АҢГЕМЕ

Мейман чакырабыз деп камынганыбызга жарым жылча болгон. Чакыра турган мейманыбыз карапайым адам эмес, болгондо да өзүм иштеген мекеменин директору эле. Анын директор болуп келгенине бир жарым жылдан ашкан. Бир көргөн адамга салабаттуу, сүйлөгөндөн эринген эткелирээк, кодо киши. Көпчүлүктүн айтымына караганда биздин мекемеге директор болуп которулганга чейин бир чоң Министерстводо министрдин орун басары имиш. Эл сөзүндө элек барбы, айтор, ал келер замат ар кандай ушак-айыңдар жүрүп жатты. Деги эле адегенде жаңы келген жетекчинин тегерегинде ар кандай ушактардын болушу ыктымал иш эмеспи. Бирок жетекчи эки-үч ай иштегенден кийин көпчүлүк ага үйрала түшөт да, анан баягы майда-барат сөздөр унутулуп кетет.

Директорубуз келери менен эле элдин өз ара күбүрөп айың кылганы: «Ичет экен», «Жо-ок, ичпейт экен» — деген талаштын айлансында болду. «Ичпейт дейт, бул жагынан азамат экен» — деп жүрүштү кызматкерлер.

Ичибизде Атабек деген окумуштуу бар. Балжактап каткырып, улгайып калганына карабастан жаш-кары, аял дебей баары менен тең ата. Ошондон уламбы көпчүлүк да аны көп ызатташчу эмес. Бирөөнүн үстүнөн ушак таратканга ал аябай уста. «Ой кокуй, ой, анын сыры мага дайын. Ичет, ичкенде да өкүртө ичет. Бирок куу эме. Кантип ичерди билет. Ичкенде ишемби күнү эс-акылын жоготкончо ичет, анан жекшемби күнү баш гана жазат. Ал эми биринчи күнү ишке куландан соо келет. Мейманга ишембиден башка күнү башын кесип алсаң да барбайт. Муну эсиңерге түйүп койгула», — деп мулуңдап күлгөн боюнча басып кетти.

Ошондон кийин жаңы директорубуз жөнүндө: Эл арасында «Өлөрчө ичет экен»— деген сөз тарады. Директорубуз бир жумача иштегенден кийин: «Баланча, түкүнчөлөр мейманга чакырыптыр», — деп угуп калдык. Бирок анын чын-төгүнүнө жеткен деле эч ким болгон жок. Айтор аты-жөнү жок эле күңкүл сөздөр.

Ошентип, директорубуз жарым жылча иштегенден кийин мен старший илимий кызматкер болуп дайындалдым. Рас, кандидаттык диссертация жактаганыма бир жылча болгон, мурдагы директорубуздун «ваканся жок» дегенинен улам мен кенже илимий кызматкердин жумушун аткарып жүргөм. Ошол окумуштуулардын советинде мени ишке дайындаган күнү, кечке жуук директорубуз чакырып калды. Кабинетинде жалгыз отуруптур.

— И-и мырза, орун кут болсун,— деди ал жылуу жылмайып. Минтип даражаң көтөрүлдү. Качан жууйсуң? Жаңы ишти майлабаса, боосу бек болбой калат. Тамаша! Иши кылып эле ак ниетибизди түшүнсөң гана жетишет бизге.

Мен анын кабинетинен аябай кубанып чыктым. Муну уккан аялым кечинде айтарга сөз таппай калды.

— Колунан жакшылык гана келген, шар киши деп мурда эле укчумун. Кудай тилегин берсин. Балдарынын убайын көрсүн. Эми аны ушу баштан колго ал. Чакырып үйгө келтире албай турган мейман «Жуубайсыңбы», — деп өзү сөз төркүнүн чыгарыптыр. Чакыр аны үйгө. Ушу баштан колго алып койсок, мүмкүн секторго же бөлүмгө башчы кылып жиберсе ажеп эмес. Меймандаш керек. Деги эмне деп айтың ыя? Жууйм дедиңби! Ай, ушу сенин билбестигиң… Ысык эле жаның бар да! Эртең кирип эскерт. Мейман болуп кетсин. Жок, жо-ок, айтпай коё тур, и-ий үйдүн кебетесин карачы. Ушу үйгө кантип ыймандуу мейман чакырасың. Айтпа азырынча. Аны күтүш үчүн даярдык керек.

