АҢГЕМЕ

— Балбан кара жорулар, митедей тумшуктары менен өлгөн төөнүн жалпак кабыргаларын сыйрып жатышты. Түндүктүн жаагындай ийрилген мойну, жумшак калың таманы, баш бармактай соройгон азуулары болбосо, анын төө экенин ким билсин… Анын килейген жиликтерин, коргулдан[1] коргулга сүйрөп, балбан тарамыштарын тытыратып, казыктай кокойгон моюндарын бүктөй түшүп, жутуп жаткан сакалдуу карган жоруларды көрөсүң.

Батына албай аскадан-аскага сызып, анда-санда: «Курк-курк» эткен кузгундардын үндөрүнөн башка түк эчтеме жок эле, — деп жол жомокчусу токтоло калды. Ал дароо эңкейип бирдемени байкап: — Мүмкүн тетигил солдойгон куу жиликтер так ошол төөнүкүдүр? Чынбы, кулундарым? — деди карыя.

— Карыя, тилдин майын агыза бериңиз? Чын болбоско чара жок, — дедим. Карыя оң колу менен сол алаканына чакчадан кайта-кайта силкип, насыбайды түшүрдү да, кежигесин тартып туруп, тиштин түбүнө салды. Андан кийин эрдин чормойтуп сөзгө даярданды. Ал сүйлөбөстөн мурун сакалын бир сылап, тишинин арасынан «чырт» түкүрүп коюп, сөзүн баштады.

Төөнүн айланасында жумшак терилердин үзүндүсү, майда сур жүндөр жаткан эле. Менин жолдошум аны сезе коюп:

— Бул ботолой элек төө экен, жаныбар. Шордуу тайлактын чырымтал жүнүнөн башка, дареги калбаптыр. Байкуш тайлак дүйнөнүн жүзүн көрбөй кеткен экен ээ, чиркин! Ал дүйнөнү көргөндө кайсы жыргамак эле. Мурдун тештирип, такымын тарай чаптырып жүрүп, энесинин көргөнүн көрөт эле да, — деп жолдошум өзүнө өзү жооп берди. Ага далай жылдар болду, балдарым.

Айбанда акыл жок десе, баарыңар ишенесиңер. Бирок ботосу үчүн ингендин жүрөгү өтө назик, өтө жашык болот. Ботосунан ажыраган инген, көзүнүн жашын куду кишидей агызып ыйлайт. Армандуу, муңдуу үнү менен жерди терметкенче боздойт. Анын сыздаган муңдуу үнү, баласынан айрылган адамдын жашын төктүрбөй койбойт.

Жардын башын кыдыртып,

Талдын башын сыдыртып,

Эмчегимди тирсейтип,

Калы килем жамынып,

Ээрчитпедим ботойду.

Чолпон көзүн жайнатып,

Чоң жалбырак чайнатып,

Тайраңдатып ээрчитип,

Кызыл жабдык салынып,

Ойнотподум ботойду.

Мына уктуңарбы? Ботосунан айрылган ингендин муңу ушундай болот. Кайгыны айбан сезбейт деп айтууга болбойт, чынбы? — деп тасмадай болгон жолду тиктеп азыраак жылмайды да, кайта сөзгө кирди.

— Бул ашуу ошондой кандуу ашуу болучу. Ботолуу төө эмес, болбогон сулууларды да жуткан. Эми карачы! Кара жер эчтемени сезбегендей болуп турат. Эриксиз жүгүнүп, боорун айласыз эздиргенин билдиргиси келбейт. Чынбы? — деди карыя.

— Алтын шилекейиңизди аябай чачырата бериңиз? Чындын чырпыгы бүрдөбөдүбү, — дедим. Карыя ынта менен тыңшаганды сезе коюп, ого бетер көркөмдөп сүйлөөгө киришти.

— Биз үч киши элек, — деп баштады карыя, — жанакы төөнү сөз кылдык:

— Бул Керимдин төөсү го?

— Жок, Керимдин ингени ботолоп койгон, — деди экинчи киши. Упчукпай келе жаткан жолдошубуз:

— Бул Айдаралыныкы болсо керек. Кызынын кайынынан, эки өркөчү эки баладай, бооз инген алган. Кечеги көч ошолордун айылы болучу.

— Туура, ошонуку экен. Байкуш этин алууга да чамасы келген эмес экен. Карабалта каадасынча мөндүрлөп, боройлогон го, — деди бирөө.

Так ошондой.

Өзүңөр билесиңер, жол жомогу, биринен бири туулат эмеспи. Сөз Айдаралынын жалгыз кызына токтолгон. Жолдошумдун бири:

— Айдаралынын кызы, толгон Айдай, таңкы чолпондой, куду чүрөктүн өзү эле. Кайран чүрөк, кулаалыга жем болду, — деди да, оозундагы сөзүн уурдаткан эмедей тим боло калды.

— Эмне үчүн? Күйөөсү кары беле?

— Жок, кары эмес. Бирок кайраттуу карынын тырмагынан айлансын! Мойнунда башы болгону менен, акылы мышыктыкынан төмөн. Чынын айтканда, караманча жинди. Байлык эмне кылдырбайт. Айдай сулуу адам сүрөттүү жаргак кулактын алаканына түштү да, калды.

Кокус сүйлөшө калса, колу барып дароо мурдуна жабыша калар эле. Кудай анын мурдун жаратканда: «Колуң мурдуңдан кетпесин» деп койсо керек. Эл көкбөрү тартып жатса, ал кара жорго менен иттерди эрегиштирип, айылдан айылга чапчу. Бир айылдын ити аны экинчи айылга чейин узатчу. Алдыңкы айылдын иттери үрүп чыкканда, иттен мурун кыйкырып кайта чапчу. Анын эрмеги ушундай болор эле.

— Сен жорго минбейсиң деп торпок минген балдарды кубалап жүрүп жыгуу анын адаты болучу. Балдарга: «Очор келе жатат» десең болгону, кулалы тийген жөжөдөй корголошор эле.

— Айдаралы, атасынын канын ичсечи. Жалгыз кызын жиндиге бергиче, колун байлап, сууга салса боло, — дедим.

— Ал мал киндиктүү арам болучу. Калыңга да жыргаган жок. Жанакы өлүп жаткан каймалдан[2] башка эки тогузунун саны эле бар. Мына, кызын бергенине туура үч ай болду. Барар менен талмага жолукту дешет. Мүмкүн, Очордун жини жуккандыр? Байкуш кыз, эси менен жүрүп, кор болгондон көрө, жинди болуп, тытынып жүргөнү жөн. Эшек менен аргымактын айырмасы жер менен көктөй болсо, Очор аялы менен так ошондой деди, — деп жол жомокчусу анын сөзүн бүтүрүп, өзүнүн сөзүнө көчүүгө даярданды. Оргуштап жаткан суунун шарына таш ыргытты да: — Бул суу кичинекей көрүнгөнү менен өтө тентек, өтө шок. Бирок суу өзүнүн күнөөсүн өзү жууп турат. Мунун айбы көзгө көрүнбөйт. Суудай мытаамды, мен адам баласынан көргөнүм жок. Мунун сыры сыртында эмес, ичинде. Эрдиң кургап, суусап келе жатканда жутсаң, байтал бээнин кымызынан кымбат. Ошол эле замат өйүзгө чыгайын десең, чыргадай сүйрөп, көк бөрүдөй тартат. Күчүң келсе кутуласың, аягың тайыса жалындай толгонуп шардан-шарга урат. Өкүргөн үн, бакырган дабышыңдын дайынын чыгарбайт. Оозуңа кум толтуруп иримге чайкайт. Эгер багынтсаң, сага түбөлүк кул болуп кызматыңды кылат.

Ашуулар болсо андай эмес. Жалындай аймалап далай жандыктын түбүнө жетет. Бирок анын сыры сыртында. Додо болуп кагырап жаткан сөөктөр анын күнөөсүнө күбө боло алат. Казсаң, эки метр жерден болсо да оркойгон омуртка, каркайган кабыргалар чыга келет. Аны өзүңөр да көрдүңөр. Чынбы? — деди адаты боюнча жол жомокчусу.

— Чын айтасыз. Узун жолду кыскарта бериңиз!

— Баягы сөзгө кайта түшөйүн. Алдымдагы мингеним жыландай сойлогон боз ат. Мен анда өмүрдүн арстандай кырдаалында элем. Беш кар бассам кырктын кырына чыга турган убагым эле. Жумушумду бүтүп, беш күндөн кийин чабыттаган куштай кайта сыздым. Казакбай деген жигит Күн чалкайып көтөрүлгөндө жолукту. Ал кезде мына бул, тасмадай жол жок. Кекиликче таштан-ташка секиртип, кээде жетелеп. «Кыяматтын кыл көпүрөсүнөн» өткөндөй болор элек. Кээде куюлган кум менен тоого чыгабыз, кээде оргуган тентек суудан кечебиз. Казакбай ачуу менен тамашаны аралаштырып:

— Мына бул сууну Кудай шылдың кылып кыйнап жараткан болсо керек. Башка чапкан жыландай ийрилип, жалгыз жолборстой өкүрөт да турат. Карачы! Белге чыкканча муну кырк жети кечебиз, — деди. Анын атынын туягы ташка кырчылып аксап калган болучу. Атынын бакайынан[3] аккан кан, анын ачуусун ого бетер күчөттү. Ал атынан түшө калып, боз курунан айырып бакайдын жогорку жагынан бууду да:

— Атаң көрү, ай! Багынбаган күч, суу менен эле таш экен. Бул ашуу далайдын жүрөгүнө тийди го. Күчкө багынса Кожомкулга багынар эле. Ал байкуш ашуудан байталын көтөрүп өтүптүр, — деп кайта аттанды.

— Качан? — дедим мен.

— Жазында эле. Минген байталы жүрбөй калса, козуча жыгып, төрт аягын бууп көтөрүп алып, ашуунун белине чыгыптыр, — деди.

Анда мен Кожомкулду көрө элек элем.

— Ой жигиттин дөөсү экен, — дедим. Аңгыча кечмеликке кирип келдик. Кечүүнүн жогору жагында чырпыктары сууга карай майышкан бир түп тал турат. Анын түбүндө суу менен кошо мөңкүгөн аппак бир деме көрүнөт. Кээде шар менен күүгүмдөй калат. Кээде созулуп ооналактаган эмедей суунун үстүнө калкыйт.

Казакбай сардектей неме эле. Акырын гана:

— Тигил эмне шумдук? — деп ыштаган чаначтай болуп ого бетер кызарды. Менин эсиме ажыдаар түшө калды…

— Ажыдаар сууну бөгөп жатат дечү эле… Жойлогон жери арык болуп казылат дечү эле, — дедим да, аттан түшө калдым. Казакбай унчукпастан тиктеген бойдон туруп калды.

Экөөбүздүн тең оозубуздан сөз качып кеткендей болду.

Ажыдаар дегенибиз, бир калыптан өзгөргөн жок. Ооналактагансып эле көрүнөт. Тоонун арасында эмнелер жок. Ээн… Как эткен карга да көрүнбөдү. Аркайган тоолор, ого бетер кабагын салгансып, бизди кысып калчудай болуп көрүндү. Бир топтон кийин Казакбай мага карады да:

— Жүр, эмне болсо да сууну кечелик. Ажыдаардын жытын аттар кандай сезбейт? Ат бышкырып, кошкуруп үркөт дечү эле. Ал белгилер жок ко. Же чарчаганда сезбей калабы? Бастыр, — деп сууга кирди.

Чынын айтыш керек. Жүрөгүмдүн соккону, башка жактан чыккан үндөй болуп туюлду. Ал сууну кечкенче, атымдын басмайылын оңдогон болуп, кылчактай бердим. Казакбай талдын үстүндөгү жалгыз аяк жолдун кыйындыгына карабастан камчы үстүнө камчы урду. Талдан саал өтө берип, кылчайып бир карады да, каткырып күлгөн эмедей, атына чалкалап чирене калды. Мен атка мингенде, ал ыргып түшүп талга карай жөрмөлөдү. Мен суудан кечип өткөнчө, сүйрөлгөн аппак бирдемени, башынан кармап чубалжытып сүйрөп чыкты. Суудан көрүнгөндө жоондугу устундай болуп жаткан эле. Казакбайдын колунан көтөрмөдөй сүйрөлгөн ичке болуп көрүндү. Ал мен жеткенче бою менен тең кылып көтөрдү. Бирок анын куйругу чубалжып жатты. Мен жетип келдим. Ажыдаар түгүл жылан да эмес. Талга илинген элечек болуп чыкты. Казакбай сыгып жатат:

— Кимдики болду экен?

— Кимдики болсо, ошонуку болсун. Олжону бөл! — деди Казакбай…

Төө ашууга карай бурула бергенибизде, Улар ашуунун белинен төрт киши чыкты. Туптунук муздак аба алардын кыйкырыгын кулакка куйгандай угузду. Биз олжону күнгө жайып таштап, сөзгө жаңы эле кириштик эле.

— Оо, оой, — деген тигилердин үндөрү чыкты. Калдалактап аттарынын бири кулап келе жатат. Биз чуркап алардан мурда жеттик, аттын башы таштын жаракасына тыгылып, денеси моюндун үстүндө жатат.

Казакбай көрө коюп:

— Бул Очор жиндинин кара жоргосу турбайбы,- деди. Чынында ошонун ак бакай кара жоргосу болуп чыкты.

— Жиндинин жиндилик мүнөзү болбосо, аны жинди деп ким айтсын. Чынбы? — деп койду биздин жолдош.

— Чын айтасыз. Берметиңизди чуурута бериңиз,- дедим. Ал жылмайып сөзүн баштап:

— Жанакы төрт кишинин бири Очор жинди болуп чыкты.

Ал аз да болсо кайгыруунун ордуна ыржалаңдап күлүп:

— Ой, көрдүңөрбү! Кара жорго аңкилдеп, аңкилдеп кетти. Ой, кызык, ай! Ат мени уруп кетсе кантээр элем, ай! Эми үйгө жеткенче качан… Кара жорго өлө албай жүрсө керек, доңуз! Башын көтөрүп куласа боло,- деди Очор.

— Акылы сеникиндей эмес тура, мырза. Сен куласаң, башыңды кокойтуп кетет элең, — деди Казакбай. Биз күлүп жибердик.

Очор ого бетер каткырды.

— Жол болсун, мырзалар?

— Андай болсун! Куугунчубуз. Очор мырзанын келинчеги качыптыр, — деди кара жигит.

— О, шордуу келин. Жиндинин кучагынан көрө, түбөлүк уктоону каалаган экен го. Келиндин сөөгүн таап алгыла. Элечеги тигине! — деп Казакбай, биз таап алган элечекти көрсөттү.

Жүрөгүмдүн башына муз коё койгондой болду. Чачы жайылып, шардан-шарга сүрүлгөн келиндин назик денеси көзүмө улам-улам элестеди. Окуя түшүнүктүү болгондуктан, бардыгыбыз тилсиз боло калдык. Очор арсылдап күлүп:

— Ал качпай эле өлүп калган тура, — деди.

— Сага кор болгончо, түбөлүк сууда калганы артык. Тилиң адамдыкындай болгону менен, акылың айбанча жок тура, — дедим чыдай албай. Очор ачууланган да жок:

— Ооба, баатыр! Чын айтасың… Катын аласың дегенди чыгарган да атам. Эми кайта кетебизби? — деди.

— Эми буга сөз жок, — деди кара жигит.

— Мындай армандуу өлүм эстен кетпейт экен. Очордун кылыгы менен келиндин өлүмү түк эсимден кетпейт. Чынбы, баатырлар? — деди карыя.

— Чын айтасыз. Тилдин балын агыза бериңиз!

— Сөзүмө түшүнсөңөр болду. Биз жанакы жерден аттанганча «К» деген байдын көчү келип ашуудан анын төөлөрүн өткөрүшүп калдык. Силер ага оңойлук менен ишенбейсиңер. Төөнү белинен байлап он чакты киши тартып жатабыз. Он чакты киши бакан менен түртүп жатышат. Бирок төөнү жүткүнтө албадык. Көчтүн аркасынан кара кер ат минген, бүркүт далыланган бир жигит келип, түшө калды да:

— 0, кокуй! Келе босого таякты, — деди. Эки босого таякты кимдир бирөө бере салды. Ал жигит таманын музга токтотуп алды да, жаткан төөнү тартып жаткандарга жеткире түрттү. Керилип тартып жаткан элек, баарыбыз чалкабыздан кеттик. Төө жарылган муздун ар жагына барып түштү. Биз күлүп тура келдик. Бирок жигиттин өтүгүнүн таманы ыдырап кетти. Ал бутун көтөргөндө өтүктүн бир таманы музда калды.

Мындай жигитке ким таң калбасын? Көк жорудай болуп белде олтурган көк сакал бай:

— Бали, балам! Сен кимсиң? — деди.

— Мен Айдар деген болом, аксакал, — деди жигит.

— Баракелде, балам! Атыңды уктум эле. Айры төштүн алдына жата элек жаш бала бар дечү эле. Ошол сен экенсиң. Айтканча бар экенсиң!.. Тупу, тупу, — деп түкүрүп: — Нечедесиң, балам? — деди. Айдар жылмайып «жыйырма үчтөмүн» деди. Чал анын өтүгүн көзүнүн кыры менен карады да, тим болду.

Андан бери далай жылдар жылдыздай учту. Айдар дагы кырктын ар жагына барып, булчуңдары темирдей чыңалган эле. Каргашалуу ашуулар менен көрүшкөндө, анын бөтөнчө убайын быйыл көрдүк белем. Адам түк барбаган көк муздарды ал биринчи бузду. Уйдай таштарды ак чөлмөктөй ыргытты. Колхозчулар аарыдай жабалактап Айдардын айланасында турганы турган. Ал байдын кызматын кылганда ыракмат деле алган эмес. Эми Айдардын аты алтын тарыхка жазылып жатат. Мына, эмгекти ушундай бааласын.

Мына карачы, көк тиреген көк зоокалар умачтаган[4] талкандай быркырады. Терекке жармашкан чырмооктой болуп, тоонун чокусуна чыккан жолду карачы! Бул түшкө кирбеген жорук. Күч элде экен го, кулундарым. Элдин күчүн кошуп, ширештирген өкмөттөн айланса болот. Атаганат, баягы келин эми качсачы. Чынбы, кулундарым?

— Чын айтасыз, аксакал. Эл күчтүү толкун, түгөнбөс кен. Жокту элден гана табууга болот. Адамзат өзү жасайт, өзү таң калат.

[1] Коргул — корум, таш.

[2] Каймал — беш жаштагы ургачы төө.

[3] Бакай — туягынан жогорку биринчи мууну.

[4] Умачтаган — талканды сууга, майга же каймакка тоголок кылып аралаштырган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.