Кайран гана каркайган касиеттүү карыялар кандай гана кызыктуу аңгемелерди куруп, кызыктуу окуяларды айтып, кеңештерин берип турушчу.

Бир күнү жайлоодо бирге жайлап жүргөн жылдары ыраматылык досубуз Медеттин атасы Абдуваалы карыя айтып берген төмөндөгүдөй кызыктуу окуяны ушул убакка чейин улам-улам эстей берем. Абдуваалы ата жаш кезинде мергенчи болгонун айылдын баары билебиз. Бирок анын кандай мергенчилик кылгандыгынан кабарыбыз жок. Ошол кайберендерге аңчылык кылып жүргөн күндөрү чоң капчыгайга барып бир кызыктуу окуяга туш болот.

Аңчылыкка барып дүрбү салып карап отурса, бир илбирс ылдый жактан өйдөнү карай кетип баратканын көрөт. Ал бир нерседен сактангандай болуп баратканын Абдуваалы карыя сезип, демин ичине катып дымып калат. Бир убакта ошол эле бет менен үстү жактан бир чоң карышкыр боюн ылдый кылып жашырынып, бир нерсени аңдыгандай болуп түшүп келатканын байкайт. «Карышкыр эмнени аңдып келатты экен» деп таң калып карап калат.

«Бул эки жырткыч эмнеге бири-бирин беттеп келе жатат, карышкыр менен илбирс бири-бирине кол салчу эмес» деп ал киши түрдүү ойго батат. Бирок Абдуваалы карыянын айтуусу боюнча карышкырдын аңдып келатканын илбирс көп сезбегенин байкайт.

Ошентип алар бир эле убакта ортодогу турган чоң таштын жанына жетип, аярлап туруп калышат. Карышкыр жүнүн үрсөйтүп ташты айлана берип, чоң ташты айланып бараткан илбирске артынан кол салат. Муну ичинен сезген илбирс каршылык көрсөтүү үчүн кайрыла бергенде, карышкыр ага атырылып, тамагына азуусун салат.

Мындайды күтпөгөн илбирс карышкырдын алдында калып айласы кеткенде, эки колунун тырмагын илбирстин эки өпкөсүнө матырат. Ошентип экөө тик беттен томолонуп ылдыйды карай кулап башташат. Мындай шумдукту биринчи көргөн мергенчи карыя арышын керип жүгүрүп, эки жырткычтын кулап бараткан жерге чейин жакындайт.

Колунан мылтыгын, көзүнөн дүрбүсүн түшүрбөй кызыгып кайрадан карайт. Мергенчи көргөн көзүнө ишенбейт. Экөө тең кучакташкан сыңары, эч кыймылсыз бийик беттен этегинде жатышканын көрөт.

«Буларга эмне болду, эмнеге минтип экөө тең кыймылдабай жатып калышты», — деген карыя алардын жанына барып көз салат. Ал көргөн көзүнө ишенбей дендароо болуп селейип калат. Эң зор деп эсептелген эки чоң жырткычтын тең кыймылсыз, жансыз жатканын көрөт.

Ошондо Абдуваалы карыя өзүнүн айтуусу боюнча арышын керип, алардын жанына жетип барып мылтыктын кундагы менен денелерин сайгылап да көрөт. Бирок эки жырткыч тең эрегишип өлүмгө моюн сунганына көзү жетет. «Эрегиштен эр өлөт» деген эл макалындай, эрегиштен эр эле өлбөстөн эрегиштен жырткычтар да өлө турганын мергенчи карыя өз көзү менен көрөт.

Абдуваалы карыя көргөн көзүнө ишенбей, бир саамга дендароо болуп туруп калат. Илбирске кол салган карышкырдын мойнунда жалы бар экенин ушул жашка чыгып көп жыл аңчылык менен жүрсө да биринчи көрөт. Ошондуктан мындай карышкырды «көк жал карышкыр» деп койот. Көк жал карышкыр гана илбирске, аюуга жана башка чоң жырткыч жаныбарларга кол сала алаарын Абдуваалы карыядан жана башка мергенчилерден уккан жайым бар.

Көрсө, көк жал карышкыр капыстан биринчи кол салып, илбирстин алкымына азуусун матырганга жетишкен. Ал эми карышкыр бир тиштеген жеринде азуусу карышып чыкпай каларын тарыхтан билебиз. Ошондуктан бул жырткычты «карышкыр» деп коюшат.

Карышкырдан мындайды күтпөгөн илбирс айласы кеткенде карышкырдын такыр колтугу аркылуу эки өпкөсүнө эки колу менен тырмагын матырган. Ошентип бири-бирине эрегишип, айосуз кармашкан илбирс да, карышкыр да жан берген. Жырткычтар дүйнөсүндө мындай окуя өтө сейрек кездеше турган жагдай болуп саналат. Карышкырлардын арасынан илбирске кол салган көк жал карышкырлар да абдан сейрек боло турган учур. Жөн карышкырлар эч качан илбирске даап кол сала албай коруп турушат. Анткени алар илбирске алы жетпешин түшүнөт. Сейрек жаралуучу көк жал карышкырлар гана илбирске коркпой кол сала алат.

Эми бул окуя Абдуваалы атанын айтып бергендиги боюнча бизге баяндалып берилди. Бирок ал карыяны жакшы билгендер «Абдуваалы кошуп айтат» деп айткандар да бар. Бул окуяны угуп отурган ал кишинин курдашы, кошунасы Ысмайыл ата Абдуваалы атага кайрылып «Баягы калпыңды айта бербечи» деп тамашалап калганын да угуп калдым. Ысмайыл ата Абдуваалы карыяга тийишип, «Арышымды керип деп эмнеге мактанасың, тим эле каадалуу арыштап барчудан бешбетер» — деп тийишип да калчу. Анткени Абдуваалы карыянын бою кодоо болгондуктан анын арышына тийишип жатканынын сыры да ушунда тура.

