АҢГЕМЕ

Кыргыз эл жазуучусу Т.Сыдыкбековго арналат

Болду эми. Тегирменге да нөөбөт келет турбайбы. Чындыкка нөөбөт келди. Биз билген эмеспиз. Укканда ишенген эмеспиз. Көргөндө ишендик. Көздүн кулу экенбиз-ов! Ошол суук күздө (көрүңө көрүнгүр, көрүнө көрүндү, кыш болбой жатып, башын жегендей суук болгон) карга пок чокуй электе куйшуңдап үйүнөн аттанып баратканын бир көргөнбүз. Кулагыбызга шак дей түшкөн. Азыр да кулагыбызда турат. «Жылаңач келгенбиз, жылаңач кетебиз. Анын эмнесине кайгырасың» дегенин укканбыз. Биздин кулак эмнелерди укпайт, биздин көз эмнелерди көрбөйт. Кулагыбыз узун, көзүбүз миң-ов!

Кийин, кийин биринин топусун бирине кийгизип отуруп, сүрүштүрүп отуруп, ошондо карга пок чокуй электе эмне үчүн минтип оозанганын таап, билип алдык. Айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди бычкан наштар менен желдеттери эки көзүн оюп, кырып тазалап болгондон кийин: «Кана, Толубай сынчым, күлүк тандаган акыңа эмне аласың?» дегенде: «Хан, кемпиримдин ыштаны жок. Бир кийимдик кездеме бер» деди. Каяша айтканы дегенбиз. Кайра, баягы карга пок чокуй элек суук күздүн таңында, боз үйдүн аңырайган ачык оозунан куйшуңдап аттанып баратканын көздөп, карап туруп, ыштаным жок, элдин көзүнөн (биздин) уялып эшикке чыга албай калдым, какбаш» деп кемпири айкырса керек дейбиз. Анан ошондо баягы кулагыбызга шак деген боюнча жат калган сөзүн айтса керек дейбиз.

Сүрүштүрүп отуруп тапканыбыз ушул. Кемпири какбаш дечү эмес беле. Кемпирди туурап биз да какбаш дечүбүз. Толубай аты өчүп эле Какбаш атка көчүп калган. Пай-пай-пай, шуудураганы бизге да угулду. Бир ыштандык көк карга шайы бердирди. Жылаңач койнуна катып алды. Койнуна жөн да катып өлбөйт, «Өңү кандай? Өңү кандай, о журт!» деп бизден сурайт. «Көк карга! Көк карга! Көк карга!» деп кыйкырыптырбыз. Койсоң, Какбашты! Койнуна да жөн катып өлбөйт. Кудуңдап жылаңач койнуна катып алды. Көзү менен иши жок. Биз да «көккаргалап» күлдүк, «көккаргалап» кыйкырдык. Анан ого чейин бир күлкү иш кылды да. Адам эмес ит күлгүдөй иш кылды. Дагы башын жерге тыгып отурган. Кантип көрүп алган билбейбиз. Биз шаадай уй мүйүз тартып, тикебизден тик туруп карап турабыз. Башын жерге тыгып отурат. Өөдө карабайт. Уктап калдыбы дейбиз, түш көрүп атабы дейбиз, түштөгүдөй иш болду да!

Дүңгүрөп турабыз. Пай-пай-пай, карааны тоодой аргымак өттү, караган жок, дубанды жарган күлүктөр өттү, карган жок, көздөрү чырактай, кулактары шамдай күйгөн жүрөктөй, чүрөктөй күлүктөр өттү, аттуубуз түшө калып, жөөбүз жата калып карайбыз, караган жок, дүңгүрөп турабыз, жер болуп отурат. Башын жерге тыгат. О, Толубай эле Толубай, уктаба эле уктаба, дейбиз. «Көз алдайт» дейт. «Көзгө ишенич жок» дейт. «Көз алдамчы» дейт. Ханыбыз бир жагынан окшурунат, оозунан түтүн менен от чыгат: Бир элден, бир журттан күлүк чыкпаса, эл болобу, журт болобу! Күлүгү жок журт, журт эмес — күл, күлүгү жок эл, эл эмес — мыш, эшектер, жылкы аттуудан калбасын, жетелеп келгиле дейт. Жылкы деген асмандагы жылдыз болот дейбиз, паланчанын аты калды, пастанчанын аты калды дейбиз, дегенибизди оозубуздан жулуп алат. «Таап келгиле!» дейт. Бекер турганча, бекер сөз деп, «Көк байтал менен Көраңгинин кулуну калды» дейбиз, оозубузга сала берген экен, оозубузду тарта электе, баягы шамал Бороондун түйтөйгөн Көк байталын (жани жок Шамал заарага чыкса да токуп минип алат эмеспи) Чирик топуянын Көраңгиси ортого кубалап чыгып, ашып калса болобу!

Экөө тең ээр токумчан, жүгөн-үзөңгүлөрү аңгима-шаңгима болуп жүрөт. Улуу сөздө уят жок. Эки төөчөн, бир жөөчөн болуп, күлүк тандайбыз деп келип, же күлүктөн жок, же башкадан жок, эриккен сарттарга окшоп турган биз абат болот белек. Экөөнү тамаша кыла баштадык. Түйтөйбөй өлсүн, сойку экен дейбиз, жаны бар да дейбиз, бычакка араң жарай тургандай жаны оозунан чыгып бараткансып, оозун ачып-жумуп, былк этпей туруп берди, улуу сөздө уят жок. Үйүң күйгөн Көраңги аша алса эмне, шал экен. Улам секирет. Үзөңгүсү тизесине карс этет. Тизгинине чалынып калат. Бир ойго кетет, бир тоого кетет. Шал экен.

Башын жерге тыгып отурган. Кантип көрүп алган, билбейбиз. Жүгүрүп барганын да күлүп атып көрбөй калдык. Көк байталдын ээрин кашынан тиштеп, өбөктөгөн Көраңгинин бир ойго, бир тоого чапкылаган көрдөйүн кармап туруп тууралап койгондо гана көрүп калдык. Адам эмес ит күлгүдөй иш кылды. Дагы жөн туруп өлбөй, «Ханым, Көкбайталыңдын сообун бер, сообуна калдым» деп тур, «Көкбайтал меники эмес, сөздү айтар жерине айт, сообун алар жеринен ал» десе, «эл сеники болгондон кийин, журт сеники болгондон кийин, Көкбайтал да сеники» дебедиби!

Хан таш чайнагандай кумсарып туруп калды. Тиштерин кычыратса, оозунан от чыгат. Кумсарып турат. Күңгүрөнүп, дүңгүрөнүп биз турабыз. Эл экенбиз-ов! Ханыбыз сынчыбызды шылдың кылайын деди окшойт. Жылкы аттуудан калбады да, шылдың кылайын деди. Ханыбыз кулүп калды. Биз да кошулуп күлүп калдык. Качыр десе качыр эмес, уй десе уй эмес, жылкы десе жылкы эмес, чочко десе чочко эмес, Толубай сынчыга окшоп башын жерге тыгат. Жер жыттайт.

Букарадан туз ташыган Чаар ат келди. Толубай сынчы да жерден чыга калгандай өңү куник, сары сакал, кумурсканын эркегиндей неме эле. Хан күлүп калды. Биз да кошулуп күлүп калдык. Дагы башын жерге тыгып отурган. Күлүктү дабышынан тааныйт дегенге ошондо ишендик. Көз алдайт, көзгө ишенич жок, көз алдамчы, күлүктү дабышынан тааныйт дегенине ошондо ишендик. Эми түштөн кийин «ошондо» дейбиз да.

Ишенген эмеспиз. Журт экенбиз-ов! Пай-пай-пай, кыйкырып ордунан атып турду. Үнү да башкача экен. Ушуга дейре үнүн да укпаптырбыз. Үн менен жан бирге болушат окшойт, башы кара, буту айрынын доошу да ошондой жанга жагыштуу, канга сиңиштүү, кулакка угуштуу, бийик, күзгүдөй таза, жалгыз асканын доошундай убайымдуу болобу? Буту покто, башы көктө бир адам экен да. «О, кайран күн! О, кайран түн! О, кайран жыл! О, кайран өмүр! О, кайран Толубай! О, кайран Чаар! Толубай сынчы деген мен болом, Чаар күлүк деген сен болосуң!» деп ордунан атып турду. Дүңгүрөп турабыз. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, жылкы десе жылкы эмес, уй десе уй эмес, качыр десе качыр эмес, чочко десе чочко эмес, башын жерге тыгып, жер жыттап, Чаар турат. Какбашка шамал тийген экен дедик. Какбаш алжыган экен дедик. Ханыбызга кошулуп биз да күлдүк. Тарап кеттик. Чилдей тарап, тарап кеттик. Анан баягы сөзүн айтты. Кемпирине бир ыштандык көккарга шайы берди.

Пай-пай-пай, шуудураганы бизге угулуп турду. Ушуну алмак элең алдың, көрмөк элең көрдүң дедик. Дагы чала болот дедик. «Көккаргалап» күлдүк, «көккаргалап» кыйкырдык. Кудуңдап сүйүнүп жылаңач койнуна тыгып алды. Көзү менен иши жок. Буту покто, башы көктө бир адам экен да. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, киши десе киши эмес, башын жерге тыгып, жер жыттаган Чаарды белине байлап бердик. Желдеттерибиз (жигиттери менен айдай талаада жейрен уулап жүрүп, «Аккуланын башы» деп күү келдени кучактап ыйлап отурган жеринде жолуктурганда, «Толубай сынчылыгың чын болсо, жылкымдан күлүк тандап бер, тандай албасаң эки көзүңдү оем» деп шарт кылган экен, билебиз го, бул дүйнөлө хандардын сөзү эки боло элек-ов!) айгырларды, букаларды, кочкорлорду, текелерди алалдаган, бычкан наштар бычак менен оң көзүн чукуганда да, сол көзүн чукуганда да: «О, журт! Энеңдин ханы, энеңдин ханы! Жеди-и, жеди-и! Жутту-у, жутту-у! О, журт!» деп кыйкырып, кыйкырып алды. Көкала сакал кишиге сөккөн да жарашпайт экен…

Ушу менен ушул болду. Осмо кетет каш калат, ооматы кетет баш калат-ов, бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат-ов! Эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Ортобуздан бирөө чыкса, жаш ордуна кан аккан көздөрүн колубуз менен аарчыбай тилибиз менен жалап, сооротуп алгандын ордуна ханыбыз менен кошо күлүппүз. Көз көргөндө кубанган, кулак укканга сүйүнгөн эл экенбиз, журт экенбиз-ов! Эпке келбеген, сөзгө келбеген, ортобуздан каяша айткан бирөө чыкса, анын сөзүн сүйлөбөй, хандын сөзүн сүйлөппүз, эл экенбиз, журт экенбиз-ов!

Иши эми бүттү деп ойлогонбуз. Кыш кедей келип кетти. Дүңгүрөгөн жаз келди. Өлүктүн үстүндөбү, тириктин үстүндөбү, бир чогулуп отурганбыз. Дагы жорулардай болуп, алдыбызга тирелип туруп калышты. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, киши десе киши эмес, жылкы десе жылкы эмес, уй десе уй эмес, жолборс десе жолборс эмес, башын жерге тыгып, жер жыттап Чаар турат. Кырк күн, кырк түн, эл көргөзбөй, жер көргөзбөй, караңгыга багып, сууткан Чаары семирип да өлбөптүр. Экөө учкашып алышыптыр. Кемпири алдыда, Какбашы артында.

Кемпиринин далдоосунан көрүнбөйт. Эми экөөнө тең шамал тийген экен дедик. Акылдарынан эми бир жолу адашкан экен дедик. Үйгө баргыла дедик. «Үйүбүзгө баратабыз» дешет. Ит десе ит эмес, куш десе куш эмес, киши десе киши эмес, жылкы десе жылкы эмес, уй десе уй эмес, жолборс десе жолборс эмес, Чаарыңар дейбиз, экөөңөрдү көтөрүп чуркайбы же учабы, канаты кана, канатын көрсөткүлө, көрсөтпөсөңөр жарышпайбыз, кубалабайбыз, кой, эсен-аманыңарда үйгө баргыла дейбиз.

«Үйүбүзгө баратабыз» дешет. Кемпир айтты. Унчукпай, унчукпай туруп, дагы бир сөз айтты. Сөзү чучугубузга жете түштү. Анан эл-элибиз, журт-журтубуз менен кубалап, жетпей калдык да! Пай-пай-пай. Жагалмай сарыбыз чукулдаган экен, кыйкырып мактап койсо көөп, мурду барбайып жолдо калыптыр, бычакка араң жарады. Айкашкабыздын мээси жука экен, күндүн көзүнө карап жүгүргөндө, мээсине күн өтүп, бул жетпей калыптыр, бычакка араң жарады. Сарала күлүгүбүздүн туягы жука экен, ташка салса ташыркап, мөгдөп, бул калыптыр, бычакка араң жарады. Кайда кеткендерин да билбей калдык. Бирибиз бирди айтабыз, экибиз экини айтабыз, үчүбүз үчтү айтабыз.

Кемпир Чаардын оозун тарта албай, үчөө аскадан учуп өлүшүптүр дейбиз. Кемпир Чаардын оозун тарта албай, үчөө деңизге чөгүп өлүшүптүр дейбиз. Чаардын оозу таштай катуу экен дейбиз, жомок кыла баштадык. Үчөөнү жомок кыла баштадык. Пай-пай-пай… Биз билген эмеспиз. Укканда ишенген эмеспиз, көргөндө ишендик. Дагы баягы өлбөгөн Сыдык көр бүркүтчү болбосо, билмек эмес экенбиз. Оң көзү жок. Бүркүтү оң көзүн чукуп салган. Бүркүт салганын койбойт. Сыдык көрдүн жөө жүрүп асмандагы кушту тосуп кармай турган жолборстой уулдары бар. Жылына Бүркүт-Уянын кызыл аскасынан балапанын алып багышат. Анан ата-энеси биздин абийирибизди чыгарышат. Эшикке чыга албай калабыз. Болбосо, көтөрүп кетишет. Кубат жетимдин кызыл көйнөкчөн жети жашар кызын көтөрүп кетишкенден кийин коркуп калганбыз. Бала, кыз, кемпир, чалды эшикке кыя чыгарбайбыз.

Асман менен бир болуп, шаңкылдап эле келип калышат. Эшигибизден башбагымыш болуп, карамыш болуп калабыз. Сыдык көрдүн балдарына баргыла деп калабыз. Экөө эле келишпейт, өч кууп, өч алабыз деп туугандарын, агаларын, инилерин, эжелерин, сиңдилерин, чоң аталарын, чоң энелерин кошо ээрчитип келишет. Асманга батпай кетишет.

Бир күнү эшигибизден башбагымыш болуп отурсак, биздин үстүбүздөн жыпжылаңач кишини чыйылдатып, чаңгектеп баратышат. Кембагал Толубай сынчыга окшоп: «О, журт! О, журт! Энеңдинин бүркүтү, энеңдинин бүркүтү! Жеди-и, жеди-и! Жутту-у, жутту-у! О, журт!» деп кыйкырып-өкүрүп, сөгүнүп баратат. Биз карап турабыз. Кыйкырган-өкүргөн, сөгүнгөн бойдон кетти. Итке минген кедей киши эмес беле. Ошол жылаңач киши Толубай сынчы экен. Биз ишенген эмеспиз. Көргөндө ишендик. Кемпирди көргөндө ишендик. Пай-пай-пай, бизге жакын жерде эле жашап жүрүшүптүр. Кемпир биз менен сүйлөшпөйт. Аттын куу келдеси жатат. Курсактары ачканда Чаарды союп жешкен экен дейбиз. «Күлүктүн этин адам жебейт» дейт. Кемпир биз менен сүйлөшпөй койду. Ургаачы жолборско окшойт. Чаардын терисин кийип алыптыр. Апачыктары дөбөнүн башында экен. Дөбөнүн башында тоодой күлдөбө жатат. «Бүт кыргыздын күлү ушерде» деди. Кемпир ушинтип айтты.

Түн кирип кетти. Кемпир дөбөнүн башына улуу от жакты. «Жүз жылдан бери от жагам, бирөө басып келбейт» дейт. «Биз келдик» дейбиз. «Бирөө басып келер» дейт. «Биз келдик» дейбиз. «Тигип койду дейсиңби, бирөө туулар» дейт. «Биз келдик» дейбиз. «Жок, силер адамсыңарбы, силер адам эмессиңер» деди. Биздин чучугубузга жеткен сөзү ушул эле. Кайраты дагы эле тоодой экен. Жүзү, мүнөзү, бою, батып бараткан күндүн нуру тийген ээн, бийик, жалгыз аскадай чырайлуу, катуу арчадай Кемпир отту карап, биз менен сүйлөшпөй койду. Эжекебээсаа экөө коңшу экен. Чымчык биздин кобур-шобурубуздан ойгонуп кеттиби, жаман түш көрдүбү, сүйлөп жиберди.

— Эжекебээсаа-а!

— Дарт жалап! Какбашты саайынбы, Какбаш кайда? Учуп кеттиби?

Чымчык менен сүйлөштү. Биз менен сүйлөшпөй койду.

1980

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.