Зайырбек АЖЫМАТОВ: Бизге эми келбейт жаштык кез кайра…

(Элдик нукта күйгөн ыр)

Айылымда бирге чоңойгон, Аруум,
Аксынын гүлүн оронгон, Аруум.
Жаш го деп жүрүп уурдаткам сени,
акмалап жүрүп корооңдон, Аруум.

Ак жолдун суусун бойлогон, Аруум,
ак балык болуп ойногон, Аруум.
Колукту кылып алам деп сени,
алмончок кезде болжогом, Аруум.

Аттиң ай… тагдыр өкчөлүп, Аруум,
алыста калдым өрттөнүп, Аруум.
Айтылбай сүйүүм, ал кезде сени,
агалар кеткен бөктөрүп, Аруум.

Турмушуң болбой олуттуу, Аруум,
таштапсың барган конушту, Аруум.
Жарк этип кокус Күн сымал тийген,
жалгыздап кайра жолуктуң, Аруум.

Кечигип колуң сурайын, Аруум,
кечирер бизди Кудайым, Аруум.
Шум дүйнө сенин баркыңды билбейт,
шуруңдун жибин улайын, Аруум.

Элиңе тааныш дайыным, Аруум,
эл билсе мейли айыбым, Аруум.
Көңүлдүн ишин көргө алып кетпейм,
кечирер мени айылым, Аруум.

Калбасын ичте арманым, Аруум,
кадырың билип тандадым, Аруум.
Жалындуу кезим арнадым эле,
түшүнөр мени алганым, Аруум.

Жыйырма жыл өттү арадан, Аруум,
ооруган көңүл санаадан, Аруум.
Ансыз да өмүр кур бекер кетти,
арналчы мага садагам, Аруум.

Чырайың такыр кетилбей, Аруум,
чын ашык болгон кезимдей, Аруум.
Боз бала сындуу акмалайм үйүң,
чыга көр эми бекинбей, Аруум.

Суйкая баскан периштем, Аруум,
суналган бою келишкен, Аруум.
Кызылы кызыл, агы ак болуп,
келгендей жансың бейиштен, Аруум.

Ыйбалуу аста караган, Аруум,
ысытып чокко калаган, Аруум.
Кареги кара берметтей жууган,
кирпиги асман таяган, Аруум.

Алымкан сындуу асылым, Аруум,
ак булут аста басыгың, Аруум.
Ийиди көңүл көлкүлдөп көлдөй,
ирмесең кирпик акырын, Аруум.

Көк сулуу сындуу уз айым, Аруум,
көз отуң менен тушадың, Аруум.
Сүрсүгөн көңүл махабат издеп,
сүйүүгө мен да кусамын, Аруум.

Өтүүдө өмүр закымдап, Аруум,
өзүңсүз көңүл ачылбайт, Аруум.
Жүз жылда сендей жаралат бирөө,
жүз кыздан артык асылзат, Аруум.

Кайпытып аяр караган, Аруум,
кайра эле мени аяган, Аруум.
Кантемин эми сары ооруу болдум,
каректи ойгон санаадан, Аруум.

Муңайым чыккан Ай белең, Аруум,
муңдашым болор жан белең, Аруум?
Ааламга батпай, өзүңдөй таппай,
адашкан кезде кайда элең, Аруум?

Жаныңа жакын ыктайын, Аруум,
Жанаша жатып уктайын, Аруум.
Аймалам сенин жүзүңдү кечке,
айылымдын жытын жыттайын, Аруум.

Ак сүйүү шертин бузбайын, Аруум,
абалкы жолдон чыкпайын, Аруум.
Агартчы айдап көңүлдүн муңун,
Аксынын жытын жыттайын, Аруум.

Аттиң ай, бирок, кош дедиң, Аруум,
Арманды жалгыз тос дедиң, Аруум.
Жакшылар биздей жалгыздап калбайт,
Жаңылгым кайра жок дедиң, Аруум.

Түбүнө салып санаанын, Аруум,
түңүлтүп мени карадың, Аруум.
Асылдар асыл боюнча калат,
ансайын сен деп жанамын, Аруум.

Арманым ырга төгөйүн, Аруум,
Тагдырга мен да көнөйүн, Аруум.
Бизге эми келбейт жаштык кез кайра,
Алыстап сенден жөнөйүн, Аруум…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *