Үч аңкоо киши жашаптыр. Бир жолу алар эгин чабыкка барышат. Түн киргенде үч аңкоо каптарга самандан толтуруп, алардын үстүнө өздөрү жатып, кайра саман менен үстүлөрүнөн жамынып алышат. “Эгер түндө эгинге ууру келсе, биз аны көрөбүз, ал бизди көрбөйт. Биз аны таанып калабыз да, полицайга билдиребиз”,- деп ойлошту.

Чын эле ошол түнү эгинге ууру келип, эки жакты карап, кароолчу көрүнбөгөндө ишине киришип, баягы келесоолор саманга көмүлүп жаткан үймөккө келип, каптардагы саманды көрүп, даяр буудай экен деп сүйүнөт, бирок текшерип көрмөкчү болуп, айры менен сайып калат. Айры бир келесоонун башына жакын сайылганда ал:

– Ажалым жок экен, аз-маз эле тийбей калды,- деп сүйлөп жиберет. Муну уккан ууру кылмышын жабыш үчүн үн чыгарган келесоону өлтүрө саят. Ошондо экинчи келесоо:

– Оозуңду басып жата албаганың үчүн ушуну көрдүң, кайран досум,- деп сүйлөп жиберет. Муну уккан ууру аны да айры менен бышып алат. Ошондо үчүнчү келесоо да же  кайгырганы, же табалаганы билинбеген үндө күңкүлдөйт:

– Эх досторум, менчилеп тынч жата турганыңарда ажалыңар жетпейт эле да,- дейт

Муну уккан ууру азыркы эле кылган кылмыштарын жабыш үчүн аны да сайып өлтүрүптүр.

Ушул сыяктуу аңкоолуктары жана акылсыздыктары үчүн көп эле кишилер кырсыкка жана өлүмгө дуушарланат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *