Эфиоп эл жомогу: Акылсыз кечил

Тоонун кыя жолунда бир кечил келатыптыр. Тоо бийик, кыя жол тик жана чукул бурулуштуу, кечил болсо семиз экен. Кыйналган кечил бир кезде Кудайдан ырайым күтүп суранып тургандагысы: – Оо кудурет, мен сага көп жылдардан бери кызмат кылып келем. Сен дагы мага кызмат кылып: кандайдыр бир унаа жиберип, ушул бийик тоодон мени алып өтчү. Ушинтип сыйынган кечил жол боюндагы ташка отуруп Кудайдын жардамын күтө баштайт. Ушул учурда жаңы тууган бээсин жетелеп, кулунун колуна көтөргөн малчы төмөн жактан көрүнүп, бат эле кечилдин […]

Асаналиевдин 90 жылдыгына карата адабий сын боюнча конкурс мөөнөтү кайрадан узартылды

Өрнөктүү адабияттын салттуу жолун улантуу максатында өткөн жылы жарыялаган конкурсубуздун мөөнөтүн бул мерте да узартууга туура келди. Анын эң башкы себеби – адабият жүгүн аркалачу адистерибиздин аталган конкурска ат үстүнөн мамиле кылганынан улам талапка жооп берерлик сын макалалар жана адабий изилдөөлөр редакциябызга абыдан аз келгендиги… Ошондой эле айрым адабий адистер сын боюнча конкурсубуз туурасында буга дейре жеткиликтүү маалымат таралбаган үчүн бул конкурска катышууга эми гана чыгынууда. Арийне, аталган конкурска катышууна каалаган авторлордун өтүнүчүн эске алып, уюштуруучулар жана калыстар курамынын кеңеши […]

Үлгү болор тойлорду кандай өткөрүүнүн сценарийин күтөбүз!

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты тойлор конкурсун биргеликте уюштурат Жаңыча үлгүдөгү тойлор боюнча жарыялаган конкурсубуздун максат-мүдөөсү окшош болгондон улам КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты, «Кереге» фонду демилгелеген эки конкурсту чогуу-чаран уюштурууга макулдашуу болду. Мындай чечимди Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов да макул көрүп, мамлекеттик жана коомдук бирикмелер менен аталган иш-чаранын жыйынтыгы ушул жылдын күз айында чыгарылат.   Буга чейин белгилүү болгондой: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үлгүлүү тойлордун сценарийи […]

Аалы ТОКОМБАЕВ: Жол жомогу

АҢГЕМЕ — Балбан кара жорулар, митедей тумшуктары менен өлгөн төөнүн жалпак кабыргаларын сыйрып жатышты. Түндүктүн жаагындай ийрилген мойну, жумшак калың таманы, баш бармактай соройгон азуулары болбосо, анын төө экенин ким билсин… Анын килейген жиликтерин, коргулдан[1] коргулга сүйрөп, балбан тарамыштарын тытыратып, казыктай кокойгон моюндарын бүктөй түшүп, жутуп жаткан сакалдуу карган жоруларды көрөсүң. Батына албай аскадан-аскага сызып, анда-санда: «Курк-курк» эткен кузгундардын үндөрүнөн башка түк эчтеме жок эле, — деп жол жомокчусу токтоло калды. Ал дароо эңкейип бирдемени байкап: — Мүмкүн тетигил солдойгон […]

Людмила МОЛДАЛИЕВА: «Демон» на кыргызской сцене

Спектакль «Демон» в жанре этническая саундрама по мотивам одноименной поэмы и романа «Герой нашего времени» М.Ю.Лермонтова поставлен в Государственном национальном русском театре драмы им. Ч.Айтматова приглашенным режиссером Владимиром Панковым. Саундрама – это смешение жанров, стирание границ между различными видами искусств для создания инновационных, необычных творческих процессов. «Самое важное в саундраме – это то, что совместный творческий процесс без канонов, каждый участник которого вносит свой «вклад», фантазирует, импровизирует – все это вырастает в результате в «готовые» проекты», — пишет В.Панков о […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Ар дайым конфликтте жашайм

— Алым ага, Американы жайына коё туруп, өзүңүз тууралуу сүйлөшпөйлүбү? — Өзү жөнүндө сүйлөшкөндөн ким качсын. Айрыкча кыргыз баласы өзү тууралуу сүйлөп же сүйлөтүп кырданганды жакшы көрөт. Улуу устат Салижан Жигитов айтчу эле, биздин түштүктө айрым кишилер мончо буусуна кактанып, жонун жүгөрүнүн мардеги менен сүрдүрмөйүнчө моокуму канбайт. Анын сыңары, Айтматов баштаган кыргыз жазуучулары мактоо менен жонун кан чыкканча жышдырмайын ыраазы болбойт деп. Сен тууралуу башкалар сүйлөсө бир жөн, бирок өзүң жөнүндө өзүң кеп кылганың бир чети ыңгайсыз, экинчиден өмүр баяныңдын […]

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ: Чоочун өлкөдө

Англисчеден которгон Эрмек ШОРУКОВ АҢГЕМЕ Күз келгенине карабай дале согуш жүрүп жатты, бирок биз ага катышкан жокпуз. Күзгүсүн Милан суук келип, күүгүм эрте кирет. Кечкисин электр шамдары жанганда көчө бойлоп басканга не жетсин. Соодагерлер дүкөндөрүнүн кире беришине не бир айбанаттын кебин илип коюшат. Бураңдаган кар коно калып түлкүнүн терисин алда канча кооздосо, шамал куйругун кайра булаңдатат. Ичи көңдөй калдайган эликтин кеби зыңкыйса, шамалга жүнү уйпаланганына кайыл майда канаттуулар учуп-конгонун койбойт. Мезгил суук тарта тоо тараптан чыкыроон жел согот. Күндө түш […]