Ысмайыл чоң атанын бою тескерисинче узун, ошондуктан эл аны «Узун Ысмайыл» деп атачу. А чынында эле Абдуваалы чоң ата аңчылыкка барганын айтып берип жатканда «Арышымды керип жетип бардым же арышымды керип жөнөп калдым» деген сөздөрдү көп колдонор эле. Ал сөздөрүн укканда жалгыз Ысмайыл ата  гана эмес, башка айылдаштары да күлүп калышчу.  Мага бул тууралуу өзүмдүн Акун атам да айтып берген.

Эми эл сыйлаган Мамбетакун ата тууралуу да кеңири сөз кылсак болот. Ал киши чукугандай сөз тапкан сөзмөр, комузчу жана акындык жайы бар. Ал киши да өмүр бою лесхоздо иштеп, аңчылык кылып мылтыгын колунан түшүрбөгөн адам.

Абышкалар Мүсүр чоң атамдын үйүнө кезектеги шеринени жегени келгенде чоң атам Мамбетакун карыянын алдына комузун көтөрүп келчү.

Мамбетакун чоң атанын айтуусу боюнча төмөндөгүдөй окуяларды оз оозунан уккам: 1965-жылдары Иран Ислам Республикасынын королунун бир тууган иниси Пехливи деген жогорку даражалуу мырза биздин өрөөнгө бугуга аңчылык кылуу үчүн өзүнүн командасы менен келген экен. Аларды командасы менен Эки-Нарын айылынын Чырпыкты деген жерине жайгаштырып, аңчылык кылууга тиешелүү шарттарын түзүп беришкен. Чырпыктынын кенен өрөөнүнө ондогон чатырлар тигилип, Пехливи мырзанын кызматын кылып турушкан. Бир нече чатырда ага берилүүчү тамактар даярдалып, ал жасалган тамактар өзүнчө текшерүүдөн өтүп турган.

Чатырларга атайын микроскоптор орнотулуп, тамактын сапатын бардык жактан текшерүүдөн өткөрүп турушкан. Мамбетакун чоң атанын айтуусу боюнча Пехливи мырзаны бир нече жан сакалары кайтарып жүрүшүптүр. Ал атка минээрде жансакчылары ылдый боло калышып, бутуна төшөй калышчу экен. Ошентип ал атка отурарда да жансакчылардын жардамын пайдаланган. Пехливи мырзанын бугу атууга аңчылык кылуусун көптөгөн адамдар уюштурушкан.

Мамбетакун чоң атаны болсо жердин шартын жакшы билген адам катары жол көрсөтүү үчүн алып алышкан. Ага тиешелүү акча каражатын да төлөп беришкен. Бугуну болсо айтылуу чоң капчыгайдан уулашкан. Анткени бугулар мекендеген жерлер бул чоң капчыгайдагы Тепши, Жыргалбай деген чытырман карагайлуу жерлер болгон. Бир күнү чытырман карагайды аралап кетип баратышкан маалда капыстан Пехливи мырза тик беттен жыгылып кетет. Ал тоголонуп тура калып, өзүнүн күнөөсүн билбестен жанындагы жансакчыларын сабап жатып калат. Улуу даражалуу адамдын бул кылыгын көргөн Мамбетакун чоң аталар аябай таң калышат. Алар бир айдын ичинде үч гана бугу атышыптыр.

Мамбетакун чоң атамдын ошол Пехливи мырза менен бугу атып алган учурдагы сүрөтү ушул убакка чейин биздин үйдө сакталып турат. Мен үчүн бул сүрөт абдан маанилүү. Көрсө, кызыл китепке кирген бугуларга аңчылыкты уюштуруу үчүн Иран Ислам Республикасынын королу ошол кездеги СССР мамлектинин жетекчилиги менен келишим түзүп, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн СССРдин курамына кирген Кыргыз ССРине тапшырылган. Ал эми Кыргыз ССРинин ичинен Пехливи мырзаны бугуга аңчылык кылуу үчүн бугулардын мекени болгон Нарын облусуна жиберилип, андан бугулар мекендеген негизги аймак болгон Эки-Нарын дайрасынын кошулган жериндеги эң кооз өрөөнгө жиберет. Ошентип алар жер соорусу касиеттүү бугулар мекендеген чоң капчыгайга биздин ата-бабаларыбыз мекендеген ыйык жерибизге келет. Мен башкалардын алдында кээде сыймыктанып «Мен бугулар мекендеген касиеттүү Теңир-Тоодон болом» деп сыймыктанып айтып калам.

Мен адам укугу боюнча иш сапар менен Иранга барганда Тегеран шаарындагы музейден ошол кездеги королдун бир тууган иниси Пехливи мырзанын СССРге жасаган эс алуусундагы күндөлүк менен таанышып, ал күндөлүктө менин кичинекей мекеним Эки-Нарындагы аңчылыгы тууралуу ой-толгоосу, эскерүүлөрү менен таанышып, өз жерлерибиз тууралуу жакшы сөздөрдү угуп кубанычка баткам. Башка өлкөнүн улуу даражалуу адамынын биздин жердин кооздугу, кереметтүүлүгү тууралуу айткандары мен үчүн  чоң сыймыктанууну жаратты. Мындан өткөн кубаныч барбы? Өз  мекениңдин улуулугун жана сулуулугун ошондо гана билет экенсин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *