РОМАН

Арадан көп жылдар өткөн соң өлүм жазасына өкүм чыгарылган полковник Аурелиано Буэндиа дубалдын астында туруп, өзүнүн атылышын күтүп турганда атасы укмуштуудай муз бөлүгүн көрсөтүүгө алып барган ошол ыраакта калган күндү эстейт. Ал учурлар Макондо дегени кудум байыркы зор жандыктардын жумурткасын элестеткен аппак жана сыпсыйда акактай таштарга урулуп агуучу шар дарыянын боюндагы ылай шыбак менен шыбалган жыйырма чакты үйдөн турган чакан бир кыштакча эле.

Дүйнө эми гана жүзүн ача баштаган, көп нерселердин аты жоктугунан, аларды түрдүү жаңсап көрсөтүшчү. Жыл сайын март айында кыштак четине самсаалаган лөлүлөрдүн тобу ышкырык, домбуралар чалып, кыштак четине чатыр тигип, Макондо элине окумуштуулардын эң соңку ачылыштарын көрсөтүшчү. Алар эң оболу магнит алып келишти. Арык манжалары чымчыктын манжаларын эске салуучу Мелькиадес деген коюу сакалчан, толугунан келген лөлүнүн түшүндүргөнүнө караганда; ааламдын сегизинчи керемети деп саналган магнит македониялык химиктер тарабынан жаратылган экен.

Мелькиадес магниттин касиетин калк алдында келиштире даңазалап жатты. Ал колуна магниттин эки бөлүгүн кармаган тейде үйдөн-үйгө өтүп жатканда дагара, казан, кумган, кыпчуурлар өзүнөн өзү эле ордунан козголуп, мык жана бурамалар майышкан тактайлардан жандалбас суурулуп чыгууга умтулуп жатышканын көргөн макондолуктар таңдангандан ооз ачып жатышты. Качандыр бир кезде дайынсыз жоголгон темир буюмдар, буга чейин адамдар издей берип суй жыгылган, таба албаган жердин дал өзүнөн чыга калып жатты. Макондолуктар Мелькиадестин артынан топ-топ болуп ээрчип алышкан. «Буюмдардын да жаны бар,- деди өзүнө гана мүнөздүү диалектиде ,- болгону алардын көңүлүн ойгото билиш керек». Акылына караганда кыялы учкул Хосе Аркадио Буэндиа өзүнчө, азырынча адамдарга анча пайда келтирбей жаткан илимдин бул кереметин жер астынан алтын казып алууга иштетсе болот ко,- деген жыйынттыкка келди.

Мелькиадес чынчыл адам эле. «Магнит бул ишке жарабайт», — деп эскертти. Бирок ал кезде Хосе Аркадио Буэндиа лөлүлөрдүн чынчылдыгына ишенчү эмес, ошол себептен да ал өзүнүн качырын жана бир канча улактарын магниттин бөлүгүнө айырбаштап алды. Короо жайды кыйла оңдоп алаарбыз деп, ушул жаныбарларга үмүттүү карап олтурган аялы Урсула Игуаран эрине каршылык кылууга аракеттенип көрдү. «Күтө тур, сени алтынга көөмп салайын, аны койгонго жай табалбай каласың», — деп кагып койгон эле.

Хосе Аркадио Буэндиа сөзүнүн өтөсүнөн чыгуу үчүн бир нече ай бою өжөрлүк менен иштеди. Магниттин ошол бөлүктөрүн кармаган тейде Мелькиадес үйрөтүп кеткен батаны үндү бийик чыгарып айтып, кыштак тегерегиндеги бардык жерлерди, атүгүл дарыянын түбүн да кадам сайын текшерип чыкты. Бирок тапканы он бешинчи кылымга таандык болгон, урганда ичи ташка толгон ашкабак сымал дабыш чыгарган дат баскан соот гана болду. Хосе Аркадио Буэндиа менен чогуу бул кызыктуу чалгынга катышкан төрт айылдашы соотту талкалап көрүшкөндө ичинен сөөктөрү акиташтын өзүнө айланып калган жана омуртка муундарынын үстүндө аялдын чачы салынган медальон жаткан  адамдын скелети чыкты.

Март айында лөлүлөр кайрадан пайда болушту. Эми алар чоң дүрбү менен барабандай болгон чоң айнек лупа алып келишти да, бул амстердамдык еврейлердин эң соңку ачылыштары деп сүрөттөштү. Дүрбүнү чатырдын жанына орнотуп, көчөнүн аркы башына бир лөлү кызды олтургузуп коюшту. Макондолуктар беш реал акча төлөшүп, дүрбүнү карашканда, жанагы лөлү кыз кол жетерлик жайда тургандай туюлчу. «Илим аралыкты жоготту» деп, Мелькиадес тастыктачу. Жакында адамдар үйдөн чыкпай туруп эле дүйнөнүн каалаган бурчунда болуп жаткан окуяларды жөн эле көрө алышат».

Бир күнү лөлүлөр чоң айнек лупанын жардамында кызыктай тамаша көргөзүштү: көчөнүн ортосуна кургак чөп-чарды чогултуп, андан кийин айнектин жардамында ага күндүн нурларын тушташты эле, үймөк алоолонуп күйүп баштады. Ооматсыз, өжөр Хосе Аркадио Буэндианын мээсине лып этип, айнекти согуш куралы катары колдонсочу деген пикир келди. Мелькиадес бул жолу да аны бул оюнан кайтарууга урунду. Бирок такыр көнбөгөндө ал айнек лупаны магнит бөлүктөрүнө жана үч алтын жамбыга айырбаштоого көндү. Урсула ызасынан ыйлап жиберди. Ал маркум атасы не азап менен тапкан бул алтындарды керебет астындагы сандыкка сактап, өзүнчө жаман күнгө жараар деп жүрчү.

Хосе Аркадио Буэндиа болсо аялын жубатуунун ордуна, эч кандай чочулабай эле окумуштуулардай болуп, айнектин жардамында тажрыйбаларды өткөрө баштады.

Душмандын жоокерлерине каршы күрөштө айнекти колдонсо болот деп, эң алгач айнекти өз денесине сынап көрдү эле, бүтүндөй денеси күйүп, тулку боюн жара басты, бир топко чейин айыкпай жүрдү. Үйүнүн күйөр-күйбөсүн да сынап көрмөкчү болду эле, бирок аялы бул коркунучтуу ниетинен араң дегенде кайтарды. Хосе Аркадио Буэндиа бөлмөсүндө сааттап олтуруп, эң соңку согуштук куралдын стратегиялык мүмкүнчүлүгү тууралуу ой жүгүртчү. Атүгүл ал куралдан пайдалануу боюнча бир да жан каяша айта албай турган өтө даана жазылган нускама түздү. Тажрыйбалары тууралуу күбөлөр берген маалыматтар жана чиймелерди чечмелеген тиркемелерди кошуп, кол жазманы өкмөттүн өкүлдөрүнө жеткирүү үчүн атайын чабарман да жиберди, ал тоо таштардан өтүп, баткактарда адашып, азоо дайраны кечип, жапайы айбанаттардын чабуулуна тушугуп, жалгыздык азабын чегип, өлөттү эптеп оолактап өтүп, акыр аягында чоң почта жолуна чыгып алды.

Ошол жылдары шаарга барууга дээрлик мүмкүнчүлүк жок болсо да, Хосе Аркадио Буэндиа, өкмөт чакырса эле болду, шашылыш жетип барып, аскер командачыларына өзү ачкан куралды көрсөтүп, ал тургай аларды «аптап согушу» өнөрүнө өзү окутуп-үйрөтүүгө макулдугун берген эле. Катына жоопту бир нече жылдар бою күттү. Акырында күтүү жанга батканда ал Мелькиадеске кайрадан ооматсыздыкка учурадым деп наалыды.

Лөлү батыл экен, андан айнекти кайтып алып, ага алтындарын кайтарып берди. Ал тургай ал Португалияда жарыкка чыккан деңиз карталарын жана деңизчилик шаймандарын тартуулады. Мелькиадес Хосе Аркадио Буэндиага астроляб, буссоль, секстант сыяктуу бурч өлчөөчү аспаптарды пайдаланууну үйрөнсүн деп, Герман чыгармаларынын кыскача баянын да жазып берди. Чексиз созулган жаанчыл мезгилде Хосе Аркадио Буэндиа короонун төр жагында атайын жасалгаланган жумушчу кабинетинде түрдүү тажрыйбаларды жүргүзчү. Үй жумуштарын биротоло таштап койгон, түнкүсүн жылдыздардын кыймылына байкоо жүргүзчү, короодон бери келчү эмес. Асмандын эң жогорку чекитин табууга урунган күндөрүнүн биринде аны аптап уруп кетүүгө аз калды.

Аспаптарды дыкат үйрөнгөндөн кийин, анын туюму аалам тууралуу бир бүтүмгө келди да, эми ал бөлмөдөн чыкпай туруп, белгисиз деңиздерде сүзүп, талаа-түздөн жайбаракат өтүп, ал жердеги адамдар менен кыялында маек курчу. Дал ошол кездерде ал өзү менен өзү сүйлөшкөн адат чыгарды. Урсула менен балдары банан, маланга, маниока, ямс, ауйяманы кароо, иштетүү үчүн талаада түйшүктөнүп жаткан учурда ал эч камырабай, бөлмөдө ары-бери басып, өзү менен өзү сүйлөшчү.

Бирок көп өтпөй Хосе Аркадио Буэндианын кызуу жигери суу куйгандай соолуп, кызыктай абалга түштү. Бир нече күн таң каларлык сөздөрдү күбүрөп, ал тургай жин тийген адамдай делбеленип калды. Ич этин эзип жаткан ошол ойлорун акыр аягында декабрь айынын шейшемби күндөрүнүн биринде, туптуура шашке ченде балп эттирип төгүп салды. Перзенттеринин өмүр бою эсинде калганы ушул болду, уйкусуздук жана түйшүктүү эмгектен кыйналып, кудум ысытма чыккандай калч-калч этип титиреп жаткан атасы столдун төрүнө келип олтурду да, салтанаттуу, ал тургай өктөм бир көрүнүштө өзүнүн ачылышын жарыялады:

— Жер кудум апельсин сымал топголок болот, балдарым.

Бул сөздөн соң Урсула чыдай албады. «Эгер сен, акылыңдан азсаң аза бер, мейли кудай жолуңду берсин, бирок тигил лөлүлөр тапкан тигил азгырыктар менен балдарымдын башын айлантпа». Аялы ачуу үстүндө астролябны жерге чапканда деле Хосе Аркадио Буэндиа сескенбеди, маанайын бузбай олтура берди. Кийин жаңы астроляб жасап алды. Андан кийин бөлмөсүнө кыштактагы эркектерди жыйнап, алардын бирөөсү да түшүнө албаган таң каларлык жазууларга карап, эгер чыгышка карап тынбай сүзүп кете берсе, акыры батыш тараптан, туптуура жолго чыккан жайга кайтып келүүгө болот деди. Айылдаштары Хосе Аркадио Буэндиа акылдан азыптыр деп ойлошту. Бирок Мелькиадес кайра пайда болду да, бул пикирди жокко чыгарды. Ал бүтүндөй элдин алдында Хосе Аркадио Буэндианын акылын жогору баалады. Мелькиадестин айтымына караганда, эчак эле тажрыйба жүзүндө тастыкталган, бирок Макондо элине белгисиз акыйкатты Хосе Аркадио Буэндиа жалаң эле астрономиялык байкоо жүргүзүү аркылуу тапкан экен. Мелькиадес анын зиректигин зор баалап, кийинчерээк бүтүндөй айылдын тагдырына таасир көрсөткөн химия лабораториясынын аспаптарын ага белекке берди.