Ошол түнү аялым көпкө чейин кобурап, көзүм илинип бараткан мени капталга улам нукуп уктатпай койду.

— Жетишет! — деди аялым. Менин жаңы эле мемиреп уйкуга бараткан кезим болчу. Аялымдын сүрдүү үнү көзүмдү умаштай ачты. – Жашыбыз отузга таянып калды, бирок үйгө бир дагы «солидный» мейман чакыра элекпиз. Кайда барбайлык, баягы эле сенин дарбыган сүрмө топ досторуң. Бирдеме десе эле «бирге окуганбыз, бирге өскөнбүз» — деп, моюн бербейсиң. Бирге өссөңөр эмне экен. Киндиги бирге энеден эгиз төрөлгөндөр деле бөлүнүшөт тура. Араңарда бир дагы «серезныйыңар» жок. Чогулсаңар эле ырдап, бийлеп киресиңер. Боз балдардан айырмаңар кайсы деги силердин? Баягы студент кезиңерди унутуп «солидный» боло турган мезгил жетти. Баарыңардан жанагы кодо Анарбек кыйын. Өзүң көрдүң го, бая күнкү чакырган меймандарын. Карачы, бизди кошкондо үч гана үй-бүлө. Жаштыгына карабай баары тең салабаттуу эмелер экен. Үндөрүн дагы катуу чыгарышкан жок. Ошондо да элден мурда сен зоңкулдап ырдап кирдиң. Тим эле киши уялат экен. Атың өчкүр, жанагы начальникчи! Аты ким эле? Кабагын чытып, сени жактырбай олтурду: Жашы жагынан деле сенден өйдө эмес экен. Атаганат, жигит деп ошону айт. Сыр алдырбай айнектей гана мостоет. Өсчү жигиттерден да… Анарбек куу да, билмексен болуп атайын сени көрсүн, тарбия алсын,— деп мейманы менен мактанып отурбайбы. Аныңар алыска барат. Дагы беш жылдан кийин силерди теңине албай коёт. Көрөсүң…

Ошентип, мейман чакырабыз дегенден бери биздин үйдүн тынчы кетти. Аялым ар кайсы теректин бооруна кагаз чаптап жүрүп, үйдөгү эски эмеректерди сатып, бир күнү кайдан-жайдандыр күзгүдөй жаркыраган жаңы гарнитур тартып келди. Дагы бир-эки айча үй актап, пол сырдадык. Анын ортосунда бала-бакырабыз менен күпкөгө камалган козуларча ашканадан чыкканыбыз жок. Үйдүн ремонту бүтөр менен аялым дароо уста чакырып келип, бөлмөлөргө кулпу салдырып, ачкычты чөнтөгүнө салды да койду. Эми баарыбыз балдардын жаткан үйүнө тыгылчу болдук. Азап аны менен эле бүткөн жок. Аялым мойнума эң жооптуу милдет такты.

— Мейман чакырганга чейин балдарды тарбиялоо сенин милдетиң, — деди аялым. — Мына бул балакеттериң менин тилимди такыр алышпайт. Анарың кыз эмес, айылдагы апамдын токол эчкисинин улагынын эле өзү. Меймандын көзүнчө ого бетер кутуруп кетет. А тиги уулуңчу. Азыр эле баягы сен Москвадан алып келген «ракетанын» ичеги-кардын ачып таштаптыр. Бүлдүргүч! Карасаң, кылыйып отурганын. Мындан момун эч ким, жок деп ойлоор бирөө көрсө… Мейман келгендеби, столдун үстүнө чыгып бийлегенден кайра тартпайт мунуң. Чоочун меймандын көзүнчө уруша албасыңды жакшы билет. Бая күнү өкүл атамдар келгендеги жоругучу. Төрдүн төбөсүнө чыгып алып, закускадан аймап жатыптыр. «Бери кел»— деп күлүп чакырсам келбейт. Акырын барып жанбаштан нукуп алдым эле: «Ба-а» — этип эшикке чыга качты. Өкүл атам байкамаксан болуп койду. Директоруңдун көзүнчө ошентсе, абийрибиз кетпейби. Тарбияла балдарыңды! Менин андан бөлөк иштерим да жетишет.

