Кыргыз эл жомогу: Камыр балбан

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир-чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Кар

АҢГЕМЕ Булуттай чак-челекей түштүм. Бийик, бийик асманда шамал тыткан булуттай чак-челекей түштүм. Көз алдыма түрмөдө уу ичип өлөр алдында ушинтип айтып турган Сократ, кумурсканын уюгундай байыркы Афина, ачык сот, Анит, Мелет, Ликон («эл бузар, журт бузар, жаштардын бузукусу» дешип, Сократты карматышкан, каралашкан афиналык акындар), күндүзү чырак менен киши издеп жүргөн Диоген эмес, уюткудай күн тийген туңгуч жаз, каргалардын погу жыттанган Пишпек шаары, ант ичкендей арык кылычтай жүзүнүн оң жагына күн түшүп, сол жагына түн түшүп, Анит, Ликон, Мелеттерди иттен алып, […]

Зайырбек жетим менен оңбогон Олжоке айтыша кетти дейт

Биринчи айтыш Олжобай Шакир: Йе Закем, неге капасың? Жүрөккө не сыр катасың? Жүдөгөндөй түрүң бар, Сырыңды качан ачасың? Үңкүйүп кеттиң кийин сен, Үшкүрүнүп не мынча Убайымга батасың? Зайырбек Ажыматов: Жарк эткен жаштык жалгандын, Жарыгы өчтү. Алдандым… Жанына калдым бара албай, Жайнаган далай жалжалдын… Таз жору болуп, тарп аңдып, Тамтаңдап жолдо калганмын. Капчык да жука, чынында, Каржалдым, байке, каржалдым… …а бирок, бул сөз тамаша, Күйүт көп азыр санаса… Кыргызың кыркка бөлүнүп, Ырыскы, куту төгүлүп, Баратат чиркин, каякка? Олжобай Шакир: Жебегин анча […]

Кыялбек УРМАНБЕТОВ: Акырзаман

(Фантастикалык аңгеме) — «Жер»! «Жер»! Бул — «Закым». 18 миң ааламдын 3087-катмарында белгисиз учма тарелканы учураттык. Ал бизден качып, каяккадыр шашып да бараткандай. Ансайын биз артынан калбай сая кубалап… Сөз ушул жерден үзүлдү, айнек сынгандай адеп «тырс» этип, анан «чыйк-чуйк» этип эч нерсе угулбай калды. — «Закым»! «Закым»! Угуп жатасыңарбы? Жооп бергиле! — деп чакыра берип чарчашты жердегилер. Алеки заматта желдей тараган алакачма кабардан дүйнө жүзү дүркүрөп бир силкинип алгандай болду. Теле-радиолор тынбай сайрап, басмасөздө миң түркүн божомол жайнап, элейген […]

Турсунбек АКУН: Илбир менен көк жал карышкырдын кармашы жөнүндө

Кайран гана каркайган касиеттүү карыялар кандай гана кызыктуу аңгемелерди куруп, кызыктуу окуяларды айтып, кеңештерин берип турушчу. Бир күнү жайлоодо бирге жайлап жүргөн жылдары ыраматылык досубуз Медеттин атасы Абдуваалы карыя айтып берген төмөндөгүдөй кызыктуу окуяны ушул убакка чейин улам-улам эстей берем. Абдуваалы ата жаш кезинде мергенчи болгонун айылдын баары билебиз. Бирок анын кандай мергенчилик кылгандыгынан кабарыбыз жок. Ошол кайберендерге аңчылык кылып жүргөн күндөрү чоң капчыгайга барып бир кызыктуу окуяга туш болот. Аңчылыкка барып дүрбү салып карап отурса, бир илбирс ылдый жактан […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Түштүктүн кары (шедевр)

АҢГЕМЕ — Алло? — Да-а. — Нази кайда болдукен? — Мына, ме-ен. — Ий, кандай? — Жакшы-ы. — Түндө кандай эс алдың? — Жакшы-ы. — … — Э-э, Калыс аке, сиз кызык киши экенсиз да-а. — Ий? — Мени бир кызы-ык жолдор менен жеткирип келдиңиз да-а — Ий, үйдөгүлөр бирдеңке деп атабы? — Жо-ок. Түндөсү эшикти жеңем ачты да-а. — Ий? — Келсем үйдөгүлөр эба-ак уктап калыптыр. — Ий? — Ал: «Кайда жүрөсүз, кыз?» деди да. А мен жо-оп бере […]

Мукай ЭЛЕБАЕВ: Малай артели

АҢГЕМЕ I 1929-жыл эле. Толубай төрт үй болуп, мурунтан жайлап жүргөн Кең-Төр деген жайлоодо жаткан. Жайлоо жакага алыс эмес, күн чыкпай аттанган киши шашкеде кирип барат. Жайлоо чатырап толгон кез. Бир күнү кечинде Толубай жакын сырдашы Баймурат менен үй артында, дөңсөөгө көпкө сүйлөшүн жатты. Толубай элүүгө келген, багжагай сакал, чатыраган кызыл киши. Саң-саң көрпөдөн тыштап жасаган, жер чийген көйкөлгөн жаңы тону бар. — Заман бузулуп, басар жер тарып барат,— деди Толубай бир кезде кабагын чытып, алыска карап, оор улунутуп. – […]