Хелем шаарында кары меламед[1] жашаптыр. Анын аялы байпак түйүп сатуу менен алектенчү экен.

Бир жолу карт меламед аялына мындай дептир:

– Мен бул дүйнөдө ашык-кеми жок жетимиш жыл жашадым. Ушул өмүрүмдө мен бир да жолу шевуот[2] майрамында анын эң бир сый тамагынын ичине быштак салынып, майга бышырылган куймагын жеген жокмун.

Муну уккан аялы да улутуна берип жооп берди:

– Мен дагы ал тамакты жеп көргөн эмесмин.

Меламед өзүнүн узун сакалын сылай берип айтар оюн улантты:

– Байбиче, мен мындай кылсак деп ойлонуп жүрөм, биз сенин себиңе келген чоң сандыгыбызга эки тешик жасап, ошонун оң ыптасынан мен, сол ыптасынан сен күнүгө өзүбүз иштеп тапкан акчабыздан бирден майда тыйын салып турсак. Анан эмки шевуот майрамы келгенде сандыкты ачып, чогулган тыйынга ак ун, жумуртка, май, быштак, шекер сатып алып, байлар гана жеген шевуот куймагын бышырып жесек кандай болор эле, бир келген өмүргө. Кандай дейсиң?

Аялы буга баш ийкей макулдугун билгизип, абышка-кемпир макулдашуунун белгиси катары бата тартып жиберишти:

– Аминь! Кудайдын эрки менен ошондой болсун!

Бирок ушинтип кемпири менен макулдашып ордунан тура бергенде эле ниети бузулган меламед мындайча ойлонду: “Тим кой, тыйынды кемпир чогулта берсин. Ал эми балдарга Кудай эркин үйрөткөн аны жасабай коюуга укугум бар”. Аңгыча кемпирдин дагы абышкасын алдоого ниети бузулуп: “Тим кой абышка, өзү эле куймакка акча чогулта берсин. Ал эми мен ушунча азап менен таап жаткан акчамды жетишпеген башка нерселерим үчүн сарптайын”.

Ошентип кыш өтүп, жазгы майрам шевуот да жакындап кирип келди. Меламед менен анын аялы майрамда өздөрү өмүрү жебеген куймакты бышырыш үчүн сандыктын чоң ачкычын каткан жеринен алышып, аны сандыктын кулпусуна салып, капкакты ача беришип, көргөн көздөрүнө ишенбей селейип туруп калышты. Анткени сандыктын ичинде бир дагы тыйын жок болучу.

Муну көргөн байпакчы кемпирдин абдан ачуусу келип, күйөсүн сакалдан алды.

– Алдамчы! Кана сенин тыйындарың?

Аялы алдап кеткенине ачууланып араң турган меламед да жөн калбай, кемпирин чачтан алып:

– А өзүңдүн акчаң кана! — деп айкырып, экөө ушинтип жулмалаша берип, капысынан ортодогу сандыкка кулап түшкөндө анын капкагы тарс этип жабылып калды. Ал кезде сандыктарга бир орундан экинчисине оңой жылыш үчүн дөңгөлөк тагышчу экен, андыктан чачташкан экөө жулкулдашкан сайын дөңгөлөктүү сандык дубалдан дубалга чейин жыла баштап, босогосу жок ачык эшик аркылуу сыртка чыгып, көчө менен жылып жөнөйт.

Ошентип жан киргенсип ары-бери жылган сандык көргөндөрдүн жүрөгүн түшүрүп, бир маалда синагогага[3] кирип барат. Андагы кудайчыл кечилдер менен дин кызматкерлерине бул бир Кудайдын сыры катары сезилип, бөгүлүп-чөгүлүп сыйынып киришет, бирок дале болсо жылып жүргөн сандыкка эч ким жакын бара албайт. Бул кабар шаардагы бүткүл элге тарап, туш-тараптан жетип келген шаар билермандары менен синагога башчылары кеңешип, акыры бир жандан кечкен кечилди жылып жүргөн сандыкка жиберишет.

Даарат алып, акыркы сөздөрүн досторуна айтып, бүткүл эл менен коштошкон ал эптеп эркин жыйнап, улам чокуна басып сандыкка жетип, анын капкагын ача бергенинде бири-бири менен чачташкан, сакалдашкан меламед менен анын аялы ал жактан тура калышат…

Бул иш улуу майрам шевуоттун алдында болуп, баары ага күйпөлөктөп даярданып жүрүшсө да мындай орчундуу иш боюнча шаар акылмандарынын шашылыш кеңешмеси чакырылып, синагога башчысы раввиндин жана диний соттун катышуусу менен алар төмөндөгүдөй токтомдорду токуп, дароо ишке киргизишет. Ал токтомдор мындай болчу:

“Биринчиден, мындан кийин сепке берилчү сандыктар дөңгөлөксүз жасалсын.

Экинчиден, баардык чыга бериш эшиктерге бийик босоголор жасалсын.

Үчүнчүдөн, меламендер синагога турган көчөлөргө жашатылбасын.

Төртүнчүдөн, кары меламен менен анын кемпирине шевуот майрамында куймак жегенди каалоого тыюу салынсын.

Бешинчиден, бул токтомдор шаардын өзгөчө эскерме китебине кийинки муундарга сабак болушу үчүн чоң жана кызыл тамгалар менен жазылсын жана кыямат кайымга чейин түбөлүккө сакталсын.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] Меламед – диндин башталгыч мектебинин окутуучусу.

[2] Еврейлердин жазгы диний майрамы.

[3] Синагого – еврейлердин мечити.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.