Айткандай эле аялым ательеден ателье кыдырып жүрүп, өзүнө үч-төрт көйнөк тиктирди. Эки жуп туфли алды: бири лакталган, биринин сырты акталган. Баса, ара чолодо үйдөгү идиш-аякты бүт жаңылады. Мунун даяр дыгы бүттү го деген ой менен бир жолу андан:

— Эми мейманды чакыра берейинби? — деп сурадым.

Аялым дароо мени беттен алды.

— Чакыра бергичин мунун. Али миңдин бирөө да бүтө алек, — деп жуутпай койду.

Бир күнү кызматтан азыраак кечигип келсем, аялым чалкалап диванда отурат. Туш-тушунун баары эле чачылган китеп. Оң колунда философия терминдеринин справочниги.

— Капырай эмне болуп кетти? — дедим. Анткени аялымдын институтту бүткөндөн бери колуна китеп алганын биринчи жолу көрүшүм.

— Эмне болуп кетти деп коёт! Көрүп турбайсыңбы… Даярданып отурам. Урматтуу мейман силерчилеп ырдап, бийлебейт. Ал деген чоң окумуштуу — философ. Мен дагы кезегинде сөзгө аралашкандай болоюн. Ал киши мен жөнүндө маданияттуу, билимдүү аялы бар экен деп ойлоп кетсин. Силердей окумуштуу болбосом да, бир кишиче бармын. Институтту бүткөм, дипломум бар. Баса сен мына бул эле жазуучуну үңүлүп тиктей бересиң. Модный жазуучу болсо керек. Ким деген эме эле? — Аялым Хемингуэйдин кара томдорун көрсөтө салды.

— Ким деген жазуучу экени жазылып турбайбы.

— Аны го көрүп турам дечи. Бирок кайсы элдин жазуучусу эле деп сурап атам. Баса, өзүм деле эстедим. Япон жазуучусу эмеспи. Китеп чыгарган басмалар деги катаны көп кетиришет,— деди аялым.— Китепти чыгарып жатканда мас болуп алып деле иштей беришет деп уккам. Баягы басмада иштеген менин жээнимди билесиң го. Акматчы? Деги эле соо жүргөн кези болчу эмес. Акматка окшогон бир редактордун колунан келген да… Болбосо ушундай да ката кетиреби? Хемин-Гуэй деп бөлүп, ортосуна тире коюп жазышпайбы.

Мен чыдай албай ыкшып күлгөн калыбымда:

— Кокуй, эч ким укпасын. Хемингуэй деген америкалык жазуучу, — дедим. Ошол жерден эле аялымдын балээсине калдым.

— Дагы шылдыңдап коёт. Мен байкуш ушу сен деп жүрүп баарынан кур калдым. Болбосо мени деле институтту бүтүп жатканымда аспирантурага кал дешкен. Ушул окусунчу, ушул жолдошторунан калбасынчы деп жүрүп, мына тапкан пайдам. Дагы күлүп коёт. Шылдың кыла турган кишини тапканын. — Эки бөйрөгү бүлкүлдөп, аялым ыйлай баштады. Араң дегенде соороттум.

Мейман чакыра турган күн жакындап калса керек. Бир күнү кечинде аялым столго өбөктөй тамак-ашка кетүүчү чыгымдарды эсептеп отуруптур. Тизменин башында эле бир кой деп жазылыптыр. Анын тушуна мурдагы жылы өкүл атамдын Жанышка энчилеген боругун алабыз деп жазып коюптур. Андан кийин: коньяк, шампан, тоок, жер-жемиш, айтор, тизменин узундугу өзүнчө эле бир кулач.

— Убара болуп койду эмне кылабыз. Андан көрө эт базардан эле жарым койдун жамбашын кошо чаптырып алам. Анан калса тизмедегиңдин баарын ким жеп түгөтөт? — дедим.

Ошо жерден аялым дагы чуу көтөрдү:

— Деги сен качан адам болосуң. Аскар тоодой мейманга уялбай башы жок «өлүү» эт тартат деген эмне. Түшүнсөң боло. Жалаң эле Жанышка энчилеген эки жерде козубуз бар. А тигил Айгүлгө энчилегендеричи? Сараңдыгыңы кой. Чакырсак, чакыргандай чакырабыз. Чакырбасаң тим эле кой. Сенин директоруң. Менин эмнем кетти.

Аялымдын амалын мен эми түшүндүм. Балдарыбыз бирге, экиге толгон сайын эле: «Өкүл атамдыкына төркүлөп барабыз». Таэнемди көрүп келелик», «Тигил сенин мектепте бирге окуган Ияз досуң таарынып жүрөт дейт», —деп кишинин жанын койчу эмес. Көрсө, барган сайын алар бирден козу энчилеп беришет турбайбы.

Ошентип мейман чакыра турган күн да келди.

— Бир жума мурда эскертиш керек,— деди аялым.

— Эки күн калганда деле эскертсем болбойбу.

Аялым айтканынан кайтпай койду.

— Ал деген чоң адам. Бир жума мурда айттырбасак, бизден бөлөк озунгандар да болот. Ошого акылың жетпейби. Анын үстүнө күн мурунтан эскертип, урматтап жатканыбызды түшүнгөндөй болсун. Чакырар замат жетип келгендей сенин досторуң эмес ал.

Даярдыктын баары бүттү. «Эми азил мейманга кимди кошо чакырабыз» деген суроо туулду.

— Койкойтуп өзүн чакырганыбыз уят. Санаалаш, пикирлеш дагы бирөөнү кошуп коёлук. Даражасы андан кем эмес болсун. Биздин деле даражалуу катышкандарыбыз бар экендигин билсин директоруң. Ойлон, тапкын, — деди аялым.

— Баса, таякемди эле чакыралык, — дедим. Министерстводо иштейт. Көптөн бери чай иче элек биздин үйдөн. Колунда өстүм эле. Таарынып жүргөндөй сыяктанат…

—Таякен маңыз, эски адам. Ал келди дегенче эч кимге сөз бербейт. Этика деген жок анда. Анын эки сөзүнүн бири эле Кенес-Анархайда төлдөп жаткан койлор. Аны чакырсак уят болуп калабыз.

— Досум Азаматты чакыралык, —дедим. — Өзү болсо институттун мугалими. Көп йчпейт, көп сүйлөбөйт.

— Азаматыңдын аялы жаш. Өзүнөн он эки жаш кичүү. Анын үстүнө уяң, корунчак келин. Ушул Азаматың бир кызыл камчы эме болсо керек. Экинчи аны менен катышканыңды кой.

— Маамытты чакырганга кандайсың? — дедим. — Университеттин доценти. Жакында кафедранын башчысы болду. Мындан ылайыктуу эч ким болбойт.

— Маамытты мен деле сенден кем көрбөйм. Акылдуу десе акылдуу. Билимдүү десе билимдүү. Бирок аның бат мас болуп калат. Анысы аз келгенсип, ушул кезге чейин аялы жок.

Айлам куруган мен бир топко ойлонуп туруп сүйүнгөнүмдөн күлүп жибердим.

— Эки жакка чарпылбай, өзүбүздүн институттун директорунун орун басарын кошо чакыралык. Кызматкерлер аябай кадырлашат. Окумуштуу деп ошону айт. Маданияттуулугучу…

Анын атын укканда аялым тим эле чок баскандай мөңкүдү.

— Ал киши жөнүндө да уккам. Директоруң экөөнүн ичи жаман дешет. Ошондой жоош көрүнгөнү менен мансапкор эме турбайбы. Директор болсом деп аракет жасаптыр. Кызматкерлеринин алдында жакшы адам болуп, элди акырын тегерегине топтоп, директордун үстүнөн факты чотултуп жүрөт дейт. Ал гана эмес, ошол жердеги бир китепканачы келин менен көңүлү жакын имиш…

Ушу жерден мен чындап ачууланган болдум:

— Бу сен мунун баарын кайдан билесиң?

— Керек болсо сенин да кылмыштарыңды таап алам. Жазыгың жогунан эле жүрөсүң байкушум, — деп койду аялым.

Балээ басып, ошол түнү канчалык башыбызды катырсак да, директорума кошуп меймандай турган ылайыктуу бирөөнү таппадык. Айла дагы эле аялымдан чыкты.

— Өзүн эле чакыра бер. Эгерде: «Ким болот?» — деп сурап калса: «Өзүңүздү ээн-эркин отурсун» — деп эч кимди кошкон жокпуз де.

Эртеси мен көпкө чейин кыйпычылыктап, директордун секретарынын жанында эшик аңдып отурдум. Бир кезде директорум жалгыз калганда шып кирип бардым да:

— Аксакал, ушул ишемби күнү жеңе экөөңүздөр биздин үйдөн чай ичип кеткиле, — дедим шашкалактап. Сөзүмө бирөө жолтоо болбосо экен деп эшик жакты улам элеңдеп карап коём.

— Чайга элеби? — деди директорум күлүп.

— Тергеп айтканда чай, бирок каалаганыңыздын баары болот,— деп жибердим.

— Менден бөлөк чакырган кишиң барбы?

— Өзүңүздөн башка эч ким болбойт. Чочубаңыз.

Аялымдын күн мурунтан билгенине ичимден таң калып коем.

— Азамат! Мейман сыйлаганды билген жигиттерден экенсиң. Эмесе сага ачык жоопту жума күнү айтам. Ага чейин күтө тур.

Бир жумага чейин биздин аябай тынчыбыз кетти. Өзгөчө аялым чебелектейт.

— Кокус «аткас» берип койсо кантебиз? Ушунча чыгымдын баары талаага кетеби, ыя? Алда катыгүн ай…

Жума күнү мен директердун эшигин дагы аңдыдым. Бир маалда директорум мени өзү чакыртты.

— Баса, бая күнүн сурабай калыптырмын, Бу силердин үйүңөр каякта?

Мен адрес жазылган конвертти суна койдум.

— Жо-ок, — деди ал. — Менчик тамыңар барбы?

— Микрорайондо турам…

— А… — деп койду директорум. — Борбор жакка көчүп келиш керек. Шашпа, бир жакшы үй тийип калса…

— Борборду каалабайм, агай. Районубуз өзүбүзгө жагат. Абасы таза, кошуналарыбыз да жөнөкөй адамдар.

— Ошол жөнөкөй кошуналарың жөнүндө сурайын деп отурам. Кана деги өзүң турган подъездегилер кимдер? Аркы подъездегилердин баарын санап чык.

Мен ар бир кошунамдын аты-жөнү, иштеген ишине чейин маалымат бердим да:

— Тартынбай эле келе бериңиз. Баары ак ниет, жөнөкөй адамдар. Анын үстүнө сиз алардын бирин да тааныбайсыз.

— Мен аларды тааныбаганым менен алардын ичинен бирөө-жарымы мени таанып калсачы… Анан силердин үйдөн кирип-чыгып жүргөнүмдү тааныгандар көрсө… Андан көрө шаардын сыртында бир ылайыктуу үй жокпу? — деп койду.

— Шаардан өйдө, тоо этегинде агамдын үйү бар. Өзү пенсионер.

— Ап-бали! Бая эле ошондой дебейсиңби. Айыл эли көп нерсени элес алышпайт. Агаңдыкына баралык.

Айла канча, ошентип, чоң мейманды эртеси агамдын үйүнө сыйладык. Баарынан да аялыма убал болду. Мейманга гарнитур, кооз идиш-аяктарын көргөзө албай абдан ичи күйдү. Менин мейман чакырганыма жетине албаган агам:

— Адам болот деген ушул. Эл күтөт деген ушул, — деп аябай кубанып жүрдү.

Чакыра турган мейманыбыздын өтө кадырлуу адам экендигин агайымдын кулагына салып коймокчу болдук эле, ал киши бизди кагып койду:

— Биз деле мейман күтүп жүргөнбүз. Ал жагынан кадырыңар жан болсун.

Агайым тегерете килем илинип, шырдак төшөлгөн кенен үйүнүн ортосуна аппак дасторконду жайып, үстүнө тамак-ашты толтуруп коюптур.

— Кана, азис мейман, жогору чыгыңыз!—деди. Мейманын мамыктай жумшак көрпө көлдөлөңдүн үстүнө мандаш уруна отурду. Бир сыйрадан коньяк кагыштырып, тамак жеген болуп жаттык. Агайым гана кезегинде: «алсаңар, жесеңер» — деп калат. Бирок ортобуз солгун тартып, сөз арбыбайт. Мейманыбыз дегеле үн каткан жок. Мен баягы кичинекей бокалдарды кайра толтурмакчы болдум эле, мейманым бурк этти.

— Бу кеңчилик убакта төөнүн көзүндөй болгон стаканды каяктан таап алгансыңар?

Агам меймандын сөзүнө ыза боло түштүбү, палоо жеп жатып тишине таш урунгандай жаагын тырыштыра:

— Чоңураак бирдемең жок беле?—деп жеңеме сүрдүү карады.

Ошентип, эки жүз граммдык стакандар менен үч жолу алгандан кийин мейманыбыздын кабагы ачылып, агайымдын аты-жөнүн сурап мурда кайда иштегенине чейин терип тепчип, эч кимге сөз бербей калды. Аялым күткөндөй меймандын оозунан бир жолу да философиялык сөз чыккан жок. Мейманыбыз тамактан тартынбай алып, тартынбай ичип жатты. Ан сайын ыраазы болгон аялым менин кулагыма шыбырап коёт.

Досуңдун ашын касыңдын ашындай ичип-же деген ушул. Ырас болбодубу. Пейлин салып отурууда.

Анын тартынбай ичип жатканына мен дагы ыраазы болуп отурдум. Бир маалда чоң меймандын курсагы тойду көрүнөт, алдындагы тасмалдын четин түрүп коюп, бутту сунду да, агайыма кайрылды.

— Көптү көргөн адамдай сезилгениңиз менен, көптү биле элек экенсиз. А бу иниңиз жөнүндө сөз кылбай эле коёлук. Мунуң мурдуна бок сүйкөсөң да билбейт. Али бала эле боюнча, — деди. Абийир болуп, шул тапта аялым жанымда жок экен. Болбосо анын балээсине калбайт белем. «Эмне болуп кетти?» — дегендей агам мейманга суроолу карады эле:

— Минтип талпайып жерге отурабыз, — деп бутубуз талыды… Арга канча… — деп койду ал.

— Ой-бой андай дебеңиз. Биерде кичине көчүк эс алсын дегенбиз. Отура турган жай быякта. Жүргүлө! Дүргүп экинчи бөлмөгө өттүк. Столдун үстүндө тамак-аш жайнап, стакандарга кайрадан коньяк куюлду. Мейманым бул жерден да тартынбай иче баштады. Бир маалда тамакка табити чаппай калган ал күрптүн бир жилигин колуна алып, баарыбызды кекете баштады:

— Силердин эмне кылганыңар ыя, бул? Этти чийки бышырыптырсыңар. Ичимди алып кетсин дегенсиңер го. Бул душмандыгыңарды эске алабыз.

Агам жеңеме карады да, күрптүн этин колуна алып, бирок эттин чийки бышпагандыгына көзү жеткенден кийин кайра унчукпай калды. Мейман болсо баягысындай эле баарыбызды бир баштан кекетүүдө.

— Силер эмне мактаналык дегенсиңерби, ыя! Чучук да турат. Тоок да турат… Күрптүн этин эмнеге койдуңар? Мунун маданиятсыздык дейт. Киши сыйлап көрбөгөнсүңөр да…

Ачуусу келген агам жеңеме карап күңк этти:

— Мына бул жайнаган табактарыңды жоготчу.

— Тийбегиле, биз аны жейбиз, — деп жаңыдан столдун үстүн иреттей баштаган жеңемди жакын жолотпой койду да, мейман кайрадан агайыма тийишти. Пенсияга чыкканга чейин башкарма элем дедиңби, ыя? Билдик мыкты турат экенсиң. Тамды катырыптырсың. Колхозду аябай жегениң көрүнүп турат. Сени текшертиш керек экен. Кайдан алдың мунун баарын, ыя?

— Мейман, тарта сүйлө! — Агам ордунан тура калды. — Мен деген ак ниет адаммын. Өмүр бою жерди сыйлаган адаммын. Мен деген дыйканмын. Мына бу колумду көрдүңбү? Чор колду көрдүңбү? Сеникиндей ак кол эмес бул.

Мейман кебелген жок.

— Чор болсо эмне кылайын, чор кылып жүрө бер. Баары бир сени текшертиш керек. А, эми таппадымбы: Кызыл кулак болсоң керек сыягы.

Ачуусун араң токтоткон агам ордунан туруп, оозгу үйгө чыгып кетти. Артынан кошо чыккан мен анын көңүлүн жубатайын деп оозумду таптаганда эле, мени жаактан ары тартып жиберди:

— Каяктагы зөөкүрдү алып келгенсиң куттуу үйүмө. Бар айт, келжирегенин токтосун. Болбосо бирди көрөт…

Меймандын үстүнө кирдим. Жаагым ысып, ыза болуп турган мени ал ого бетер кекете баштады.

— Эй, сен эмне чакырып алып кабак бүркөйсүң? Жанагы топоздой болгон агаң экөөңөр кайра менин келгениме кубанбайсыңарбы. Кубангыла… Сени адам кылган менмин. Айт, ушунтип айт. Аның жакшылыкты түшүнбөгөн эме көрүнөт.

Ушу тапта үстүбүзгө агам кирип келди.

— Сен мына бул зөөкүрдүн алдында эмне коркок билиштигиң бар. Сен арсыздын күнүн көрүп жүрүптүрсүң.

Мас мейманым агамдын сөзүн уга турган эмес.

— Карап тур. Иниңди эртең иштен айдайм. Өзүңдүн үйүңө тергөөчү жиберем. Баарыңарды жок кылам.

Буркан-шаркан түшкөн мейман колундагы жилик менен столду бир урду эле, столдун четиндеги бөтөлкөлөр жерге кулап түштү.

Ачуусу аябай келген агам эми мейманды дегдеңдете эшикке жетелеп чыкты да, машинада отурган шоферуна: «От алдыр» деп буюрду. Аялым экөөбүз чырылдап: «Бир ачууңду бизге бер», — деп агама жалынып жүрөбүз. Мейманга союлган койдун эти быша жаздап калган эле:

— Эң кур дегенде эт жеп кетсин, — дедик.

— Эт жебесе балакет жесин. Жигит, от алдыр машинаңды. Сыйдан айлансын. Кана, жөнөгүлө!

Мейман да моюн бербейт.

— Силерди элеби, — деп коёт ал. Машинасын от алдырып жаткан шоферу күңк этти.

— Мунун адаты ушул. Дайыма мейманда олтурган жеринен куулуп чыгат.

Машина жүрүп кетти. Короонун ичинде өзүбүз калдык. Баятан бери эмне кыларын билбей турган аялым эшиктин алдындагы өрүктү кучактап ыйлап кирди:

— Жалгыз иниңердин убалына калдыңар. Муну душман да кылбайт. Эртең эле кызматтан айдайт мунуңарды. Ушуну көрмөкпүз.

— Кызматынан айдап таштаса колхозго келип агроном болуп иштейт. Силердей кадрлар көздөн учуп турат. Үйгө киргиле. Кошуналарды чакыр, — деп кичүү уулун жиберди да: — Келиним, — деди, — коркпо айланайын, чыгарса чыгарып жиберсин ишинен. Эртең башкарма менен сүйлөшөм. Сага да орун таап берем. Мектепте мугалим болосуң.

* * *

Биринчи күнү мен иштеген жериме эрте бардым. Бирок мекемеге дит багып кире албай жарым саатча аны тегерене басып жүрдүм. Тогузга жакын кызматкерлер акырындап чубап келе баштады. Мен алардын шары менен кирип кетейин дегенче машинасы менен келаткан директорду көрүп калдым. Ошол замат башка чапкандай дароо артка чегиндим да, ал машинадан түшүп кеткенче аярлап карап турдум. Анан жарым саатча кызматка барбай мекеменин терезесинен карап туруп: «Бүгүн ишке барбай эле коюп, эртең мени каалоом боюнча бошотуп коюңуз» деп арыз салып жиберейин деп ойлоп турганымда баягы Атабек деген улгайган окумуштуунун үнү чыгып, мен селт этип кеттим.

— Ой, эмне турасың,— деди ал, — бас кечиктик.

— Бүрөөнү күтүп турат элем. — Калп айттым.

— Анда мейлиң, — деп басып кетти ал.

Мен кызматка жарым саат кечигип келдим. Жаңы эле пальтомду чечип жатканымда телефон шыңгырады. Ийне менен сайып алгандай жүрөгүм зырп этти. Кооптоно трубканы колума араң алдым. Директордун секретарынын үнү сүрдүү чыкты.

— Сиз кайда жүрөсүз? Баятан бери издеп таппайм. Сизди директор күтүп отурат. «Өлгөн экенмин» дедим да, тобокел кыла жай басып бардым.

— Кир, кире бер, — деди секретары.

Баш бакканымда эле директорум ителгидей тездик менен ыргып турду да, анан оң колу менен белимден ийе кучактап, диванга барып экөөбүз катар отурдук. «Бул эмнеси» деп ичимен бушайман болгонум менен баягы корккон жүрөгүм ордуна келгенсип калды. «Кызматтан бошотчу кишинин түрү мындай болчу эмес эле» деп коём өзүмчө.

— Иштер кандай? — деди. Директорумдун үнү жумшак, өтө мээримдүү.

— Алынча…

— Мурдагы күнү катуу кетип калыптырбыз. Анда жеңең ноокастап бара албай калбадыбы. Болбосо андай чеки иштер чыкчу эмес. Ошондон бери уйку бетин көрө элекмин. Агаң капа болуп калды шекилдүү. Кетип баратып бир сөзүн кулагым чалып калды. Арызданам. дейби? Начальниктерге кирем дегендей кылды көрүнөт.

Директорду коркконун туйган мен:

— Сиз кеткенден кийин агайым уктабай түнү менен бирдеме жазып чыкты. Сыягы арызбы, — деп койдум.  — Сурасам өзүм билем деп мага айткан жок, — дедим.

Директорум ошол жерде мага жалынып жиберди:

— Кой. Антпе де агаңды. Ошол болбогон нерсеге да арызданабы. Антсе бала-бакырамадын убалына калбайбы. Агаң мага жакты. Ошондой шар, принципиалдуу адамдарды жакшы көрөм. Бизди эми өзүң жараштыр. Чекилик менден кетти. Достошом агаң менен. — Ал дароо үйүнө телефон чалды да, аялына буйрук бере баштады.

— Зуура, бүгүн кечинде үйгө бир урматтуу мейман барат. Ооба, абдан урматтуу. Тез даярдан. Айтпадымбы, менин досум.

Ошентип, кечинде биз агам менен бирге директорумдукунда мейманда болдук. Аялы экөөнүн жан-алы калбай тим эле көзүбүздүн агы менен тең айланып турушту. Ошондон кийин аялым мейман чакырам деп камынганын койду. Бала-бакыраларымдын да жаны тынып калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.