Жакут эл жомогу: Эчкинин чычаңы

Илгери, илгери Бөрөлдөй деген чалдын кемпиринен бөлөк жан тутары жок экен. Бир жолу ал өзүнүн жалгыз өгүзүн сойгондон кийин кемпирин урушуп үйдөн кубалап чыгат. Байкуш кемпир абышкасы урушканда  колуна илине калган өгүздүн карынын гана үйүнөн  ала кетүүгө үлгүрүптүр. Ошентип карыган кезде талаада калган кемпир ый-муңга батып, көзүнө көрүнгөн жолго түшүп, башы оогон жакка тентип жөнөптүр. Кетип баратып алдынан картаң карганы жолуктуруптур. – Эй кемпир, эмнеге ыйлап баратасың?- деп сураптыр карга. – Абышкам жалгыз өгүзүбүздү сойгон күнү мени үйдөн кубалап чыкты. […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Касым Тыныстановдун балдарга арнаган чакан аңгемелери, анда орун алган макал-лакаптар

Касым Тыныстанов балдарга арнаган ырларынан тышкары бир катар чакан аңгемелерди да жазган. Алар окуучуларга таалим-тарбия берүүгө, ой-көрөңгөсүн байытууга багытталып, кыска жана балдар үчүн жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазылган. Мисалы, «Тергөө», «Арпа менен буудай», «Малдардын талашы», «Мектепте балдар тартиби», «Ууру», «Жетим», «Кичинекей акылман», «Талаага тай өнүптүр», «Билим — түгөнбөс байлык», «Таштанды ит», «Калпычы», «Сонун үй», «Албарсты», “Койчуман менен Бакачы” сыяктуу аңгемелери. К.Тыныстанов ушул ар бир аңгемесинин алдына коюлган максатынын маанисин ачып берүү үчүн элдик макалдарды да ыктуу колдонгон. Ал түзгөн ошол макал-лакаптардын […]

Кемчилигиңди чукулап айтып турган каршылашың – кемчилигиңди эч айтпаган доско караганда төөлүк өйдө

Леонардо Да ВИНЧИ (1452-1519), италиялык сүрөтчүсү Жүрөктүн жетегине ээрчибеген сүрөтчү искусство жараталбайт. * * * Атак-даңк эки колдун эмгегинен. * * * Бардык тоскоолдуктарды өжөрлүк гана жеңет. * * * Илим – капитан, а практика – солдат. * * * Тажрыйбанын аркасы менен жаралбаган илим-билим бүтүндөй жаңылыштыкка кабылары шексиз. * * * Сүрөт – бул көзүң көргөн поэзия, поэзия – кулак уккан сүрөт. * * * Сүрөт менен жаратылыш дайыма күч сынашып турат. * * * Кемчилигиңди чукулап айтып турган […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Уильям Рамзай жана инерттик газдар

Сэр Уильям Рамзай – өзү кесиби боюнча физик жана химик. Уильям Рамзай жөнүндө Нобель Комитетинин тыянагы: “Атмосферадагы ар түрдүү инерттик газдарды ачып, алардын мезгилдик системадагы ордуларын аныктагандыгын таануу үчүн». Уильям Рамзай 1852-жылдын 2-октябрында Шотландиянын Глазго шаарында туулган. Анын атасы инженер жана бизнесмен Уильям Рамзай жана энеси Катерина Робертсон. Таятасы Эдинбургда белгилүү врач жана ошол кезде абдан популярдуу деп эсептелген химия окуу китебинин автору болгон. Рамзай бала кезинен катуу деп эсептелинген пуритандык үй-бүлөдө чоңойгондуктан, адегенде дин кызматчысы болууну чечет. Бирок күтүүсүз […]

Асанбек СТАМОВ: Мейман чакырганда

АҢГЕМЕ Мейман чакырабыз деп камынганыбызга жарым жылча болгон. Чакыра турган мейманыбыз карапайым адам эмес, болгондо да өзүм иштеген мекеменин директору эле. Анын директор болуп келгенине бир жарым жылдан ашкан. Бир көргөн адамга салабаттуу, сүйлөгөндөн эринген эткелирээк, кодо киши. Көпчүлүктүн айтымына караганда биздин мекемеге директор болуп которулганга чейин бир чоң Министерстводо министрдин орун басары имиш. Эл сөзүндө элек барбы, айтор, ал келер замат ар кандай ушак-айыңдар жүрүп жатты. Деги эле адегенде жаңы келген жетекчинин тегерегинде ар кандай ушактардын болушу ыктымал иш […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Жымжырт шаар

АҢГЕМЕ Бүгүн Балыкчы жымжырт. Көп күндөн берки алай-дүлөй басылган. Таштак көчөлөр, асфальт жолдор шамалдан кийин бирөө шыпырып кеткендей тасырайып жатат. Асман тунук. Көл көпкөк. Кыштан жазга тарткан учурдун шарапаты болсо керек, күн жылымык тийип, таштак көчөлөр жездей сары нурга бөлөнүп турат. Жоомарт чак түштө порттон чыгып, кулкуну куурап, көнгөн жагына жөнөдү. Жашыл «пивокананын» ичи кажы-кужу. Күрөшкөлөрдүн, ыстакандардын, бошогон тарелкалардын шаңгыр-шуңгуруна аралаш: «Күрөшкөңүз бошодубу?», «Ыстаканыңызды бере турасызбы?», «Бош орундук барбы?», «Силердин үстөлдү мен ээлеп коёюн…», «Кечиресиз, бир бөтөлкөгө жетпей атат, бирикпейлиби?», […]