Касым Тыныстанов балдарга арнаган ырларынан тышкары бир катар чакан аңгемелерди да жазган. Алар окуучуларга таалим-тарбия берүүгө, ой-көрөңгөсүн байытууга багытталып, кыска жана балдар үчүн жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазылган. Мисалы, «Тергөө», «Арпа менен буудай», «Малдардын талашы», «Мектепте балдар тартиби», «Ууру», «Жетим», «Кичинекей акылман», «Талаага тай өнүптүр», «Билим — түгөнбөс байлык», «Таштанды ит», «Калпычы», «Сонун үй», «Албарсты», “Койчуман менен Бакачы” сыяктуу аңгемелери. К.Тыныстанов ушул ар бир аңгемесинин алдына коюлган максатынын маанисин ачып берүү үчүн элдик макалдарды да ыктуу колдонгон. Ал түзгөн ошол макал-лакаптардын айрымдары ушул күнгө чейин эл оозунда айтылып келатат.

Алсак, «Кичинекей акылман» аңгемесине кайрылсак, Койчумандын Абыл, Айша деген балдары болот. Айшаны бир бай аялдыкка алмакчы болуп куда түшөт. Калыңын өткөрүп, аны алып кетээр күнү уулу Абыл сурайт:

— Атаке мени сатасыңбы?

— Ачка өлсөм дагы сени сатпай калайын, балам!

— Мени сатпасаң Айшаны неге сатканы жатасың? Атага баланын алалыгы жок дебедиң беле?

Ошондон кийин уялганынан Койчуман кызын байга сатпай калат. Аңгеменин аягына автор «Асыл таштан, акыл жаштан чыгат» деген макалды колдонуп, тыянак чыгарат.

К.Тыныстанов балдар үчүн жазган мындай чакан аңгемелерине башкы каарман кылып бир гана Абыл аттуу баланы алат. Ал бардык жерде үлгүлүү бала катары көрүнөт. Анын «Талаага тай өнүптүр» аңгемесинде Абыл дайыма эле атасына тай сатып бер дей берет. Бир күнү атасы «жүрү балам, тайыңды сугарып, багып келели», — деп уулун ээрчитип талаага барып, тарууну көрсөтөт. Күзүндө тарууну Абыл да орушуп, жыйнашат. Андан соң атасы бозочуларга эки кап таруусун бир тору тайга алмашат. Талаага тай өнөрүнө Абыл ошондо ишенет. Аңгеменин тыянак макалы «Даның болсо орооңдо, малың сыйбас корооңдо». К.Тыныстановдун мына ушул макалы үчүн аны сурактан суракка сүйрөшкөн.

Ал эми «Билим – түгөнбөс байлык» аңгемесинде бир адамдын эки баласы бар экен да, ал улуусун гана жакшы көрүп, чоңойгондо энчисин бүт ага берет. Энеси болсо акылмандын сөзү менен кичүү уулун окууга жиберет. Көп жыл өтүп, билимдин аркасы менен кичүү баласы байып, улуу баласынын атадан калган энчиси түгөнүп, кедейленип калат. Андан чыккан макал: «Энеге баланын алалыгы жок. Билим – түгөнбөс байлык».

«Таштанды ит» аңгемесинде болсо бир байдын короочу ити ээсине ушунчалык берилген экен, короого жат адамды жолотпогон, карышкырдын толорсугун үзгөн мыкты ит болот. Ал картайып, оозунан тиш, бутунан күч кеткендиктен үрө албай калат. Муну көрүп байдын да пейили бузулуп, ага тамак берүүнү токтотот. Ит айласы жок уурулук кылып, жан багат. Муну көрүп бай анын мойнуна таш байлап, каршылык көрсөтсө башын таш менен жанчып, сууга агызууга жардын башынан түртөт. Жардын башы жемирилип кетип, экөө бирдей сууга кулайт. Бай калың кийими менен сүзө албай, сууга агып жөнөйт. Ит мойнундагы таштан бошонуп, байдын аркасынан жетип, этектен тиштеп суудан алып чыгат. Эси ооган бай бир топтон кийин эсине келсе, башы канжалаган ити жанында отурган болот. Бай итти кучактап алып ыйлайт. Аны үйүнө алып барып, бапестеп багат. Аңгеменин мораль-насааты: «Наадандын кылган кастыгын, жакшылык менен жеңип ал».

Ал эми «Калпычы» аңгемесинде автор Жапай аттуу окуучу бала жөнүндө жазат. Ал бала мектепке дайыма ар түрдүү калптарды айтып келе берет. Бир күнү ал: «Мектептин коюна карышкыр тийди!» — деп кыйкырат. Балдар дүрбөлөң түшүшөт. – «Калп айттым, калпагымды жалпайттым», — деп күлөт Жапай. Ошондой күндөрдүн биринде чын эле койго карышкыр тийет. Жапай көрүп калып, аны балдарга айтса, “Калпычысың, калп айтпа» деп балдар ишенбей коюшат. Карышкыр койлорду жеп кетет. Ошондон кийин Жапай ыйлайт. Абыл Жапайга: «Балдардын алдына түшүп, кечирим сура, калп айтпайм деп айт», — дейт. Жапай балдардан кечирим сурайт. Ушундан кийин анын калпычы аты өчөт. Макалы: «Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болосуң».

Ал эми «Сонун үй» аңгемесинде «Балдар, сонун үйдү көргөнүңөр барбы, анын тегирмени, тамак бышыра турган ашканасы да бар. Үйдүн ичи иймек-чиймек жол. Үйдүн ичин башкарып турган ээси күнү-түнү уктабайт. Тык-тык жүрүп, бардык кызматкерлерди башкарып турат. Сонун үйдүн эки түндүгү бар. Күндүз эки түндүгүнүн жабуусу ачылып, түндө жабылып турат», — деп автор үйдү адамга салыштырган аңгеме жазган. Анын жандырмагын мындайча чечмелейт:

Үй – адам,

Тегирмен – тиш.

Ашкана – карын,

Үй ээси – жүрөк.

                                   Жолдор – кан тамырлар,

Эки түндүк – эки көз.

Касым Тыныстановдун бул аңгемеси да өзүнчө табылга табышмак. Аны аңгемеге киргизип, чыгарманын маанисин арттырган. Мындай чыгармалар балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүп, сезгич, байкагыч болууга үйрөтөт. Автор өзү түзгөн “Окуу китебине” балдар үчүн аңгеме, ыр, табышмак, макал-лакаптарды киргизишинин чоң таалим-тарбиялык мааниси болгон.

ХIХ кылымдагы казак агартуучусу И.Алтынсарин өзүнүн «Казак хрестоматиясы»  окуу китебин дал ушул принципте курган, башкача айтканда, ал анын материалдарын үч булактан алып пайдаланган. Ошонун бирөө  — өзү жазган аңгемелер. Мисалы, анын «Жаман жолдош» аттуу аңгемеси кыргыз окуу китептерине да кирип жүргөн. Анда кыйынчылык убакта жолдошун таштай качкан коркок бала тууралуу сөз жүрөт. К.Тыныстанов өзүнүн окуу китептерине киргизген чакан чыгармаларын жазууда ошол агартуучу-педагогдон үлгү алган деп айтууга толук негиз бар.

К.Тыныстановдун окуу китепке кирген аңгемелеринин ичинде супсагыраак, жөн эле кургак акыл айтуучулук мүнөздө жазылып калгандары да бар. Мисалы, «Мектепте балдар тартиби» аңгемесинде сабак маалында балдар классты чаңдатып ойноп, бири-бирин жаман сөз менен сөгүшүүдөн да кайтышчу эмес. Бир күнү мугалим «Тартипти өзүңөр түзөгүлө эми», — деди. Балдар аны ишке ашыруу үчүн жыйын өткөрүшүп, аны Абыл башкарат да, аягында токтом кабыл алышат. Анда: «Ким жаман бала болсо, аны менен ойнобойбуз», — деп жазылган. Мына ушундан кийин мектепте тартип оңолот да, андан кийин «Мектепте тартипти балдар өздөрү гана түзөй алат» деген бүтүм чыгарылат. Көрүнүп тургандай, аңгемеде балдар өзүн-өзү башкарсын деген жакшы идея жатса да, ал көркөмдүк жагынан өксүп калган.

Ушундай мүнөздөгү дагы бир аңгеме – «Ууру». Бир күнү балдардын бирөөсүнүн кандайдыр бир буюму жоголот. «Бул ууруну табуу керек. Араңардан үч баланы комиссия кылып шайлагыла. Менин ууру таба турган мышыгым бар. Азыр алып келемин» дейт мугалим. Балдар комиссияга башчы кылып, Абылды шайлашат. Ал окуучунун баарын жылаңаяктап, катар тизет. Мугалим мышыгын алып келип, “Баарыңар көзүңөрдү жумгула, азыр бул мышык макини уурдаган баланын балтырына жабышат”,- дейт. Бир убакта:

— Ал жабышты! – деп Абыл кыйкырат.

Макини Жаңыбай деген бала уурдаган экен.

Балдардын баары ага: ууру, кордук, ыза, – деп кыйкырышат. Жаңыбай ыйлайт. Мындан кийин мектепте уурулук такыр жоголот.

Аңгеменин жыйынтыгы ишеничсиз. Мышык кимдин ууру, кимдин ууру эмес экенин билгидей көзү ачыктык жайы барбы? — деген суроо туулбай койбойт. Мугалим мышыкты класска эмнеге алып келет? Анан да «ууру тапкыч» мышык үчүн балдарды чечиндирүүнүн эмне кажети бар эле?!

«Жетим» аңгемесинде Абыл эртең менен балдардан мурун мектепке келсе, класстын бир бурчунда бир жаман кементайга оролгон томпойгон бирдеме жатыптыр. Абыл шектенип, аны ачып караса, кементайга оролгон бир арык бала жаткан экен. Баланын үстүндө үйрүп салар кийими жок, чачы да өсүп кеткен, бит деген неме көзүнөн куюлат. Шордуу бала кыштын ызгаарына чыдабай зиркилдейт.

— Сен кайдан жүргөн баласың? – деди Абыл.

— Мен жетим… Ата-эне жок менде, эки күндөн бери тамак ичпедим, багар-көрөр тууганым жок, — деп бала калчылдады.

Абылдын балага боору ачып, көзүнөн жаш агып кетти. Абыл аны үйүнө алып барып, тонун кийгизип, тамак берип, багып алат. Аны ээрчитип келип, өзүнүн мектебине киргизет». Мындагы балдарга айтар жыйынтык ой: «Жетимди көргөн жерде маңдайынан сылап, эркелетип, багып-кагуу керек».

Көрүнүп тургандай, аңгеменин сюжети окуучуну өзүнө тарта албай, жөнөкөй эле курулуп калган. Баскан-турганды билген бала кементайга жылаңач оронуп мектептин жанында эмнеге жатат? Абыл аны багып алгыдай ошончолук мүмкүнчүлүгү бар беле? Автордун жетимге боор ооруш керек деген ойду айтканы туура, бирок аңгемеде баланы багып алгыдай Абыл чоң адам эмес да, ушунусу менен аңгеме супсагыраак, ишенимсизирээк.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *