Еврей эл жомогу: Куймактар

Хелем шаарында кары меламед[1] жашаптыр. Анын аялы байпак түйүп сатуу менен алектенчү экен. Бир жолу карт меламед аялына мындай дептир: – Мен бул дүйнөдө ашык-кеми жок жетимиш жыл жашадым. Ушул өмүрүмдө мен бир да жолу шевуот[2] майрамында анын эң бир сый тамагынын ичине быштак салынып, майга бышырылган куймагын жеген жокмун. Муну уккан аялы да улутуна берип жооп берди: – Мен дагы ал тамакты жеп көргөн эмесмин. Меламед өзүнүн узун сакалын сылай берип айтар оюн улантты: – Байбиче, мен мындай кылсак […]

Дилазык: Жиндин кийими

<<<<<<<<<<<башы «Жүз уламыш жүрүмү» китебинен Бир мамлекетте эл шайырларынын тобу болуптур. Бир жылы түшүм болбой, ачкачылык болот. Шайырлар ачкачылыктын айынан чоочун жерлерге багыт алышат. Бийик тоолор аркылуу өтүүгө туура келет. Тоолордо илгертен киши жеген таш боор жиндер жашайт деген имиштерди угуп келишкен. Шайырлар тоодо түнөгөнгө туура келет. Муздак шамал улуп турат дейт. От жагып, уктап калышат. Шайырлардын бирөө үшүгөнүнөн улам өздөрү аткарган жиндин кийимин кийип, оттун түбүнө келип олтурат. Уктап жаткан шайырлардын бири ойгонуп, оттун жанында олтурган жинди көрөт. Коркуп […]

Эси жокту окутуп-чокутуу – жыртык чаначка суу куйгандай кеп

Сальвадор ДАЛИ, (1904-1989), испан сүрөтчүсү Алты жашымда Колумб, жети жашымда Наполеон болгум келчү, кийин алардан да бийикке умтулдум. * * * — Сүрөт тартыш кыйынбы? — Опоңой же мүмкүн эмес. * * * Сүрөт тартып атканда мен өзүмдү кызылдай жинди сезем, бирок жиндилерден айырмам – акылы тунук жиндимин. * * * Жиндиден менин бир эле айырмам бар: жинди акылым ордунда деп ойлойт, а мен акыл чегинен чыгып бараткан учурларымды билем. * * * Сюрреализм – бул менмин! Даниил ЗАТОЧНИК, (XII-XIII к.к.), орус […]

Мурза ГАПАРОВ: Кара-Көлдүн каздары

АҢГЕМЕ Абышка мешке акыркы жолу көмүр салды. Анан түктүү чоң колу менен маңдайынан терин сүртүп, сенделе басып босогого келди. Бактын түбүндөгү электр лампочкалары жарык кылып турган кир алюминий столдордо Оштон жүк тартып келишкен бир топ тааныш шофёрлор, Хорогдун өзүнүн үч-төрт кызыл байпакчан жаш бойдоктору, дагы бир кандайдыр бейтааныш, дүйшөмбүлүк тажиктерге окшогон жигит олтуруптур. Шофёрлор бир нерселер жөнүндө кызуу талашышып, жаш Хорогдуктар болбогон жерден караңгы бактын ичин жаңырта күлүп жатышты. Шофёрлор да, бойдоктор да ичип олтурушат. Бейтааныш жигит жалгыз эле. Ал […]

Орозбек АЙТЫМБЕТОВ: Акыркы төөчү (шедевр)

АҢГЕМЕ Адырда күз. Күн мээ кайнатып, саргайган адыр отко түшкөн курум кийиздей тап чыгарып, ал тап адыр бетинде көлкүп, көлдөн соккон сыдырым жел менен тоо беткей кылкылдап агып жатты. Аптап күчөгөн сайын адырды боз мунарык чалып, көкжээк көз учунда бүдөмүктөп, куба адырдын учу-кыйыры жазылып бараткандай болду. Береги тоо этегинен бери суурулуп чыккан бүкүр белдердин, балык жон кырлардын, дөңдөрдүн жону күдүрөйүп, күн ысыган сайын көөп, бийиктеп бараткансып, аптапка ыксырап жаткан алп макулуктар өңдүү бир ирмемде ордунан туруп кетүчүдөй көрүнөт. Күйүп кеткен […]