Ошондо Мелькиадес өтө бат картая түшкөн эле. Лөлү эң алгач бул айылга келгенде ал Хосе Аркадио Буэндиа менен тең курактуудай көрүнчү.

Ал эми соңкусу өзүнүн адаттан тыш күч-кубатын сактап калган эле, ал үчүн жылкыны кулагынан кармап жерге кулатуу опоңой болчу. Ал эми лөлүнү кандайдыр бир дарт чеңгелдеп алгандай эле. А чындыгында Мелькиадестин картайышы дүйнө кезип жүргөндө чалдыккан бир эле эмес, бир канча сейрек кездешүүчү оорулардын айынан эле. Хосе Аркадио Буэндиага лабораторияны жабдууда жардам берип жатып, ал аны ажал бардык жерде тооруп жүргөнүн, ар качан бутунун алдында экенин, бирок биротоло өлтүрүүгө батынбай жатканын айтып берди. Ал адамзатка түшкөн бардык кырсыктардан жана апааттардан аман-эсен чыкканын баяндады. Ал Персияда пеллагра менен ооруса да, Малай архипелагында цинга менен, Александрияда проказа менен, Японияда бери-бери менен, Мадагаскарда бубонной чума менен, көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен Сицилия аралындагы жер титирөөдө да, Магеллан проливиндеги кеме кыйроосунан да аман калганын айтты. Өзүнө Нострадамустун (*1) сырлары белгилүү деген өзгөчө жан  ачуу даңкка кабылган түнт эркек эле, анын азиялыктыктардыкындай жүлжүйгөн көздөрү буюмдардын аңтара карап, анын арткы жактарын көрүп тургандай туюлчу.

Ал карганын жайылган канаттарын элестеткен кең кара жайыктуу чоң шляпа жана бир кылымдык паң баскан тукаба желегин кийип жүрчү. Ал өзүнүн чексиз акылмандыгына жана сырдуулугуна карабастан эткээл адам эле, анын салмагы Мелькиадести жерге тартып турчу. Ал карылыктан шайы келбей калган нерселерге кейичү, майда-чүйдө акча тыйындан кыйналчу жана цингадан эчак эле түшүп калган бардык тиштеринин азабынан күлбөй калган. Хосе Аркадио Буэндиа Мелькиадес өзүнүн кайгы-капасы менен бөлүшкөн ошол үп тарткан түш маалдан тарта алардын чоң достугу башталды деп эсептечү. Лөлүнүн укмуштуудай кызыктуу фантастикалуу аңгемелери балдарды таң калтырчу. Ал кезде жашы бештен аша элек Аурелиано Мелькиадес алардын алдында терезенин жарыгында кескин бөлүнүп турган кейпин өмүр бою эстеп калган эле: анын органдын үнүндөй болгон акырын үнүн кыялдын эң караңгы түпкүрлөрүнө чейин жетип, анан саамайынан кудум аптапка эриген майдай тер агылчу. Аурелианонун улуу агасы Хосе Аркадио бул кереметтүү бейнени өзүнүн урпактарына мурас катары эскерип берет. Ал эми Урсулада болсо, лөлүнүн келиши эң эле жагымсыз элес калтырды, анткени ал Мелькиадес күтүүсүздөн хлордуу сымабы бар бөтөлкөнү капыстан сындырып алган учурда кирип калган эле.

— Бул шайтандын жыты, — деди аял.— Таптакыр андай эмес, — каяша айтты Мелькиадес. – Шайтан алтын күкүрт жыттанары аныкталган, бул болсо аз эле сулема.

Ошол эле үйрөтүүчү таризде ал жыттардын шайтандык касиеттери боюнча узун сабак бир дарс окуду. Бирок Урсула анын сөздөрүнө эч кызыкпастан, балдарын чокунууга алып кетти. Эми ушул кескин жыт ага ар качан Мелькиадести эсине салчу.

Жупуну лаборатория эгер көп сандаган кастрюлдарды, куйгучтарды, ретортторду элек жана чыпкалагычтарды кошпогондо жөн гана философиялык жумурткага окшоштуруп даярдалган, узун ичке моюндуу айнек колбадан, Иудей Мария өзү колдонгон үч агызгычтуу идиш жана дистиллятордон турчу, мындай лабораторияны лөлүлөр өзүлөрү эң жаңы сүрөттөөлөр боюнча жабдып алган эле. Мунун баарысынан сырткары Мелькиадес Хосе Аркадио Буэндиага жети планетага дал келүүчү жети металлдын үлгүлөрүн, Моисей менен Зосиманын алтындын санын эки эсеге көбөйтүүчү формуласын, улуу магистерия чөйрөсүнө жатуучу жазуулар жана чиймелерди берген, алардын жардамы менен эгер аны туура колдонсо философиялык жумуртканы жасап алууга болор эле. Алтынды эки эселентүүнүн формуласынын жөнөкөйлүгүнө азгырылган Хосе Аркадио Буэндиа Урсуланы бир нече жума айланчыктап жүрүп, сандыктан байыркы монеталарды алып чыгып, сымапты канча бөлүкчөлөргө бөлүүгө мүмкүн болсо, ошончо эсе көбөйтүп берем деп, алтындарды алууга аялынан уруксат сурап жүрдү.

Урсула ар качанкыдай эле эринин кайтпастыгын, өжөрлүгүнүн алдында жок дей албай калды. Отуз алтын тенгени алган Хосе Аркадио Буэндиа аларды казанга таштап, аурпигмент, жез күкүмдөрү, сымап жана коргошунга кошуп эритти. Андан кийин бул аралашманы кастор майы куюлган казанга таштап, чоң жагылган отто кайнатты. Качан гана жыты сасыган шербет сыяктуу эритме пайда болгуча кайната берди, ал эки эселенген алтын эмес, кандайдыр бир куйкага айланды.

Айласы кетсе да моюн бербей куйканы жети планетага шайкеш келүүчү металлдар аралашмасына кошуп эритти, ага жез жана гермес сымабы менен иштөө берди, башка май жоктугунан чочконун майына куурганда, Урсуланын алтындары казан түбүнөн ажырагыс болгон күйүк ташка айланып калды.

Лөлүлөр кайтып келгенче Урсула айылдын элин аларга каршы кайрап үлгүрдү. Бирок кызыгуу чочулоодон өйдө турду. Лөлүлөр түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, көчөнү кыдырышты, алардын жарчысы назианздыктардын укмуштуудай ачылыштарын көрсөтүшөрүн жар салды. Бир сентаводон төлөгөн адамдар чатырга киришип, жүзүндөгү бырыштарынан эч нерсе калбаган, жаңы тиштери жаркылдап турган Мелькиадести көрүштү. Анын тишсиз бүйлөлөрүн, бырышкан жүзүн, кеберсиген эринин эстеп калгандар, лөлүлөрдүн бул кереметинин алдында чочуп турушту. Мелькиадес оозудагы тиштеринин баарын бир заматта оозунан чыгарып, адамдарга көрсөтүп, бир заматта ошол улгайган лөлүгө айланды. Андан кийин тиштерин кайрадан ордуна коюп, жаш жигиттердей жылмайганда сары санаа, чочулоо кайра күчөдү.

Ал түгүл Хосе Аркадио Буэндиа өзү да шекший түштү, Мелькиадес адам билиши керек болгондордун чегинен чыгып кетпеди бекен деп ойлоду. Бирок ал экөө ээн калышканда лөлү ага өзүнүн жасалма тиштеринин сырын айтып бергенде, анын жүрөгү ордуна келип, каткыра күлдү. Мунун баарысы Хосе Аркадио Буэндиа үчүн өтө жөнөкөй, ошол эле учурда адаттан тыш болгондуктан, эртеси күнү эле анын алхимияга кызыгуусу солгундай түштү. Көңүлү келсе тамактанып, эртеден кечке чейин короодо максатсыз каңгып жүрдү. “Дүйнөдө ажайып окуялар болууда,- деп даттанды Урсулага. — Дарыянын аркы өйүзүндө түрдүү сыйкырдуу аппараттар бар. Биз болсо бул жерде али күнгө чейин малдай күн көрүп келебиз”. Аны Макондо негизделгенден тартып билгендер, анын Мелькиадестин таасиринде канчалык өзгөргөнүнө таң калып жатышты.

Мурда Хосе Аркадио Буэндиа, кудум жаш патриарх сымал кантип эгин эгүү, балдарды кантип тарбиялоо керектиги, малды кантип багуу тууралуу  кеңештерин берчү, жамааттын турмушу эле жакшы болсо болду деп, түйшүктөн тажачу эмес, айылдаштарына чын пейилден жардам берчү. Буэндиалардын үй-бүлөсүнүн тамы айылдагы эң мыкты турак үй болчу, башкалар өз конуштарын алардын үйүнө окшоштурууга тырышчу. Ал жерде жарык мейманкана, терезелерин гүл кооздоп турган ашкана, эки уктоочу бөлмө бар эле. Короодо үлкөн каштан өсүп, үйдүн артында жакшы иштелген талаа бар эле. Короодо мал кармоочу сарай болуп, анда эчки, чочко, тооктор баары аралаш багылчу. Бирок бул үйдө да, башка үйлөрдө да жоокер короздорду кармоого тыюу салынган эле.

Урсула да эри сыяктуу эмгекчил эле. Өмүрүндө бир да жолу кыңылдап обон созбогон, өтө олуттуу, нервдери чыныгы темирдей бекем, чыйрак аял таң эртеңден түн жарымына чейин тыным алчу эмес. Ал ушунчалык аракетчилдигинен кээде анын бир жуп эмес он жуп колу болсо керек деген ойго кетесиң. Анын голланд матасынан тигилген крахмалданган юбкасынын шытырашы үйдүн бардык бурчунан угулгандай туюлчу. Урсуланын чыйрактыгынан полдор, акталбаган дубалдар, көркөмсүз эмеректер жалтырап турчу, кийим шкафынан ар качан жыпар жыт аңкычу.

Кыштактагы эң иштемчил адам Хосе Аркадио Буэндианын долбооруна ылайык Макондодогу үйлөр ушундай бир тариздүү түк кыйналышчу эмес, болочок көчөлөрдү ушунчалык усталык менен белгилегенинен күндүн эң ысык учурунда да күндүн нуру ар бир бөлмөгө тегиз таралчу. Эки-үч жыл ичинде Макондо үч жүз жан жашай турган таза, тыкан кыштакка айланды. Бул бактылуу кыштакта жашачулардын бирөөсүнүн да жашы отуздан ары өтө элек, алардын эч кимиси өлүмдүн ачуу даамын тата элек болчу.

Макондо түзүлгөн эң алгачкы күндөрдөн тартып эле Хосе Аркадио Буэндиа ар түрдүү тузак, капастарды жасоого киришти. Тез арада ал өзүнүн эле эмес кыштактагы бардык үйлөрдү ал иволга, канарейка сыяктуу чымчыктарга толтуруп салды. Куштардын сайрашынан акылынан азып калуудан чочуган Урсула кулактарына кебез тыгып алчу. Мелькиадестин жамааты биринчи жолу кыштакка келип баш оорудан айнек шарчаларды сатып башташканда, Макондо тургундары таң калып, бул белгисиз чакан кыштакка кантип жол таптыңар деп сурашканда, лөлүлөр куштардын сайраганынан улам таап келишкенин түшүндүрүшкөн.

Бирок Хосе Аркадио Буэндианын магнитке болгон ышкыбоздугу, алтын табам деген тилеги жана астрономиялык кызыгуулары менен дүйнөнүн сырын ачсам деген кыялдары, анын коомчулуктун пайдасы үчүн иштөөгө кызыгуусун сүрүп чыкты. Сарамжал, шамдагай, тыкан Хосе Аркадио Буэндиа эми жатып ичер жалкоого айланды да калды. Кээде ачуусу келген Урсула анын сапсайып өскөн сакалдарын аш бычагы менен кыртыштап, иреттеп койгонун айтпаганда ал кирдеген кийимдерде жүдөп жүрө берчү.

Айылдагылардын көбү Хосе Аркадио Буэндиа кандайдыр бир жинге чалдыкты деп ойлошчу. Бирок Хосе Аркадио Буэндиа «Чөкүч, күрөк алып Макондону ири ачылыштар менен байланыштырчу жол ачабыз» деп суранганда, аны акылдан азган деп ойлочулар да үй-жайын калтырып аны ээрчип жөнөштү.

Хосе Аркадио Буэндиа округдун географиясын түк билчү эмес. Болгону ага чыгыш жактан бийик, киши өтө алгыс тоо кыркалары бардыгы, анын артында Риоача шаары барын даана билчү. Анткени анын чоң атасы биринчи Аурелиано Буэндианын айтымына караганда, илгери бул шаардык сэр Фрэнсис Дрейк замбиректерден каймандарга ок атуу менен көңүл аччу экен. Өлтүрүлгөн жандыктардын терилеринин ичин анын буйругу боюнча саман тыгып королева Елизаветага жөнөтүшчү. Жаш кезиде Хосе Аркадио Буэндиа жана башка жигиттер өзүлөрүнүн аялдары менен мал жандыктарын жетелеп, үй буюмдарын көтөрүнүп, деңиз боюнда жашоо үчүн чыгыштагы ошол тоо кыркаларынан өтүп келишкен эле.

Эки жыл, эки ай дегенде да деңизди таба алышпай көңүлдөрү чөгүп, бирок артка кайтуудан намыстанып, кудум ушул бүгүнкү Макондого конуш курушкан. Ошол себептен аны чыгышка кетчү жол кызыктырчу эмес, бул жол болгону артка, өтмүш жашоосуна алып бармак. Түштүктө түбөлүк чөп баскан баткактыктар жана лөлүлөрдүн да учу кыйыры жок чексиз тегиздик жазданып жатчу. Батышта өрөөн чексиз суу мейкинине өтчү, ал жерде назик терилүү башы жана бели аялдардыкына окшогон кит сымал жандыктар жашашчу. Көкүрөктөрүнүн сыйкыры менен жандыктар деңизчилерди набыт кылчу. Ошондо лөлүлөр качырлар каттачу кургак жерге жетип алганга чейин туптуура жарым жыл суда сүзүшкөн имиш. Мына эми ал Макондону таштап, жолдош болуп чыккан үч айылдашын кетмен, күрөк, чөкүч жана мылтык менен куралдантып, өзү ар түрдүү аспаптар менен карталар салынган жол баштыгын ийинге артынып кооптуу сапарга аттанды.

Баштапкы күндөрү кыйынчылыкка дуушар болушпады. Таштак жээкти бойлоп, мындан бир нече жыл мурда өзүлөрүнө тааныш темир соот табылган жайга түшүштү да, жапайы апельсиндерди аралап өтүп, тар сокмок жол менен жүрүп токойго киришти. Жума ичинде жолоочулар кийик атышты, этин бышырып, жарымысын сүрсүтүп, сактап коюуну чечишти. Муну менен алар тотукуштардын көгүлжүм супсак эттерин жей турган күндөр келишин билген үчүн ушундайга барышты. Соңку он күн ичинде күн нурун дээрлик көрүшкөн жок. Бут алдындагы топурак ным жана борпоң болуп, кудум вулкан күлүнө окшочу, дарактардын өсүндүлөрү барган сайын коркунучтуу болуп баратты, куштардын үн салышы менен маймылдардын кыйкырыктары алыстардан угулуп, дүйнө өзүнүн кубанычын өмүр бою жоготкондой эле. Нымдуулук менен жымжырттык өкүм сүргөн бул бейиштей жерде өтүктөр майлуу жана түтүн чыгып турган чуңкурларга батып, мачетелер алтын түс кескелдириктерди жана кандуу кызгыч иристерди чаап, унутта калган эскерүүлөр адамдарга азап берип жатты.

Алар бир жума бою дээрлик сүйлөшпөстөн, азаптын түнт дүйнөсүндө кудум сомнамбуладай каңгып жүрүштү. Кандын демди кыстыктырган жыты кыйнап, болгону жылтыр курттардын жарыгы шоола чачып улам түпкүргө кирип бара жатышты. Артка карай жол жок эле. Анткени алар салган жалгыз аяк жол дароо эле көз алдыларында кайрадан өсүндүлөр менен толуп калып жатты. «Эч нерсе эмес, — деди Хосе Аркадио Буэндиа. –Эң башкысы, багытыбызды жоготуп албасак болгону”. Компастын жебесин тынбай ээрчип, ал көрүнбөгөн түндүктү көздөй жетелеп, акыр аягында бул түпкүрдөн чыгышты. Эми жылдызсыз капкараңгы түн чулгап турду, бирок бул караңгылыктын абасы таза эле. Узак жол жүрүп, алы-күчтөн тайыган жолоочулар тамактарды даракка асып, эки жумалык уйкусуздук азабынан кийин катуу уйкуга киришти. Алар күн бир топ төбөгө көтөрүлгөндө ойгонушту жана таңдануудан катып калышты — так маңдайында кырккулак жана пальмалар арасында күн нуруна чагылып, чаң баскан аппак испан кемеси турган эле. Оң капталына бир аз кыйшайган, али бүпбүтүн мачталардагы орхидея гүлдөрүнө чырмалышкан аркандардын арасында парустардын кир оводосу чыккан бөлүктөрү асылып турган. Таштай каткан ракушкалардан жана жумшак суу оттору менен капталган кеменин корпусу жерге катуу батып калган эле. Бул кеме өзүнүн кандайдыр бир чектелген жалгыздыгында жана унутта турган коругунда — атүгүл куштардын ызы-чуусу да, бүлүндүргүч күчтөгү убакыт да ага кире албачудай абалда эле. Жолоочулар чыдамсыздыктан кыйналып, кеме ичин тинтип чыгышты, бирок гүлдөрдүн жыш токоюнан башка эч нерсе таба алышпады.

Галиондун табылышы – деңиздин жакындыгынын күбөсү, Хосе Аркадио Буэндианын шаштысы кетти. Ал муну тагдырдын митаам тамашасы катары көрүп турду, себеби ал канча азап чегип издегенде деңизди таба албастан, эми минтип деңизди издөө анын капарына да келбеген шартта табылып, анын жолундагы кесип өтө алгыс бөгөт болуп олтурат. Көптөгөн жылдар өткөн соң полковник Аурелиано Буэндиа өз кезегинде бул чөлкөмдөргө келет, бирок ал кезде почта жолу салынып, галиондун ордунда кызгалдактар жыш өскөн аралчаны көрөт. Ошондо гана ал мындай таржымал атасы ойлоп тапкан кыялдардын эле мөмөсү эместигине ынанат. Ал өзүнө суроо берип, бул галион кандайча ушул жерде болуп калганын ойлонот. Ал эми Хосе Аркадио Буэндиа мындан туптуура төрт күн өткөндөн кийин, кемеден он эки чакырым алыстыкта деңизди көргөндө өзүн мындай суроолор менен алаксытууну оюна да алган эмес.

Анын бардык кыялдары ушул көбүктүү, кир, күлдөй бопбоз болгон ушул деңиздин алдында быт-чыты чыкты, деңиз анын өзү жана шериктери тарткан азаптарга арзыбайт эле.

— Каргыш тийгир,- деп айкырды Хосе Аркадио Буэндиа,- Макондо төрт тарабынан суу менен курчалган экен.

Сапардан кайтып келген соң Хосе Аркадио Буэндиа карта түздү. Макондо жарым аралда жайгашкан эле. Ошол өз алдынча түзүлгөн картага ылайык Макондо жарым аралда жайгашкан деген тыянак кыштактын элин ойлонтуп койду. Ал сырткы дүйнө менен байланышуунун жолдору кыйындыгын атайылап күчөтүп көрсөтүү үчүн жана олуттуу ойлонбой туруп кыштак үчүн ушундай ыңгайсыз жерди тандаганы – өзүн өзү жазалоо ниетинде ошол картанын үстүндө астейдил чиймелерди чийип жатты. “Биз бул жерден эч качан чыга албайбыз,- деп наалычу ал Урсулага. Илимдин сырларын билбестен ушул кыштакта биротоло тирүүлөй чирийбиз”. Бул пикирин ал чакан лабораториясында бир нече ай бою сагыздай чайнай-чайнай, соңунда Макондону башка ыңгайлуурак жерге көчүрүү керек деген чечимге келди. Бирок аялы анын бул планына тоскоолдук кылды. Эч унчукпай, кумурскага окшоп тынбай аракеттенчү Урсула башка жерге көчүүгө кам урган кыска ойлуу эркектерге аялдарды каршы койду.

Хосе Аркадио Буэндиа өзүнүн планы качан жана кайсы күчтөр тарабынан оболу чубалжып, андан кийин эки анжы болуп, ар кандай шылтоолор жана каяшалар арасында адашып калып, соңунда өмүр бою жүзөгө ашпаган арманга айланганынын себебин айтып бере алчу эмес. Урсула түк эч нерсе болбогондой эрине назар салчу. Бир күнү көчүү тууралуу өзүнчө күңкүлдөгөн тейде лабораториясындагы аспаптарын кутуга салып жатканда эрине боору ачыды. Эринин нааразылык менен күңкүлдөгөнүнөн улам башкалар анын планын колдобой койгонун түшүнгөн болсо да, ал кутуларга мык кагып, сакалына самын сүйкөгүч шеткасын сыяга малып, кутуларга аты-жөнүн жазып жатканда да лам дебеди. Качан гана эри эшиктин кашегин чыгарып жатканда, Урсула эмне кылып жатасың деп суроо салды. “Эгер эч ким көчүүнү каалабаса,- деп жооп берди Хосе Аркадио Буэндиа ызалана, — өзүбүз кетебиз”. Урсула өзүн токтоо кармады.

— Жок, биз кетпейбиз, — деди ал. –Ушул жерде калабыз, анткени ушул жерге уулубуздун киндик каны тамган го.

— Бирок бул жерде бир да жакыныбыз өлгөн эмес, — деп жооп кайтарды Хосе Аркадио Буэндиа. – Жакын кишиси көмүлбөгөн жер адамды өзүнө байлай албайт.

Урсула кескин каяша айтты:

— Эгер ушул жерде калыш үчүн өлүш керек болсо, мейли мен өлөйүн.

Хосе Аркадио Буэндиа аялынын мынчалык өжөрлүгүнө ишене албай турду.

Урсуланы өзүнүн таттуу кыялдары менен сыйкырдуу суюктукту топуракка тамызарын менен адамдын эркине моюн суунуучу, дарактар эсепсиз түшүм берүүчү, арзан баага түрдүү аспаптарды сатып алып оорулууларды дарылаш мүмкүн болгон керемет дүйнөгө сапар тартуу убадасы менен тооруй баштады. Бирок булардын эч бири Урсулага таасир этпеди.

— Түнү-күнү башыңды болор-болбос кыялдар менен толтурбастан, балдарыңа карасаңчы!- деди ал.- Алардын кейпин карачы, кароосуз калган күчүктөрдүн дал өзүндөй болуп турушат.

Хосе Аркадио Буэндиа аялынын сөздөрүн түз маанисинде түшүндү, терезеден сыртка көз чаптырды жана аптап кызытып турган жайдак талаада турган жылаң аяк эки баласын көрдү: анын оюнда алар Урсуланын сөзүнөн кийин эле жок жерден чыга калгандай туюлду. Ошондо Хосе Аркадио Буэндианын көңүлүн маанилүү жана сырдуу бир туюм ээледи жана кыялындагы түйшүктөрдөн арылтып, аны чыныгы турмуштун деңиз толкундарында сүзүүгө мажбурлады.

Эри эми өмүрүнүн акырына чейин үйдү таштап кетпесине ынанган Урсула тактайларды шыпырып киргенде деле Хосе Аркадио Буэндиа уулдарына таңдана карап тура берди, соңунда кирпиктери нымданып, көздөрүн колу менен сүрттү да, терең үшкүрдү:

— Мейли, уулдарыңа айт. Кутуларды бошотууга жардам берсин.

Туңгучу Хосе Аркадио ошондо он төрт жашта эле. Анын башы чарчы, чачтары тармал, үксүйгөн кебете кешпири кудум атасындай. Бул бакыбат өспүрүмдүн келбети атасындай балбан болуп жетилээрин билдирип турса да, бирок атасына окшоп кыялкеч эместиги көрүнүп турчу. Хосе Аркадио жамаат тоодон ашып, дал ошол Макондо ордуна конуш куруудан бир аз мурдарак жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси ымыркайды колго алып, андан айбанатка дал келүүчү эч кандай белги таба албаган соң, өтө кубанып кудайга шүгүрчүлүк билдирген. Макондодо жарык дүйнөгө келген Аурелиано болсо март айында алты жашка толгон. Аз сүйлөп жана түнт эле. Аурелиано энесинин курсагында жатканда эле ыйлап, көзү ачык абалда төрөлгөн. Киндигин кесип жатышканда да эч сескенбеди, башын буруп, бөлмөдөгү буюм-тайымдарды көздөн өткөрүп, тегеректеп турган адамдарды бир сыйра көзүнө карап чыкты. Көргөнү келген тууган-уруктарга да көңүл бурбастан, бүтүндөй көңүлүн пальма жалбырактарынан жасалган жана тамчы өтүп турчу, ар качан жаанда басып түшүүгө даяр шыпка кадалды. Уулу Аурелианонун назары оордугун үч жашка чыкканында эле Урсула баамдаган эле. Ошондо бөбөк ашканага кирип келген. Урсула кайнак шорпо куюлган сапал идишти плитадан алып столго коюп жаткан. Босогодон берирээкте турган Аурелиано “Азыр түшүп кетет”, — деди батынбай туруп.

Столдун так ортосунда турган идиш ушул сөздөрдөн кийин бирөө жан киргизгендей столдун четине сүрүлүп барып, жерге түшүп  быт-чыты чыгып талкаланды. Чочуп кеткен Урсула окуяны эрине айтты, бирок ал кымындай да таң калбады. Ал балдарды адам катары санабаганы үчүн, анан калса өзүнүн делбе сымак тажрыйбаларына баш оту менен кирип кеткендиктен уулдарынын туруш-турмушуна таптакыр кызыкчу эмес.

Бирок балдарды чакырган ошол күндөн тартып, Хосе Аркадио Буэндиа балдардын тарбиясына көп убакыт бөлө турган болду. Дубалга керемет карталар, ойдон чыгарылган чиймелер илинген чакан бөлмөдө перзенттерине окуп, жазганды, эсепти үйрөтө баштады. Ал болгон билими менен бай кыялына таянган абалда балдарына дүйнөнүн керемети тууралуу сүйлөп берчү. Атанын аңгемелерине караганда Африканын түштүк тарабында даанышман жана момун адамдар жашайт, алар күн бою кыялданып олтурушат имиш, Эгей деңизин аралдардан аралдарга секирип олтуруп, Салоника портуна чейин жөө кесип өтүүгө мүмкүн экен. Түнкү аңгемелер, түрдүү кызыктарга бай мындай окуялар балдардын эсинде ушунчалык бекем орноп калат да, арадан көп жылдар өтүп, өкмөт кошундарынын офицери жоокерлерге “атылсын” деп буйрук берүүсүнө бир нече көз ирмем калганда да дубал астында тик турган полковник Аурелиано Буэндиа Мемфис окумуштууларынын адамдын оозун ачырчу соңку ачылыштары менен тааныштыруу үчүн кыштакка кайтып келген лөлүлөрдүн узактан келе жаткан керней, сурнай, домбура чалууларын укканда физика сабагын да чала калтырып, колдорун өйдө көтөрүп, таң калганынан дал болгон ошол жаздын кечин эстейт.

Бул жолу келген жашырак лөлүлөр бейтааныш эле. Лөлү коомунун бул таң каларлык өкүлдөрү өтө элпек, дене боюна жагымдуу жыттуу майларды сүйкөгөн жаш эркек, аялдар болуп, жалаң өз тилдеринде сүйлөп жатышты. Лөлүлөр кыштак көчөлөрүн музыка дабышына жана оюн-күлкүгө толтурушту. Алар өзүлөрү менен итальянча ырдачу көкүлдөрү түркүн түстөгү тотукуштарды, музыканын коштоосунда алтын жумуртка (ар жолу жүз даанадан) тууй турган тоокту, адам көңүлүндөгү сөздү айтып берүүчү маймылды, топчу кадоодо да, адамдын температурасын түшүрүүдө да кереги тийчү кереметтүү машинаны, жагымсыз эс тутумду унуттуруучу аппарат, көңүлдү көтөрүүчү жана алаксытуучу башка керемет нерселерди алып келишкен эле, алардын баарынын атын эстеп калуу үчүн Хосе Аркадио Буэндиа эс тутум машинасын жаратышы керек болгон. Лөлүлөр келээри менен кыштактын түсү өзгөрдү да калды. Ошол күндөрү кыштак күжүлдөгөн базарды элестетчү. Макондонун эли өз көчөсүндө деле адашып калышы эч кеп эмес эле. Аламандын ичинде жоготуп албаш үчүн балдарынын колунан бекем кармаган Хосе Аркадио Буэндиа Мелькиадести тезирээк таап, мындай керемет түштүн жандырмагын суроо ниетинде, адамдардан таралып жаткан жагымсыз жыттарга дымыгып, өзүн ар жакка уруп, кээде алтын тиштүү табып, бирде алты колдуу сыйкырчыга туш келип жатты. Лөлүлөрдөн Мелькиадести сураштырса, бирок алар анын тилине түшүнбөй жатышты. Акыр аягында ал Мелькиадес чатыр тикчү жерге жетип келди. Бирок ал жерде муңайган бир армян лөлүсү отуруп алып, адамды көзгө көрүнбөс кылуучу дубаны испан тилинде окуп жатты. Хосе Аркадио Буэндиа таң калып тигилик турган көрүүчүлөрдүн сабын жарып киргенде, лөлү эми эле бир стакан янтарь түстүү ичимдикти ичип болгон.

Хосе Аркадио Буэндиа бул адамдан да сурамжылады. Лөлү ага башынан аягына чейин карап чыкты. Андан кийин бетинде “Мелькиадес өлгөн” деген жазуу калкып жаткан чакан көлчүккө айланды. Бул жагымсыз кабардан дендароо болгон Хосе Аркадио Буэндиа көрүүчүлөр башка сыйкырчыга алаксып, таркап кетип жанагы кайгылуу армян лөлүсүнүн ордунда калган көлчүктүн эң соңку тамчысы да бууланып кеткенге чейин ордунда катып турду. Кийинчерээк башка бир лөлү, Мелькиадес чынында эле Сигапур саздарында безгектен өлдү, сөөгү Ява жанындагы деңиздин эң чуңкур жерине ташталган деп тастыктады. Балдары бул сөзгө маани да беришкен жок. Алар атасын башка чатырды көздөй тарткылап жатышты. Айтымдарында баштап Сулайман падыша[1] жаратып, андан кийин унутулуп, кийин кайрадан манафтык[2] даанышмандар тапкан улуу бир өнөрдү тартуулап жатышыптыр. Балдары аны ал-жайына кое бербеген соң Хосе Аркадио Буэндиа отуз реал төлөп, балдары менен кудум каракчылар алтын сактачу сандыктан чоң сандыкты кайтарып турган, чачы кыска алынган, түктүү, мурдуна жез иймек таккан, буттары чынжыр менен байланган толук киши турган чатырга киришти. Лөлү сандыктын капкагын көтөргөндө жүзүнө суук урунду. Сандыктын ичинде эсепсиз ак ийнелерди кадап таштаган ак, тунук таш бөлүгүнөн башка эч нерсе жок эле, таш үстүнө түшкөн кечки нур замат чачырап, миң түстө кубулуп, миңдеген жылдыздарга айланып кетип жатты.

Хосе Аркадио Буэндианын шаштысы кетти, бирок балдары андан чыдамсыздык менен жооп күтүп жатышканын аңдап:

— Бул дүйнөдөгү эң чоң каухар болсо керек!- деди булдуруктап.

— Жок,- деп анын сөзүн бөлдү жанагы толук адам,- бул – муз.

Хосе Аркадио Буэндиа эч нерсени түшүнбөдү, сандыкка колун узаткан эле, жанагы толук адам каршылык көрсөттү. “Дагы беш реал төлөсөңүз, кармап көрсөңүз болот”,- деди ал.

Хосе Аркадио Буэндиа беш реал төлөп, бир нече секунд колун музга жабыштырып турду. Чоочулоо менен толкундануудан жүрөгү опкоолжуп, денеси калч-калч титиреди. Мындай таң каларлык нерсени сөз менен түшүндүрүп берүүгө чамасы жетпесин түшүнгөн соң, балдарынын өзүлөрү сынап көрсүн деп, дагы он реал төлөдү. Кичинекей Хосе Аркадио музду кармап көрүүдөн баш тартты. Эч бир чочубастан, эңкейген абалда колун муз үстүнө койгон Аурелиано колун заматта тартып алды. “Бул кайнап жатат ко!” — деп кыйкырды коркуп. Атасы ага көңүл да бурбады. Хосе Аркадио Буэндиа алдында турган кереметтен эс мас болуп, ал азыр ишке ашпай калган далай үмүттөрүн да, сөөгү каймандарга жем болгон Мелькиадести да унуткан эле. Ал дагы беш реал төлөп кудум Инжилге колун коюп, ант берип жаткан күбө сымал, алаканын музга басып, салтанаттуу үн менен:

— Бул – доорубуздун эң зор ачылышы! — деп жарыялады.

Уландысы>>>>>>>>>>>>>>

Которгон Барнахан САБИРОВА

[1] Биздин эрага чейинки 965-928-жылдардагы  Израил өкүмдары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.