АҢГЕМЕ

Тазагүл келип түшүп калуучу разъезд кыштактан көп алыс, ыңгайсыз жерде эле. Ыңгайсыздыгы ушунда: ал жакка кайсы бир кездерде, кандайдыр бир себеп менен түшүп калган, азыр болсо узак убакыттан бери эч ким каттабагандыктан, каттаса да өтө сейрек каттагандыктан эскирип, учу-кыйры чексиз буудайлуу талаанын арасында унутулуп жаткан жалгыз аяк сокмо жолдон башка эч кандай жол түшпөгөн.

Ушул себептерден улам, карыган апасы менен өздөрүнүн кашаң көк эшегин убара кылбайын десе керек, Тазагүл телеграмманы Саматка бериптир. Албетте, бул экөөнүн ортосунда башкалардан жашыргандай эч кандай деле сырлары жок болучу. Булардын бала кездеринен бери бири-бирин жакшы көрүшөрүн кыштактыктар билишет…

Талаада колхозчулар менен чөп чаап жүргөн жеринен Самат почтальондон телеграмманы алар замат разъездге жөнөгөн. Ал кыштак менен разъездди бириктирүүчү сокмо жолго жеткенче калың чөптөрдү аралап көпкө чейин жүрүүгө туура келди. Акырында жолго чыгып, камыштай бийик өскөн коюу буудайдын арасына кирди.

Өткөн жылкыга караганда жол дагы картая түшүптүр. Өткөн жылы Самат Тазагүлдү Фрунзеге окууга узатканы баратканда, жол бетине чыккан чөптөр сейрегирээк, жолдун өзү жумшагырак, азыркы майда жаракалар жоктой көрүнгөн…

Уйдун тезегинен жасалган, өздөрүнөн беш эсе чоң сакаларды кулатып баратышкан коңуздардан башка жолоочу да жолдо көрүнбөйт.

Самат буудайдын арасына кирер замат мына ушул эски жолдун, чөптүн, коңуздардын, уй тезегинин, дүмбүл буудайдын, үп болгон аптаптын жытын сезди. Ошол замат анын жүрөгү жайлоодогу кулундун кишенегениндей бактылуу, бирок эч качан кулакка угулгус үн менен кишенеп жибергенсиди.

— Ох! — деди Самат, көкүрөгү кысылып.

Ал алыска-алыска, жапжашыл талаанын көрүнбөгөн чектерине, алардын үстүндөгү салаңдаган кыймылсыз оор булуттарга көз жүгүртүп, андан-мындан чыккан саратандын чызылдаган үнүн тыңшап, эркин шилтеген буттары менен жыбыраган чегирткелерди жолдон кубалап, өзүн абдан бактылуу сезип келатты.

Бирок күтүлбөгөн бул бакыттын кайдан келе калганын ал биле алган жок. Өгкөн жылы баскан эски жолду кайра көргөндүгүнөнбү же дагы бир нече сааттан кийин Тазагүл менен учураша тургандыгынанбы, иши кылып бактылуу эле.

«Кызык, өзгөрдү бекен?»—деп ойлоду ал Тазагүл жөнүндө.

Өткөн жылы разъездде поезд күтүп турушкандарында Тазагүл он жети жашта, гүлдүү ак көйнөкчөн, бакмал кемселчен, килем топучан, чачтары мажүрүм талдын чыбыктарындай майдаланып өрүлгөн болучу. Жука эриндери сүт эмген наристеникиндей назик, жаңыдан билине баштаган көкүрөгү кокусунан тийип кеткен колго чагылгандын ташындай катуу, жылмакай урунуучу эле. Эмичи?

Самат далысына тамган муздак тамчыны сезди.

— О-хо! — деди ал бозоргон жайкы асманды, купкуу булуттардын ичине кирип бараткан күндү карап.

Жамгыр кокусунан жаады. Адебей эле буудайлардын арасынан шытыраган табыш чыгып, жол сууга жуулуп, жерден топурак менен аптаптын күчтүү жыты көтөрүлдү. Жолдун чети менен кандайдыр алыс жакка чөптүн аппак данын тартып баратышкан жүздөгөн кумурскалардын караваны улуу селге туш келгенсишип, аябай шаштылары кетти. А күндүн көзү болсо жамгырдын кыйгач тартылган ак саргыл көшөгөсүнүн артынан көрүнүп тура берди.

«Бир жерлерде бөрү тууп жатат,»— деди Самат, этине жабышып калган көйнөгүн кармалап.

Бирпастан кийин жамгыр кандай чукул башталса, ошондой эле чукул басылды. Кайрадан күн жадырай түшүп, буудайларды шуудурата жел согуп, жол тоборсуй баштады. Аба серүүндөп, асман жашара түшүп, алыстан-алыстан көрүнгөн тоолордун жапжашыл өркөчтөрүндө Асан-Үсөн пайда болду.

— Ох…— деди Самат, көкүрөгү кайрадан кысыла…

Саат жетиге жакындап калганда, ал разъездге жетти. Поезд жетиде өтө турган.

Самат жамгырга жуулган темир жолго олтура кетти. Кайрадан Тазагүл жөнүндө ойлой баштады…

Бироокумда ал рельстин үстүндөгү кумдардын бийлей баштаганын байкады. Ошол эле замат поезддин катуу кыйкырыгы угулду. Самат ордунан туруп, жолдун четиндеги көк-ала майданга чыкты.

Көп өтпөй бурулуштан паравоздун капкара тумшугу көрүнүп, кийин крокодил сыяктанып анын чубалган вагондору чыга баштады.

Самат ордунан жылбады. Паровоз экинчи жол менен чарчаңкы түрдө келип токтоп, вагондору бири-бирин «дыңк-дыңк» сүзүшүп туруп калды. Ошол замат тамбурларга колуна кызыл желек кармаган проводник аялдар чыга баштап, терезелерден тердеп-тепчиген жүргүнчүлөр көрүндү. Эң арткы вагондон болсо этеги тар кыска ак көйнөк кийген, чачын торгойдун тажысындай чокчойтуп түрүп алган, балтыры жылаңач кыз түштү. Кызга кандайдыр эркектин колу чемодан сунду.

Саматтын жүрөгүн суук шамал жалап өттү. Кантип эле ошол болсун? Ошол…

Тазагүл кимдир бирөөлөр менен коштошуп, кийин Саматка карай басты. Самат ошондо гана ордунан козголуп, буттарында кишен бар немече анда-санда оор кадам шилтей баштады. Барар-барганча Тазагүлдөн көзүн албады. Тазагүл ага алыстан жылмайып, жакын келгенде биринчи болуп колун сунду.

— Саламатсыңбы, Самат!

— Арва…

Самат эми гана Тазагүлдүн колун алып, анын атайын өстүргөн тырмактарына көзү түшкөндө, экөөн бүткүл вагондордун кишилери карап турганын сезип калды. Ал көз ачып-жумганча жерден чемоданды ала коюп, артка бурулду. Ошол бойдон сокмо жолго түшүп алып, артын карабай жүрүп олтурду. Ал каршы келаткан поезд өтүп, токтогон поезддин жүрүп кеткенин да, Тазагүлдүн бийик такалуу туфлисине чөптөр тыгылып, анын артта калып калганын да сезбеди. Эгер Тазагүл кыйкырбаса, ал өзү менен өзү алек болуп келе бермек.

— Самат!

Самат токтоп, чемоданды жерге койду.

— Неге сен мага карабайсың? — деди Тазагүл таарыныч менен, жакын келгенден кийин. Берки күч менен жылмайды. Тазагүл ага жакын келип, анын бет маңдайына туруп калды. Самат бирде анын узун тырмактарын, бирде анделектей чоңоюп алган көкүрөктөрүн карай баштады.

— Ух, кандай кирсиң,— деди Тазагүл. Кийин өзүнүн дасоромолу менен Саматтын күнгө күйгөн маңдайына жабышып калган чөптүн бариктерин, кандайдыр гүлдүн сапсары чаңын аарчый баштады. Аарчып болуп, Саматты жалдырап тиктеп туруп калды. Самат анын көздөрүнө суроолуу, таңдана карады.

— Эмне турасың, өппөйсүңбү мени?—деди Тазагүл күтүүсүз. Самат бир кезде өбөм деп аны ыйлатып алганын эстеди. А эми…

Өөп жатып, анын жылуу көкүрөгүн сезип, денеси дүркүрөп, бирок ал көкүрөктүн жумшак урунганына иренжип кетти.

— Кеттик,— деди ал Тазагүлдү акырын кучагынан бошотуп. — Эми кеттик.

Тазагүл жолго түштү. Самат аны ээрчиди. Экөө жүрүп олтурушту.

— Самат, мен сени абдан көп эстедим,—деди Тазагүл бир кезде артына карабай баратып.

— Анан?

— Эмне, «анан»? — Тазагүл токтоп артына кайрылды. — Самат! — Самат анын жанына басып келди. — Сага эмне болду?

— Эчтеке.

— Ой…

Тазагүл кайра басты. Ошол бойдон сүйлөшпөдү. Буудайдын арасынан чыгышып, жапайы чөптөр өскөн талаа башталганда түн кирди. Күн бүркөлүп калгандыктан, караңгылык өтө коюу түштү. Жолду араң таап, Самат анын ак көйнөгүн араң көрүп келе жатты. Бир кезде Тазагүл токтоп калып, Самат аны сүзүп ала жаздады.

— Сен алдыга жүрчү,— деди Тазагүл.

— Неге?

— Жөн эле…

Самат анын айтканындай кылды. Ушул учурда алардын так төбөсүнөн күн күркүрөп, чагылган жаркылдады. Самат анын жарыгын пайдаланып, алдындагы жолду, өздөрү жакын калган гөрүстөндү, гөрүстөнгө чыккан бийик өскөн ак гүлкайырларды, алыс жакта түнөргөн кыштактын өрүкзарларын көрүп калды.

— Сүйлөп жүрчү, — деди Тазагүл арт жактан. — Кудай жалгагыр, сүйлөп жүрчү…

«Коркуп жатат,— деп ойлоду Самат. — Ал башта коркчу эмес»…

— Биз үйлөрүбүзгө келип калдык,— деди Самат.

— А гөрүстөнчү? Гөрүстөндөн өтө элекпиз го?

— Азыр келебиз гөрүстөнгө. Келе колуңду.

Тазагүл мупмуздак, кичинекей колун берди. Алар жетелешип алышып, эски гөрүстөндү аралап өтүштү. Анан дагы далай басышкандан кийин Тазагүлдөрдүн багына киришти. Самат Тазагүлдүн колун коё берди.

— Эми дарбазаңарды көрдүңбү? — деди ал Тазагүлгө.

— Ооба…

— Анда болуптур…— Самат чемоданды жерге койду. — Мен ушул жерден бурулам.

— Самат…

— Ия?

— Эмне болду сага?

— Эчтеке…

— Чынын айт.

— Чын…

Тазагүл анын мойнунан кучактап өзүнө тартты да, эрининен узакка өптү. Самат көздөрүн жумуп алды. Качан көздөрүн кайра ачканда, Тазагүл жанында жок эле.

— Ох,— деди ал бакты аралай сенделе басып. — Ох!..

1963.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.