Сэр Уильям Рамзай – өзү кесиби боюнча физик жана химик. Уильям Рамзай жөнүндө Нобель Комитетинин тыянагы: “Атмосферадагы ар түрдүү инерттик газдарды ачып, алардын мезгилдик системадагы ордуларын аныктагандыгын таануу үчүн».

Уильям Рамзай 1852-жылдын 2-октябрында Шотландиянын Глазго шаарында туулган. Анын атасы инженер жана бизнесмен Уильям Рамзай жана энеси Катерина Робертсон. Таятасы Эдинбургда белгилүү врач жана ошол кезде абдан популярдуу деп эсептелген химия окуу китебинин автору болгон. Рамзай бала кезинен катуу деп эсептелинген пуритандык үй-бүлөдө чоңойгондуктан, адегенде дин кызматчысы болууну чечет. Бирок күтүүсүз жерден 10 жашынан табигый илимдерге кызыга баштайт. Колледжде эле шотландиялык химик Жон Фергюссон менен англиялык физик Уильям Томсондун лекцияларына катышып, предметтерди мыкты өздөштүрүүгө жетишет.

Анын студенттик күндөрү Германияда башталды. Себеби, Рамзай 1871-жылы Тюбинген университетинин физика-химиялык факультетине кирген эле. Анын илимий жетекчиси немис химик-органиги Рудольф Фиттигг (1835-1910) болгон. 1872-жылы Уильям Рамзай доктордук диссертациясын “Толуол жана нитротолуол кислоталарын изилдөө“ деген темада ийгиликтүү коргогон. Шотландияга кайтып келип, ал Эдинбург университетинин алдындагы Андерсондун колледжинде ассистент болуп иштеген. Сегиз жылдан кийин гана 1880-жылы, Бристоллдун университеттик коледжинин профессору кызматына шайланган. Рамзай 1887-жылы химия кафедрасынын башчылыгына шайланат. Ошол учурда профессор Рамзай лорд Рэлей байкаган аномалияны изилдеп жүргөн. Башкача айтканда, атмосфералык азоттун тыгыздыгы, жасалма химиялык синтез менен алынган азоттун тыгыздыгынан бир аз чоң болгон.

Ошентип, аргон газы табылды. Анын шериктери барбы? Уильям шакирттери менен катуу ишке киришти. Америкалык геолог Уильям Хиллебранд минералдарды ысытуу жолу менен белгисиз газдын бөлүнүп чыгуусу жөнүндө айтканы бар болчу. Бирок аны Хиллебранд адашып азот болсо керек деп жүргөн. Рамзай ал тажырыйбаны кайталап, спектрдик анализ жүргүзгөн. Натыйжада, инерттик гелий элементи лабораториялык шартта ачылган. Мындан 30 жыл илгери астрофизиктер гелийди Күндүн спектринен көрүшкөн болчу. Мынакей жаратылыш илиминин сыйкырдуу күчү жана универсалдуулугу! Химиялык элементтердин мезгилдик ситемасын дыкат изилдеп көрүшүп, лорд Рэлей менен Рамзай аргон менен гелий элменттери өзгөчө “үй-бүлө” түзүшөрүн байкашкан жана дагы али белгисиз инерттик газдар болорун айтышкан. Көп өтпөй, Рамзай түрдүү чебер эксперименттер аркылуу дагы эки жаңы инерттик газдарды алды. Алардын бирин криптон (грек тилинде -“жашыруун”), экинчисин неон ( грек тилинде —“жаңы”) деп атаган.  Кийинчерээк ошол эле ыкма менен ксенон ( грекче – “бейтааныш” ) элементин тапкан. Ошентип, 5 инерттик газ синтезделип, Уильям Рамзай химиктер тамашалап айткандай алардын “атасы” болуп калды. Анын элементтери галогендер менен щелочтук металлдардын ортосунан орун алды.

Рамзайдын ачкан элементтери Нильс Бордун атом структураларын түшүндүрүүдө да зор роль ойноду. Себеби, газдардын инерттүүлүгү — атомдордун электрондук деңгээлдеринин толуп калганы менен түшүндүрүлдү. Жаңы элементтердин тобу менен ачылышы эле химия тарыхындагы кайталангыс окуя. Рамзайдын гелийди ачышы абада калкуу техникасын да алдыга жылдырды. Мурда жарылып кетүү коркунучу күч суутек менен толтурулган аэростат, дирижабль, цеппелиндер эми ишенимдүү, инерттүү гелий менен иштей башташты.

Уильям Рамзай көп кырдуу талантка бай инсан болгон. Ал дүйнөлүк адабиятты эң сонун өздөштүргөн, күчтүү оратор-лектор болгон, фортепианодо чоң чеберчиликте ойногон. Орус, немис, француз, италия, грек жана латын тилдеринде эркин сүйлөгөн жана жазган. Өтө жупуну жашап, бой көтөрүү деген оюнда болгон эмес. Анын турмуштук девизи жаштар үчүн пайдалуу. Рамзай айткан : “ Күнөөсүз болуу мүмкүн эмес, эгер күнөө кетирип койсок, аны оңдой турган ак көңүл достор сөзсүз табылат”.

Каарманыбыз илимий окуу китептеринин чебер автору дагы. Анын китептери негизинен, 1891–1901-жылдары чыккан. Алар: “Органикалык эмес химия системасы”, “Атмосферадагы газдар, алардын ачылыш тарыхтары”, “Заманбап химия”, “Химиянын тарыхынан” ж.б..

Уильям Рамзайдын ден соолугу нурдануулар менен көп иштегендиктен жабыркаган. Ал кезде зыяндуу нурлардан коргонуу чаралары начар болчу. Натыйжада, ал рак оорусуна чалдыгып, 1916-жылдын 23-июлунда 63 жашында Англиянын Хай-Уиком шаарында дүйнө салган.

Филипп Ленард жана катод нурлары

“Арийлердин физикасы”

Филипп Эдуард Антон фон Ленард – көрүнүктүү немис физиги, катуу заттар жана атомдук физика боюнча көптөгөн эмгектердин автору. Ал атактуу жана таланттуу окумуштуу гана болбостон, бир топ талаш-тартыштарды жараткан саясатчы катары да белгилүү. Нобель Комитети сыйлыкты 1905-жылы “Катод нурларын изилдөө иштери үчүн” деген баа менен берген.

Филипп Ленард 1862-жылдын 7-июнунда Австро-Венгрия империясына караштуу Прессбург шаарында вино жасоочуулар жана аны сатуучулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Филипп фон Ленард жана энеси Антония Бауман католиктер болушкан жана жалгыз уулунун көзүн карап өстүрүүгө далаалат кылышкан. Тилекке каршы, апасы Филипп өтө эле жаш кезинде каза болгон.  Филиппти алыскы туугандарынан болгон эжеси баккан жана ал кийинчерээк атасына турмушка чыккан. Ленарддардын тукумдары 1722-жылдан бери дворяндык титулга ээ болушкан. Ал 9 жашка чейин үйүндө окуп, тарбияланып, андан кийин шаардык собордун алдындагы мектепте, кийин Прессбург орто мектебинде окуган. Анын сүйгөн сабактары математика жана физика болгон. Мектепте эле университеттик китептерди окуп, физикалык жана химиялык тажырыйбаларды жүргүзгөн.

Филипптин табигый илимдерге жакындыгы атасын тынчсыздандырган. Себеби ал жалгыз уулун өзүнүн ишин улаган вино жасоо чебери болот деп кыялданган. Аргасыз болгон Ленард 1882-жылдан баштап атасынын фирмасында иштей баштайт. Бирок бары бир илим ышкыбооздугу артып, ал бир жылдан кийин эле өз каражаты менен Германияга кетип калган. Филипп дароо атактуу химик Роберт Вильгельм Бунзендин (1811-1899) купулуна толгон жана анын лекцияларын зор ынтызарлык менен уккан. Ал физиканы окууну Будапеште, Венада жана Берлинде уланткан. Акыры, 1833-жылдын кышында Ленард Гейдельберг университетинин физика факультетине кирген. Ал Гейдельбергде төрт семестр жана Берлин университетинде эки семестр окуган. Ал илим борборлорунда жаш Ленард Роберт Бунзендин жана физик-физиолог Герман фон Гельмгольцтун (1821-1894) мектептеринде дасыккан.

Ленард 1886-жылы Гейдельберг университетинин окумуштууларынын Кеңешинде доктордук диссертациясын эң жогорку өзгөчөлүк менен коргогон. Анын темасы суунун тамчысынын термелүүсүнө арналган эле. Ленард үч жыл толук Гейдельбергдин алдыңкы физиги болгон, профессор Георг Квинкеге (1834-1924) ассистент болуп кызмат кылган. Ал студент кезинде эле каникул мезгилдеринде мектептеги мугалими Виргилл Клатт менен фосфоресценция кубулушун изилдеп жүргөн. Алар ошондо эле материалдардын составында кээ бир металлдардын концентрациясы болгондо гана фосфоресценцияланаарын байкашкан. Ленард башка илимий проблемалардын үстүндө алек болсо дагы, фосфоресценцияны кырк жыл бою изилдеген.

Ленард аз убакыт ичинде Лондондо жана Бреслауда иштегенге да үлгүргөн. Ал эми 1891-жылдын апрель айынан тарта, ал Бонн университетинде улуу Генрих Герцтин (1857-1894) ассистенти болуп иштей баштайт жана тез эле приват-доцент наамына татыйт. Ленард 1892-жылы экинчи доктордук диссертациясын ийгилик менен коргогон! Бул жолу анын илимий темасы ”Жамгырдын электрдик касиеттери жөнүндө” деп аталган. Чагылгандуу жамгырдын электрдик касиеттерин изилдеген макалалары бат-бат чыгып турган. Генрих Герц эрте каза болгондуктан Ленард анын илимий эмгектерин китеп кылып жарыкка чыгарткан. Ал 1894-жылы Герцтин ордуна Бонн университетинин Физика институтунун директорунун милдетин аткарган.

Филипп Ленард Бонндо катод нурлары менен иштей баштайт жана алардын жука металл баракчаларынан өтүү кубулушуна көп көңүл бурат. Биз катод нурлары жөнүндө маалыматты мектептен эле билебиз. Катод нурлары электрондордун агымынан турат дагы, вакуумда катод менен аноддун ортосундагы потенциалдардын айырмасы аркылуу ылдамданышат. Катод нурларына магнит жана электр талаалары таасир берет. Алар люми-нофорлорду жарыктандырышат. Ошондуктан люминофорлорду тунук айнек түтүкчөлөрдүн ички бетине сыйпашат, ал эми жаркыроо сырткы бетинен көрүнөт. Бул эффект вакуумдук электро куралдарда колдонулат. Мисалы, электрон-нур түтүктөрүндө, кинескоптордо, электрондук микроскоптордо, рентген түтүкчөлөрүндө жана радиолампаларда.

Катод нурларынын аноддун жанындагы кинетикалык энергиясы (Е) электроддордун ортосундагы потенциалдар айырмасы ( U ), менен электрондун зарядынын (е) көбөйтүндүсүнө барабар:  Е   Мисал  үчүн потенциалдардын айырмасы 12 кВ болсо, электрондор 12 кило-электронвольт (кэВ) энергияга ээ болушат.

Катоддук нурлар пайда болуш үчүн электрондор катоддон электроддор аралык мейкиндикке жулунуп чыгышы керек. Бул кубулуш электрондук эмиссия деп аталат. Электрондук эмиссия катодду ысытканда – термо-электрондук эмиссия, жарыктандырганда – фотоэлектрондук эмиссия, электрон менен соккондо – экинчи электрондук эмиссия ж.б. учурларда орун алат.

Филипп Ленард ушул кубулуштардын алгачкы изилдөөчүлөрүнөн болгон. Ал 1892-жылы разряддык түтүкчөнү ойлоп тапкан ( Ленард түтүгү) жана Ленарддын айнекчеси деген конструкциялык ыкманы колдонгон. Натыйжада, газдык разрядды колдонбой эле катод нурларын изилдөөгө жол ачылды. Ленарддын эксперименттери катод нурларынын корпускулярдык жаратылышка ээ экендигин далилдеген. Бирок Ленарддын кайгысына электрондун ачылыш приоритети 1897-жылы англичанин Дж.Дж.Томсонго тийип калды.  Ленард өзү ойлоп тапкан түтүкчөлөрүнүн бирин Конрад Рентгенге берген. Анын жардамы менен Рентген 1895-жылы Х-нурларын ачкан! Мындай оң келбөөчүлүк, албетте, Ленардды ыза кылган. Анын Рентген менен эң сонун мамилеси тигил 1901-жылы Нобель сыйлыгын биринчи болуп алганда кескин бузулган. Ленард Рентгенди Х — нурларынын “киндик энеси” деп атап, өзүн “чыныгы энеси” деген.

Филипп Ленард 1898-жылы Киль университетинин профессору болуп калды. Ал күткөн мүдөөсү аткарылып, илим изилдөө иштерин ченемсиз өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алды. 1900-жылдан баштап фотоэффект кубулушун активдүү изилдей баштаган. Бул өтө маанилүү кубулушту 1886-жылы гениалдуу Генрих Герц ачкан. Анын ишин 1887-жылы немис физиги Вильгельм Гальвакс( 1859-1922) жана 1888-1890-жылдары орус Александр Столетовдор (1839-1896) улантышкан. Ленард фотоэффект боюнча фундаменталдык мыйзам ченемдүүлүктү ачкан: жарыктын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү менен электрондордун саны дагы өсөт, бирок алардын ылдамдыгы туруктуу калат жана затка келип түшкөн жарыктын жыштыгынан гана көз каранды болот. Фотоэффект кубулушунун анык жаратылышын Альберт Эйнштейн гана жарык кванттары жөнүндөгү гипотезага таянып далилдеген.

Филипп Ленарддын атом моделин түзүү аракети да болгон. Ал өзү изилдеген катод нурларынын жутулуу процессине негиздеп, атомдун динамикалык моделин сунуштаган. Анын элестөөсү боюнча атомдун тулку бою боштуктан турат, ал эми негизги массасы кичинекей эле көлөмдү ээлейт. Ленардка чейин физиктер атом массивдүү, биртектүү объект деп эсептешкен. Ленарддын идеясы 1911-жылы Эрнест Резерфорд тарабынан альфа бөлүкчөлөрүнүн чачыроо тажырыйбасында эң сонун далилденген жана Резерфорд өзүнүн атактуу планетардык атом моделин түзгөн.

Филипп Ленард 1897-жылы Катарина Шленерге үйлөнгөн жана бир уулдуу болушкан.

1907-жылы Ленард Гейдельберг университетинде профессор Квинкенин ордун басып, алгач профессор, анан жаңы түзүлгөн Радиологиялык институттун директору болуп, 1932-жылы пенсияга чыкканга чейин иштеген. Анын жетечилиги астында, инстиутутта дүүлүккөн атом менен молекуланын чыгарган жарыгынын спектрлерине анализ жүргүзүү иштери аткарылган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда ал физика энциклопедиясы үчүн көптөгөн макалаларды жазган.  Ошол учурдан баштап Ленард бир кезде өзү активдүү катышкан физиканын абстрактуу бөлүгүнөн кескин оолактай баштаган. Илимге жасаган салымы дагы солгундаган.

Биринчи дүйнөлүк согуштан Германиянын жеңилиши, Версаль келишими, Веймар Республикасынын түзүлүшү монархист Филипп Ленардка катуу терс таасир берген жана ал антиеврейдик кыймылга кошулган. Салыштырмалуулук теориясы менен кванттык механиканы реалдуулуктан алыстаган теориялар деп эсептеген. Эфир гипотезасына негизделип Майкельсон – Морлинин тажырыйбасын түшүндүрүүгө аракет кылган. Айрыкча, Альберт Эйнштейн жөнүндө массалык маалымат каражаттары аркылуу терс пикирлерди түзгөн. Германиянын Бад-Наугейм курорттук шаарында 1920-жылдын 23-сентябрында өткөн эл аралык конференцияда Ленард менен Эйнштейндин ортосунда салыштырмалуулук принциби боюнча айыгышкан дискуссиялар болгон.

Филипп Ленард үчүн 1922-жыл трагедия жылы болду. Бул жылы еврей активист Вальтер Ратенау (1867-1922) өлтүрүлгөн. Ленард демонстративдик түрдө институттун алдына траур желегин илдирбей каршы чыккан. Натыйжада, ага каршы студенттик социал-демократтардын акция-обструкциясы болгон. Ленард, ал турсун кыска мөөнөткө камалып да чыккан. Мындан сырткары, инфляция кесепетинен ал бардык байлыгынан айрылган. Эң чоң күйүтү – жалгыз уулу каза болгон. Турмушка болгон арманы аны өзгөрткөн. Тилекке каршы, начар жагына. Ошол эле жылы ал Ганс Фридрих Карл Гюнтер (1891-1968) түзгөн расалык теорияга берилип, улуттук-социалдар партиясынын катарына өткөн. Ал 1924-жылдын 8-майында дагы бир Нобель сыйлыгынын лауреты физик Йоханнес Штарк менен авторлош болуп “Улуу германиялык газетага” улуттук-социалисттердин программасын толук колдогон макала жарыялашкан. Ал кезде Адольф Гитлер (1889-1945) өзүнүн саясый каръерасын жаңыдан баштаган кези болчу. 1926-жылы ал Гейдельбергде Гитлер менен жолугушуп, жакындан таанышыкан. 1932-жылы пенсияга чыкканда алдыңкы физик катары улутчулдардан көптөгөн сыйлыктарды алган, ал эми 1935-жылы Гейдельберг университетинин Физика институту Филипп Ленард Институту деп аталган. 1937-жылы Ленард улуттук-социалисттер партиясына мүчө болуп кирет жана “Ардактуу алтын белгиси” ордени менен сыйланат.

Кийнки жылдары Филипп Ленард 30 физиктер коому менен бирдикте “немис — арийлер физикасын” үгүттөөгө өтөт. Алар ошол замандагы теорретикалык физиканын кээ бир бөлүктөрүн четке кагышкан жана “аларды догматикалык-диалектикалык” чыгармалар дешкен. Ленард жазган: “Жаратылышты изилдөө расадан көз каранды. Арий расасы гана илимге артыкчылыктуу таасир менен салым кошо алат!”. Физиканын борборунда эксперимент туруш керек, ал эми теория классикалык физикага гана таяныш керек делинген. Кванттык теория Ленард тарабынан таанылбаганы менен “немис физикасынын” кээ бир өкүлдөрү аны кабыл алышкан. Лоренц, Пуанкаре жана Эйнштейндер түзгөн салыштырмалуулук теориясы толук четке кагылган. 1936-жылы Филипп Ленард “немис физикасы” аттуу 4 томдук окуу китебин жазган. Ал классикалык физиканы гана жазып, кванттык механика менен салыштырмалуулук теориясын түк эске алган эмес. Жаңы ачылган физикалык кубулуштар эфир теориясы менен Йоган Штарктын атомдук модели аркылуу эле түшүндүрүлгөн.

Бирок прогрессивдүү көз караштагы немис физиктери заманбап физикалык кубулуштарды колдошкон жана расалык бөлүнүүгө бөгөт болушкан. Алар Карл Рамзауэр (1879-1955), Георг Жосс, Ганс Копферман, Карл Фридрих фон Вайцзеккер (1912-2007) ж.б. Ленард аларды чыккынчылар деп атап, өзү өмүрүнүн акырына чейин принцибин кармаган.

Филипп Ленард 1947-жылдын 20-майында Германиянын Мессельхаузен шаарында 85 жашта көз жумган.

К.Осмоналиевдин «Альфред Нобель жана физика» аттуу китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.