Мындай суроо койгонумдун себеби: коомчулукка өзүн диний ишмер катары таанытып келген Чубак ажы Жалиловдун «Исламда Нооруз – арам. Ким Нооруз «майрамынын» урматына бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот», – деген тантырак кебинен улам чыгып отурат. Ошондой эле кимде ким Ноорузду майрамдаса – ыймандан чыгат», – дегени эмне шумдук?! Эмне үчүн мусулман баласы мусулман баласынын ата-бабадан берки ишенимине, каада-салтына акаарат келтирүүгө тийиш?

Илгертен Ноорузду майрамдап келген перстердин жана азыркы ирандыктардын эле эмес, өзбек, кыргыз, казак, түркмөн, азербайжан, түрк, ооган, тажик, уйгур, дунган жана Россия курамында жашаган мусулман элдеринин ишенимине доо келтирип сүйлөгөн кеби үчүн Чубак Жалилов мындан ары дагы эл алдында диний баян айтууга кандай акысы бар, урматтуу мусулмандар!

Мындай диний машаяктыктын түбү жакшылыкка алып барбайт бизди… Миллиондогон мусулман элдердин арасына жик сала турган ушундай көрүнүшкө эмнеге кыргыз эли кайдыгербиз бүгүн?! Мындан үч жыл мурун да Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге карата Ч.Жалилов: «диний коомчулук жана шакирттериме айтаарым, мындай адамдын жаназасы окулбашы керек» деген маанидеги чакырык таштаганы бүтүндөй коомчулукка белгилүү. Эгерде кыргыз эли анын аша чапкан билдирүүлөрүнө мындан ары дагы бышы кулак болуп отура берсек, жакынкы жылдары өлкөбүздө диний карама-каршылыктар күчөп, кыргыз менен кыргыздын ортосунда от чыгышы толук мүмкүн. Себеби анын буга окшогон билдирүүлөрү кайраштыруу эмей эмине?!

Бейпил жаткан өлкөбүздө уламдан-улам тынчсыздануу жараткан Чубак Жалиловдун мындай «диний ишмердигине» Кыргызстандын расмий бийлиги негедир эч кандай реакция кылбай жаткандыгы дагы мени абыдан түпөйүл ойлорго түртүп келет. Себеби жалпы Орто Азия чөлкөмү бүгүнкү күндө ислам динин жамынган түрдүү агымдардын таасири астында калды. Ал эми Кыргызстандын расмий бийлиги Чубак Жалиловдун аша чапкан «диний ишмердигин» укпагандай, көрбөгөндөй мамиледе турганы кейитет.

Ал эми жакында «Кабарлар» сайтына курган маегинде «Нооруз жөнүндө айткандарымды көбү түшүнбөстөн, ар ким өз нугунда буруп, өздөрүнө упай топтоого аракет кылышууда» деген бет тырмактыгы жеке мен үчүн абыдан жийиркеничтүү угулду. Анын Нооруз жөнүндө айткандарын көбү түшүнбөгөндөй, эл эмне, Чубак ажы үчүн малбы же ошончолук эле түркөй болуп калдыбы?.. Анын «Исламда Нооруз – арам. Ким Нооруз «майрамынын» урматына бир жумуртка берсе да ыймандан чыгат, капыр болот», – деп айтканы баарыбызга эле сопсонун түшүнүктүү болуп турбайбы! Бул айтылган сөзүн кимибиз өз нугунан буруп сүйлөп, өзүнө упай топтоп атыптыр? Эгерде саясатчылар мүлтүңдөтүп, кылтыңдатып сүйлөсө, алардын кебине анчалык маани бербес элем, ал эми диний коомчулукка таасири чоң деген адамдын мынтип айтканы жетип турган эки жүздүүлүк деп эсептеймин. Элибиз ак-караны качан ажыратабыз деги?

Болуптур, Нооруз негизинен кыргыздын улуттук майрамы эмес экен, аны менен бирге Жаңы жыл, 8-Март деле албетте биздин улуттук майрамдарыбызга кирбейт дейли. Ошентсе да бул майрамдар канчалаган муундардан бери каныбызга сиңип калган, жүрөгүбүздүн толтосундагы сүйүктүү майрамдар болуп калды. Бирок диний тыйымдар менен бул майрамдарды жокко чыгаруунун өзү коомчулукта канчалаган карама-каршылыктарды жаратат. Анчалык элден ашкан акылы болсо, эмнеге ушуну түшүнө албады Чубак ажы?.. Жогоруда аталган майрамдарды жокко чыгаруудан мурда, Ч.Жалилов эмнеге Орозо айт же Курман айттар деле түпкүлүгүндө кыргыздын улуттук майрамы беле деген суроону койбойт? Же ислам дини кыргыз элине кайсы доордо, кандай басым-кысым жолу менен келгени кыргыз элинин тарыхында кашкайып жазылып турганын Ч.Жалилов билбейби? Же билгиси жокпу?!

Ислам СОПИЕВ

Диний фанатизм атеизмден өткөн коркунуч жаратты

Атеист жөнүндө притча

Азамат ТӨКӨРОВ: Азыр робот-мусулмандарды даярдаган агымдар көбөйүп кетти

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.