Мар БАЙЖИЕВ: Чапайдын курман болушу (классика)

АҢГЕМЕ — Тынчтангыла, жолдош граждандар! Чапаев ойлоном дейт! — Тарс деген үн чыкты, бирок ызы-чуу басылбады. — Чапай ойлонот деп кимге айттым? — Петька катуу кыйкырды. Бирок бул сапар жанагыдай тарс үн чыккан жок. Петька ширеңкенин күкүртү оролгон бир үзүм кагазды таштын үстүнө коюп, дагы бир чапса араң эле чырт этти. -Чапай! Ок-дары ным экен! — деди Петька — Эмне үчүн! — Чапай анын көзүнө тике карады. — Катуурак тарс этсин деп керосинге малгам, — деди Петька. — Кургак дары […]

Мукай ЭЛЕБАЕВ: Зарлык

АҢГЕМЕ I Бүгүн созулган сар талаада жалгыз аяк жол менен эрбеңдеп бир жөө келе жатты. Бул не көрүнгөн айыл, не бир агып жаткан суу жок — учу-кыйрына көз жетпеген бир мейкин эле. Журт илгертен каракчылардын жайыты дей турган Тасманын талаасы ушул. Жалгыз адам эртерээк бир жерден чыккан. Ошентсе да болжогон жерге бүгүн жетпей калганына көзү жетип келет. Күүгүм кирип жер караңгылып калган. Ошол учурда чарчаганына карабастан шыпылдай басып, жүрүшүн ылдамдата берди. Кызуу менен лакылдап отуруп, бир кезде карарган бийик кашатка […]

Салижан ЖИГИТОВ: Терминдер тегерегиндеги сөз

Илимий сабатсыздыкка итиркейи келип турар эле Сакебиздин. Өткүр акылына өөн көрүнгөн нерсеге унчукпай коё алчу эмес. Табиятынан сынчыл жаралган көсөмдүгү ушул белем: береги «Терминдер тегерегиндеги сөз» аттуу мазмундуу макаласын те илгери – 1979-жылы эле жазганы менен, ошондон бериге актуалдуулугун жоготпой келаткан илимий сабактарына таң берип отургандагыбыз бүгүн даа. Бүгүн даа кыргыз тилин кедергисинен кетирген тилине тибиртке чыккырлар толтура. Ошолорго сабак болсун үчүн көсөмдүн көөнөргүс темаларына көңүл бөлөр жагдайлар туру. Себеби терминологиялык чаржайыттык бүгүн да кулач жайып турган кезең. Элестетиң, мындан […]

Дилазык: Жүз уламыш жүрүмү

Чыгышта эмне деген керемет уламыштар бар. Окуп алып чалкаңан кетесиң. Жаш кезде окудум эле. А кезде же интернет жок. Кокусунан эле 60-70-жылдары чыккан, эски десең эски, түлөгөндөн түлөгөн, ар кайсы барактары айрылган «байыркы» китептер колума тийип калар эле. Чычканды баса калган мышыктай эле баса калып окуп калам. 90-жылы болсо керек, тааныш орустан бир китеп сурап алдым. Ал Байыркы Кытайдын уламыштары эле. Эки күндө окуп кайра бергем. Бирок ошондогу уламыштардын көбү көкүрөктө калбады. Кийин билсем, бул биздин заманга чейинки экинчи-бешинчи кылымдарда […]

Аман САСПАЕВ: Каныкейдин алтын билериги (классика)

АҢГЕМЕ Улуу даражалуу балгер, дөргө Эрликхан: «О, Манибатмахум!» деп колун таяна аюу талпагынан өөдө турду. Кечинде ал Чадан — бутканага барып, шам түбүндө Латманатка сыйынып, зулхурал жасоого ниеттенип отурган. Чакыра келген жоокер ийменип, босогодон жылган жок. Дөргө бүкүрөйө басып, эшикке жакындаганда, карылык азабынан кышылдап, бучкактагы көк жибекке оролгон калың китепти зорго алды. Жоокер жардамдашмак болду эле, дөргө көзүн жуумп, сол колу менен жай гана «тийбе!» деген ишарат көрсөттү. Анан: — Хан жалгызбы? — деди ал тилин шылпылдата. — Улуу даражалуум, […]