«Жаман айгыр өз үйрүнө тап» дейт кыргызда

«Карысы бардын ырысы бар»… Кыргыз муну эмнеге айтты экен?.. Жомок болор эле. Бир кудай урган, карылыктан коркуп, башындагы ак чачтарын жулдуруп, журт ичиндеги карыларды кырдырып жок кыла берген хан, кайдадыр алыс жолго көчүп баратып, эрме чөлдө суу таппай кыйынчылык болгондо, эл арасында бир жигит карыган атасын сандыкка салып хандын узун кулактарына көрсөтпөстөн, аман сактап жүрөт. Суу таппай эл кырыла турган болот. Ошондо жанагы жигит, түнкүсүн атасын сандыктан чыгарып тамак-аш берип атканда, атасы эмне болгонун сурайт. Суу таба албай кыйналып аткандарын […]

Зайырбек жетим менен оңбогон Олжокенин 2-айтышы дейт

<<<<<<<<<<<<<<<Башы Зайырбек Ажыматов: Оңолбойт кыргыз дебеңиз, Ойлонуп азап жебеңиз. Кыйнаган зыян жактарды, Кылычсыз бир күн жеңебиз… Азыр биз… азыр, ал ырас, Айтканга жакшы жагым аз, Адашып жолдо келебиз… Бул деле балким, турмуш да, Болот да тууну тургузса. Ураган кезде чоң союз, Үч муун өлдү кыргызда. Байлыкты кууп чоңдору, Бийликте жүрдү ойлору. Биз үчүн болду бул — нуска… Олжобай Шакир: Нускасы мындай курусун, Көрө албай турам дурусун. Калкты бүтүн каржалткан: Кабыл албайм мунусун! Кан ичкирлер көбөйдү Кадырлабас улуусун. Билимден артта келаткан […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: Йеволющия күнүндө

Мандалактар гүл аччу март деген ушул айдын аягындагы кайсы бир күнү чоң олжого туйтунган майрамыңды  маң болгон башыңа келтирип- келтире албай базарга баратып капыстан “каң” эттире бир нерсени сүзүп алып карасаң:  “Элдик революция майрамың менен!” – деген куттуктоосу мандалак гүлдөр менен кооздолгон саргайган кагаз илинген мамы турган болот. Маң болгон башыңды жерден ала албай баратып мал сымал жолдон чыгып кеткениңди биле калган сен да ага: — Майрамың менен, — деп келип ким бирөөнү сөгөрүңдү же куттуктарыңды билбей калганыңда маңдайыңдан морадёрлош […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Токтогулдун ырлары түзөтүлгөнбү?

Элде ушул күнгө чейин эле биз 80 жыл окуп жана окутуп келген Т.Сатылгановдун айрым хрестоматиялык ырлары жасалма, аларды Ж.Бөкөнбаев саясатка ылайыктап жазып чыккан деген пикир бар. Ушул ойдун чындыгы канчалык?.. Текстология илими ушуну аныктай алдыбы? Кыргыз адабияты боюнча энциклопедияда да (Т.Сатылганов тууралуу макаланын автору К.Даутов) мындай сүйлөмдөр кездешет: «Токтогулдун совет доорундагы ырлары жөнүндө кийинки кездерде басма беттеринде, адабий, илимий чөйрөлөрдө талаш-тартыштуу пикирлер жаралып келатканы маалым. «Беш каман», «Арзымат менен айтышы», «Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» аттуу […]

Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ: Толубай сынчы (шедевр)

АҢГЕМЕ Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбековго арналат Болду эми. Тегирменге да нөөбөт келет турбайбы. Чындыкка нөөбөт келди. Биз билген эмеспиз. Укканда ишенген эмеспиз. Көргөндө ишендик. Көздүн кулу экенбиз-ов! Ошол суук күздө (көрүңө көрүнгүр, көрүнө көрүндү, кыш болбой жатып, башын жегендей суук болгон) карга пок чокуй электе куйшуңдап үйүнөн аттанып баратканын бир көргөнбүз. Кулагыбызга шак дей түшкөн. Азыр да кулагыбызда турат. «Жылаңач келгенбиз, жылаңач кетебиз. Анын эмнесине кайгырасың» дегенин укканбыз. Биздин кулак эмнелерди укпайт, биздин көз эмнелерди көрбөйт. Кулагыбыз узун, көзүбүз миң-ов! […]