Эфиоп эл жомогу: Үч аңкоо

Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту. Чын эле ошол түнү эгинге ууру келип, эки жакты карап, кароолчу көрүнбөгөндө ишине киришип, баягы келесоолор саманга көмүлүп жаткан үймөккө келип, каптардагы саманды көрүп, даяр буудай экен деп сүйүнөт, бирок текшерип көрмөкчү болуп, […]

Жунай Мавляновдун эт жебес Эстебесову

АҢГЕМЕ Эстебесов Эргештин «атак-даңкынын» чыгышына башкы себеп – барган жеринде эт жебегендиги болуптур. Жол жүргөндө жип боосунан колуна чырмай кармап алчу, ат мингенде анын ээр кашына илип койчу эски кош кабат сумкасына (аны кайдан, качан алганын эч ким билчү эмес) нанына чейин салып алчу дешет мурунтан билгендер. Райондон районду кыдырып иштеп жүрүптүр. Мунусун да аны тааныгандар ошол эт жебестигине ыйгарышып, «эл башында тургандарды ак жолунан азгырган эзелтен эле тамак менен катын. Тамагын тыя албаса ал узабайт. Катынпоздук кылса андай чоңдун […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токомдун устаттары кимдер эле?

 Чыгармачылыкта, анын эң жогорку, уникалдуу формасы болгон төкмөлүк өнөрүндө устатчылык жана шакиртчилик феномени өзгөчө мааниге ээ болору түшүнүктүү. Бул жагынан биздин адабиятчылар Токтогул Сатылган уулунун улуу устат болгондугун, аны айланып-тегеренип, баш-аягы алтымыштай шакирт жүргөнүн айтып келет. Албетте, дүйнөлүк оозеки адабиятта сейрек кездешүүчү тагдыр-шыбага. Бирок акындын устаттары, ага өнөр үйрөткөн, тапка келтирип, байгеге сайган саяпкерлери, акындык гана эмес адамдык нарк-насили менен өрнөк берген адамдар тууралуу анчалык кеп кыла бербейбиз. Эгерде өзүнөн кыйын, өзүнөн таланттуу инсандар менен чыгармачылык алакада болбосо, кандай гана […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Байдылда

…Акындын айтымына караганда чиедей кезден жетим калып, турмуш көйгөйүн биртоп тартыптыр. Анткен менен поэзиядагы жолу шыдыр, жолдошу кыдыр дегендей эле болгон экен. Шыдыр эмей эмне, кызыл эт, темир канат чагынан Аалыке баштаган аттуу-баштуу акын-жазуучулардын назарына илинип, колдоосуна ээ болуптур; борборго келтирип, мектептен окутуп, онунчуну бүткөрүп-бүткөрбөй китебин чыгарышыптыр. Жазуучулар союзуна өткөрүшүп, түз эле Москвага — Адабият институтунан таалим-тарбия алууга жөнөтүшүптүр. Билгенге ушунун өзү эле биртоп иш. Албетте, талант деген талант, кыязы а деле ашыктыктын бир түрү, майдалап айтканда, бирдемеге жылдызың түшүү, […]

Белек СОЛТОНОЕВ: Кызыл кыргыз тарыхынын

Кыргыздын эӊ байыркы турган жери Энесей дайрасы, Алтай, Сайан, Тыйаӊшаӊ, Памир, Котон тоолору жана ушул айтылган тоолордун аралары жана өзөн – салаалары болгон.  Жан сактоо кесиби: кой, төө, эчки асырап багып, жайдын күнү айрар, сүт, кымыз, кыштын күнү эт, азоолок дан аралаштырып, этке эетпеген кедейлери бай менен феодалдарда малайлыкта күндөрүн өткөрүшкөн. Көбүнчө көчмөн болуп, эӊ эски заманда хандарында отурук жайлары болгон. Алтын,темир, күмүштү иштеткенди билген. Дини шаман болуп, ар түрлүү жан – жаныбар, өсүмдүккө табынып, жоогерчиликке өтө баатыр болгон. Монгол, […]

Мурза ГАПАРОВ: Наташа Ростованын биринчи балы

АҢГЕМЕ Кыздын эртели-кеч тою түшөт. Эчак эл көзүнөн жашырын берилген калың алынган. Сеп даярдалган. Азыр мейманкана аталган кошуна бөлмөдө айылдын чебер деп таанылган кыз-келиндери шашылыш түрдө анын кийип кетүүчү кийим-кечесин тигишип, дагы бир башка бөлмөдө билерман аялдардын тобу кудагыйларга кандай сарпай кийгизүү жөнүндө сагызгандарча шакылыктап жатышат. Бирок кыз, кыздын өзү болсо… ушулардын баарысын унутуп коюп, ээн калган кичинекей ашканада, жанараакта эле өзү жууп, жыйнаштырган казан-аяктардын арасындагы, дайыма чака коюлуп жүрүүчү дөңгөчтүн үстүнө олтуруп алып, тамдын артындагы коюу бакка караган алакандай […]