Чыңгыз Айтматов: Гунн, түрк, хорезм жазууларын жок кылган соң араб басып алуучулары элдин рухий байлыктарын, маданиятын жана адабиятын, каада-салттарын жок кылып, аларды өздөрүнүн салттары менен алмаштырып, жер аттарын да, адам ысымдарын да арабча коё башташат. Нооруз майрамынын ордуна Курман-айт пайда болот. 28 тыбыштан турган араб жазуусу (биз 1924-жылга чейин колдонгон) бизге дал ушундай болуп келген.

Ошондо биз мурдатан жыйган тарыхый аң-сезимибизди жогото баштаганбыз. Эгерде жазуубуз азырга чейин сакталып калса, биз азыр качан, кайсыл кылымда кыргыздар менен казактар бир ата-энеден төрөлүштү экен деп болжолдоп отурмак эмеспиз. Качан, кайсы кылымдарда кыргыздар Енисейге көчүп барышып, кайра ал жактан качан көчүп келишти экен деген суроолорго баш оорутмак эмеспиз…

Мен табияттын өз закондору бар болгондой эле коомдун өрчүп, өнүгүүсүндө тарыхтын да өз закондору бар болсо керек деп ойлойм. Эки этностун, эки диндин күрөшү, эки башка динге сыйынышкан элдердин ортосундагы күрөш, кандуу согуш кандай болуп өнүкпөсүн, акырында баары бир табият, убакыт, тарых эртедир-кечтир аларды өз ордуларына коюп, биринен бири эч артык эмес экенин көрсөтүп, барабарлап коёт. Муну айтканымдын себеби, Чыңгызхан баштаган монгол жортуулунан мурда Батыштан Чыгышка карай «Крестчилердин жүрүшү» аталган бир нече жолку курал күчү менен элдерди басып алуу аракети болбоду беле. Кресчилердин жортуулу эки кылымга созулган, ал эми аларга каршы жооп иретинде жасалган жортуул кийин үч жүз жыл бою элдерди баш көтөртпөй, коркунучта кармап турбадыбы. Менимче, орто кылымдарда ушул эки жортуулдан ашкан кан төгүлгөн окуялар болбосо керек.

Ушул бири-биринен алыста жайгашкан аймактар орто кылымдарда да ар башка деңгээлде өнүгүшкөн эле 11-12-кылымдарда Чыгыш байыраак болуп, анын экономикасы, маданияты, илими жана адабияты ошол кезде катуу өрчүгөн. Чыгыш ренессансы – Кайра жаралуусу башталган. Чыгыш өлкөлөрүнүн байып, күчкө кирип, маданияты өрчүй баштаганы батыш феодалдарынын тынч уйкусун бузган. Чыгыштын бай, табышмактуу өлкөлөрү аларга алыстан бейиштей эле туюлган. Чыгыш жери батыштан королдорду да, герцогдорду да өзүнө азгырып, Жер Ортолук деңизинен, Чыгыш деңиздеринен аттарын сурарууну каалашкан. Бирок өзүң жалгыз жортуулга, саякатка да чыга албайсың. Европа элдерин басып алуучу экспедицияга көтөрүш керек болгон. Ал эми элди көтөрүш үчүн бир чоң себеп зарыл эле. Мындай себеп да тез эле табылат…

«Християндардын ыйык жери, ыйык шаары Иерусалим – Иисус Христостун сөөгү (Кудай уулунун сөөгү) коюлган табыт мусулмандардын тебелендисинде калды! Ошол табытты сактап калалы, адамдар!» — деп ураан ташташып, бул чакырык бүт Батыш өлкөлөрүндө чагылгандай жаңырып өтөт. Ошентип, эки жүз жылдан да ашык созулган, элдерге көп кайгы, азаптарды апкелген согуш башталган. Ал християндардын аскерлерине жол көрсөтүп турган.

Биринчи кресчилер жүрүшүн 1095-жылы өзү франциялык Рим Папасы Урман II баштаган. Ал өз тегерегине коңшулаш королдорду, синъорлорду, рыцарларды жана жөнөкөй аскерлерди жыйып алып, Кичи Азия менен Сирияны канга чөмүлткөн.

Француз королу Людовик VII баштаган экинчи жана үчүнчү жортуулдар, германдык жол башчы Конрат III баштаган жортуул эч кандай ийгиликке жеткен эмес. Б.а. жеңилүүгө дуушар болгон.

Төртүнчү «Кресчилердин жүрүшүн» Папа Иннокентий III жетектеп, элди жана аскерлерди жортуулга баштап чыккан. 1217-21-жылдарда «Кресчилердин жүрүшү» бешинчи ирет жасалып, ага немистер, венгерлер, англиялыктар, голландиялык рыцарлар биригишет да айоосуз кармаштардан кийин Дамаск жана Нил бойлорун баш ийдиришет. Бирок басып алынган жерлерди узак убакыт бою башкарып турууга күчү жетпей, алар Египетти калтырып кетүүгө мажбур болушат.

Алтынчы жортуулдар германдык император Фридрих II чоң армияны топтоп, чабуулду баштайт да, Иерусалимди талкалап, Дамаскка кирет. Бирок ал да мусулмандар каршы көтөрүлгөн согушка туруштук бералбайт. Артка чегинүүгө мажбур болот.

«Кресчилер жортуулунун» жетинчи жана эң акыркы сегизинчи жолкусун француз королу Людовик IX уюштуруп, өзү аскер башы болуп кол баштайт. Бирок Тунис жеринде холера болуп өлөт. Анын көп сандаган армиясы жетекчисиз калып, туш тарапка чачылып жок болот.

Мен муну төмөнкү себептерден улам айтып жатам. Гүлдөп өнүккөн же өрчүп бараткан өлкөлөрдү басып алуу максаты менен согуш ачкандар өзүн акташ үчүн диний идеяларды пайдаланышкан. Бирок андай адилетсиз согуш жана аны баштагандар баары бир акыры ошондой жеңилүүгө дуушар болушкан. Анын үстүнө табиятта дайыма баары бири бирине шайкеш келип, баарын табият өз ордуна коюуга умтулат меспи. Анан ошол «чыгышка болгон кресчилер жүрүшүнө» каршы жооп иретинде Чыңгызхандын жортуулу башталбадыбы.

Ошонүчүн мен тарыхта элдерин баарын теңдеп турган өз закону болсо керек деп жатпаймбы.

«Ала-Тоо» журналы, 1996-ж. 

Толугу менен береги шилтемеден да таанышсаңыз болот: ЭЛДИ РУХИЙ КУЛГА АЙЛАНДЫРУУНУ КӨЗДӨГӨН АРАБДАР

«Чала молдо — дин бузар»

Арийне, Чубак ажы Жалилов соңку жылдары улуу Нооруз майрамына каршы мындай пикирин жайылтып келет: «Нооруз деген байыркы перстердин, азыркы ирандыктардын ата бабасы күнгө, отко сыйынган, күн тогошкон күнүнө сыйынган майрамы. Кыргыздын майрамы эмес. Исламда Нооруз арам. Ким нооруз «майрамынын» урматына деп бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот… Же кошулуп бул майрамды майрамдаса да ыймандан чыгат. Ким кайсы коомду ээрчисе ал ошолордун бирөөсү болуп калат. Бул менин сөзүм эмес, бул исламдын талабы. Исламда эки гана майрам бар — ал Курбан айт жана Орозо айт майрамдары. Андан тышкары чоң майрам жок». «Нооруздун урматына жасалган сүмөлөк арам… Башка күнү сүмөлөк жасап жесек болот… Ширк майрам майрамдайм деп түбөлүк отто калып кетпейли, ыйманыбызды сактайлы!»

One Reply to “Кайталагандан келме бузулбайт: Улуу Нооруз боюнча Айтматов не дейт, Чубак не дейт…”

  1. Миллионго жакын Кыргызстан эли, кыргызы, өзбеги, татары, жада калса орусу биригип ноорузду жакшынакай тилек айтуу менен майрамдаса — ыймандан чыгып капыр болдукбу? Жакшы тилек айтуу Аллахка жакпайбы? Андай исламдын талабынын бизге кереги барбы?
    Элди «ыймандуу» жана «ыймансыз» деп бөлүп жарган Чубака мыйзамдуу чара көрүлөбү? Же талкан сугунуп алгансып чыдай берелиби?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.