, сарыбагыштардан Менде менен Мырзаалы Жантай уулун чакыртат. Аталган манаптардын баарын Бутаков казак-орустардын коштоосунда Верныйга айдатып барып, кыйла күн барымта, аманат катары кармап турган.

1864-жылы жазга жуук солтонун чоң манабы Жангарач көз жумгандан кийин анын уулдары жана манап Көкүм орус төбөлөрү менен ымала кыла баштайт. Ал эми манап Маймылдын тобу орус бийлигине каршылык көрсөтүүнү уланта берди. Айрым маалыматтарга караганда ал көп өтпөй падыша аскерлеринин колуна түшүп, Орус мамлекетинин өтө коркунучтуу душманы катары өлүм жазасына тартылган (атып салышкан). Мунун өзү Чүй өрөөнү да Орусия тарабынан куралдуу зомбулук жолун «бейкут» сүр көрсөтүү жолу менен айкалыштыра басып алынгандыгын айгинелейт.

1865-жылга карата Таласка көчө качкан кыргыз билермандары жок кылынган соң Чүй жана таластык кыргыздарды, анын ичинде саруу менен кушчу урууларын Орусиянын карамагына басып алуу жарайаны негизинен аяктайт. Аталган аймактарды каратууну падыша аскерлери Кокон хандыгынын чеп-коргондорун ээлеп алуу менен бирге ишке ашырды.

Абалдын оордугун, жоонун артыкчылыктарын жана аны менен жоолашуу дарманы, чамасы Жетпесин алдын ала абайлап байкаган айрым кыргыз манап, бийлери акыры ак падышага багынып берди. Бирок бугулардын манаптары сыяктуу алар Орусия букаралыгына атайлап ант берип өткөн эмес. Буга чейин улуу жүз казагын толук каратып, Түндүк Кыргызстандын чыгыш ыптасында—Ысык-Көлдө, Кеминде небак өз таасирин түптөп бекемдөөгө үлгүргөн падышачылык аларды ант бердирүүгө анчейин деле муктаж эмес эле. 1864-жылы Чаткал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Орусия курамына киргизилген болчу.

Орто Азияны толугу менен Орусия курамына бириктирүүнү көксөгөн орус төрөлөрү алты сан кыргыз элинин ажайып кооз мекенинин бир өңүрү, түздөн-түз Кытай менен чектешкен Теңир-Тоо аймагына да көз артып, аны каратууга зор маани берген. 1863-жылы май-июнь айларында подполковник Лерхенин кол башчылыгы астындагы кошуун (2 рота, замбирекчен 1 взвод, 1 казак-орус жүздүгү) Бишкектен Олуя-Атага чейинки Чүй өрөөнүнүн батыш тарабында жер чалуу иштерин жүргүзөт. Ошол эле жылы Борбордук Теңир-Тоого дагы чалгындоо тобу жөнөтүлүп, «кашкар отряды» деп аталган бул кошуунга генштабдын капитаны Проценко кол башчылык кылды.

Теңир-Тоонун чордонундагы Кочкор, Жумгал, Нарын, Ат- Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо өрөөндөрүндө, Кашкар тарапта сарыбагыш, саяк, черик, моңолдор, чоң багыш, бугу-тынымсейит ж.б. уруулары жашачу. Жер соорусу Соң-Көл, Солтон-Сары, Кара-Кужур, Кара-Саз, Кең-Саз, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрү малга жайлуу, төрт түлүгү төрүндө туйлап, тулаңы белден буралган мыкты жайлоолор эле. Алардын айрымдарын кезинде Кокон ханы каратып салык алып турса, кээ бирөөлөрү (черик, чоң багыштар) Кашкардагы цин-манжур бийлигинин таасиринде турган. Бирок Борбордук Теңир-Тоодо кокондуктар туруктуу бийлик жүргүзө алган эмес. Кокон хандыгы мезгил-мезгили менен көп аскер жиберип, убактылуу гана өз үстөмдүгүн орното алчу.

Кыргыздар кокондук төрөлөргө баш ийбей тынымсыз боштондук кыймылына чыгып турганы белгилүү. Айрыкча 30—40-жылдары алардын көз каранды эместикке умтулуусу күчөп, Кокон үстөмдүгү бошоңдоп кеткен болучу. Иш жүзүндө кыргыздар өз бетинче жашап, 40-жылдардын орто ченинде өзүнчө хандык түзүүгө аракет жасаган.

Борбордук Теңир-Тоодо Орусия таасирин орнотуу Чыгыш Түркстан, айрыкча, Кашкар менен түз соода байланыштарын өнүктүрүү үчүн да өтө зарыл болучу. Буга чейин орус көпөстөрү Кашкар менен соода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу жана Верный тараптан Кулжа аркылуу ишке ашырып турган.

Ал эми Түндүк Кыргызстан аркылуу түз байланыш түзүү жолду кыйла кыскартып, өтө пайдалуу болмок. Бул жол Көлдүн батыш тарабы, Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Сай, аркылуу өтүп, Көлдүн чыгыш жагындагы жолго караганда оңтойлуу, ашуу-белдери анча татаал эмес эле. Кашкарга өтө турган бул жолду өздөштүрүп, кербендердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аталган аймактарды ээлеш керек болучу.

1863-жылы 3-майда Проценко баштаган «кашкар отряды» Кастектен сапарга чыгып, Боом капчыгайы, Орто-Токой жана Кызарттын бели аркылуу Жумгал өрөөнүнө чейин жете келет. Адегенде Кочкор менен Жумгалды жердеген сарыбагыш, саяк уруулары орус кошуунун деле, кокондуктарды деле колдогон эмес. Ошол кезде Жумгалдагы коргондо бар болгону жарак- жабдыгы өтө начар 50гө жетпеген кокондук сарбаз турган. Алар жоого каршылык көрсөтүүтө даай албай коргонду таштай качканда, аны орус аскерлери ээлеп талкалап салды. Андан соң Проденконун кошууну Соң-Көл жайлоосу аркылуу Теңир-Тоодогу кокондуктардын башкы ишенич-тиреги — Куртка чебин көздөй сапарын улайт.

Кыйла аскер топтолгон бекем чеби болсо да кокондук төрөлөр орус кошуунунун жолун Ак-Талаада тороп чыккан жок. Ээси күн мурдатан чегинип кеткен бул чепти Проценко май айынын аягында эч кандай кармаш-айкаштарсыз эле басып алып кыйратып салган.

Курткада бир топ өргүп, узак сапарда чарчап-чаалыккан жоокерлери эс алган соң капитан Проценко жердин уусун жакшы билиш үчүн кошуундун жарымын ээрчитип дарыя бойлоп Нарындын төрүнө бет алат. Ал эми анын кошуунунун бир бөлүгү Куртка чебинде калган эле. Ошондо Үмөтаалы Ормон уулу баш болгон сарыбагыш, саяк манаптары орус аскерлерин бириндетип талкалап, Ата журттан сүрүп салуу максатында 19-июнда Эки-Чат деген (Куртка өзөнү өтүүчү колотто) жерде подпоручик Зубаревдун кошуунуна кол салышат.

Бул кошуун июндун башында Нарындан Көтмалдыга азык-түлүк, ок-дары үчүн барып кайра кайтып келе жаткан болучу. Кыргыздар орус аскерлерин эки жакка караманча жылдырбай эки күн бою Эки-Чатта камап турду, 21-июнда гана Нарындын төрүндө жер чалып жүргөн. Проценкодон казак-орустар кошууну жардамга келип, алсырай түшкөн орус аскерлерин курчоодон, кыргындан куткарып калууга үлгүрдү. Буга чейин 2—3 миң жигиттен турган Үмөтаалынын колу Нарын дарыясындагы көпүрөнү бузуп салган эле. Эки-Чаттагы кыргыздардын 18 жолу жасаган чабуулдарынын учурунда Зубарев жана 7 аскер жарадар болуп, алардын экөө көз жумган.

Кыргыздар менен Ак-Талаа аймагындагы кагылышуу орус кошуундарынын Борбордук Тедир-Тоодогу андан ары жылышын кыйындатты. Көп өтпөй Кытай чек арасында кырдаалдын кыйындашына байланыштуу Колпаковскийдин буйругу боюнча «кашкар кошууну» Кеген кошуунуна биригүү үчүн кайра кайтат. Ошондой болсо да бул кошуун өзүнө жүктөлгөн милдеттердин бир тобун чечүүгө, айрым кыргыз урууларын Орусия таасирине имерүүгө үлгүрдү; Жумгал, Куртка, Тогуз-Торо чептери кыйратылды. Кашкар кошуунунун Борбордук Теңир-Тоого жортуулу айрыкча черик уруусунун Орусия курамына киргизилишин тездетти. Черик уруусу ал кезде Нарын дарыясынан түштүктө Күйкө-Турпан тоосуна чейин, Какшаал суусунун жээктеринде, Ат-Башы, Арпа, Аксай өрөөндөрүнөн Кашкарга чейин (аталган калаадан 50 чакырым аралыкта) көчүп-конуп жүрүшчү. Кокон хандыгынан тышкары, чериктерден цин-манжур төрөлөрү, кийин Кашкардын улугу Жакып-бек (Якуб-бек) салык төлөөнү, баш ийип багынууну талап кылып турган. Ушундай катаал кырдаалда коңшулардын кысымынан кутулууну эңсеген чериктердин айрым манаптарына ак падышанын бийлиги жеңил болчудай сезилген. Орусия курамына кирүү оңтойлуудай сезилген.

1863-жылы жазында 6 миңдей түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет Тоймат уулу, Турдуке Турдумамбет уулу баш болгон бийлер Ала-Тоо округунун улугу Колпаковскийге атайын кат жөнөтүп, ал катта ак падышадан өбөк-жөлөк болууну өтүнүү жөнүндө өздөрүнүн чечимин кабарлашат. Батыш Сибирдин генерал-губернатору Дюгамелдин согуш министрине жана мамлекеттик вице-канцлерге жибергек сунушу боюнча император көп өтпөй өз макулдугун билдирген.

1863-жылы күзгө жуук Омскиге келген чериктердин элчилери (4 киши) 13-октябрда ак падыша бийлигине баш ийе тургандыктары тууралуу черик уруусунун атынан ант беришет. Кылган кызматы үчүн элчилердин ар кимисине орус төрөсү баркыт чапан жапкан болучу. Ал эми кадырлуу манаптар: Турдуке Турдумамбет уулу чоң алтын медаль менен 1-даражадагы баркыт чапанга, Кармышак Сазан уулу чоң күмүш медалга жана 1-даражадагы нооту чепкенге арзыды. Мындан тышкары дагы 4 манапка Орусия мамлекетине өтөгөн пайдалуу эмгегинин өтөлгөсү катары нооту чепкендер тартуулынды. Бирок 1868-жылы Нарын чеби курулганга чейин орус бийлиги чериктердин үстүнөн өз үстөмдүгүн реалдуу түрдө толук орното алган эмес. Ал эми Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көпчүлүгү Ала-Тоо округуна карап, калганы Жакып-бектин карамагында турду. Кийин Жакып-бектин мамлекети Чыгыш Түркстанда жоюлганда алар Кытай императорунун бийлигине өтөт.

1864—1865-жылдары Нарындын башын мекендеген бугу-тынымсейит уруусу, саяк уруусунун Кочкор, Жумгал, Кетмен-Төбөнү жердеген уруктарынын кыйласы Орусия курамына киргизилет. Ал эми Үмөтаалы бийлеген сарыбагыштар менен Осмон-датка башкарган тогуз-торолук жана ак-талаалык саяктар (чоролор) орус бийлигине багынбай каршылык көрсөтүүнү уланта берди. 1865-жылы Орусиянын карамагына Ак-Талаадан Жумгалга конуш которуп келген сарыбагыштын борукчу уругу (1600 түтүн) өтөт. Алардын башында манаптар: Шамен, Кодоң, Байтели жана Жаманак турган.

1867-жылы жайында Нарынга полковник Полторацкийдин мыкты куралданган колу каптап келгенде Кара-Кужурдан тартып Ак-Сай, Чатыр-Көлгө чейинки кең аймакты (500 чакырым аралыктагы) ээлеп, 5—6 миң түтүн элди бийлеген Үмөтаалы багынып берүүгө мажбур болду. Ал эми Осмон Тайлак уулу болсо өз күрөшү кайгылуу аяктаган соң, Чыгыш Түркстанга баш калкалай качып өтүүгө аргасыз болгон.

Ал кезде Кашкар, Яркенд, Хотан аймактарында Жакып- бек мамлекет түзүп, бийлик жүргүзүп турган (1867—3877). Ал Осмонго колдоо көрсөтүп, аны менен алака кылган. Осмон Жакып-бек көз жумган соң, Теңир-Тоого кайтып келет. Анткени Жакып-бектин уулдарынын ортосунда так талашкан чатактан мамлекет алсыраганда кытай аскерлери Кашкарды басып алышкан болучу (1877-ж., декабрь).

Борбордук Теңир-Тоо Орусия курамына күчтөп киргизилгенден кийин Ала-Тоо округунун улугу Үмөтаалыдан Эки-Чаттагы кармашта өлгөн эки жоокер жана жарадар болгон жети аскер үчүн кун доолады. Орус оторчу төрөсүнүн талабы боюнча ар бир өлгөн аскер үчүн 75 жылкы, жарадар болгон офицерге — 100 жылкы, 5 аскердин ар бирине 25тен жылкы кун төлөнмөк (Акчалай төлөсө 7500 сом, бир жылкы 20 сомго бааланган).

1868-жылы күзүндө 60 жаштагы Үмөтаалы белгиленген кунду жарымын акчалай, калганына жылкы төлөп кутулду. Ал орус бийлиги тарабынан эл башкаруудан четтетилип, 1879-жылы көз жумганга чейин жупуну, тынч жашады.

1868-жылы Нарын жана Караколдо орус чептери курулуп, аларда туруктуу аскер кошуундары турмай болду. Аскерлер кыргыз жериндеги Орусия дөөлөтүнүн тиреги катарында анын үстөмдүгүн, жаңыдан өз карамагына бириктирилген аймактагы чек аранын коопсуздугун камсыз кылмак жана коргомок. Ошентип, Үмөталынын 1867-жылы багынып бериши, 1868-жылы орусиялык чептердин курулушу менен Борбордук Теңир-Тоону каратуу аяктап, бүткүл Түндүк Кыргызстан Орусия курамына киргизилди. Эми Кыргызстандын түштүгүн Орусияга каратуу үчүн кеңири жол ачылып, орус оторчуларынын мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейди.

Корутундуласак, түндүк кыргыз уруулары буга чейин эле кеңири аймакты каратып, учу-кыйрына көз жетпес зор мамлекетке айланган Орусия дөөлөтүнүн чеңгээлинде калып, 1868-жылы колониалдык эзүүнүн ак падышалык тилкесине биротоло кабылды. Ал тилке узакка, 1917-жылкы Февраль жана Октябрь төңкөрүштөрүнө чейин созулду. Совет доорунда болсо жылма, тамызын колониячыл саясат 1991-жылы Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаганга чейин ар кыл жолдор, ыкмалар менен улантылып келди.

Орусия менен Кыргызстандын тарыхый алакаларын изилдегенде анын эки тараптуу прогрессивдүү жактарын унутууга болбойт. Арийне, тарыхка акыйкатчыл мамиле кылуу талабы бул эки өлкөнүн өз ара байланыштарынын башаттарын кирдеткен падышалык империянын колониячыл, баскынчыл саясатынын улам жаңы далилдерин табуу зарылдыгын эч качан четке какпайт. Тарыхнаамабызда күнү бүгүнгө чейин орун алып келген орус колониализминин апологетикасы мындай далилдерди көз жумдуга салуу менен алектенген эле.

Биздин бүтүмүбүз шек туудурса, ынантпаса, Түндүк Кыргызстандын XIX кылымдын экинчи жарымындагы тарыхына дагы бир ирет өз алдыңызча кылчайыңыз, окурман!

МААНИЛҮҮ ДАТАЛАР

1857-1862 – бугу менен сарыбагыш чабышы.

1855, январь – бугулардын Орусия букаралыгына өтүү жөнүнд» ант бериши

1858 – бугулардын орусиячыл жана Орусияга каршы багытка жиктелиши.

1859 – капитан Венюковдун Түндүк Кыргыэстаядын айрым аймактарына жер чалышы.

1859-1860 – Голубевдин, Жеребятьевдив, Венюковдун аскердик кошуундарынын Чүй, Кемин, Ысык-Көлгө опуза жүрүштөрү.

1860, июль – Кокондуктар менек түндүк кыргыздардын Кастектеги орусиялык чепти камалашы.

1860, июль – Токмок чебин Циммермандын аскерлеринин басып алышы.

1860, августь – Бишкектин алгачкы жолу Орусияга каратылышы: (Циммерман. Колпаковский).

1860-1862 – Шабдан Жантай уулунун Ташкен аймагында Кокон хандыгына кызматы.

1862 – Жантайдын жана Шабдандын Орусия тарабына ык салышы.

1861-1862 – Рахматулла датканын Бишкектеги бийлиги, солтолорго кысымдын күчөшү.

1862, жай-сентябрь – Байтик баатырдын кокондуктарга каршы күрөшү.

1862 – Бишкек чебинин Чүй кыргыздары жана Колпаковскийдин кошууну тарабынан камалышы жана экинчи ирет алынышы.

1863 – Орусияга моюн сунууну каалабаган айрым солто манаптарынын Верныйга каматылып турушу.

1863, май-июль – Проценконун кошуунунун Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Тогуз-Торого опуза жүрүшү.

1863 – Эки-Чатта Үмөталы Ормон уулунун подпоручик Зубаревдун кошуунуна кол салышы (Ак-Талаа аймагы).

1863-1868 – Осмон Тайлак уулунун жана Үмөталы Ормон уулунун орус аскерлерине каршы саясаты.

1863, октябрь – Омбуда (Омскиде) чериктердин Орусия букаралыгына өтүү жөнүндө ант бериши.

1864-1865 – Нарын, Кочкор, Жумгал кыргыздарынын Орусия курамына каратылышы.

1868 – Түндүк Кыргызстанды басып алуунун аякташы.

Токторбек ӨМҮРБЕКТЕГИН,
Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.