Илгери, илгери Бөрөлдөй деген чалдын кемпиринен бөлөк жан тутары жок экен. Бир жолу ал өзүнүн жалгыз өгүзүн сойгондон кийин кемпирин урушуп үйдөн кубалап чыгат. Байкуш кемпир абышкасы урушканда  колуна илине калган өгүздүн карынын гана үйүнөн  ала кетүүгө үлгүрүптүр. Ошентип карыган кезде талаада калган кемпир ый-муңга батып, көзүнө көрүнгөн жолго түшүп, башы оогон жакка тентип жөнөптүр. Кетип баратып алдынан картаң карганы жолуктуруптур.

– Эй кемпир, эмнеге ыйлап баратасың?- деп сураптыр карга.

– Абышкам жалгыз өгүзүбүздү сойгон күнү мени үйдөн кубалап чыкты. Тоодой болуп үйүлүп жаткан эттен мобул карынга араң ээ болдум. Анан кантип ыйлабайм?

– Карынды мага бер. Ага баары бир тишиң өтпөйт, тоюп да кетпейсиң. Анын ордуна мен сага бир жакшы кеңешимди айтайын.

Кемпир буга макул болуп, карынды карганы карай ыргытты эле, ал шап эттире илип алып, каркылдаган үндө мындай деди:

– Мобул ашуудан ашып түшкөндөн кийин эчки кайтарып жүргөн бир аттын башын көрөсүң. Ага көрүнбөй жашынып жатып, эчкилерди көгөнгө байлап, алачыгына жаткан кезде аттын башын капка салып барып, жардан алыс сууга ыргыт да, эчкилерге ээ болуп жыргап жашай бер.

Буга макул болгон кемпир ашуудан ашып түшсө, чын эле эчки кайтарган аттын башы жүрүптүр. Карга айткандай кылып аттын башын сууга салып жиберип, эчкилерди  менчиктеп, ичкени сүт, жегени каймак болуп, алачыкта жыргап жашай баштады. Анткен менен убакыт өткөн сайын абышкасын эстеп, “ал эмне болду экен?”- деп көп ойлоп, сарсанаа боло баштады.

– Кой, ага барып келбесем болбойт,- деп бир күнү эки кесим кургатылган быштак алып Бөрөлдөй чалына жөнөп калды.

Келсе, боз үйдүн айланасында эч ким жок. Кулак-мурун кескендей тынч.  Туурдуктун жылчыгынан караса, арбактай болуп арыктаган чалы үстүндө үйрүп салар кийими жок араң эле жаны калып, чалкасынан солуп жатыптыр. Кемпир бир кесим быштагын ачык турган түндүктөн үй ичине таштап жиберсе, Бөрөлдөй аны баса калып эки чайнап бир жутуп, асманга карап жалынып жиберди:

– Оо, түбөлүктүү көк! Алдыңа кетейин чер токойлуу улуу Тайга, менин ырыскымды бергениңе ыраазымын!

Кемпир үйгө киргенде чал кубанганынан ыйлап жиберип, андан кечирим сурап алдына жыгылды. Ошентип экөө кайрадан чогуу жашай башташты. Кемпир абышкасына өгүздүн терисинен кийим тигип берип, эчкилерди кайтартып койду.

Бир жолу кемпир эчки саап атканда обочодогу ташта отурган абышка аябай катуу чүчкүрдү эле, эчкилер үркүп, көгөндү үзгөн бойдон качып жөнөштү. Абышка алардын артынан жүгүрдү. Кемпирдин колунда абышка чүчкүргөндө кармап калган эчкинин чычаңы эле калды. Ошол бойдон Бөрөлдөй чал кайтып келген жок. Кемпир кайрадан жалгыздап жашай баштады. Бир жолу ал сыртта отурса, боз үй ичинен мындай бир үн угулду:

– Апа, чай кайнады! Тезирек кириңиз.

Кемпир боз үйгө кирип, көргөн көзүнө ишенбеди; үй ичинде бармактай болгон жылаңач бала жүгүрүп жүрүптүр.

– Сен каяктан чыга калдың, балам?

– Мен эчкинин чычаңымын. Мындан кийин мен сенин уулуң болом.

Ошентип экөө чогуу жашай баштайт. Көп өтпөй алардын жээрге эч нерсеси калбайт. Эмне кылыш керек?

– Кайгырба апа, мен бат эле эт таап келем,- деген эчкинин чычаңы кайдадыр жөнөп кетти.

Ал түз эле Караты кандыкына келип, анын койлорунун биринин жүнүнө жашынып кыйкыра баштады:

– Мага жин кирип кетти! Мен арам болуп калдым!

Муну уккан кан коркуп кетти. Бул балээ баскан койду союп үйдөн алыс ыргытып жиберүүнү буюрду. Эчкинин чычаңы этти апасына алып келди.

– Кан бизге көп эт берген турбайбы,- деп абдан кубанды ал.

– Кан качан бей-бечараларга эт берчү эле?- деди эчкинин чычаңы.

– Демек, сен анда муну уурдап келген экенсиң да?!

– Жок, малайлар этти кандын буйругу менен өздөрү эле талаага ыргытышты.

– Оо Кудай! Кандын каарына калганы калыппыз!

– Коркпоңуз апа, канда эт көп, ошон үчүн эттерин талаага ыргытып жатат,- деп болгонун болгондой айтып берип бала энесин тынчтандырды.

Бир жолу аларга эки бир тууган келди.

– Караты кан биздин акыбызды бербей кубалап ийди, аны жазалоого жардам бер,- дешти алар чычаң балага. Ал буга макул болуп, кандын айылына келип, анын эң чоң өгүзүнүн кулагына кирип минтип кыйкыра баштады:

– Менин ичиме жин-шайтандар кирип кетти. Менден силер зыян тартып каласыңар! Эртерек жоготкула мени!

Муну уккан кан өгүздү короодон кубалап чыгууну буюрду.  Эки бир тууган өгүздү кармап союп алышып, балага араң эле өпкөсү менен боорун ыраа көрүштү. Буга таарынган бала сараңдарды жазаламакчы болду. Ал кайрадан Караты кандын айылына келип, боз үйүнө кирип, кандын чөнтөгүнө жашынып алып кыйкыра баштады:

– Мени кийген киши жинди болот! Айыкпас ооруга чалдыгат! Өлүп калат!

Муну уккан кан кийимдерин айылынан алыс ыргыттырып жиберди. Эчкинин чычаңынан жаралган бармактай бала кандын кийимдерин эки бир туугандын боз үйүнүн жанындагы караганга кийгизип, өзү ага жашынып алып кыйкыра баштады:

– Желдеттер, мына бул ууруларды кармагыла! Менин өгүзүмдү уурдаган кесептерди жайлагыла!

Муну укканда уктап жаткан эки бир тууган кийингенге шайлары келбей, кийимдерин көтөргөн бойдон качып кетишти.  Сараңдыктары үчүн жазаланган эки бир тууганга күлгөн бармактай бала алардын оокаттарын олжолоп апасына келди.

Эчкинин чычаңынан жаралган бала көп өтпөй атасы Бөрөлдөйдү эчкилери менен кошо издеп таап, үчөө байгерчилик менен ынтымакта бактылуу жашап калыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *