Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты тойлор конкурсун биргеликте уюштурат

Жаңыча үлгүдөгү тойлор боюнча жарыялаган конкурсубуздун максат-мүдөөсү окшош болгондон улам КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «РухЭш» сайты, «Кереге» фонду демилгелеген эки конкурсту чогуу-чаран уюштурууга макулдашуу болду. Мындай чечимди Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов да макул көрүп, мамлекеттик жана коомдук бирикмелер менен аталган иш-чаранын жыйынтыгы ушул жылдын күз айында чыгарылат.  

Буга чейин белгилүү болгондой: КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан үлгүлүү тойлордун сценарийи боюнча жарыяланган конкурстун байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзсө, «РухЭш» сайты менен «Кереге» фонду демилгелеген конкурстун байге фонду 50 000 (элүү миң) сомду түзгөн. Арийне, мамлекеттик жана коомдук бирикмелердин орток келишими менен макулдашылган конкурс боюнча белгиленген мөөнөтүбүз дагы узартылды. Андыктан аталган иш-чарага катышууну каалагандар конкурстук материалдарды береги дарекке жолдоңуздар. Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч.78; электрондук дареги: iskusstvo_art@mail.ru; байланыш тел. (0312) 621194, 623497.

Ал эми буга чейин «РухЭш» сайтында жарыяланган тойлор сценарийи КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюшулган үлгүлүү тойлордун сценарийлери менен чогуу каралмакчы. Конкурстун максаты жана шарты боюнча төмөндөн толук тааныша аласыздар…

Үлгүлүү (жаңыча) тойдун сценарийине конкурс

Кийинки кезде Кыргыз коомунда тойлорду өткөрүүнүн көптөн берки келаткан салты азыркы заманга ылайык келбей калгандыктан, аны жаңыча уюштуруу боюнча талкуулар, талаштар күч алды. Ушу тушта өтүп жаткан тойлор адамдарды ыксыз чыгымдарга кириптер кылып, көп убакытты алып, катышуучуларды чарчатып жана саламаттыгына зыянын тийгизген абалга жеткенин, ошондуктан тойлорду өткөрүүнүн азыркы заманга ылайык жол-жобосу зарыл экени тууралу пикирлер басымдуулук кылат. Айрым учурларда той ээлери кредит алып, аны жаба албай, карызга батып жатканы да жашыруун болбой калды. Көптөгөн тойлор байлыгын даңазалоо, обу жок мактануу менен коштолууда.

Буга байланыштуу тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу  максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жаңыча той өткөрүүнүн сценарийине конкурс жарыялайт.

КОНКУРСТУН МАКСАТЫ:

  • Тойлорду өткөрүүнүн дүйнөлүк мыкты тажрыйбалары менен улуттук асыл салттар менен жөрөлгөлөрдү шайкеш келтирүү;
  • Ысырапчылыкка бөгөт коюу;
  • Сырттан алынган, сапатсыз кийим-кечектерди, буюмдарды кийитке, белекке таратуу адатынан, кыскасы, ашыкча чыгымдардан арылуу;
  • Тойлордо тамак-аш тартуунун жаңы жол-жобосун иштеп чыгуу (ар башка азыктарды, суусундуктарды жана ичимдиктерди тынымсыз керектөөнүн артынан саламаттыкка зыяны тийип жатканын медиктер айтып жатышат);
  • Той өткөрүүнүн жаңы маданиятын калыптандыруу (тамадалардын ролу, ырчы-бийчилердин биринин артынан биринин катышуусу ж.б.у.с.).

КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ:

  • Конкурска каалоочулардын бардыгы катыша алат;
  • Сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
  • Сценарийлерде үйлөнүү үлпөтүн, маарекелерди, тушоо кесүү, сүннөт тойлорду өткөрүүнүн жаңыча жол-жоболору камтылууга тийиш;
  • Конкурска жиберилген сценарийлер “ҮЛГҮЛҮҮ (ЖАҢЫЧА) ТОЙДУН СЦЕНАРИЙИНЕ КОНКУРСУНА” деп белгиленип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлөт. Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч.78; электрондук дареги: iskusstvo_art@mail.ru; байланыш тел. (0312) 621194, 623497
  • Кабыл алуу мөөнөтү: 2018-жылдын 1-майынан 15-сентябрь саат 12.00гө чейин;
  • Конкурсту өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 11ден кем эмес кишиден турган калыстар тобу түзүлөт;
  • Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурска катыша албайт;
  • Конкурста жеңип чыккан авторлор (саны чектелбейт) үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 200 000 (эки жүз миң) сом сыйлык ыйгарылат:
  • 1-орун үчүн 100 000 (жүз миң) сом;
  • 2-орун үчүн 70 (жетимиш миң) сом;
  • 3-орун үчүн 30 (отуз миң) сом.
  • Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык: Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 200 000 (эки жүз миң) сом байге фондуна «Кереге» фонду тарабынан кошумчаланган 50 000 (элүү миң) сом конкурстун калыстар курмынын кеңеши менен жогоруда көрсөтүлгөн суммаларды толуктамакчы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.